Коомдук-саясый гезит
№13, 06.03.08-ж.






  Элетте эмне кеп...

Зилзаладан кийинки Кочкор жана көгөргөн макарондор
Элетте эл эмнеге пособие албайт?
Деңиз деңгээлинен 2870 метр бийиктикте турган Кочкорго кыш келгенде кар чанда жаайт. Биз барган сапарыбызда ал жерге 25 см калыңдыкта кар түшүп, малга зыян келип, отун-суудан эл кыйналып турган экен. Айылда мындан бөлөк көйгөйү деле чачтан көп. Бир кезде каржы министри болуп турган Кочкордун кулуну Акылбек Жапаров: "Нарында ар бир үйдө жок эле дегенде 100дөн кой, 10дон ую бар, бай турушат, балдардын пособиесин 80 сотыхтан ашык жери барларга бербеш керек" деген токтомун өкмөткө токуп берип, ал акчадан да куру жалак калтырган тура. Айылдарда ар бир түтүндүн 1,5 гектардан жери бар. Демек, айылда эч ким пособие албайт дегендик. Быйылкы болгон кыштын суугу элдин чучугуна эле жетиптир. Отун алгыдай токойлору деле жок. Көмүрдүн баасы асман чапчып, 2,5 миң сомдон түшпөй, жылуулукка электрди гана пайдаланышат. Таңда туруп айылга көз чаптырсам, ошончо түтүндөн бир гана үйдүн морунан түтүн бурулдайт. Калганы жымжырт. Кечкурун үйдөгү светтин жарыгы чырактын жарыгындай да эмес. Эптеп телевизор көрүшөт. Анысы аз келгенсип бат-бат өчүп жан кашайтат.

Жети айлык наристе эмнеден көз жумду?
Өткөн жылдын 26-декабрында Кочкор өрөөнүндө 7-8 баллга жеткен жердин силкинүүсү болгон.
Жер титирөөдөн жапа чеккен элге өкмөттөн келген жардамдарды айыл өкмөтү атайын комиссия түзүп тараткан экен. Бирок, элдин айтымында, калыс таратылбай оозу-мурдун майлагандарга, жең ичинен соодалашкандарга берилип, 600 кой айдаган байлар алып, алты кесим нанга жетпей олтургандарга жардамдын жакшысы артпай калган. Айылда мындай күйүттөн күйө жаздап кеткен адамдар көп. Башыңды кайсы үйгө салба, тамы бурч-бурчунан жарылып, тамчыдан аккан кара ылай жеринен тарта төрүнө чыгып кетиптир. Мындай жерде быйылкы кыштын суугунда кыш кыроосун узатып, жазды жакалап калгандарына таң калдым. Үй жайынан таптаза кол жуугандар эптеп үстүн жаап, калканыч үй кылгандары көп. Кыш чилдесинде кыйынчылык көрүп, үч баласы менен чоң тамы урап жашаганга болбой турган урук-туугандары салып берген кичинекей кепеге көчкөн Дөңалыш айылынын тургуну Чокоев Кармышактын сууктан келинчеги Байсариева Гүлзаттын муздак тамда бутуна сыз өтүп, жети айлык баласы боюнан түшүп, боор эт баласынан айрылган жаш келиндин төшөктөн баш көтөрө албай боздоп жатканын көрүп, сай-сөөгүбүз сыздады.

