Коомдук-саясый гезит
№15, 13.03.08-ж.






  Cаясий портрет

Мадумаров деген ким эле? "Ак жолго" барып ким болду?
Накен Касиев,
"Элет" партиясынын лидери:
-Оппозициянын башында жүргөн, өзүн демократмын деп эсептеген адам болчу.
Азыр эми бийликтин арыгын чапкан, партиялык тизме менен келген депутаттардын башында турат. Назначение болуп келген спикер, себеби "Ак жол" партиясынын кандайча жол менен парламентке келгенин эл жакшы билет. Бүгүнкү бийликтин камчысын жакшы чапканга аракет кылып жатат. Бийликтин арыгына сууну агызып жаткан азаматтардын бири. Авторитардык режимдин экинчи адамы. Мурда акыйкат үчүн күрөшүп келсе, азыр эми анын бири жок, 360 градуска бурулуп калган.

Абдыгул Чотбаев,
шаардык кеңештин депутаты:
-Мурдагы айткан сөздөрүнүн бири жок. Мурда бийликке каршы болсо, азыр эми бийликти колдоп жатат. Ал жөнүндө сөз кылгым да келбейт.

Султан Урманаев,
парламенттин экс-депутаты:
-Жогорку жактан кандай көргөзмөлөр келсе, ошону так аткарганга аракет кылып жатат. "Адамды сыноо үчүн колуна байлык, анан бийлик бериш керек" деген сөз бар эмеспи. Депутат болуп жүргөндө элдин таламын талашып, элге жакын болчу. Азыр эми ал- чиновник. Өзүнүн милдетин жакшы аткарып жатат. Ал спикер болгону парламенттеги депутаттар өз ойлорун ачык айтпай, трибунадан сүйлөбөй калбадыбы. Дүйнөлүк практикада мен мындайды уккан эмесмин, көргөн да эмесмин.

Топчубек Тургуналиев, "Эркиндик"
партиясынын төрагасы:
-Журналист болуп жүргөндө, депутат болуп жүргөндө абдан күпүлдөп жүрөт эле да. Акаевдин парламенти чөнтөк парламент болчу. Бүгүнкү парламент тээ чөнтөктүн түпкүрүнө түшүп кеткен парламент болду. Демократия, адилеттүүлүк деп кыйкырып жүргөн Адахан антидемократиялык жол менен келип, "Ак жол" партиясын башкарып жатат. Бийликке келгенде кимдин ким экени билинди, асман менен жердей айырма болуп калат экен. Жогорку Кеңеште диктатураны орнотту. Парламентте эмне үчүн сөз эркиндиги болбошу керек. "Сен сүйлөйсүң, сен сүйлөбөйсүң" деп тыйып, үстөмдүк кылып турушу керекпи? Парламенттеги акжолчуларды "кара жолчулар" десе болот.

Абдыганы Эркебаев, коомдук парламенттин спикери:
-Адаханды мен жакшы билем. Университетти бүтүп быякка келгенинде Салижан Жигитовичтин өтүнүчү боюнча мен аны жардамчы кылып биринчи жумушка алгам. Ошондон берки баскан жолу менин көз алдымда. Орунбасардан баштап андан чоң кызматтарга жетти. Депутат болду, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын бири. Мурда бийликти сындап, оппозицияда жүрбөдү беле. Азыр бийликте туруп, мурда оппозицияда жүргөнүндөй калыс болсо жакшы болот эле. Өзүнүн өткөн жолун унутпашы керек. Өзү баскан жолду унутпай, өткөндөн сабак алышы керек. Эгерде унутуп, жалаң кызматты ойлоп кетсе, анда арты жакшы болбойт.

