Коомдук-саясый гезит
№17, 20.03.08-ж.






  Сыйкыр сан

Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыңызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай
90 27 03 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы же жөн гана көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Бирок, эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын-ала белгилеп коет. Сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. Эмки номердеги сыйкыр сандар - 485, 487, 492. "Сыйкыр санга" ар аптанын дүйшөмбү күнү 10.00дөн 12.00гө чейин 90 27 03 номерине байланышыңыз. Өткөн сандагы сыйкыр санга туш болгондор сыйлыкты жума күнү саат 10дон 12ге чейин алып кетсеңиздер болот. Айта кетчү нерсе, мындан ары шаардык телефондон гана эмес мобилдик телефондон дагы 0 (555) 35 85 04, 0 (772) 54 65 73 номерлерине SMS билдирүү жиберсеңиздер болот.

"Сыйкыр сандын" алып баруучусу
Бегимай Бакашева
457. Элемандын Эр Төштүк жер астында 9 жыл дөөлөр менен кармашып, жеңип чыкты эле. Эшимкандын эр Мелис КТРге кирип алып, зоолор менен кармашып жатат дейт. Жеңээр бекен? Өзү зоо болуп кетээр бекен? Жаман болсо да, аман болсо экен. Менде үмүт бекем.
Наргиза, Нарын

458. Айбек, мен сени дагы деле күтүп жатам. Кайрылчы мага, сен менин жашоомсуң.
А…..м

459. Салам, "De-факто"! Ильяз Абдразаков, сага бут тоскондордун буту ………
Мээрим

460. Ойгон, кыргыз, тур ойгон!/Уктап жатып болосуң го бүт ойрон./Ойгон, кыргыз! Ач көзүңдү./ Магдырабай, айтпайсыңбы сөзүңдү. /Сулатып кулунуңду атып жатат,/Талатып бүт жериңди сатып жатат./Көз ачалбай, ооз ачалбай, башын катып,/Капырай, кантип гана чыдап жатат./ Ойгон, кыргыз! Ойлон, кыргыз!/Намыс кайда, ар кайда?Кыргыз деген эл кайда?/ Сактап келген эл-жерин, аттиң дүйнө, Манас деген шер кайда?
Жаңыл Елтинова

461. Досторум Насиридин, Чыныбек, Жунуш, Курманды жадыраган Нооруз майрамы менен куттуктайм! Ушул жыл силерге мол жакшылыктарды тартуу кылсын.
Досуңар Баймырза

462. КУУнун жалпы студенттерине чо-оң салам! КТАОМ-1-07 группасында окуган группалаштарымды Нооруз майрамы менен куттуктайм. Окууларыңарга ийгилик! Мен силерди жакшы көрөм.
Группалашыңар Рахат

463. Карабуура районунун Күрпсай айылынын тургуну Мадымарова Тахминаны марттагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктар сизден алыстап өтпөсүн, денсоолукта, аман болуңуз.
Сиңдиси Захмира жана Нурлан менен Сезим

464. Чоң атам Ыбырай, чоң апам Жамалды, атам Муратты жана апам Клараны жана агаларым Ринат менен Ривазды 21-март Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Денсоолукта аман болуңуздар. Үйбүлөбүздө жалаң жакшылыктар болсун.
Рахат

465. Кел, Ноорузум, эл-журтума ырыс чачып/Тосуп алам кең пейилден эшик ачып./Ноорузум дер барктабасам, баалабасам,/Кетпейби үйүбүздүн куту качып./Тойпоңдошуп чуркаганда жаш бөбөктөр,/Калышса экен талаа-түздө гүлүн ачып.
Сейдана Бейшебекова

466. Бишкекте жашаган байкем Сейиткасымды 31-март туулаган күнү менен жана жеңем Райхан менен кичинекей уулу Хантөрөнү келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ар дайым бирге бактылуу болуңуздар!
Манзура

467. Соту бүтпөгөн аксылыктардын арманын алты жылдап созбой эле, бир эле кишинин 2 ооз сөзү менен ашып кетсе 2 айда бүтүрүп койсо болот. "Бербестин ашы бышпас" болуп жатат.
Караш Насер

468. Акталаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Идирисова Айгүлдү март айындагы туулган күнү жана Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Ар бир күнүң жаз айындай жарык болсун!
Жездеси Насиридин, эжеси Элмира, досу Курман

