Коомдук-саясый гезит
№14, 11.03.08-ж.






  Китептен үзүндү

Азимбек БЕКНАЗАРОВ
"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
(Башталышы өткөн сандарда)
2-мартта Жаныш Курбанов жана башка штаб башчылары менен кеңешип, ыраазычылык тойду 5-мартта Каражыгач айылындагы базарда өткөрө турган болдук.
Ал эми Жалалабатка, Ошко барчу адамдарды тактоо жөнүндө ар бир айыл өкмөттөгү штаб башчыларына айтып, ыктыярдуулардын тизмесин түзүүнү Жаныш аке мойнуна алды. Мен тойго кетчү акча каражатын чечип, Жаныш акеге өзүңүз толук башкара бериңиз деп, Жалалабатка кеттим.
Жалалабатта 3-мартка белгиленген митингибиз болбой калды. 4- мартка котордук. 3-мартта Жусуп Бакиев менен жолугуп, 4-мартта өтө турган митингди уюштуруу, үйлөрдү тигүү жана башка кам көрүү иштерин сүйлөштүк. Мен Жусуп Салиевичтен "Курманбек Салиевич азыр кайда?" десем, ал киши Тогузтородо жүргөнүн айтты.

2005 -жыл. 4 - март.
Жалалабат обладминистрациясынын алынышы
2005-жылдын 4-мартында эртең менен эрте эле областтык администрациянын алдына милиция кызматкерлери толуп кетти. Мен Мөлмөл мейманканасынын балконунан аларды көргөндөн кийин биздин сүйлөшүлгөн иш-аракеттер бийликке жеткенин түшүндүм. Ал түгүл обладминистрациянын алдынан өтүүчү көчөлөр, Барпы театрына, Токтогул паркына өтүүчү жолдор аркылуу автомашиналар киргизилбей жабылды.
Жалалабатка классташым Жаныкул Сейиткуловдун "Нива" автомашинасында дагы бир классташым Акматалы Шатманов үчөөбүз келгенбиз. Бектур эрте менен эрте мага телефон чалып, алардын колоннасы обладминистрациянын алдына Токтогул көчөсү менен чыгып Ленин көчөсү аркылуу саат болжол менен ондо келишерин, жогорку айылдардан да "Камаз" машиналары менен эл келерин айткан эле. Тогуз жарым ченде Мөлмөлдөн чыгып Октябрь көчөсү менен Токтогул паркынын күн чыгыш тарабы аркылуу Барпы театрынын алдына келдик. Болжол менен саат ондордо Бектур Асанов, Медер Үсенов, Асан Шакиров баштаган эки миңдей элдин колоннасы "Акаев кетсин" деген ураан менен Токтогул көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишине чыгышты. Анан Ленин көчөсү менен Эркиндик көчөсүнө чейин келип, обладминистрациянын алдында "Акаев кетсин", "Акыйкат шайлоо өткөрүлсүн" жана башка ураандар менен турушту.
Обладминистрациянын алдында тизилишип ОМОНдор, областтык администрациянын чоңдору, кызматкерлери, жолдун аркы өйүзүндө болсо Жалалабат мамлекеттик университетинин окутуучулары жана башка 100дөн ашык адамдар турушту. Митингди Асан Шакиров башкарып жүрдү.
