Коомдук-саясый гезит
№17, 20.03.08-ж.






  Таластын ташы алтын, суусу дары

Кут болсун Нооруз майрамың, Куттуктоо сизге айтамын!
Аскарбек Жылкычиев,
Талас мамлекеттик
университетинин ректору,
техника илимдеринин доктору:
-Жаңырган жылдын шарапаты менен ириде жаралуунун , токчулуктун, жашоонун, өмүрдүн, тирүүлүктүн, ырыскынын, ынтымактын белгилери келип, Нооруздун шаңы жаздын жагымдуу илебине жуурулушуп, жаштардын шаарына айланган Таласта да жаңылануунун желаргысы согот. Жыл сайын биздин студенттер Нооруздун алдында сүмөлөгүн түндөп жасашып, ыр-күүлөр менен бирге ынтымак, биримдик, тынчтык тилешип, токчулук, барчылык болсо деп ниет коюшат. Бул жылдан жылга өрчүп бара жатат. Ал эми жаштарга билим берүүдө университетте илимий багытта иштер өркүндөп, илимпоздордун санынын арбышы элибиздин эртеңине өбөлгө түзөөрүндө шек жок. Жаңырган жылда да заманга шайкеш терең билимдүү илимпоздор көбөйө берсин.

Замир Момбеков, областтык оорукананын директору, жогорку категориядагы травматолог:
- Жадыраган жаздын деми менен жакшылыктын, ырыскы- ынтымактын майрамы баш багып, элибизге бейкутчулук, тынчтык каалап, жаңы жыл босогодо. Албетте, бул чыгыш элдеринин эзелтеден келе жаткан майрамы экендиги талашсыз. Тек гана бизде кийинчерээк белгилүү майрамдарга айландырып алып, анын түпкү маңызын эми аңдап түшүнүп отурабыз. Бул майрамдарга биздин оорукананын ак халатчандары жарык жүз, жаркын маанай менен келишти. Министрибиз эчен жылдан бери бүтпөй келе жаткан перинаталдык борборду ушул жылда бүткөрүүгө бел байлап, 18 млн сом бөлүштүрүп, анын 7 млн сому келип түштү. Оорулууларды тамактандыруу суткасына 19 сом 50 тыйынга жетип 10 сомго көбөйдү. Дары-дармек толук жетиштүү. Кыскасы, жетишкендиктерибиз арбын. Ылайым эле жаңы жылда жакшы саамалыктар болсо экен.

Нурдин ОСМОНОВ,
"Түндүкэлектро" АКнын
Таластагы филиалынын директору:
-Санжыргалуу тарыхы да, наркы да бар Нооруз эчендеген кылымдарды карытып, элге- журтка мээримдүүлүктү, ынтымакты тартуулап келе жатат. Анын деми менен биз элибизге электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздап, кыштагы катуу суукта кабатыр кылган жокпуз. Эми Нооруздун шарапаты менен жер жарылып, көк чыкса, ак көбөйүп, желин айрылып, сүт чыкса, ак тилеги менен баба-дыйкан сепкен дан арбын болсо деген тилек. Биздин энергетиктер да бул күндү жогорку деңгээлде өткөрүүгө белсенишип, даярдыктарды көрүшүүдө. Демек, ыйман нуру уялаган Нооруз пейилдерди тазартып, тилектерди агартсын.

Бекен Абылгазиев, Талас районундагы Калба айыл
өкмөтүнүн башчысы:
- Нооруз элдин жүрөгүнө жылуулук тартуулаган майрам болуп калды. Бул күнү элдин маанайы да жарык болуп, дасторкон толуп, барчылыкты, токчулукту айгинелеп, ынтымак, ырыс- кешиктин белгисин тастыктайт. Жаңыдан босого аттаганы турган Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч- кубатка толтура берсин. Талас өрөөнүнө эле эмес, республикага картошкасы менен белгилүү болгон калбалыктардын бүгүн жүздөрү жарык. Мунун бир эле далили- өтүп бара жаткан жылы айыл өкмөтү боюнча 30га жакын жаңы трактор сатып алышын айтсак болот. Ал эми башка ийгиликтерди санасак узун кеп болуп, гезитиңерге сыйбай калат. Нооруз баардыгыбызга чың денсоолук, бакты-таалай, элибизге ынтымак жана бакубат турмуш алып келсин.