Бүргө баскан өзбек чапандарды таратышты
Күйүтүнөн Кармышак Чокоев буларды айтты:
-Атамдын сөөгүн ушул үйдөн чыгарып көмдүм. Жер титирөөдө үйүбүз жарылып, үйгө такыр баш калкалоого болбой калгандан кийин, туугандар жардам кылып, кышта өлүп калбайлы деп эптеп бул времянканы салып кирип кеттик. Кышта суук болуп, үй жылыбай, (жашып) келинчегимдин боюнан түшүп калды. Ошонун айынан төшөктөн туралбай жатат. Жылуулукка свет эле колдонобуз да. Үйдү жыргатып деле жылытпайт. Кээде көк муштум болуп тоңгон үч жаштагы кызымды кучактап жатып жылытып уктатчумун. Жок дегенде светтен жеңилдик кылып коюшкан жок.
-Канча балаңыз бар?
-Үч балам бар. Улуу кызым 6-класс, калганы али окуй элек, бирөө 4тө, бирөө 3тө. Жаз келип калды, баары кымбат. Өзүм экинчи группадагы майыпмын. Эмне кылып кыздарымды багам, башым катып калды.
-Өкмөттөн, айыл өкмөтүңөрдөн жардам болгон жокпу?
-Болуп атты. Бир каптан ун берген, ал эмне болот. Кийим-кечек, макарон келип жатты, ошону деле айыл өкмөтүнүн оозун майлагандарга ашыгы менен бөлүп берип, бизге окшогон кембагалдарга арткан-куртканын берип коюшту. Кийим деп эле кири беш эли, бүргө баскан өзбек чапандарды таратышты. Цемент келди эле, аны деле жең ичинен жарымын жымырып тынышты. Буудай гана калыс таратылды, ар бир үйгө 200 кг берилди. Айыл өкмөтүнө 4% менен кредит келген, аны жалаң айыл өкмөт апараттары алып, анан элге 7% менен беришти. МЧСтен кишилер келип 4-даражадагы оор абалдагы үйлөргө 50 миң сомдон акча бөлүп беребиз деген, аны деле байлар өлгөн атасын каттатып, өзүн каттатып, 100 миң сомдон алышкандар болду. Өңү-башын деги бир көрбөгөн райондун МЧС башчысы Бейшенкулов Асанбекти кыйратып койгонсуп төш белги берип сыйлашты. Камчыбек Ташиев "Кочкордо 200 түтүнгө чоң жардам керек, башка иштер үчүн 800 млн сом которуш керек" деп Жапаровго каржы министри кезинде айтканын теледен көрүп укканбыз. Анын деле дайыны жок. Жапаровдон биз жакшылык деле күтпөйбүз. "Нарында жашоо май-көл болуп атат, балдардын пособиесин 80 сотыктан өйдө жери барларга берилбесин" деп андан кур-жалак калтырган Акылбек болду.

Күйүттүү күл турмуш
Алыстан келгенибизди угуп Жалпатеков Абдразак атындагы көчөнүн 20-30дай адамдары чогула калып, арыз-муңун айтып киришти. Айтып олтурса, жер силкинүүдө айылда соо там калган эмес экен. Анын күйүтү, азабы, жакырлыктын машакаты айрым адамдарды жар бооруна такап жатыптыр.
Айылдык кеңештин депутаты Кубанычбек Мурзаев аксакал чогулган элдин атынан сүйлөп, бир топ айыл турмушунун кыйынчылыгын айтып, бул арманыбызды тээ өкмөткө жеткирип койгулачы деп өтүндү.
-Айылда соо калган үй жок, баары кулап, эптеп тиреп же кепе сала коюп кирип кетишти. Ушул күйүттөн эле элдин баары кырылып калмай болду. Ушул көчөнүн башында Сагын деген бала бар эле, ал дагы өксүктөн өтүп кетти. Балдары чиедей байкуштар атасы жок жетимсиреп олтурушат. Анын жанында Тукун деген бар эле, а да өлүп калды, азыр тамы кулайын деп араң турат. Байкуш жанагы келинчеги балдары менен кайда барат, билбейм. Айылда 80% эл жакыр жашайт. Айыл өкмөт эл сонун жашап жатат деп отчет бере берет экен. Элди аралап көрбөсө ошентет да. Мындай көйгөй биздин эле айылда эмес, коңшу айылдардын баарында бар. Мына, бул үйдө дагы Кеңеш деген карыя үйү жок калганынан эптеп туугандар бул кепени тургузуп бердик. Абышка өзү ушулардын баарын ойлонуп ооруп жүрсө, уулунун да көзү өтүп кетип, эми ордунан тура албай азыр үйдө жатат, - деди Кубанычбек Мурзаев.
Үйгө кирсек, Өмүрбеков Кеңеш аксакал эс-учун билбей жатыптыр. Арыктыгынан эки жаагы бет сөөгүнө чапталып калган. Кере дем алып чоң үшкүрүк тартат. Жанында кемпири Саткын апа менен кичүү кызы көз жашын көлдөтүп отурушат. Мына, бул төмөндөгү сөздөрдү сүйлөшүп, ал-абалын сурап чыккандан кийин айыл өкмөткө баргам. Менин кеткенимден жарым саат өтпөй Кеңеш аксакал үзүлүп кетиптир. Айыл өкмөткө ошондой суук кабар барды. Дендароо болуп эле отуруп калдым. Жаткан жери жайлуу болсун. Кемпири Саткын Ниязалиева "үйдө үрүп чыгар итибиз жок" деп кайгырган эле. "Бир уулум жакында эле кайтыш болуп кетти. 14-февралда 40 күндүгүн бердик. Жер титирөөдө үйүбүздүн жарымы кулап калган. Эл-журт бар экен, жардам кылышып, минтип бул кепени салып кирип кеттик. Чалым "үйүбүз минтип жатса, балдар колдоюп чоңоюп турса, колубузда же малыбыз болбосо" деп кейип жүрдү. Анысы аз келгенсип уулум Жолдошбек ортодо өтүп кетип, минтип ойлонуп таза тура албай калды" деп кейиген болчу.