Эркиндик көчөсү аркылуу "Акаев кетсин" деген ураан менен Тагайбек Жаркынбаев, Адыл Бакиев баштаган 500дөй адам келишти. Алардын артынан бир "Нива" машинасы келип, биз турган жерге токтоду. Ичинде Жусуп Бакиев бар экен. Мен андан "Жусуп аке, булар кайсы жактан келишти" десем, "буларды "Камаз" машинасы менен алып келдик, Жусуп Жээнбековдун жактоочулары"- деди. Жусуптун өзүнүн кайда экендигин сурасам, "Билбейм" деди. Мурда турушкан адамдар менен кийин келишкен адамдар ураалашып кучакташып, аралашып кетишти. Мен ал жакка эки классташымды Бектур Асановду чакырып келүү үчүн жөнөттүм. Аңгыча 3-4 машина менен атайын кызматтын кызматкерлери биздин жаныбызга келип токтошту. Биз Жусуп Салиевич экөөбүз чөнтөк телефондорубузду өчүрүп койдук да, андан аркы пландарды кеңешип жаттык. Аңгыча Бектур келип, "... балдар обладминистрацияга киребиз деп жаңжал сала баштады, команда берелиби?"деди. Мен обладминистрациянын алдында канча ОМОН бар экендигин сурасам, "Болжол менен жүздөй, ичинде да бар окшойт, эшикти бекем жаап салышыптыр" деди. "Оюң кандай, балдарга курал колдонбойбу?" десем, "Ким билет, бирок, балдар өтө чечкиндүү, команданы эле күтүп жатышат" деди. Мен Жусуп Салиевичтен "Жусуп аке, сиз эмне дейсиз?" десем, "Билбейм" деп койду. Мен Бектурга Медерди чакырчы дедим. Бектур Медерди чакырды. Медер Жаныбек (Бектурдун бир тууган иниси), Турсун Маматкулов деген эки жигит менен келди. Жаныбек менен Турсун Улуу Аксы жүрүшүндө аксылыктар менен Ошко, Бишкекке чейин жүрүшкөн жигиттер болгондуктан мен аларды таанычумун. "Медер, эмне кылабыз?" десем. "Команда бериңиз! Биз даярбыз" деди. Мен Жусуп акени, анан Бектурду карадым. Алардын көзүнөн уруксат берели дегенди түшүнгөндөн кийин "Медер, өтө этият болгула. Мүмкүн имараттын алдынан "губернаторду чыксын! Болбосо өзүбүз киребиз деп талап кылып туруп, өзүңөр артындагы кошумча эшик аркылуу кирбейсиңерби? Ошондой эшик барбы?" десем. Медер "ооба, бар, көрөбүз" деди. Биз уруксат бердик. Алар кетери менен дагы үч, төрт мен тааныбаган жигиттер келишти. Мен булар ким дегендей Жусуп Салиевичти карасам, "Азим, булар - биздин жигиттер" деди. Мен ошондо Гамал Сооронкулов (азыр Жалалабат областында экология кызматынын башчысы) менен биринчи жолу тааныштым.
Аңгыча аз убакыт өтүп эле, "Ураа, ураа" деген үндөр чыгып калды. Ошол мүнөттөрдө мага классташым Акмат телефон чалып "эл ичкери кирип кетти" деди. Биз да обладминистрацияны көздөй жылдык. Биз жакындаганда губернатор Жусуп Шариповдун бөлмөсүнүн алдына "Акаев кетсин" деген жана башка ураан жазылган эки плакатты илип жатышыптыр. Көрсө Медер бизден келип эле өзү баштап имаратка кирип кетиптир. Губернатор Жусуп Шарипов имараттын ичинде жок экенин, обладминистрациянын ичинде өңчөй биздин кишилер экенин билдим. Обладминистрациянын ичинде 180дей адамды Медер Үсенов, обладминистрациянын имараты менен анын курчалган короосунун ичинде 500дөй адамды Гамал Сооронкулов, сырттагы адамдарды Асан Шакиров үн күчөткүч менен башкарып турушту. Биз кеңешип тезинен буларга жардамга эл топтоону, элдин санын 5-10 миң кишиге жеткирбесек бийлик түндө күч колдонуп кууп чыгып, элдин шагын сындырып койбосун, бул жеңишти колдон чыгарбоону, боз үйлөрдү тигүүнү чечтик. Мен дароо Бишкектеги КЭКтин офисине Замира Сыдыковага ал окуяны билдирдим.
2005-жылдын 4-мартындагы бул Элдик жеңишти, андан кийин 24-мартка чейин ал жеңишти сактоодо, уюштурууда Бектур Асановго, Асан Шакиров, Медер Үсеновдорго жардам берүүдө бир туугандар Жусуп, Каныбек, Жаныш, Адыл, Акматтардын ролу абдан чоң болду. Мисалы, миңдеген элди топтоп, алардын тамак-ашын уюштуруу, элге ишеним берүү чын - чынында абдан оор иш. Ошол эле күнү Каныбек Бакиев бүт чарба, оокат- аш маселеси боюнча жооптуу болуп, ким канча акча кошту, мал алып келди, жазып ошол тармакты башкара баштады.
