Коомдук-саясый гезит
№13, 06.03.08-ж.






  Сууңду бекер ичейин…

Өзбек тууган газын, казак тууган нанын кымбаттатты
Казакстанда экономикалык саясат кескин бурулуп, президент Н.Назарбаев өткөн айдагы элине , өкмөтүнө кайрылуусунда "Казакстанды кризис каптап кетүү коркунучу турат, 2030-жылга чейинки экономикалык программабызга өзгөртүү киргизүүгө аргасызбыз, 2008-жылы инвестиция жумшоону кескин кыскартып, социалдык тармактан башка чыгымдарды үчтөн экиге кыскартуубуз керек" деген соң, кыргыз өкмөтү дароо азык-түлүк коопсуздугу маселесин Коопсуздук кеңеш жыйынында карады.
Ички акыбалыбызды дурус деп айта албайбыз. Казакстан Шымкенттен берки созулган газ түтүгүн бизге тиешелүү линиясынан бөлөк, Алматыга карай жаңы газ трубасын куруп, күндөп-түндөп куруп жатышат. "Кыргыз-казак бир тууган" деген заман артта калды, геостратегиялык кызыкчылык үстөмдүк кыла баштады. Өзбекстан буга чейин жылына 3 млрд. куб Бухара-Ташкен-Бишкек-Алматы газ түтүгүнөн газ алып, ошол линиядан Кыргызстандын түндүгү, Чүй өрөөнү камсыз боло келген.
Азыр Казакстан жаңы саясат баштады да, Борбордук Азиядагы лидерликти талашкан казак-өзбек "кармашы" бизге таасирин тийгизбей койбойт. Казакстан азыр Өзбекстандан табыгый газдан көз каранды болбош үчүн Казакстандын батыш ыптасындагы Теңгиз, Качаган газ кендеринен Шымкентке чейин түз Бозой-Семеновка маршруту боюнча 1,5 миң чакырым газ түтүгүн куруп башташты. Казак өкмөтү бул курулушка триллион теңге бөлдү.
Эгер бул провод курулуп бүтсө, биз анда Өзбекстандын газын пайдаланабыз, ал эми казактар бизди кошпой Алматы, Талдыкурган, Жамбыл, Шымкентти өз газы менен камсыздайт. Ошондуктан кыргыз бийлиги коңшулар менен тикелей сүйлөшүүгө убакыт жетти. Биздин президент өзбек, казак президенттерин улуу катары "он-он эки жыл улуу кишилер эмеспи" дегени менен, алар улуулук, туугандык кылбай өткөн саммитте "сууңарды бекер бергиле", "Ысыккөлдөгү пансионаттарды бергиле, жолго жол ачкыла" ж.б. талаптарды Акүйдө тике талап кылышты. Биз да кары мытайым эл экенибизди түшүнүшпөйбү?
"Нефтетрайдерлер" ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун оюу бул:
"Абалыбызды жеңилдетиш үчүн биз Чүйдөгү газ тармактарын казак өнөктөр менен бирге түзгөн мекемелерге өткөрүп берип, ошол труба аркылуу эки жылдан соң келе турган арзан газга бизди да кошкула деген сунуш кылышыбыз керек". Биз азыр эле "Казтрансгазга" 18 млн. доллар карызбыз. Бул чоң акча. Бул карыздан кутулуш үчүн чоң түйшүк керек. "Кыргызгаз" ансыз да Улуттук банкка, финансы министрликке, өзбектерге карызы жетиштүү. Кыргыздар болсо газды уурдап жакканды, анын акчасын убагында төлөбөгөндү он жылдап өнөр тутуп алышты. Жакында ЖК бул маселени мыйзам деңгээлине алып чыгып, отун-суу уурдагандарга Кылмыш кодексине атайын статья кирет.
Азыр Качаган газ кенинен Түштүк Казакстанды толук жабдый турган газ түтүгү 2 жылдын аралыгында салынат да, бул чөлкөм 7 млрд. куб газ менен камсыз болот. Бизге 1 млрд. куб газ беришсе, "сиздин кийгениңиз да аккалпак, менин кийгеним да аккалпак, экөөбүздүн тең бетибиз жапжалпак" деп боордош-тилдеш улут катары рынок заманынын көп жылдарында казак боордоштор менен чогуу болобуз го... Эгер труба салынып бүтсө Казакстан өзбек газына көзкаранды болбойт, өз саясатын жүргүзөт. Биздин чиновниктер суу саясатын эл аралык Конвенцияга алып чыкпаса, коңшулардын короңдогону тыйылбайт.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ




