Коомдук-саясый гезит
№15, 13.03.08-ж.






  Табылга

Ашыралы Айталиев:
"Порно сүрөттөрдү мен биринчи жайылткам"
Заманыбыздын залкар таланты Ашыраалы Айталиев убагында мыкты фотограф болгонун билбептирбиз. Анын бул сүрөттөрү буга чейин эч жерде жарыяланбаганы биз үчүн абыдан чоң табылга болуп отурат. Кабарчыбызга айтып отургандарын карабайсызбы:
- Сизди укмуш фотограф болгон дешет.
-Ох-хо-оо… фотону өлтүрчүмүн да. Жанагы жылаңач кыздардын сүрөтү бар го… Порнография дейсиңерби силер? Ошону мына мен биринчи жайылткам.
- Аларды кантип тартчу элеңиз?
- Тартчумун. А кезде андай сүрөткө түшкөн да кызык, көргөн да кызык эле. А мен келишкен татынакай кыздарыңды аркандай "позаларга" тургузуп алып шыртылдатчумун.
- Сиздин алдыңызда кадимкидей жыпжылаңач чечинип беришчү беле?
- А как же.
- Сиз орус кыздарды көндүрчү белеңиз же кыргыз кыздардыбы?
- Кыргыздар кайдан көнсүн, орустар да.
- Ошондой сүрөттөр менен анан оокат кылчу белеңиз?
- Шумдук да. 100 сүрөт тартсаң, 1000 сом болчу.
- Андай кыздарды соо койчу эместирсиз анан?..
- Конечно. Кээсине ашык болуп калчумун да. Мага ал эмес, чоңдордун аялдары ашык болуп жүрчү. Алардын күйөөлөрү үйлөрүндө жок болгондо, мен барып "хозяйничать" этчүмүн. Аялдан жазгануу деген менде жо-оок.
- Сүрөткө түшчү кардарларыңыз жалаң эле жылаңач чечинген кыздар беле? Же башкалары да барбы?
- Ал кезде Токмоктон Жамбулга чейин Чүй суусун бойлой жалаң уйчулар болор эле. Мен болсо керек-жарагымды велосипедге артынып алып, уйчуларды кыдырып сүрөт тартчумун. Анан баарыле сонун көрүп, балдарын сүрөткө түшүрөт. Жамбулга жетип, кайра тартам. Жолдо катар кээси портрет буюрат, кайра акысына козу-корпо бергенде, "мен эми алдыма салып айдай албайм" деп, акчасын алам. Ошентип акча деген чөнтөк толо. Сүрөт дегенге өзүм да ушунчалык берилген экем, аны чыгарып аткан маалда насыбай менен аракты, тамакты унутуп койчумун.