Айрыкча, маркум Жусуп акенин уюштуруучулук жөндөмүнө мен өтө чоң тан бергем. Ошол күнү кечинде эле элдин саны 6-7 миңге жакындады. Мен Бектур менен Жусуп акеге башка райондордон элди топтоонун кажети жоктугунун себеби, миңдеген элди багуу, алып келүү кыйын экендигин, ушул элди, Жалалабатка жакын жашаган элдерди күндүзү кетирбей кармоону, андан көрө башка райондордо да элди тез көтөрүү керектигин, канчалык элдик бийлик орногон регион көп болсо, ошончолук бизге жеңил болорун, бийликтин күчү бөлүнүп, Бишкекти, Акүйдү кайтаруу менен алек болорун айттым.
Бийликтин ар кандай провокациясына алдырбоо үчүн Аксыдан мындай ишке такшалган 5-6 "кызыл" командирлерди алдыруу керектигин сүйлөшүп, кечинде мен классташтарым менен Аксыга чыгып кеттик. Себеби, жогоруда белгилегендей, 5-мартта ыраазычылык чайымды бермекмин.
(Уландысы кийинки санда)




  Өлүм жана бит

Шайлообек Дүйшеев
Ычкыр Гобсек
Анын азан чакырып койгон аты Мати болучу. Ал бу жалган дүйнөдө аз гана жашады, шордуу. Эгер молдокелер айткан тиги дүйнөдө жашоо бар экени чын болсо, Мати ал жакта да сөзсүз тыйын чогултуп жүрсө керек деп ойлой берем.
Өмүр бою жарыбай келген бул үйбүлө эгемендикке ээ болгон күндү эле күтүп тургансып туш келди чачылып кетти.
Тагдыр Матини базардан чыгарды. Ошондон ушул күнгө чейин ал базарда тачкист эле.
-Тачкистмин, - дейт бирди-жарым шериктери жолуга калганда. "Тачкист" дегендин акыркы "с" ысын тим эле жеберине жеткире-жеткире айтат, анысы өз кулагына "таксист" дегендей угулат.
Омурткасы оюнга каталек он эки жашында көр-жер менен укум-тукуму көрбөгөн шаарга агып келген Мати азыр жыйырма төрт кар басып, кадыресе кагылып-согулуп, катаал күндүн кан-жинине аралашып, аны эми андан шагыратып сөөгүн эле алып чыкпаса, кайра чыккыс болуп биротоло ашташып да, машташып да бүткөн. Арак десе аттан үзөңгү теппей кулап түшчү атасын да, жыл сайын, ай сайын, күн сайын чубуртуп тууй берип, о кудурет, жок дегенде өз гөчүгүн өзү аябай, же көпкө эс албай, же азга эс албай, качан көрсөң бала басты болуп, албаалап-салбаалап, чиркин өмүр тургай чимкиригин арчыганга алы жетпей жүрүп жүдөп бүткөн апасын да унутту. Адепки кездери баладай болуп эңсеп, дегдеп, сагынып, кусаланып, акыры жарык дүйнө өзү менен туулуп, өзү менен өлөрүнө көзү жеткенсип, бара-бара киндик каны тамган жери да, кирин жууган эли да эстен чыгып, алкеш атасы менен алсыз апасы карегинен, эсинен, жанынан экинчи кайрылгыс болуп өчтү…
Мати бу жалганда эчкимге алмашкыс энеден да, атадан да, жатындаш тууганынан да, баарынан да, а балким кудуреттүү Теңирден да кымбат, ыйык алдуу-күчтүү бир нерсе тапты. Табары менен кулк-мүнөзү ансыз да башкаларга түшүнүксүз, түнт, мерес көрүнгөн неме андан бешбетер өзгөрдү. Канча жылдан бери өзүндөй жанбактылар менен өз үй, өлөң төшөк кылып келген "тепло трассадагы" квартирин таштап, өзүнчө түтүн булатып кетти. Матиге бул жердеги коллективизм: күнүмдүк каракурсак үчүн чогулуп тыйын чыгармай, чогулуп жашамай, бирин-экин маселени чогулуп чечмей жаккан жок. Алгачкы күндөрү "кайда жашап жүрөсүң?" деген суроолорго күңк-мыңк деп оңдуу жооп бербей койгондон соң тигилердин Мати менен иши болбоду. Анын үстүнө бу кымгуут түшкөн дүйнөдө ким менен кимдин иши бар.