Эрмек Төлөбаев,
Талас областынын финансы
полициясынын начальниги:
-Ириде жагалданган жаздын жагымдуу майрамы болгон бабаларыбыздын Ноорузу менен жалпы кесиптештеримди куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди, үйбүлөсүнө бак-таалайды каалап кетейин. Биз улам күн өткөн сайын адилеттүү түрдө рухий дөөлөтүбүздүн туу чокусу аталган, жан дүйнөбүздүн тереңинен уя тапкан өңү тааныш, өзү жакын улуу майрам, салтанат- шаңыбыз Ноорузга жакындап, анын керемет кучагына, күн чубак жибек мээримине тартылып баратабыз. Ылайым ушул мээрим төгүлбөй-чачылбай, узун сапарын уланта берсинчи!

Сагынаалы Осмонбеков,
Талас шаардык салык
инспекциясынын начальниги:
-Ноорузду биздин салык кызматкерлери жыл сайын эмгектик жеңиштер менен тосушуп, бири-бирине куттуктоо айтышат. Буюрса, бул жөрөлгө быйыл да кайталанат. Санжыргалуу Нооруздун каада-салттарынын жайылтылышы кыргыз элинин кылым карыткан тарыхынан кабар берет. Демек, нооруз эзелтеден бери келе жаткан, бабалар бапестеп, маани берген майрам болуп эсептелет. Андыктан, баардык кыргыз журтчулугун Нооруз майрамы менен куттуктайм.

Ибрагим Кенжетаев,
областтык "Таза суу"
департаментинин жетекчиси:
- Нооруз майрамы- бул мусулман элдери үчүн жыл тогошкон кез. Дал ошол мезгилде ар бир адам элимде токчулук, тынччылык болсун, береке берсин дейбиз. Жаңырган жыл жакшылыктын жылы болсун деп ниет кылабыз. Ошентип, Нооруз ырыскынын, ынтымактын, берекенин, бейпилдиктин жана токчулуктун майрамы катары эсептелип, элибиздин турмушуна, санжыралуу тарыхы менен сүңгүп кирди. Бардыгыңыздарды жаңылануунун, жамандыктан арылып, жакшылыкка кол сунган аруулуктун майрамы менен куттуктайм.

(Уландысы 16-бетте)