Айыл өкмөткө бир ботинке, эки пальто келген
Айыл өкмөтүнүн бир кызматкеринен "айыл башы өзүндө бекен" деп сураганымда, коңшу айылдарды кыдырып кетти деген. Болбой, бир баш багып көрөйүн деп кирсем, өз ордунда эле болуп чыкты. Жанында ошол айыл өкмөтүндө иштеген адистердин жетөөсү отурат. Кези келгенде тиешелүү адис башчысына суроо узатсам, суроолорго өңдү көрсө жүз тайып, ооздорун сүткө күйгүзүп, жебеген жер астында эмеспи дегендей түр көрсөтүштү. Ар кимиси ар кандай ой айтат. Акыркы чындыкты Талаабулак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбек Жолдошбековдун өз оозунан угайын деп, ага да бир нече суроо узаттым.
-Аскарбек мырза, айыл тургундарынын арыз-муңдары көп экен. Деги айыл өкмөтү элге эмне иш жасап жатат?
-Мен ушул айыл өкмөтүнө келгени эл үчүн 23 млн 606 миң сомдук иштер бүткөрүлүп жатат. Мектептин үстүн жаап, ичиндеги каалгаларды оңдоого жардам кылдык.
-Кечиресиз, ал иштерди мектеп директору өзүм ARIS долбоорун утуп алып жасадык деди?
- ARISке ал акчалардын жарымы элден болуш керек. Ошолорду биз көтөрдүк да. Эл таза суу ичсин үчүн 11 млн акча сарптадык.
-Эмне үчүн оор акыбалдагы үйлөргө көрсөтүлгөн 50 миң сом жардам баарына бирдей берилген эмес?
-Жер титирөө кышында болду. МЧСтен келген комиссия ошол учурда жарылган үйлөрдү текшерип тизмелеп кеткен. Анан жаз келгенде фундаменттери эптеп таш менен тургузулган үйлөрдөн кеткен жаракалары ачылып кетип, он чакты үй тизмеге кирбей калган болуш керек.
-Ал эми келген тамак-аш, кийим-кечекти айыл өкмөттө иштеген, ошолордун оозун майлагандар эле көбүн бөлүп алды дегенге эмне дейт элеңиз?
-Андай болгон жок. Ал ушакчы катындардын айтканы. Баарына эле бирдей таратып бергенбиз. Биз деле өйдө жакка отчет беребиз да. Мына бул жерде баарынын колу коюлуп турбайбы, алдык деген.
-Ушунча жүз кишиден алты эле кишинин колу турат го, калганы алган жокпу?
-Калганы кийинки келген жардамдарда алышты да. Баарына жетпейт.
-Кечиресиз, бул жерде Ниязалиева Саткын эненин бир жердеги колу менен бир жери окшошпойт экен да?
-Кайсы, тиги Кеңеш аксакалдын кемпирининби? Ал киши карып калган, колун ар кандай кылып кое берет экен.
-Таратылган кесмелер көгөрүп кетип кайра беришкени чынбы?
-Чын. Алты кап кесменин түбү чирип, катып кеткен экен. Кайра чогултуп МЧСке алып барып бердик. Бизге мындайлар көп түштү. Ушунча чоң айыл өкмөткө болгону бир ботинка, эки пальто келди. Аны кимисине берип талаштырасың.
Күнболот Момоконов
Кочкор-Бишкек.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!