469. Урматтуу Данияр Токтогулович! Мен 72 жаштагы пенсионермин. Сиз менен бир маселени сүйлөшөйүн дегем. Кире албай, 3 айдан бери мэрияны сагалап жүрөм. 12-13-мартта барып 2 күн оозума наар албай, кезерип отурсам, жанагы милиция балдар боору ооруду окшойт, Чекиров дегендин кабинетине алып барышты. Ал болсо сиздин Нурбек деген жардамчыңызга киргизди. Ошентип, канчадан бери куурап жүрсөм, кечээ Нурбек "Ал киши сизди кабыл ала албайт экен" деп койду. Мен эмне, 72 жашымда карган башым менен калжаңдап ошол жерде сандалып жыргаганыман жүрүптүрмүнбү? Деги адилеттик деген барбы? Мэрдин шаардын жашоочусун кабыл алууга 5 мүнөтү 3 айдан бери табылбайбы? Арызымды аткарбаса да жок дегенде тыңшап койсо жакшы болот эле.
Кенжеш Өмүралиева

470. Бишкектеги курбуларым Нуржамал жана Жаркынайга чоң салам! Мен силерди чын жүрөктөн жакшы көрөм,/Жолугушсак, көңүл эргип, жыргап күлөм./Достук биздин ортобузда жашай берсин,/Эч убакта бөлүнбөсүн, айрылбасын.
Курбуңар Айнура

471. Кызылкыя шаарындагы атам Баатырга, иним Айбекке салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм.
Айнура

472. Урматтуу төңкөрүшчүлөр! 24-марттагы "каракчылар майрамын" жалпы акыл-эстүү адамдарга таңуулабагыла. Силерге үч жылдан бери күндө майрам. Силер тоноп, басып, бүлдүрбөгөн бир гана асмандагы кудайыбыз калды го. Адилеттик, акыйкат күн катары 17-июнду накта элдик майрам десеңер болот го.
Токтобүбү, Бишкек шаары

473. Ильяз Абдыразаковго чоң салам!
Мээрим

474. Темир Назаров, Замир Мырза, Ильяз Абдыразаков, Чыңгыз Мырзаев, Мирбек Атабеков, Бактыгүл жана Айгеримге салам, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Анархан

475. Ата-энемди жана бир туугандарымды келе жаткан жаз майрамдары менен куттуктайм!
Анархан

476. Досторум Эдил , Жанара, Наргиза, классташтарыма жана баардык мени тааныгандарга салам айтам.
Анархан

477. "Сыйкыр сан" жана Бегимай, сиздерге салам! Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм!
0942

478. Телевизордо жаандан кийинки козу карындай жабыраган жылдыз эмес лампочкаларды көргөндө кускум келет. Анын ичинен Бактыгүл Бадыева ырдаганда думугуп, дем жетпей кыйналып, өзүм ырдагандай тегеректегилерден уялып кетем. Жылдыз деп М.Атабеков, И.Акматов, Ома, З.Арыкбаевдерди айтса болот. Ушулар ырдаса рахмат айтам. М.Атабековдун үнүнөн, ырынан кайф алам. Миллионер болсом, дүйнө жүзүнө таанытмакмын спонсор болуп, өкүнүчтүү, акча жок.
Айзат

479. Атам Туратка, апам Айнурага, иним Ерланга, карындашым Аминага дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Кудай колдосун силерди.
Марлен

480. Талас областынын Арал айылындагы апам Кочкорбаева Токтоканды жана бир туугандарымды Нооруз майрамы менен куттуктайм.
Айжан

481. Оштуктар, кичине ардансак боло, Ошту башкаларга тарттырып ийип, кантип уялбай, Көлгө лөлүлөрдөй самсып көчүп барабыз, уялсак боло, кичине. Кийинки урпактарга эмнедейбиз? Арыбызга келели, уят кокуй. Көчсө Бакиев өзү көчсүн, эли тынчыбаса, жери дагы тынчыбайт болбойлу. Суранам, "De-факто", ушуну жазып койсоңор, арданаар, ойлоноор бекенбиз. Бакиевдин өз кара башына көрүнсө экен, кыргызды бөлүп - жарганы. Эй кыргыз, качан бөлүндүк эле?
КҮЙДҮМ ЧОК

482. Талас шаарынын тургуну Мырзабек кызы Гүлжамалды 14-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Гүлжамал, сага денсоолук, окуудагы ийгиликтерди каалайбыз, 18 жаш гүлгүн курагың кут болсун!
Апасы, эжеси Нуржамал