Жамин Акималиев, академик:
-Мадумаровду мен көп жылдан бери жакшы билем. Бул жигит тууралуу оюм түз. Ал Акаевдин доорунда оппозициячыл катары өзүн жакшы көрсөттү. Ыңкылаптын болушунда анын салымы чоң. Эмгеги кайтты. Андан кийин чоң кызматтарга келди. Мамлекеттик катчы болду, бул кызматта жаман иштеген жок. Бирок, мурдагы жылдардагы депутат катары ага сын пикир айтаар элем. Жогорку Кеңештин депутаты катары өзүн башка депутаттардай алып жүрүшү керек. Спикермин деп эле депутаттарды башкарганы туура эмес. Мамлекеттик катчы болуп жүрүп башкарганды үйрөнүп алса керек. Өзүнүн укугун ашыра чаап, аким, губернатор катары сезип жатат. Минте берсе баркы кетип калат го.

Асел Сталбек кызы




  Тил кесмек жок

Президентти эркин гезиттерди сактоого чакырабыз!
Элдин эркиндиги, бийликтин калк мүдөөлөрүн жана ар бир жарандын эркин өнүгүшүн камсыз кылышы өлкөнү өнүктүрүүнүн бирден бир өбөлгөсү болуп эсептелет.
"Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылынын максаты да, жасаган ар бир иш-аракети да мына ушул демократиялык принциптерди жана эркиндиктерди ишке ашырууга багытталган.
Ал эми биздин азыркы жашообузда бийлик, бир жагынан, демократиянын принциптерин сактоого аракеттенип жаткандыгын жар салганы менен, бирок экинчи жагынан, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин ар тараптан ооздуктоого аракеттенүүдө. Эркиндиктин негизги принциптери сөз эркиндиги, өз эркин ачык билдирүү болуп эсептелет.
Элибизде сөз кудуретин бийик баалаган "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген салттуу сөз бар. Ата-бабадан келаткан салт боюнча кыргыз журтчулугунда сөз эркиндигине кысым жасоо айыпталып келген. Ошондуктан, биз жарыяланган макалалары боюнча "Dе-факто" жана "Алиби" гезиттеринин үстүнөн жүргүзүлүп жаткан сот ишине кабатырлануудабыз. "Ар-намысыбызга, абийирибизге шек келтирди" деген шылтоо менен Президенттин бир тууган инисинин баласы макалалардын авторлоруна 500 миң сомдон жана гезиттерге1 миллион сомдон доо айыбын койгон.
Бийлик аныгында бир кишинин колуна топтолуп, кала берсе соттор да эркиндикке ээ болбой калган чакта чындыкты чагылдырган, акыйкат үчүн күрөшкөн бул эки гезитти жаап салуу максаты даана байкалууда. Анткени, аталган суммаларды төлөө оңойго турбастыгы түшүнүктүү. Мындай сот процесси мамлекет башчысынын да беделин түшүрүп, бүткүл Кыргызстан элинин алдында уят кылууда. Анткени, даанышман элибизде "туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген кеп бар эмеспи.
Ал эми негизсиз күнөө коюп, басма сөзгө кысым көрсөтүү жана сөз эркиндигин ооздуктоо коомубуздун өнүгүшүндө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондой болсо да биз үмүт үзбөй, Президентти айкөл жана гумандуу болууга чакырабыз.
Биз, Кыргызстан, демократиянын принциптерин бекем карманабыз деп милдеттенме алып, БУУнун адам укуктары жөнүндө конвенциясына жана ОБСЕнин Хелсинки документтерине кошулганбыз. Басма сөз эркиндигин сот аркылуу ооздуктоо менен биз дүйнөлүк коомчулук алдында алган милдеттенмелерибизди аткарбай жатабыз. Мындай окуялар Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына терс таасирин тийгизип, кадыр-баркына доо кетирет. Ошондуктан, Конституциянын гаранты катары Президентти басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин сактоого чакырабыз.

