Коомдук-саясый гезит
№14, 11.03.08-ж.






  Акүй жыттанат…

Ректорлор министрдин колуна түшсүнбү?
Буга чейин ЖОЖ ректорлорун окуу жайдын окутуучу-профессордук жамааты шайлап келген. Азыр парламентте Адахан Мадумаров менен Ибрагим Жунусов тарабынан "ректорлорду министрлик дайындаш керек" деген сунуш көтөрүлүп, "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилгени турат.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ,
Коомдук парламенттин спикери:
- Негизи, дүйнөлүк тажрыйбада ректорлорду дайындоо жолунун эки түрү бар: шайлоо жолу жана дайындоо жолу. Менимче, ректордун шайлоо жолу менен эле келгени туура го. Өз киндигин өзү кессе жоопкерчиликти да өз мойнуна алат да. Дайындоо-бул демократиялык принциптерден тайгандык.

Иса ӨМҮРКУЛОВ,
ЖК депутаты:
- Мен ректорлордун министрлик тарабынан дайындалышына каршымын. Азыр ушундай сунуш көрсөтүлүп жатат. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда "окуу жайдын жамааты шайлаш керек" деп айтылат. Ошол бойдон эле калышын колдойм.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА,
бейөкмөт уюмдар
ассоциациясынын жетекчиси:
- Мен ойлойм, жогорку окуу жайлар жумуштун жаңы агымы менен жүрүшү керек. Демократиялык принциптерди сактоону университеттен башташ керек. Университеттин өзүндө ал принциптер сакталбаса, анан студенттерге кантип демократияны окутабыз. Министрлик дайындаган ректор ага көз каранды болуп калат. Анан тууганчылык, жердешчилик, өз кишисин коймой башталат. Дүйнөдө ректорлорду жамааты шайлаган-мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз ошол нормалардан качып эски принциптерге барганыбыз туура эмес деп ойлойм.

Азиза АБДРАСУЛОВА,
укук коргоочу:
- Коллектив менен иштей турган болгондон кийин ошолор шайлаганы туура. Коллективдин ичинен чыккан соң ошол жамаатка, университетке кызмат кылат. Жогору жак дайындаган ректор жогору жакка, бийликке кызмат кылат.

Ибрагим ЖУНУСОВ,
ЖК депутаты:
- Ректор шайлоо аркылуу келген окуу жайларды көрүп жатасыңар. Ал жерде ынтымак жок, бардак. Ректор келгенден кийин "мен сени шайлагам, мага бул орунду бересиң" деп бирөөлөрү чыкса, оппозиция болуп дагы башкалары чыгат. Ректор бирөөлөргө "орун берем" деп сөз берип коюп, анысын аткара албай кыйналат. Бул жерде "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 38-беренесине өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө гана сөз болуп атат. Мурда "Ректор беш жылга шайланыш керек" деген болсо, азыр "министр ректорду беш жылга дайындайт" деп жазылсын деп жатабыз. Кээ бир ректорлордун сабатсыздыгына таң калам. Жакшы түшүнбөй туруп "Бизди жумуштан кетирет экен" деп алышыптыр. Алар мыйзам боюнча шайланган, ошол убакыты бүткөнчө иштей беришет. Качан мөөнөтү бүткөндөн кийин, министр жаңы ректорду дайындайт.

Замирбек ЭСЕНАМАНОВ,
ЖК экс-депутаты:
- Биздин мамлекет эми демократиялык жолго түшүп бараткан кезде кайра артка кайткан туура эмес. Мен комитеттин төрагасы болуп жүргөндө Кыргыз улуттук университетинде ректорду шайлоо болуп өттү, алты талапкердин ичинен бирөөсүн жамааты өзү шайлап алды. Университеттерди да минтип көз каранды кылыштын кажети жок. Ректорду коллективи эле шайласын. Азыр айыл өкмөттөр да дайындалып калбадыбы. Советтер союзунун убагындагыдай "Бүт баарын өзүм чечем" деген принципке кетип баратабыз.