483. Талас районунун Арал айылынын тургундары Айбек, Байыш, Осмон Назаркуловду өтүп кеткен туулган күндөрү менен куттуктайбыз! Силерге жаздагыдай жарашыкты, шаттыкты каалайбыз.
Бир туугандарың

484. Урматтуу окурман, Султаналиева Гүлмира Шараповнанын, Бекболот уулу Адилеттин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп, ким таап алса сыйлыгы чоң болорун айтышат. Тел: 0773 063383; үй: 93 92 87
Гүлмира


Урматтуу "Сыйкыр сандын" жеңүүчүлөрү - Жаңыл Елтинова, Сейдана Бейшебекова, Айнура! Редакцияга келип, 100 сомдон сыйлыктарыңыздарды алып кетиңиздер. Колуңуздарда паспорт же башка бир документтериңиздер болушу керек.




  Ымыркай

Кытай календарына телефон аркылуу кайрылгандарга жооп
Аида К. Октябрда боюна болгон. Эркек төрөйсүз.
Гүлнура. Эркек балалуу болгусу келет. 1-марттан 10-июнга чейин боюңузга болуш керек.
Аиса. Кыздуу болгусу келет. Сизге январь, февраль, март, апрель айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Женя. Ноябрда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Райхан. Кыздуу болгусу келет. Сизге октябрь, ноябрь, декабрь, январь айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Рашида. Эркек балалуу болгусу келет. 5-майдан 10-августка чейин боюңузга болуш керек.
Индира Р. Эркек балалуу болгусу келет. 1-апрелден 10-июлга чейин боюңузга болуш керек.
Акылжан. Эркек балалуу болгусу келет. 20-октябрдан 20-январга чейин боюңузга болуш керек.
Касымова. Январда боюна болгон. Айдын аягындабы же башындабы, так айтышыңыз керек болуп атат.
Чыңгыз. Эркек балалуу болгусу келет. 1-майдан 30-июлга чейин боюна болуш керек.
Жылдыз Ж. Эркек балалуу болгусу келет. 20-июндан 20-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Асема. Эркек балалуу болгусу келет. 1-сентябрдан 10-декабрга чейин боюңузга болуш керек.
Галя. Кыздуу болгусу келет. Сизге март, апрель, май, июнь айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Марат Р. Эркек балалуу болгусу келет. 1-майдан 10-августка чейин боюна болуш керек.
Чынара Б. Эркек балалуу болгусу келет. 20-октябрдан 30-январга чейин боюңузга болуш керек.
Эльза. Эркек балалуу болгусу келет. 10-июндан 10-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Калиса. Эркек балалуу болгусу келет. 10-апрелден 15-июлга чейин боюңузга болуш керек.
Назгүл Р. Эркек балалуу болгусу келет. 25-апрелден 1-августка чейин боюңузга болуш керек.
Нурбек Б. Февралда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Арууке. Эркек балалуу болгусу келет. 1-апрелден 10-июлга чейин боюңузга болуш керек.
Гүлзат А. Декабрда боюна болгон. Кыздуу болосуз.




Кыздуу болгуңуз келсе,
кытай календарына кайрылыңыз!
Учурда кыз же эркек төрөлөрүн атайын календарлар менен эсептетүү модага айланды. Бирок алардын көбү туура эмес чыгып калат. Эркек балалуу боло албай жүргөн жубайлар ар кандай календарларга салып, бирок кайра эле кыз төрөлүп калган учурлар көп. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча кытай календары күчтүү деп эсептелинет. Анда эркектин организминдеги жаңылануу процесси негизги ролду ойнойт. Бир жылда эркектин организми үч ай гана жаңылануу процессине тушугат. Эркек бала төрөлөбү же кызбы, дал ушул үч айга байланыштуу болот. Бул календардын табиятын түшүнүп, так билип алган адам боюнда бар аялдын кыз же эркек төрөөрүн УЗИден да так айтып койсо болот. Биздин гезит жубайларды ушул кытай календары менен эсептетип, дүйнө жүзүнүн басымдуу бөлүгү ишенген бул ыкманын чындап кудуретин текшерүүгө чакырат. Андыктан наристе күтүп аткан болсоңуз же пландап аткан болсоңуз бизге чалыңыз. Кытай календары боюнча эсептеп чыгыш үчүн өзүңүз тууралуу жөпжөнөкөй эки гана маалымат айтып бересиз. Эмесе, редакцияга 90-27-03 телефонуна чалыңыз.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!