Коомдук-саясый гезит
№15, 13.03.08-ж.






  Кыргызга күйбөгөндөн түңүл

"Сеабекону" кыргыздын шоруна Санжар Айтматов алып келген
Экс-президент Аскар Акаев:
"Бирштейндин Кыргызстанга келишинин башында Чыңгыз Айтматов турган"
-Бирштейндин Кыргызстанга келишинин башында түздөн түз биздин урматтуу аксакал жазуучубуз Чыңгыз Айтматов турган. Ал мага нечен жолу Бирштейнди мактап, өтүнүп суранганынан, Айтматовго ынанып, анан Бирштейн менен кызматташкам.
Аскар Акаев, 2007-жыл, 17-март,
"Dе-факто" гезити №6

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов ким экенин көпчүлүк биле бербейт. Министр болуп жүргөн Аскардан башка Санжар аттуу уулу бар экенин уккандар бар, бирок анын Кыргызстан турмушунда кандай рол ойногонун билишпейт. Аскары министр болду, бирок кичүү баласы көшөгө артында "акырын" жүрүп, коомчулук алдына көп чыккан жок. Ошенткен менен Санжар Айтматов өз убагында чоң мамлекеттик ишке аралашып, президенттин атайын указы менен "полномочный представитель Президента КР по особым поручениям" деп дайындалган. Бирок Акаевдин 1991-жылы 24-сентябрда кол койгон бул указын жан киши билген эмес. Указдын баш жагын карап көрсөңүз, "не подлежит опубликованию в печати" деп жазылып турат. Дал ушул указ менен азыркы "Кумтөр" кенинин тагдырынын башы ачылган. Бул указ чыгардан бир күн мурда 1991-жылы 23-сентябрда Цюрихтен "весьма срочно" деген грифтин астында Аскар Акаевге меморандум келип түшөт. Меморандумга Чыңгыз Айтматовдун баласы Санжар Айтматов кол койгон. Анда Кыргызстан экономикасын көтөрүүгө "Сеабеко групп" компаниясын катыштырыш үчүн анын президенти Борис Бирштейн менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтылат. Анда тез арада жогорку экономикалык совет деп аталган уюм түзүлүп, ага биз тараптан Кыргызстандын жогорку бийлигиндеги адамдар, экинчи тараптан болсо "Сеабеконун" өкүлдөрү кириши керектиги жазылган. Ошол меморандумдун аяк жагында тиешелүү документтерди даярдап, аларга кол коюш үчүн 3-октябрда Кыргызстанга Борис Бирштейн өзү барат деп айтылган. Мына, "Кумтөр" балээси эмне болуп башталган. Акыр биринчи документтерге Санжар Айтматов кол коюп, ошонун ортомчулугу менен Борис Бирштейн Кыргызстанга келген. Биздеги маалыматтар боюнча, так ошол кезде Түркия биздин көмүрдү жана алтынды иштетүүгө кызыгып, Сулайман Демирель макулдугун берген. Бирок Аскар Акаев ортодон айнып, Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүнө эрип, "Сеабеко" менен иштешүүгө муюп калган. Бул тууралуу экс-президент биздин гезитке былтыр берген маегинде да ачык айткан. Улуу жазуучубуздун баласы эмнеге мынчалык жанталашып, дүйнөлүк масштабда аферист аталып жүргөн Бирштейнди Кыргызстанга алып келүүгө шашылды? Кызыкчылыгы канчалык эле? Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов баласын кой деп койгон жок? Санжар Айтматов азыр Кыргызстанда эмес дешет. Балким Москвада, балким АКШда. Биз билгенден Акаевдин тушунда бажы тармагын чоюп, Кыргызстандын Москвадагы бажы өкүлчүлүгүн жетектеди.
Буга чейин Санжар Айтматовдун "Кумтөр" долбоорундагы ролун эч ким билген эмес. Аскар Акаев бизге берген маегинде "Бирштейнди Чыңгыз аксакал алып келген" дегени чынында күтүүсүз болду. "Чындап келсе кыргызга, чыпалагы күйбөгөн-Чыңгыз да өтөр дүйнөдөн" деген ырларды окуганда улуу жазуучуга сөз тийгизгендерге ачуубуз келчү эле. Жалпысынан алып караганда, кыргыз үчүн Чыңгыз Айтматовдун эмгеги зор. Дүйнө кыйырына тараган чыгармалары кыргызга кызмат кылып атат. Чыңгыз кыргызды дүйнөгө таанытты. Кыргыз деген улут бар экенин жар салды. Анысына таазим. Бирок, "Кумтөр" өңдүү кыргызды куруткан долбоорлорго аралашпай, таза жүргөндө Чыңгыз Айтматов улуттук лидерге айланмак. Бүтүндөй кыргыз Чыңгызга сыйынып, "журт атасы болсун, президент болсун, Чыңгыздан өткөн уулубуз жок" деп чыкмакпыз. Бирок, ошол улуттук лидерден куру калдык. Куруган кыргыз кудай берген алтынынан да куру калды. Вице-спикер Кубанычбек Исабековдун айтымында, "Кумтөр" долбоорунан Кыргызстан баш аягы 7,5 млрд доллар жоготту. Бүгүн болсо Кыргызстан 2,5 млрд доллар карызынан кутула албай, элин жарытпай же өзгөнү жарытпай, элдир-селдир жашап атат.



Чолпон ОРОЗОБЕКОВА

















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!