  Сандан-санга: Повесть

Чатыр
Түрмөдөн жаңыле чыккан неменин колунан эмне шойком болуп кетеринен чочулаган Антон иштин чоо-жайын билгиси келди. "Билем" деп айтарын айтып алганына, кайта ичинен өкүндү.
Антон. Анын сага эмне зарылчылыгы бар?
Саша ага чердакка катып кеткен 60 000 доллар жөнүндө айтып берди. Ал эмес, "кошунаңдын жаңы көчүп барган дарегин таап берсең, акчанын жарымын сага берем" деген шерти менен бирзаматта азгырды. Муну уккан Антон артына бираз кылчактап барып, кайра тез эле көндү. Караңгы түндө ал экөөнүн эмнени сүйлөшүп, эмнени пландаганын жан адам уккан жок, көргөн жок.
***
Саша: Апкел акчаны!
Тээкбол: Кайдагы?
Антон: Эмне анткорлоносуң!
Саша: Убакыт жок, тездет!
Үйдө эмне болуп атканына түшүнүп-түшүнбөй, жылуу төшөктөн туруп келип элейип калган Зуура менен Сагынычты көргөн Саша Антонго буйрук берди:
- Экөөнү эшикке чыгарбай, бир бөлмөгө кама!
Зууранын телефонго чуркаганын көргөн Антон дароо басып жыгылды.
- Кайда чалат экенсиң?
- Милийсага.
- Милийсагабы! - желкеге муштадыле, көзү караңгылашкан Зуура жерге жапырылып кулады. Антон эми жерде сулап жаткан Зуураны оордунан сүйрөп, көзү тостоюп корккон Сагыныч экөөнү бөлмөлөрдүн бирине камамай болду.
- Үнүңөрдү чыгарсаңар, мууздап салам!
Бейубак келген түрү суук Саша Тээкболду бычактын сүрү менен тез эле калтыратып койду.
- Демек менин акчама ушул үйдү алган экенсиң да… Жаман эмес. А мени келип калат деген жоксуңбу?
Бычактын сүрү сүр да. Тээкбол унчугалбады. Кадеми каткырдын корккону - тигинин колундагы жалаңдаган бычак. Мурда дайым Тээкболго кошуна катары кичипейил мамиле кылчу Антон азыр Сашадан өткөн жаналгыч сыяктанды. Анын да колунда жалаңдаган бычак бар эле. Экөө бирдин ичинен чыкмайын соо коер эместей.
- Бул үйдүн ээси келди, документин бер! - көздөрү сааттын жебесиндей кыймылдаган Антон эми Тээкболдун жанына келип, өзөртө муштады.
- Кана дейм?..
Тигилердин опузасынан корккон Тээкбол да эч каршылыгы жок үйдө болгон документтерди издей баштады. Документ деле көп убара кылган жок, телевизор турган тартманын ичинен чыкты.
- Эми паспортуңарды.
Сашанын колуна Зуура менен Тээкболдун паспорту, Сагынычтын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк да тийди.
- Башка эмнеси керек? - Саша менен Антон кеңеше баштады.
Бир убакта үчөөнүн тең колдорун таңып, бир бөлмөгө камап коюшуп, экөө кухня тарапка жөнөдү.
- Эмнени сүйлөшүп атышат? - деп бүргөдөй туйлаган Сагынычтын суроосу апасынын да, атасынын да кулагына кирген жок. Алардын көзалдынан, кулагынан турмуштун ызы-чуусу кетпей туруп алды. Түндүн бир далай убактысы өткөн кезде үчөөнүн тең көздөрүн таңып, Антондун "Москвичине" тыгып, алып жөнөштү. Ажал деген коркунуч жакадан алып турган мүнөттө айла таппай туйлаган үчөөнүн жансоога суранганын эки жаналгыч уккан жок. Бирок көп өтпөй шаар четиндеги терезеси тордолгон бир үйгө алып барып, камап коюшту. "Биз келмейин, жылбайсыңар" деген Саша жарыкты өчүрүп, чыгып кетти. Жарыксыз дүйнөнүн алдындагы ал үйдүн ээси бар экени да, жок экени да эки күн бою билинген жок. Кирип-чыккан жан көрүнбөй, колдору таңылып, эки күн кесээрип ачка отурган немелердин дааратканасы да, жатагы да бир бөлмөнүн ичи болду.
- Биз эми эмне күндү көрөбүз? - деп, бир үнү көктө, бир үнү жерде болуп айласы куруган Зууранын деми кысылганын тиктеп отурган берки экөөнүн заманасы канчалык куурулбасын, эмне кыла алышмак. Колдору таңылуу. Бирине-бири артын такап, чыйратылган жибек жип менен чие байланган колдорун чечкенге аракет кылып көрүштү, бирок чымырап уюган колдорунун каруусу кетип калыптыр. Канча аракет кылышпасын, майнап чыккан жок.