Дилбар АЛИМОВА




  Ильич шамы үлбүрөйт…

Раимбек Мамыров:
"Токтогул ГЭСинде агрегаттар токтогону турат, бул деген элдин көбү светсиз калат дегенди билдирет"
Раимбек Мамыров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты. Кесиби боюнча энергетик. Кыргыз өнөржайына эмгек сиңирген ишмер. КМШ алкагында эмгек сиңирген энергетик наамына татыган адис.

-Раимбек мырза, Токтогул суу сактагычында 19 млрд. куб суу турчу экен. Быйыл суу кескин азайып, азыр 7млрд. куб гана калыптыр. Суунун кескин кыскарышы кандай кесепеттерге алып келет?
-19 млрд. деген суунун эң максимум чогулганы. 2001-2002-жылдары суу абдан көп болгондо ушундай өлчөмдө болгон. Ошол жылдары суу абдан кеңири болуп, ашып-ташып турганда Өзбекстан электр энергияңарды албайбыз деп чыккан. Сууңар ашып жатат, кааласаңар да, каалабасаңар да ачасыңар деген. Ошону менен алар сууну бекер пайдаланып алышкан да. 19 млрд. деген Токтогул ГЭСи абдан толуп турган кезин билдирет. Азыр эми 7 млрд. суу абдан эле аз. Соңку жылдары биз сууну үнөмдөп, ысырап кылбай пайдаланганда, электр энергияны байкап сатканда мындай абалга келбейт болчубуз. Өзбекстан электр энергиядан баш тартып, арга жок Казакстанга арзан сатып, ошонун эсебинен болуп калды. Анын үстүнө жылыга ТЭЦке акча топтош керек болуп, көбүрөөк электр кубатын сатыш керек болуп атты. Мына ушул кырдаалдын баары таасир этип кетти.
-Электр кубатын пайдаланууга өкмөт чектөө киргизип атканы ушуга байланыштуубу?
-Метереологдордун айтканына караганда, 2010-жылга чейин суу тартыш болот, дүйнө жүзү боюнча маловодие тенденциясы бар. Буга байланыштуу азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы - электр энергияны колдонууну кескин азайтыш керек болуп жатат. Элге айтып туруп азайткыла десек, эч ким азайтпайт. Ошондуктан март айынан баштап электр энергияны колдонууну азайтуу үчүн чара колдонуу керек болуп жатат. Бул жерде элдин алдына чыгып ачык айтуу керек. Мисалы, ошол эле Тажикстан бизге караганда электр энергияны иштеп чыгууда мүмкүнчүлүктөрү көп. Бирок, ошого карбастан быйылкы кыш аларга абдан кыйын болду. Килейген шаарлары светсиз калды. Өзбекстанда да кыйын болду, төрт сааттан гана электр энергия берип атышты. Ошолорду мисал келтирип, эл алдына чыгып туруп, бүгүнкү күндөгү Токтогул ГЭСтеги суунун көлөмүнүн азайганын айтып чыгыш керек. Таптакыр электр энергиясыз калуу коркунучу бар экенин айтып түшүндүрүш керек. Кышында электр энергиясыз олтургандан көрө, жайкысын азыраак пайдалануу оңойураак болот да. Элдер да мүмкүн үнөмдүү колдонууга үйрөнөт. Экинчиден, бул жерде өкмөт кышка чейин чараларды иштеп чыгып, ошонун ичинде үнөмдөө боюнча, ошонун ичинде акчаны чогултуу боюнча, ремонтко жана эмки кышка отун сатып ала турган акчаларды камдаш керек. Бюджеттен болобу, кредиттер болобу, жолун издеп табыш керек. Ушул деңгээл менен электр кубатын быйыл экспортко сатууга мүмкүнчүлүк болбойт. Биз өзүбүзгө кышкыга жете тургудай электр энергиясын даярдашыбыз керек. Андан сырткары, экинчи чара катары коңшу мамлекеттер менен иштөө керек. Токтогул суу сактагычынын жарыгы аларга деле тийип атпайбы?! Эки мамлекет менен келишим түзүш керек. Кааласаңар биздин шартыбыз мындай болот деп айтыш керек. Акыркы жылдары электр энергиянын экспортко болгон баалары төмөндөп кеткен. Экспортко болгон бааны жок дегенде 3 центке көтөрүү керек. 