Коомдук-саясый гезит
№17, 20.03.08-ж.






  Көчтү улайм десең, сөздү ула

Бакыт Бешимов,ЖК депутаты:
"Президентте команда жок.
Мафиялык топтор гана бар"

"Эгер Бакиев ооруп калган болсо дейли.., илгери Сталин ооруп калганда анын денесинин температурасынан өйдө күнүнкүсүн күнү кабарлап турушкан. Анткени ал-өлкөнүн башчысы. Ельцин ооруп калды эле, анын врачы жүрөгүнүн иштешин саат сайын кабарлачу"

-Бакыт мырза, ушул тапта өлкөнүн президенти Германияда жүрөт. Айрымдар айтмакчы президент кай жакка эмнеге кеткени менен кимдин иши барбы же карапайым адамдар да кулакдар болгонго акылуубу? Маселен, денсоолугуна байланыштуу кеткен болсо ал чыгымдар канчалык жана кимдин эсебинен кеткенин биле алабызбы?
-Эркин массалык маалымат каражаттары бар өлкөлөрдө мындай маселелер калайык - калкка ачык жетип турат. Президент эс алганы кетсе да , денсоолугуна байланыштуу кетсе да ал канча убакка жана кай жакка кеткенин эл билиши керек. Айталы, аны Германияга эс алганы кетти дешти, бирок ошол жакта жатып алып министрлерине тапшырма берип жатканын көрсөтүп жатат. Андай болбойт. Анысы эс алып жүрүп да өлкөсүнө кам көрүп жатат дегенди билдиргиси келген жасалма көрүнүш болуп калды. Илгери Советтер союзу учурунда ушундай көрүнүштөрдү атайлап уюштурушар эле. Конституцияда президент эс алууга кеткенде ордуна премьер-министр же спикер башкараары так жазылып турат. Демократиялык өлкөлөрдө президент эс алууга барса ал каерге барып, ким менен кантип эс алып атканы, бош учурунда эмнелерге көңүл бураары тууралуу толук көрсөтүлмөк. Путинди деле көрүп жүрбөдүкпү: кантип балык кармап, кантип лыжа тээп, эмне ичип , эмне жээринен өйдө алып чыгышчу эмес беле. Эгерде биздегидей болуп так маалымат берилбесе, анын артынан бүгүнкүдөй болуп ар кандай имиш-имиш сөздөр ээрчийт. Эгер ооруп калган болсо дейли , билесиңерби, илгери Сталин ооруп калганда анын денесинин температурасынан өйдө күнүнкүсүн күнүн кабарлап турушкан. Анткени ал-өлкөнүн башчысы. Ельцин ооруп калды эле, анын врачы жүрөгүнүн иштешин саат сайын кабарлап, ал тургай канча каражат жумшалып атканынан өйдө эл билип турган. Ошол туура, анткени ал катардагы адам эмес. Президент.
- Айың кептер демекчи, президенттин үйбүлөсү жана анын бир туугандары, алардын саясатка эле эмес, башкаруу иштерине да кийлигишип жүрүшкөндөрү тууралуу, алардын ортосундагы мамилелери тууралуу ар кандай бүдөмүк кептер эл ичинде айтылып жүрөт. Биз ошол көшөгө артын көтөрүп чыктык дейли..?