Маектешкен Олжобай ШАКИР




  Сандан-санга: Повесть

Олжобай ШАКИР
Чатыр
(Башы №13 санында)
Көп өтпөй Зуура менен Сагыныч кайра кирди.
- Кой балам, жаталы, - деген аялынын шыбырап сүйлөгөнү шектүү туюлду.
Зуура менен Сагыныч төшөккө жаткандан кийин Тээкбол сыртка чыкты. Шатыны көрүп, санаасы ылдыйлады. Койгон ордунан жылбаптыр. Кайра келип жатты. Бирок түнү бою уктаган жок. Анын түйшөлүп жатканын көргөн Зууранын көзү деле ирмелбей койду. Улам сыртка чыккан күйөөсүнүн тынчсызданганын туюп, санаасы санга бөлүндү. Себеби Тээкбол бир убакта сыртка чыгып кетти да, кирген жок. Зуура короо жактагы бөлмөнүн караңгы терезесинен сыртты караса, Тээкболдун колунда күрөк жүрөт. Чочуп кетти. "Бирөөнү өлтүрүп коюп, короого көмүп атабы?" Жүрөгү оозуна кептелип, ою жамандыкка кетти. Күйөөсү короодо жер казып атканын көрүп, сыртка чыкты. Зууранын үнүн уккан Тээкбол да селейип калды.
- Тээкбол, эмне болсо да айтчы! Кудай жалгагыр… Жүрөгүм бир балээ болуп атат…
- Таап алдым.
- Эмнени?
- Акчаны.
- Эмне болгон акча?
- Кайдан билем!
- Канча акча?
- Алтымыш миң…
- Алтымыш?!
- Доллар менен.
- Койчу.
- Ошон үчүн коркуп атам.
- Кимден?
Тээкбол үндөгөн жок. Зууранын ансайын айласы куруй баштады.
- Кана, көргөзчү.
- Акыры-ын сүйлөчү, - күйөөсүнүн шыбыраганын угуп, эми чындап чочулады. Түн жарымында минтип өң-алеттен кеткен Тээкбол көзүнө шектүү көрүндү. Болбосо менден эмне уурданат деген бүдөмүк ой турду.
Жанына Зуура келгенден баштап Тээкбол өзүн бираз жеңил сезди. Мурдагыдай шырт эткен добуштан чочулабай, Зуура менен эми ачык сүйлөшкүсү келди. Үйгө киргенден кийин болгонун болгондой айтып берди. Андан соң экөө акчаны кайра-кайра үч жолу санап чыкты. Ашык-кеми жок туура 60 000 болду. Кенедей үйдө салынган шырдак бетиндеги жайнаган акчаны басып жыгылышты. Капыстан буюрган олжону бирөө колдон тартып алчудай алактаган экөө акчаны жашырганча шашты. Бечаралар алеңгир эстери менен не кыларын билишпей, жүрөктөрү дүк-дүк.
- Не кылабыз? Бул эмне болгон акча?! Кимдики? Зууранын көздөрү алаят.
- Кимдики болсо ошонуку болсун… Бекем катыш керек, - деген күйөөсүнүн жообун угуп, алайган көздөрү чанагынан чыкчудай муйтуңдады. Бир оорунга туралбай аткан экөө канча бир убакыттан кийин гана өздөрүнө келип, акчаны кайда катаарды билбей, баштары катты. Эчбир ишенимдүү жер табылбай койду. Акча менен келген коркунуч экөөнүн мээ булчуңун иштетпей салды. Экөөнү кимдир бирөө аңдып тургансып алактап, эптеп ороого катымыш болуп, кайрале эртеси сары санаа басты. Экөө бирдей уйку бетин көрбөй калды. 60 000 доллардын ээси бул үйгө баары бир келерин ойлогон экөөнүн ичкени ириң, жегени желимге айланды. Акыры "ушул үйдөн көчүп кетели, андан кийин эч коркунуч болбойт" деген чечимге келишти. Дароо ошол күнү алдыдагы кышка калбай, жаңы үй сатып алмай болуп, көрнөк-жарнак жарыяланган гезиттердин бирин калтырбай сатып келишти. Өздөрүнө өздөрү ишенип, ишенбей, шаардагы эң мыкты деген үйлөрдүн баасын сураштырып отуруп, "баардык шарты ыңгайлуу" деген үйлөрдүн бирөөнө токтолушту. Андан соң өздөрүнүн үстү-башы оңуп, оболу жалгыз уулун чыкыйтып кийинтип, болгон мүдөөсүн аткарышты. Кубангандары ушул. Болбосо элдин балдарынын мунусу бар экен, тигиниси бар экен деп айтып келчү Сагынычтын жер карачу басырлыгын көргөн ата-эненин жүрөгү сыгылып кетер эле. Экөөнүн дагы бир ызасы - Сагынычты аргасыз мектептен чыгарып алышкан. Ал да турмуш забынан келип чыкты. Зуура астма оорусу менен ооруганына үч жылга аяк басты. Күнүмдүк тамак-аштан мурда күнүмдүк дары-дармегин убагында колдонуп турмайын, өмүр менен өлүмдүн ортосунда кысылганы кысылган. "Флексотид аэр", "серетид аэр", "беклазон аэр" өңдүү көздөн учкан дары-дармектер үчүн борбую катып келаткан Сагыныч да атасына кошулуп, базарда тачка түрткөндөрдүн арасында. Бири күнүмдүк тамак-ашка тыйын тапса, бири дары-дармек үчүн тырбалаңдайт. Окуусун уланта берет эле, сумкасы бош. Күнүгө китеп-дептери жок сабакка келген бала мугалимдерден тил уга берип, жер карап бүтмөй болгондо, экинчи баргыс болгон. Анын үстүнө мугалимдердин да мектеп ремонтуна ата-энеңе айтып акча алып кел деген талабына бетинен оту чыгып, "ана-мына" дечү шылтоосу калбай калган.
Тээкбол 60 000 долларды таап алган күндөн бери жашоолору жомокко айланды. Уулу экөө тең эртеден-кечке тачка түрткөн азаптуу турмуштан кутулуп, ойдо жок жерден короо-жай, атүгүл мончосу бар огороду кенен мөмө дарактуу шаар четинде жайгашкан үйдүн ээси болуп, жоонсунуп калышкан. Кудуңдаган Сагыныч курбулары менен мектепке бара баштаган. Бирок бул үйбүлөнүн бейпил жашоосу бир күнүле түш сыяктуу алмашып, баштарына түн түштү. Түн жарымында каалга тарсылдаганын уккан Тээкбол сыртка башбагары менен кекиртегине бычак такалды.