"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы
P.S. "Акыйкат үчүн" кыймылы кокус президенттин бир туугандары "Dе-факто" гезитин сот аркылуу жабууга аракет жасаса, же акчалай айып сала турган болсо, элди түрө кыдырып акча чогултууга даяр. Ошондой эле гезитти сактап калыш үчүн акцияларды уюштурушмакчы. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Бишкек пресс-клубуна билдирген. Ушул жумада Ошто "Dе-факто" гезитин коргоо комитети түзүлүптүр. Кечээ редакцияга Караколдон жана Таластан телефон чалган окурмандар "Dе-факто" гезитин коргоо кыймылдары түзүлө тургандыгын, сот процессине катышуу үчүн Бишкекке келүүгө камданып аткандар бар экендигин билдиришти. Ушундай оор кырдаалда моралдык колдоо көрсөткөн окурмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.




  Ысыккөл дайым тынч эмес

Казактар 60 пансионат курганга үлгүрүштүбү?
Бааягы меники-сеники дегенди билбеген СССРдин кезинде Ысыккөлгө Казакстан ССРине деп 4 пансионат берилген экен. Алар: азыркы "Самал", Казакстан Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу "Автомобилист", КазМУнун денсоолук чыңдоочу лагери жана "Олимп" пансионаты. Эми күн жылыганы ошол маселелердин да тамырлары жибий баштады. Казакстан бүгүн кыргыздарды карай "чыйт" түкүрүп туруп, "СССР кезинде ал пансионаттар Казак ССРинин акчасына курулган, биз төрт пансионатты эч кандай сатык менен албайбыз, болгону ошол менчик укугубузду гана мыйзамдаштырып, таанып бересиңер" деп турганы. А кыргыздын билермандары болсо кечээтен баштап бул маселе боюнча төрт аяктары тыбырай баштады. Эмне дегенде өлкөнүн маммүлк башчысы Турсун Турдумамбетов билдиргендей, эгерде кыргыз тарап Казакстанга төрт пансионатын ратификациялап беришсе, анда эле Өзбекстан дагы бизге караштуу деп жүргөн төрт пансионатын өткөрүп бергиле деп чыгат. Анысы ажыдаардын экинчи башы дегендей эле кеп. Ал эми казактарга моюн толгойбуз дей турган болсоң чегарасы, жолу, бажыканасы, буудайы, азык-түлүгү менен тынымсыз алышып - беришкен байпагы жыртык кыргыздардын эртең эле бир бармагы солок этип чыгып калчудай. "Эмне кылабыз?" дешип кечээ парламенттен "Ак жол" фракциясы өзүнчө, СДПК өзүнчө жыйын курушту. Азырынча жүйөөлүү кепке келишкен жок. Вице-спикер Кубанычбек Исабеков "Кыргызстан пансионаттар жайгашкан аймактарды казактарга эбак эле кырк тогуз жылга берип койгон. Төрт пансионатты Казакстанга берүү жөнүндөгү токтомго 2003-жылы эле мөөрлөр басылган. Ал эми 2006-жылы ал боюнча өкмөт аралык келишимге кол коюлган" деп баарысынын ындынын өчүрдү. "Бир айла бар, парламент казакстандык кожоюндарга салыктын өлчөмүн көбөйтүп койгонго күчтөрү жетет. Салык Кыргызстандын жарандарына караганда алардан көбүрөөк жыйналыш керек. Ошондо алар биз менен эсептеше башташат" деп өөлө акылдуу сөзүн айтты. Депутат Аскар Салымбеков бүгүнкү күндө Ысыккөлгө казактардын бизнесмендери баш - аягы 60 пансионат салып иштетип атышат десе, Турсун Турдумамбетов биздин эсеп боюнча казак инвесторлоруна тиешелүү 20 гана пансионат бар деди. Эмне болгон күндө да элден эчнерсе жашыра албайсың. Бийлик аке эларалык иштерде да өз элинин эсебинен чыкпаса эле тоодой балээден алыс болоор беле дейсиң..?
Жамандын үйүн коногу бийлейт. Казактарга пансионат берсек, Турсун Турдумамбетов туура айтат, анан өзбектер чыгат. Андан кийин дагы бирөө…ушинтип бирөөлөрдү бийлетип, өз көлүбүзгө ээ боло албай жүрө берели.

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!