- Ал үчүн сөздү алысыраактан баштайын. Маселен, 24-мартты мен элдик революция деп колдодум. Дал ошондой деп эсептейм. Бирок элдин ишенимин, тилегин бюрократтар менен чиновниктер уурдап, менчиктеп алышты. Революция уурдалды. Ал күн контрреволюциялык төңкөрүш менен аяктады. Эмне, ошончо көтөрүлгөн элдин максаты президенттикти бир үйбүлөдөн экинчисине алмаштырып коюу беле? Жок! Биз өлкөдө демократия болсун, эркиндик болсун, адилеттик болсун дегенбиз. Бүгүн болбой эле 24-мартты майрам кылып коюшту. Ал үчүн эң биринчи кезекте ал окуяга саясий баа берилиши керек эле . Бирок эмгиче саясий баа бере элекпиз. Экинчиден, анын элди жетелеген идеологиялык түшүндүрмөсү болбоду. Анан кантип аны майрам дейбиз? Майрам деген ал бүткүл адамдарды сүйүнүчтөн улам башын кошчу нерсе да. Айрымдар бизге революциянын кереги жок, биз эволюциялык жол менен эле өнүгүп жүрүп отурабыз дешет. Мен андай ойго кошулбайт элем. Анткени адамзаттын тарыхында революция болбосо биз тээ артта калган абалда болмокпуз. Россиядагы революция 1905-жылы башталып, 1917-жылга чейин 12 жылга созулган. Кыргызстанда революция советтик режимдин кулашы менен 1990-жылы башталган. Коммунисттик лидердин ордуна бийликке демократ Акаев келген. Бирок бир канча жыл демократияны сүйрөмүш болгону менен аягында ал революцияны улантпай таштап койду. Б.а. башка жолго кирип кетти. Биз андан кийин эч тартынбай ошол революциялык жолду улантып кете беришибиз керек эле. Кантип? Коррупциядан элди бошотуш керек эле. Ошол коррупцияга , үйбүлөлүк башкарууга жол берген адамдарды, Акаевди баш кылып жоопко тартышыбыз керек болчу. Жоопко тартуу болбосо, эч ким эч нерсеге жооп бербесе, жалпы коомдо моралдык абал бузулат. А бизде эмне болду? Ошол көтөрүлүштү каржылаган адамды лидер кылып алып чыктык дешти. Анан кантип биз көздөгөн революция улансын. Ооба , ал окуя - биздин башыбыздан өткөн реалдуулук. Бирок, жыйынтыгында кимдин чөнтөгү калың болсо ошол биринчи болот деген түшүнүктөгүлөр жеңип кетишти. Жалпы элдин ишеними уурдалды дегеним ушул. Алданды дегеним ошол. Анткени эл дал ошондой ууру жолго каршы чыгып көтөрүлбөдү беле. Аларды кулатабыз деген шордуу эл ордуна кайра ошондой акчанын кулу болгондорду алып келип отуруп калышты. Бийликтин аты өзгөргөн менен заты өзгөргөн жок деп ошол үчүн айтып жатышат. Акаевдин режиминен Бакиевдин режиминин принципиалдуу эч кандай айырмасы жок. Сот мурдагы таз кейпинде. Коррупция ого бетер гүлдөп атат. Ошол үчүн арга жок бийлик органдарына альтернативалуу коомдук уюмдар түзүлүп жатат. Бизде эркин телекөрсөтүү деген таптакыр жок. Бар болгон бир -эки басылманы да жөн коюшпай, мына-мына муунтуп, түбүнө жетели деп турушат. ММКда ушундай абал болгондон кийин журналисттерге эркин иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө жол ачылбай калып жатпайбы. Болбосо сиз сураган маселени сөзсүз түрдө эл билиши керек эле. Президент, анын үйбүлөсү , жакындары эмне кылып атышат, мамлекеттик иштерге кийлигишип, же жаман жосундарга барып жатышабы, эл аны менен сөзсүз түрдө кабардар болуп турушу керек эле . Аны коомчулукка жеткириш, журналисттер, мына силердин колуңардагы нерсе. Албетте, баарысы фактылардын негизинде болуш керек экени турган нерсе.
-Бүгүн президенттин күчтүү командасы барбы? Тегерегиндеги башкы "дирижерлор" деп кимдерди эсептейсиз?