2003-жылдагы деңгээлге көтөрүш керек. Эң башкысы, эмки кышта кантип жашайбыз, ошону ойлонолу. Республикадагы чоң-чоң мекемелер кышкыга кошумча отун камдашы керек. Азыртан аракет кылбасак, эмки кыш абдан оор болот. Эмки кышта суунун көлөмү дагы 2-3 млрдга азайып кетиши ыктымал.
-Токтогул ГЭСи Кыргызстандын жарымынан көбүн электр кубаты менен камсыз кылат да, демек бул ГЭС токтоп калса, светсиз калабыз деген кеп да, туурабы?
-Кыргызстанда 14 млрд киловатт/сааттын тегерегинде электр энергиясы иштелип чыгып жаткан болсо, ошонун 85-87% гидростанцияларда чыгат. Чекесинен санасак, Атбашы ГЭСи кичинекей, андан кийин Токтогул ГЭСи, андан кийин Күрпсай ГЭСи, Ташкөмүр ГЭСи, Шамалдысай ГЭСи, Үчкоргон ГЭСи, андан башка дагы майда ГЭСтер бар. Токтогул ГЭСи жалпысынан ала турган болсок, 8-9 млрд. электрди чыгарат. Бирок, Токтогул суу сактагычында суу азайса, таптакыр отурабыз да. Башка ГЭСтер да суу барбай токтоп калышат. Токтогул ГЭСи эң башында жайгашкан.
-Токтогул суу сактагычында суу дагы 10 метрге эле төмөндөсө, анда ГЭС токтойт деп айткан экенсиз? Ошол чынбы?
- Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли 180-200 метр бийиктикте турушу керек. Орточо эсеп менен 180 метрдин тегерегинде, ошондо эң үнөмдүү режимде иштейт. Ошондо 1 килоВатт/саат электр энергияны иштеп чыгаруу үчүн бир жарым литр суу керектелет. Бүгүнкү күндө 120 метр бийиктиктеги деңгээлде суу турат. Бул учурда 1 кВТ/саатка эки-үч эсе көп суу талап кылынат. Бирок суунун бийиктиги 110 метрге түшүп, суу дагы 10 метрге азая турган болсо, ГЭСтин агрегаттары токтойт.
-110 метрге суу азайса, ГЭС таптакыр токтойбу? Демек, коркунучтуу чекке жетип калыптырбыз да. Төрт агрегаты тең иштебей калабы?
-Иштебейт. Биринчиден, басым жок болуп калат. Экинчиден, ал басымда генераторлор иштебей калат. Себеби, агрегаттар иштеген күндө да ГЭСте титирөө, вибрация башталат. Титирегенден генераторлор турган залдарга жарака кетиши мүмкүн. Кудай көрсөтпөсүн, Токтогул ГЭСин бир жаманыраак абалга алып келе турган болсок, аны оңдоого бир жылдык мамлекеттик бюджетибиз да жетпейт. Ошондуктан буга абдан аяр мамиле жасаш керек. Акыр Токтогул ГЭСи азыр абдан коркунучтуу абалда турат. Тез арада буга чара көрүлүп, эл да, мамлекет да түшүнүү менен мамиле жасабаса, Тажикстандан да жаман болобуз. Бүтүндөй шаарды кой, бүтүндөй мамлекет светсиз калуу коркунучу бар.
Маектешкен Чолпон Орозобекова












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!