  Оппа, оппозиция

Элдик курултай борбордук аянтта өтүшү ыктымал
Кечээ "Акыйкаттык үчүн" кыймылынын координациялык кеңешинин жыйынында оппозициянын башкы лидерлери чогулду. Жабык эшик артында бир топ маселелр талкууланды. Оппозициянын көзүрлөрү бат-бат чогулуп көпкө сүйлөшүп атышканына караганда, жазгы чоң окуялар күтүлүп атат окшойт. Биз алган маалыматтарга караганда, кечээги чогулушунда оппозиция 19-марттагы коомдук парламенттин сессиясын талкуулашты. Азыр Коомдук парламенттин мүчөлөрүнүн тизмеси түзүлүп аткан кез. Коомдук парламенттин эми 75 мүчөсү болмокчу. 19-марттагы сессия "24-марттан кийин үч жыл: жыйынтыктар жана перспективасы" деген аталышта өтөт. Андан кийин оппозициянын чоң максаттарынын бири 29-марттагы элдик курултайды өткөрүү. Ага жер-жерлерден келген 2000 делегат катышмакчы. Аликбек Жекшенкулов билдиргенге караганда, курултайды өткөргөнгө филармония менен спорт сарайды сурашты. Бирок бийлик ага уруксат берери күмөн. Эгер уруксат берилбесе, анда оппозиция 2000 кишини борбордук аянтка тизип, ошол жерде деле курултай өткөрө беришет.Баса, координациялык кеңештин кечээги жыйынында биздин гезиттин тагдырына да тынчсыздануу айтылыптыр. Анда гезитти коргоо, Жаныш Бакиевдин баласы менен болгон сот учурунда моралдык колдоо көрсөтүү сунушун баары колдоп чыгышкан. Ошондой эле "Акыйкат үчүн" кыймылы аксылыктарга колдоо көрсөтүшүүдө. Ушул кезде Аксыдагы кан төгүүнү карай турган Элдик соттун курамы такталууда. Аксылыктар элдик соттун курамын түзүп берүү вазипасын оппозициячыл күчтөргө тапшырган. Элдик сот болжол менен 21 кишиден турмакчы. Алардын тизмеси жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Бегимай Бакашева