-Бул нерсени төмөнкү көрүнүштөрдөн улам айтууга болот. Айталы, мамлекеттик чечимдерди кимдер кабыл алып ,ошого кимдер таасир этип атышат? Маселен, бийлик энергосекторду менчиктештиребиз деди. А энергосектордун башында бүгүн кимдер турат? Баягы Акаев кезиндеги уюшкан мафия ошол бойдон турат. Эмне, энергетиканы түшүнгөн алардан башка адам табылбай калдыбы. Энергетиканы ушундай бечел абалга алып келген ошол адамдар менен эми кайра менчиктештирүү жолуна бирге барабыз деп турушат. Аларга ким ишенет, айткылачы?! Ошол эле көл боюндагы 4 пансионатты Казакстанга берүү боюнча маселени алалы. Демек, биздин бийликте дале болсо кыргыздын кызыкчылыгын башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгына көз каранды кылгысы келгендер отурушат. Ошол келишимдерди түзгөн адамдардын аттарын эле карап койсоңор түшүнүктүү болот. Менчиктештирүү комитетин түзгөн адамдардын аттарын караңыз, баягы эле ичип-жегич кездеги ысымдар. Коррупциялык система-ошол менчиктештирүүнү айла - амал менен киргизгендердин кесепетинен келип чыккан. Эң кызыгы, ошол адамдар бийлик алмашса деле жакшынакай болушуп бийлик тамырларында бекем отургандары. Кыскасы, Кыргызстандын экономикалык, финансылык, дегеле байлыгына байланыштуу маселелерди мурдагы эле мафиялык топтор чечип жатышат. Анан калса мамлекет башчысына ошондой адамдар тимеле майдай жагып жатканын көр. Демек, жыйынтыгын өзүңөр чыгара бергиле.
Анан да команда жөнүндө дейсиңер , президентте команда жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени ага шарт жок. Дегеле команда деп эмнени айтабыз. Анын эки түрү болот.Биринчиси бекем бир идеологиянын, аң-сезимдин негизинде жалаң Кыргызстаным үчүн, адилеттик үчүн деген мекенчилдер бир муштум болуп биригишет. Маселен, Түркияда Ататүрк, Сингапурда болсо Ли Куан Ю, Малайзияда Махаткир, Кытайдан Ден Сяопин , булар "өзүм ачка болсом болоюн, элим, менин мамлекетим өссүн" деген кыттай уюган максат менен жашашкан. Жанына ошондой адамдарды топтогон. Мына ошолордукун команда десе жарашат. Алар өздөрүндөй чоң чөйрө түзүшөт. Ошол чөйрөдөн улам коом да оңолот. Биздин азыркы бийликтегилер "батыш демократиясы бизге жарашпайт, бизде андай шарт жок" деп айтып жатышат. Бул сөздү кечээ жакында Жогорку Кеңештин спикери Мадумаров айтты. Болгондо да ал ой анын өзүнүкү эмес, Назарбаевди туурап сүйлөдү. Батыш идеологиясы туура келбейт дейт. А коммунизм идеологиясы кимдики болгон? Дал ошол батыштыкы болчу. Коммунизм идеологиясын төшөлүп жатышып Маркс менен Энгельс жазбады беле. Биз ал идеологиядан эмне жоготтук. Жок эле дегенде сабатыбызды жойбодукпу. Цивилизацияны көрбөдүкпү. Анан эле батыш демократиясында бизге шарт жок имиш.
-Шарт деп эмнени айткылары келет?
-Шарт жок деп алар каалаганындай бийликте отургулары келгени. А демократия эмне деп жатат? Бийликте эки мөөнөт отурдуңбу - болду, башкаларга өткөзүп бер деп жатпайбы. Шайлоону таза өткөр , эл өзү чечип тандап алсын деп атпайбы. Биздин бийликтегилер аны жасаса эле эртеси өздөрү жоголгон жатышпайбы. Мына, шарт жок дегени ошол.
-Команданын экинчи түрү бар дедик?
