Коомдук-саясый гезит
№15, 13.03.08-ж.






  Күлкүлятор

Бирин-экин, алма-текин...
Жашоо мени көп нерсеге үйрөттү. Санап чыксам, беш манжаң жетпей калат. Башбармакты бүгөйүн - би-ир деп тур: башыңда "түзүк" калпагың жок болсо, эч убакта кайырчылык кылалбайсың. Мүмкүн болушунча эскилиги жеткен "Эсесер" деген жазуусу болгону жакшы. Андай калпакка калмагы да, карачайы да, орусу да, оштугу да, эштеги да элүү тыйынын аябай туруп, сенин жеке эсебиңе которуп ийет.
Эми сөөмөйүмдү бүгөйүн - эки-и деп тур: эгерде жаныңда бирөө балчаңдатып шакалат жеп турса, ыңгайлуу суроолорду беримиш болуп, оозун эми ачып келатканда шакалатын сөөмөйүң менен илип кеталбасаң, тумшукка бирди жейсиң да, а күнү ачка каласың. Тумшукка канчалык көп жесең, ошончолук көпкө ачка жүрөсүң.
Эми ортонумду жумайын - ү-үч деп тур: колуңан келишинче ортодо бол. Лидермин деп эки четиңде жаткандар канчалык өзүнө төшөктү тартпасын, эч кимиси сенин таттуу уйкуңду бузалышпайт. Комунизмдин кенен төшөгүнө жолугуп калсаң, эч убакта ортосунан оодарылба. Калыстык как ошол ортосунда жатат. Эйбогу, чын айтам. Чындык жок, бирок калыстык бар, эй! Муну унутпа.
Эми атыжогумду жумайын - тө-өрт деп тур: атаң барда досторунун баарын таанып ал. Адыресин толук жазып, соткесинин номурун жаттап ал, өлгүдөй кереги тийет! Атың чыксын деп жулкунсаң, оппозицияга баш-отуң менен кир. Кириш оңойле, чыгыш азап?! Абийриңдин акыркы уятын өзүңө калтырып коюп, калганын бүт сатып, акчасын жолраскот кылып чыгып кетесиң. Жол узак болот. Аягында акчаң же абийириң жетпей калышы мүмкүн. Акчаң жетпей калса эчтеке эмес, кошуна-колоң, эл-журт деген бар. Болбоду дегенде калдайган казынанын карааны турат. Колуңду колтугуңа чейин салып жиберсең, калк акчасы сеники эмей кимики.
Эми чыпалагымды жумайын… тойус, жумбай кое турайын. Анткенимдин себеби, кечээ чыпалагымды каалгага кыпчытып алып, бүгүлбөй атат. Ошо!..
Ал эми абийириң ГЭСтин суусундай тартыш боло баштаса, мурдуңан бир заматта лямпичке чыга түшүп, кайра жалп өчөт. Кайра күйбөйт. Карайып тура берет.
Элге жүрөгү күйгөндөрдүкү гана дайыма жарык чачып турат. Жарыгы элге тиет. Тууган жерге тиет.
Жанагы, совеси менен свети өчкөндөр эми жарык уурдаганга өтүшөт…




Оңкочук-тоңкочук
"Dе-факто" дагы бирдин ичинен чыгалы дедик. Кудайга шүгүр, техника заманында жашап атабыз. Азыр катардагы кулпенденин да колунда мобилдик телефондун түрдүүсү бар. Эгер чөнтөк телефонуңуздун фотоппараты болсо, чыркылдатып эле сүрөт тарта бериңиз. Мейли, өзүңүздүн үйбүлөдө, мейли, башка чөйрөдө болсун, айтор кызыктуу, күлкүлүү окуя болуп аткан учурду көзжаздымда калтырбаңыз! Шумдуктуунун баарын фантазиялап кереги жок: наристелердин күлкүсү, оңкочук-тоңкочук болуп ойноп атканы, ыр-чыр салып ыйлап атканы, кыйнап атканы же болбосо кермеде жайылган кийимдерди бурдап жеп аткан уйдун, күлгө оонап аткан тооктун же эшектин сүрөтү деле болсун; а мүмкүн күлгө оонап жаткан мастын сүрөтүбү; а мүмкүн, белгилүү инсандардын биз көрбөгөн жерде бир балээ кылып аткан сүрөтүн тартып алышыңыз мүмкүн. Кыскасы, биздин электрондук почтага жөнөтүп жиберген сүрөткө окурмандарыбыз боорун тырмап күлгүдөй же аңырайып таңгалгыдай болсун. Анан биз мыктыларын аныктап, ар бир айдын соңунда конкурстун жыйынтыгын чыгарып, "фантазер" фотографтарыбыздан байгебизди аябайбыз. Андыктан, "Dе-фактонун" кийинки санынан баштап биздин фотогалереядан өзүңүздөр жиберген кызыктарды күтө бергиле!


  Өзүңдү таанып, 200 сом утуп ал!

Сулучай сүрөт
Илгери бир абышка-кемпир бала таап алышат. Анан багып алышат. Анан атын ким коебуз деп талашып калышат. Абышкасы эмне ат айтса да жактырбайт кемпири. Акыры ойлонуп отуруп "Бул баланы сулучайно таптык го, атын "Сулучай" коелу" деген экен. Биз да бул рубриканы "Сулучай сүрөт" деп койдук. Эмесе, өзүңүздү сүрөттөн таанып, редакцияга келип 200 сом алыңыз!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!