Үй биринчи келген күнү жылуу эле, экинчи күнү кайыктыра баштады. Кыштын кыраан чилдесинде ээси жок үйдүн муздагы да бир жактан адам жанын алып кетерде, короодон дабыш угулду. Босогодон Саша менен Антон кирип келди. Кантсе да ажалдын суук түрүнөн көрө кирип келген адам кейптенгендердин жүзү жылуу көрүндү. Тирүүлүк, жашоонун үмүтү кайра ойгонуп, үчөө үч жактан чырылдап жалбарыштыле, "үнүңөрдү дагы бир чыгарсаңар, мууздап салам!" деген Сашанын өктөм үнүнөн кийин, басылып калышты. Өлүмдөн мурда жаман ойдун сүрү сүр экен. Анан бул үчөө бычактын сүрүндөй сүрдү көрбөгөн чыгар. Кекиртектерине мизи курч бычак такалган кезде, шымдарын булгап коюшту.
Тиги экөө көпкө буйдалбастан, үчөөнүн көзүн таңып, сыртка жетелеп чыгып, "Москвичке" кайрадан тыгышты. "Жайыбызды казып, даярдап койгон экен" деген суук ой Тээкболдун да, Зууранын да боюн чыйрыктырды. Денелери калчылдап, "жансоога" деген үндөрү кекеч болгон немедей үзүлүп-үзүлүп айтылганын жаналгычтардын уга турган түрү жок. Бирок Саша менен Антондун алдынала түзгөн пландары таптакыр башка экен. Алар борбор шаардын күнчыгыш тарабындагы Каражыгач жаңы конушуна жеткенден кийин "Эми каалаган жагыңарга баргыла" деп, айталаага кое берди. Колдору, көздөрү чечилген үчөө эми караңгы түндүн алдында кайда барарды билбей, карайлады. Үчөөнө тең түндөн мурда, турмуштун өзү түн болуп көрүндү. Түн алдындагы үчөөнүн үч башка санаасы тең - жол табуу эле. Үч жандын кимиси амал, кимиси жол табат? Үчөөнүн үмүтү бир-биринде. Бирок үч жандын тең өз-өзүнөн үмүтү жок, бирин-бири тиктейт. Биринен акыл чыксале, ээрчигени турат. Үн каткан бирөө да болгон жок. Бираз мурда "Жаагыңарды жапкыла! деген эки жаналгыч жандарынан эбак узап кетсе да, буйрук алдында тилин тишине каткан үчөө азыр да үндөбөдү. Тилдери күрмөөгө келбей, үн катсале эки жаналгыч дароо пайда боло калчудай коркунуч үчөөнү дале басып турду. Уюп калган колдоруна көпкө чейин жан кирбей, чымырап ооруганы эми күчөдү. Ийинден кесип салгандай шал болгон колдору денеден бөлүнүп, оор таштын салмагындай жерге салаңдайт. Денелерине аз-аз жан киргенден кийин алыс эмес жердеги жарыгы күйүп турган үй көрүндү. Баятан бери асмандагы чакчыйып тийген ай, жылдыздардын жарыгы жашоо жарыгындай сезилбеген үчөөнө үйдөн тамган жарык азыраак үмүт берди. Бейаң сезим үчөөнү үйдөн жанган жарыкка өзүнөн өзү жетеледи. Ал жарыкка "жүрү" деген сөздү эчкимиси айткан жок, бирок кимиси биринчи үйдүн жарыгын көздөй кадам шилтеди, белгисиз. Үчөө бир-бирин ээрчип жөнөдү.
Үйдө алагүү абалга жетип калган бир аял, эки эркек сырттан кирип келгендерди көрүп, үстөл үстүндөгү бошогон бөтөлкөлөрдү алып, беймаал келген меймандарды тиктеп калышты.
- Туугандар… кечирип койгула, - деген Тээкбол, үрпөйүп чочуган тигилерге болгон окуяны аяк-башы жок айта баштады.
- Келгиле, отуруп түшүндүргүлөчү…
Үй ээси Тээкболдун сөзүн жан тарткан мамиле менен түшүнгөнгө аракет кылды. Аялы болсо дасторконго тамак-ашын жаңыртып, чай ысытып келе койду. Тээкбол бирок окуянын түйүнүнө келгенде 60 000 доллар жөнүндө айткандан кыйнала баштаганда кепке Зуура да кошулуп кетти. Ал болгон ишти болгондой айтып салдыле, Тээкбол аялына көзүн бир чолуп алып, кырсыйып калды. Үй ээсинин аялы муну байкап отурду.
(Уландысы бар)

















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!