Тачки түртүп жүрүп бутуна туруп кеткен жандимилер тууралуу жомокту булар кардар такыр сээлдеп, үй-үйлөрүнө кайтар учурда угушчу. Жомокто так ушуларга окшогон эле бир көкжетим көп-көп акча жыйнап жүрүп университеттин юристтик дипломун, анан ага кошуп майлуу кызмат сатып алганы, шаардын четине хан сарай салдырып, бир жума бир аялы, бир жума бир аялы менен жыргап-куунап жашап жатканы жөнүндөгү таттуу баян айтылар эле.
Мати тачки түрткөндөр менен кошулуп тамак ичкенин да таштады. Койнундагы бир байлам жоолугуна оролгон сарт нанын ал күндүк оокатына жеткирип шам-шум этип алмайга жедеп көнүп алган болучу. Алгач өзөгү карарып, оозуна кара суу келип жүрүп анан көнүп кетти. Алтургай айтоголок бир нанды эки күнгө жеткире үнөмдөп жеген эрдигине тан берген кездерин айт. Суу болсо кудая шүгүр, колонкада агыл-төгүл, бөтөлкөгө каалашыңча куюп ал да иче бер. Матинин куйкасын куруштурган бир гана нерсе - токоч баасы. Жалгыз токоч үчүн беш сомун сууруп атканда колтук тушунан сом чыкпай эле жаны кошо чыгып бараткансып кетер эле. Бирди - жарым пулу корогон сайын кан өткөн ичин тазалап алыш үчүн ороктон качкан сартка окшоп алыс, алыс барып алып, желп эткен желге да көрүнбөй, каткан акчасын кайра-кайра санап чыгып эс алчу. Анын "тепло трассадагы" үйүн таштап кеткенден берки үч жылын өзү жалгыз мүрзөдө жашап келатканын жан адам билчү эмес… Ошол Мати чаламандын чак түшүндө, тачкисин түртүп келатып, жол үстүнө кулап түшүп жан берди. Эмне болуп кеткенин түшүналбай калган адамдар карбаластап, жөн эле жазып-тайып жыгылып кетти го деп, көтөрүп ала коебуз деп тургузмакчы болуп далбасташты. Анан Матинин жалаңкат көйнөгүнүн ичиндеги денесинин эбак таштай катып жок болгонун, ак жайдын чилдесине карабай эти муздай тоңуп баратканын көрүп чуу түшүп калышты.
Бул ээси жок өлүктү кызыл-жаян кылып союшту эле, ичинен ийрип алар бүдүр чыкпады. Медициналык экспертиза маркумдун үч күндөн бери наар албаганын, ашказанынан карандай суудан башка эч нерсе чыкпаганын кагазга толтуруп жатса, кийим-кечелерин аңтарып-теңтерип аткан милийсанын колуна Матинин бит баскан жыртык турсийинин ычкыр кашатынан томпойгон бир нерсе урунду. Бычак менен тигишин сөгүп жиберип карады эле, жамаачы салынып тигилген жердеги бүктөлгөн акча көзгө көрүндү. Туптуура он беш миң сом экен. Анан кадимки эле бит, эки-үч күндөн бери ээсин жоготуп, жылуу кандан ажыраганын түшүналбай башы маң бит милийсанын жеңи көздөй жөрмөлөп кирип баратты…













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!