-Ии, экинчи түрү ал- жалаң уурулардын командасы. Алардын негизги эле максаты чогуулап алып болгон байлыкты уурдайлы, башкаларга жол бербейли, бири-бирибизди колдоп журүшөлү дегендер. Айтмакчы, алар өтө бекем команда болушат. Азыр биздин бийликте команда эмес болгону ошого окшогон бир канча мафиялык топтор бар. Ошол топтор бири-бири менен кырды бычак күрөшүп атышкан кездери. Азыр президент Бакиев үчүн оппозиция коркунучтуу эмес. Дал ошол тегерегинде жүргөн адамдар, мен айткан мафиялык топтор коркунучтуу. Оппозиция го болгонун бүт ачык айтып атышат. Тигилериң болсо башынан сылап атышып, бир күнү жардан ары ыргытып жиберишет. Акаевди дагы ошентишпеди беле. Акаевди жардан түртүп жиберишкендер, эмне, Бакиевди аяп коет дейсизби. Бир мисал, Акаев бийликте кезинде Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаиловалар аны сынга алып жүрүшсө , бийликтен кеткенден кийин кызы Берметти шайлоодон колдоп жүрүштү го. А Акаевдин куйругуна кирип жүргөндөрдүн баарысы өзүн чыркыратып сатып кетишпедиби. Азыр деле ошол. Бир кездеги "алгачылар" азыр "акжолчу" болуп алышты. Анан аларга кантип ишенсе болот. Айтор, азыр президенттин тегерегинде 3-4 топ бар. Алар бири-биринен президентти кызганышып, ага биринчи болуп жакындаштын амалын жасашат. Ким бирөөсү президенттен 2 метр аралыкта турса, экинчи бирөөлөрү 10 метр алыс турат дегендей. Баарысы ага жакындап, коюндарына киргиси келет. Ошол жакындыкты талашышат. Бирок мен жана белгилегендей, баарынан коркунучтуусу мына- ошондой адамдар. Жакшы ой жаратып иштеп берейин деген айланасында бир да адам жок. Анткени ал өзү ошондой.
-Бакыт мырза, оппозицияда жүрүштүн өзү да чоң жүктүр?
-Ананчы. Оппозицияда жүрүш үчүн адамга эң биринчи кезекте чоң эрк керек. Экинчиден, өзгөчө түшүнүк, идеология керек. Үчүнчүдөн, ал өзүн болуп көрбөгөндөй оорчулуктарга даярдашы керек. Өзүн эле эмес, үйбүлөсүн кошо даярдашы керек. Анын азабын жакын эле тааныштарың сенден чоочуп учурашпай, качып калгандан сезесиң. Көбү сенден алыстайт.
-"Ак жол" партиясын алып келүү үчүн сырттан сатылып келген политтехнологдордун таасири чоң болду дешет? Айталы "Единая Россиядан" сөз жок келишкен экен?
-Байкаган болсоңуз шайлоого жакын "Бином" ж.б. деген социологиялык изилдөө топтору пайда болушту. Алар "Агым" баштаган бийликке жан тарткан гезиттерден, теле-радиолордон баланча партия түкүнчө добушка ээ болот дешип, элдин аң-сезимине ойноп жатышты. Бири айтты "Польшадан келишкен эксперттер экен" дешип, дагы экинчилери россияныкы дешти. Айтор, ким бирөөлөрдүн таасири болбой койгон жок. Туура, социологиялык изилдөө эч кандай болгон жок. Ал кандай жүргүзүлөт - биз жакшы билебиз. Болгону "Ак жол" мынча жеңишке ээ болот , "Ата Мекен" түкүнчө дешип элди даярдап жатышты. Ал болгону айла - амал. Экинчиден, биздин амал жасоочулар кадыресе эле бөлөк бирөөлөрдүн моделдерин туурап жатышат. Ал канчалык ишке ашат- аны турмуш көргөзөт. Анын үстүнө Кыргызстандын эркин, демократиялуу өлкө болушун КМШ жана башка коңшу өлкөлөрдүн бириси да каалабайт. Анткени аларга биз аркылуу прецедент түзүлүп калып жатпайбы. Андай болсо коңшу өлкөлөрдүн элдери айтышы мүмкүн: "Эй, карагылачы, демократиянын, жакшы, таза шайлоонун негизинде эле Кыргызстан өнүгүп -өсүп атат го, өз мөөнөтү бүткөндөн кийин президентин алмаштырып атат го, а биз эмне үчүн өмүр бою бир адамдын көзүн карап өтүшүбүз керек" дегендей. Ошол себептен алар биздин эркин болушубузду каалашпайт . Көргүлөрү жок. Ошол себептен алардын укурукчулары биздеги эң маанилүү болгон шайлоолордо өздөрүнүн "жардамдарын" көргөзүшөт. Ошондуктан мен айтаар элем, КМШ жана ШОС - бул болгону авторитардык мамлекеттердин клубу. Алар баарында бирдей система болушун каалашат. Бирок андай болбош керек .