3. Барымта
Тээкбол мурдагы кепедей үйүн төшөктөн туралбаган орус кемпирдин колунан арзан баага сатып алган. Үйдүн соодасы чечилгенден кийин көчүрүп кеткени кемпирдин кызы келди. Бирок ал үйдү арзан баага берип жиберген энесине нааразы болгон. Кемпир болсо көптөн бери үйгө кардар чыкпаган үчүн аргасыз сатып атканын айтып, кызын араң көндүргөн. Тээкбол да мындан башка берер акчам жок дегенден кийин үйдүн документтерин кыйылып атып карматышкан. Кемпир болгон оокатын үйдөн ташытып чыккандан кийин бирнерсесин унуткандай, босогодо көпкө турду. Бир убакта артына кылчайып үшкүрдү да, муздак дубалдарга кайрылып: "Эгер Сашам түрмөгө кесилип кетпегенде, сөөгүм сенден чыкпайт беле" деп ыйлап жиберди. Кемпирдин бул арманына Тээкболдун ичи сыйрылып турса да, эмне кылалмак? Кемпирге кайрат айтымыш болду. "А уулуңуз качан келет эле?" дегенине, Сашасы бир ай мурда уурулук менен кесилип кеткенин айтып, бышактаган.
***
Мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн чыккан Саша түн жамынып келип, кепедей үйдүн чатырына каткан акчасын таппай, кайсалап калды. Каалгасын кара кулпу кайтарган үй ээсин кайдан табарын билбей, коңшусу Антондун дарбазасын какты. Сыртка чыгып, Сашаны көргөн Антон терине батпай кубанды. Ал-жайды сурашып, эски кошунасынын түрмөдөн бошоп келгенине ишенип-ишенбей турду:
- Ой, качан келип калдың?
- Жаңыле келип…
Антон дароо Сашанын өзүнчө бушайман болуп турганын сезди. Таноосу көөп, жини келип алыптыр.
Саша. Мынабул кошунаң кайда кеткенин билбейсиңби?
Антон. Булар качан эле үй сатып алып, көчүп кетишкен.
Саша. Ухх! - Муштумун муштумуна кагып, туруп калды.
Антон. А эмне болду?.. Айтпайсыңбы…
Саша. Үйдү кайдан сатып алганын билесиңби?
Антон. Билем. Өзүм көчүрүшүп баргам.
Антондон мындай жоопту күтпөсө керек, шак эле билектен алды.
Саша. Жакшылыгыңды эчкачан унутпасмын… Сага баарын жолдон түшүндүрөм. Кеттик анда.
(Уландысы кийинки санда)












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!