Коомдук-саясый гезит
№14, 11.03.08-ж.






  Күлкүлятор

Төлөгөн
Карыкеевден
Штирлиц бир чекитти көпкө тиктеп ойлонуп турду…Андан кийин бөлөк чекитти тиктеп дагы бир топко ойлонду…
- Таптым!-деп кыйкырып жиберди Штирлиц,- кош чекит экен!

Эгер эртең менен ойгонсоң, жаныңда чоочун аял жаткан болсо:
Биринчи өзүңдү тааныштыр, андан кийин аялдын атын сура.
Эгер сени кулак түпкө бир урса, анда ал - өз аялың.

Жаңы кыргыз Парижден келип, толкундап айтып берип атат дейт:
- Эх, Сакиш, эми укмуш!.. Ту-у, йолки, өлүп кетейин… Иттей сонун… Неңдурайындар… жыргап жашайт экен!..
Аңгыча аялы шолоктоп ыйлап калат.
- Ой, сага эмне болду? Эмне ыйлап атасың?- дейт күйөөсү түшүнбөй.
Анда аялы:
- Эмне деген кооздук? Эмне деген керемет?..-деген экен бышактап.

Парламент жаңы мыйзам чыгарыптыр: "Күнүнө 1000 кишиден ашык кирген ажатканаларды массалык маалымат каражаттарынын катарына кошпосок болбойт. Боорундагы жазууларды окудуңарбы? Буркурап экстремизм жыттанып атпайбы!"

Жыл ичиндеги жетишкендиктери боюнча мэриянын жыйынтык докладынан:
"…капкагы жок канализациялык люктар азайды…дайынсыз жоголгондордун саны кескин кыскара баштады…"

Үйдүн ичи караңгы. Аңгыча кыздын үнү чыгат:
- Чеч көйнөгүмдү…
- Мына, азыр…- дейт шашкан жигит.
- Чеч өтүгүмдү…
- Мына, азыр…
- Чеч колготкимди…
- Мына, азыр…
Кыздын үнү ачуулуу чыгат:
- Мындан кийин менин кийимдеримди кийбей жүргүн, уктуңбу?!

- Дипломатия деген эмне?
- Дипломатия деп, колуңа муштумдай таш урунганча "Жакшы ит…Акылдуу ит… Жат, жат дейм!" деп алаксытып алдамай жөндөмдүүлүктү айтабыз.




Доомат
"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген макалды ким ойлоп тапты эле?! Макалга ишенип алган жаным, уядагы чымчыктын төрт жумурткасын көрүп, ошону алам деп атып, теректен учуп кеттим. Кимиңер ойлоп тапсаңар да төрт жумуртканы, опей… алты жумуртканы кайра ордуна түгөлдөп коюп бергиле. Болбосо, соттошо кетем!

Жарыя
Колорадолук коңуздардын тилин таппаган фермерлер жана жермерлер, эртең саат таңкуланөөк нөл-нөлдөн баштап, кашкарайганга чейин америкалык элчиликтин астына келгиле. Жөн келбей, коңуз-доңуздардан астыга салып айдай келгиле. Жуктарды отко кактап бышырабыз. Кытай кухнясынын ышкыбоздорун чын көңүлдөн чакырабыз. Калай табагыңарды унутпай ала келгиле.

Ийригилиф
Жаңы курс ачылды. Кытай тилин эжелеп окуганды үйрөтөт. Эжеңерди кошо ээрчите келгиле. Жездеңер чыр чыгарса, Жезказганга жөнөткүлө.

Ишендирүү
Саламаттык сактоо министрлиги билдирет: 2010-жылга чейин ар бир жамбашты бирсайма ("адынаразовый") ийне менен камсыз кылабыз деп ишендирип кетебиз. Эскертүү: бул ийнелер менен сайма сайууга болбойт, байпак жамаганга да болбойт, топчу кадаганга да болбойт.

Изденүү
88,9 жаштагы сымбатычный бенсийенеер-мужук өзүнө жуп издейт. Өз боюна тыкан, сакалын "жилет" менен алат. Үйү бар, кемпири бар-жок экени эсинде жок. Бир аз искилероз, бир аз кызыл камчы, дене түзүлүшү чымыр, силуэти 90 градус, жутканы 40 градус. Эки "запору" токтоп турат: бирөөсү гараждын ичинде, экинчиси куйруктун учунда. Үйүндө "Каттама" гезитинин патшипкеси бар. Кончуна салып жүрүп окуйт.

Бетачар
Борборубуздагы "Сылайсылап" фирмасы үтүктөрдүн жаңы түрүн жасап чыгара башташты. Кечээ "Шайтан алгыр" амфитеатрында жаңы үтүктөрдүн презентациясы болуп өттү. Быкпырдай кайнаган көрүүчүлөргө фирманын деректири Карамүртөз өз колу менен жаңы үтүктүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Байпак, турсиден баштап, өтүк, батиңкеге чейин "кыр чыгарып" келип, акырында кызып кетип, биринчи катарда отурган 90догу томуктай чалдын чекесиндеги миң бырышты кошо тасырайта үтүктөп кетсе болобу. Ошол жердеги 50 жаштан жогорку катын-калачтар "ураалап" кыйкырып, эки-үчтөн үтүк көтөрүп үйлөрүнө тарашты..












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!