-В.Путиндин өз мөөнөтү бүткөн соң бийликти өткөрүп бергени бизге окшогондорго сабак болушу керекпи?
-Чынымды айтсам, мен Россиядагы шайлоону түшүнбөйм. Мен улуу Россиянын демократиялык жолдо болушун каалайт элем. Россиядай эбегейсиз чоң, болуп көрбөгөндөй таланттуу эл эгерде эркин жолду тандап алганда мындан да дүркүрөп өнүп-өсмөк. Россия бүгүн нефтинин баасынын арты менен гана өсүп жатат. Нефтинин баасы түшкөндө көрөсүздөр, ал жакта абал башкача болот. Карап көргүлө, бүгүн Россия дүйнөдөгү эң чоң, табигый байлыктары боюнча эң зор өлкө болуп туруп, анын экономикасынын өсүү көрсөткүчтөрү Португалия жана Мексиканын деңгээлинен аша албай жатат. Эмне үчүн? Анын жападан жалгыз гана себеби Россияда эркиндик жок. Демократия жок. Көрдүңүзбү, маселе мына ушунда. Азыр дүйнөдөгү эң бай мамлекеттер кимдер? Жалаң демократиялуу мамлекеттер. Өнүгүп аткандардын арасында жалгыз Кытай бар. Бирок кезинде Ден Сяопин эмне деген, Кытайда саясий система мурдагыдай эле кала берет, бирок экономика менен адамдардын өнүгүп - өсүшүнө эркиндик берилиш керек деген. Ошол үчүн бизнесмендери эркин дүйнө аралап, иштеп атышпайбы. Ошол жол менен Кытай болуп көрбөгөндөй өсүүлөрдү жасап жатат. Кытайдын ичиндеги жалгыз Гонконгдун өсүшүнүн көрсөткүчтөрү бүтүн Кытайдагы өсүштөн жогору. Анткени Гонконгдо саясий системада да, экономикалык системада да толук эркиндик бар. Себеби мына ошол.Ошол себептен 20 -кылым демократияга таянган мамлекеттер дүркүрөп өсөөрүн далилдеди. Алар адамзаттагы лидерлер болушту. Бул кашкайган факт. Дүйнөдөгү экономика боюнча "мен-мен" деген Нобел сыйлыгынын ээлери адамзаттагы эң күчтүү өнүгүү бул эркиндикте, демократияда деп айтып жатышпайбы. Эми тескерисин алып көрөлү, жер бетиндеги эң артта калган мамлекеттер кайсылар? Жалаң авторитардык, диктатордук мамлекеттер. Мына, ошол кашкайган чындыкты көрүп туруп бизге али демократия эрте дегендерге түшүнбөйм. Демократия мына ошентип айткан адамдарга гана эрте болуп жатат. Ошолорду элден бөлүп туруп , бир анклав түзүп, өзүңөр эңсеген орто кылымыңарда жашай бергиле деп койсок тимеле сонун болот эле. Ошондо анан түшүнүшөт эле.

Маек курган Жеңишбек Эдигеев












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!