Коомдук-саясый гезит
№15, 13.03.08-ж.






  Ыр секи

Динара АКУЛОВА:
"Кыйналып жашагандан көрө, жалгыз тынч жашаган артык"
Жалгыздыкты жеңе билиш керек. Кыйналып жашагандан көрө, жалгыз болсоң да тынч жашаган жашоо артык.
- Динара, акыркы убакта сахнадан көрүнбөй кеткениңизге эмне себеп болду?
- Көрүнүп эле жүрөм. Концерттерге катышып, тойлорго чакырып калышат, ал жактарга барып эле ырларымды ырдап жүрөм. Ал эми жеке концерт бербей жүргөнүм бир чети денсоолугума байланыштуу болуп калды, экинчи чети бир аз эс алууга чыгайын дедим. Анын үстүнө неберелүү болдум. Көздү ачып-жумганча жакшы убакыттар өтүп кеткен экен.
- Динара имиджин өзгөртүптүр деп атышат?..
- Мен эч кандай өзгөргөн жокмун. Мурда концертке чыгып жүргөндөгүдөй эле макияж, концертке чыгып жүргөндөгү эле чачым, болгону бир аз чачымды өстүрдүм.
- "Пластикалык операция жасаптыр" деген сөздөрдү уктук…
- Ага эртерээк го… Мен пластикалык операция жасатууну туура көрбөйм. Өзүбүздүн табигый сулуулугубуз турганда, анын эмне кереги бар?
- Таене болуптурсуз, "Баладан небере ширин болот" деп коюшат экен, ошого кошуласызбы?
- Мен бул сөзгө толугу менен кошулам. Чындап эле ширин болгондон улам бул сөз айтылса керек. Альдина үч айлык болуп калды. Кылыктары чыгып, күлүп…
- Азыр мына концерт бергени жатыпсыз, мурдагы концерттериңизден айырмасы барбы?
- Мен үнүмдү өзгөртө албайм да. Ошол эле үн менен ошол эле Динара ырдайт. Укмуш бир нерсени өзгөртүп жиберем деп айтпайм. Эски ырларды да, жаңы ырларды да ырдайм.
- Көп жылдардан кийин сахнаны ташташыңыз мүмкүнбү?
- Бардык нерсе өзүнүн учурунда таттуу. Сөз дагы, тамак дагы, ырлар дагы… Мен такыр сахнаны таштайм деп айта албайм…
- Диетага отуруп, сулуулук салондоруна барасызбы? Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Денсоолугума байланыштуу мага диетага отурган болбойт. Бардык аялзаты сыяктуу эле мен дагы сулуулук салондоруна барам. Спорт менен машыкпайм, эртеден кечке чуркаганымдын өзү спорт.
- Аял кайсы учурда бактылуу болот деп ойлойсуз?
- Денсоолугу чың болсо, жолдошу, балдары жанында болсо, үй-жайы бар болсо, тынччылык болсо, мындан артык бакыт жок.
- Сиз бактылуусузбу?
- Мен бактылуумун. Балдарым, неберелерим, эли-журтум бар.
- Жалгыздык деген сезим болуп кетеби сизде?
- Жалгыздыкты жеңе билиш керек. Кыйналып жашагандан көрө, жалгыз болсоң да тынч жашаган жашоо артык. Балдарыңа, ырларыңа көбүрөөк көңүл бурасың. Мен жалгыз эмесмин, бала-чакам бар, бактылуумун.
- Сизде аялдарга тиешелүү сапаттар көппү, же мырзаларгабы?
- Экөө тең бар менде. Сыртка чыкканда жалаң мырзаларга тиешелүү жумуштарды аткарам,өзүм машина айдайм. Сыртта мырзаларга, үйдө айымдарга тиешелүү бардык оор түйшүктөр өз мойнумда. Үйгө келгенде энелик ролумду аткарам.
- Мүнөзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, кайсы сапаттарыңыз өзүңүзгө жагат да, кайсынысы жакпайт?
- Бул суроого башка бирөөлөр жооп берсе болмок экен… Мен кекчил эмесмин. Ошол сапатым өзүмө жагат. Карамүртөз, кекчил адамдарды жаман көрөм. Азыр бирөөгө таарына турган болсом, жарым сааттан кийин кайра унутуп калам. Таарынчаак эмесмин. Жакпаганы болсо, мен көп уктай албайм, ошонум өзүмө жакпайт.
-Элдин адамы болгондон кийин ушак ээрчибей койбойт экен, өзүңүз жөнүндө ушак уксаңыз кантесиз?
- Мисалы, сахнага чыккандан бери канча ушак сөздөрдү уктум. Эми кээ бирлер ушак сүйлөп эрмектеп жүрбөсө болбойт да. Укканда "Иий, сүйлөй берет да" деп кое берем. Бирок искусство адамдары назик болушат да. Кыжалат болосуң, ишиңе тоскоолдук кылат. Көрүп-көрбөй, угуп-укпай сүйлөй беришет. Бир жолу Кытайга гастролго кетип, кайра келсем баары таарынат мага. Эмне болду десем, "Турмушка чыгып кетип тоюңа чакырбадың" дейт. Болгондо да бир аксакалга эле турмушка чыгарып коюшуптур. Анан мен турмушка чыгып калсам, албетте, элиме көрсөтүп, күйөрмандарыма гезит аркылуу жарыялап туруп, анан чыгам деп айттым.
- Жеке турмушуңузга кызыккандар көп болсо керек?
- Мага жеке турмушума тиешелүү суроолор жакпайт. Ар бир адам турмуштун агымы менен маңдайына жазылганын жашайт. Мен сиздерден суранат элем, көбүнчө чыгармачылык тараптан эле кеп кылсак. Мисалы, азыр өсүп келаткан жаш таланттарды деле телерадиодон жеке жашоосу тууралуу кеп кылып, чыгармачылыгын артка тартып аткан сыяктуу. Өсүп келаткан улан-кыздарыбызды чет өлкөлөргө жакшы чыгармалары менен жөнөтүп сыймыктангыбыз келет. Менин алдымдагы концертиме улуу муундан да, кичүү муундан да элимдин таланттарын чакырдым. Угармандарыма "Келип, кубулжуган үндөрү менен аткарган чыгармаларын угуп, эс алып кетиңиздер" деп айтаар элем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык кесиптештериме талантыңар ташкындай берсин демекчимин. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Дилбар АЛИМОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!