  Экстер эркин учушат

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ, экс-губернатор:
"Мурдагы парламент азыркыдан төөлүк өйдө болчу"
-Жантөрө Жолдошович, дайныңыз чыкпайт, кайдасыз, эмне иш кылып жатасыз?
- Биринчиден, үйдө жатсам да эстеп маекке чакырып койгонуңарга рахмат. Өз эли жеринин мекенчил жараны катары мен үйдө болсом да, өткөн күндөргө кылчайып, оң тетирисин анализдеп, калчап отурам. 25 жыл жалаң биринчи жана жооптуу кызматтарда жүрүпмүн. Ошол мезгилимди мен 5этапка бөлүп карайм. 1983-91 жылга чейинки мезгил бул коммунисттик доордун учуру. 1991-97 - жылдар эгемендүүлүктүн демократиялык жолдогу жаш наристедей кыялданган кези. 1998-2001-жылдар ошол демократияга доо кетип, анын бузулуп баратышы, 2001-2005-жылдар өлкөдө авторитардык режимдин элементтеринин көбөйүшү, ал эми 2005-жылкы 24-марттан берки окуялар бул жалаң революциялык ыргактан баш көтөрө албай келаткан мезгил. Мына ушул жылдардын ар биринде мен коомдун алдыңкы сабында жүрдүм жана ошолорду кайрадан көз алдыман өткөрүүгө туура келип жатат. Анан 2-3 эл аралык уюмдардан сунуштар түшкөн. Талдап көрүп, айрымдары менен иштешүүгө макулдук бергем. Жакын арада жумушка да чыгып калам.
-Айтсаңыз, өзүңүз шайланып келген Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышын Акаевдин парламенти деп анын легитимдүүлүгүн сындап келишти. А чынында кандай болду?
-24-марттан кийинки бирден-бир легитимдүү орган бул ошол кезде шайланып келген Жогорку Кеңеш болчу. Аны андан кийинки тарых да тастыктады. Мен ошол чакырылыштын депутаты болгонума эч өкүнбөйм. Чоң бир фракциянын жетекчиси болдум. Ооба, ошол кезде "Акаевдин парламенти кетсин" деп Жогорку Кеңешти тегеректешип, мурдагы эл өкүлдөрү менен мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өздөрүнчө жыйын өткөрүшкөн. Анын баары мыйзамсыз болгон. Анткени ошол кездеги, азыркы Конституцияда да жаңы шайланып келген парламент биринчи жыйынын өткөргөн күндөн баштап, ага чейинкиси конституциялык күчүн жоготот деп турат. Ооба, парламенттин шайланып келишинде көп кемчиликтер бар болчу. Биз ошондо чыр менен өтүп калган 18-20 округда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрөлү деген сунуш айтканбыз. Бирок, тилекке каршы, ал сунуш өтпөй калган. Мен ойлойм, ошол сунуш өтүп кеткенде буга чейинки парламент бүгүнкү күнгө чейин иштей бере алат эле деп. Анын үстүнө парламентке келген мурунку режимдин камчысын чаап жүргөн жигиттер кийин дагы өздөрүнүн туруктуу позицияларын айта алышпай кайра эле көз каранды болуп, эт менен челдин ортосунда калышып, элге, мамлекетке да таза иштебей кандайдыр бир деңгээлде үчүнчү чакырылышты дискредитациялоого жардам беришти. Болбосо өзүнүн курамы, интеллектуалдык потенциалы жагынан биздин парламент ага чейинки чакырылыштагылардан ашса ашып кем калчу эмес. Ал эми азыркы парламенттен кайсы жагынан болбосун төөлүк өйдө болчу.
-Сиз өткөн парламенттин таратылып кетишине канчалык ынанчу элеңиз?
- Мен өзүм депутат болуп жүргөн кезимде парламент таратылып кетет дегенге ишенчү эмесмин. Бирок ноябрь-декабрь Конституцияларын катар кабыл алып жибергенде, апрель митингин өткөрүүгө көпчүлүк депутаттар катышкандан кийин мен ойлоно баштадым. Кыргызстандын өйдөлөөсүнө бул парламент чындап эле тоскоол болуп, өз ордун таппай жатат го дегендей.
-Сиздин губернаторлуктан кеткендигиңиздин техникалык себептерин ММКлар жетиштүү эле айтышты окшойт, ошентсе да губернатордук ишиңиз жана отставкаңыздын саясий жактарына эмнелерди кошумчалар элеңиз?
- Мен өзүңөр билгендей эки жолу облуска губернатор болдум. Эгер биринчи жолкуда өз командамды түзүп, саясий да, чарбалык да маселелерди телегейин тегиз кылып жүргүзө алган болсом, бул жолкуда өз командамды түзө алган жокмун. Өз командамды түзгөнгө жетишкенимде, балким, башкача болмок. Себеби, революциядан кийинки кырдаал жана Бишкекте эле эмес, Ош шаарында өтүп аткан тынымсыз митингдерден улам мен өзүмдүн кадр саясатымды жүргүзө алган жокмун. Анткени, эң биринчи кезекте облустун саясий стабилдүүлүгү турган. Мен да ошону көздөгөм. Эки жылга жакын иштеп, ошол саясий стабилдүүлүктү бир нукка сала алдым деп эсептейм. Көп журналисттер, "сиз губернаторлукка баруу менен бийликке алданып калган жоксузбу?" деп сурап жүрүшөт. Мен алданган жокмун. Президент биринчи жолу ал кызматты сунуштаганда эле мен мандатымды таштап жөнөбөдүм. Парламентте менин аз эмес ордум бар эле. Анын үстүнө мен "Реформа үчүн" кыймылынын мүчөсү дагы элем. Мен эмне үчүн эч бир партияга мүчө болбосом да ошол кыймылга киргем? Анткенимдин себеби, ал кыймылдын талаптары күнү бүгүн да актуалдуу. Ошол талаптарды мен азыр да бийликке карай коет элем. Ал эми туулган жердин топурагы алтын дейт, мен өзүм өсүп чоңойгон Өзгөндө , Ошто кырдаал начар болуп тарганда ал жакка барып иштөөдөн баш тартканым мага туура эмес болуп, качкандык болуп калмак. Мен ошентип "Реформа үчүн" кыймылынын мүчөлөрү менен үйбүлөм аксакалдар менен кеңешип, анан өз акыл-эсим менен макул болгом. Ал эми менин губернаторлуктан кетишим боюнча айтсам, баягы шайлоонун шайтан оюндары дечү эмес беле, ошонун желаргысы, кесепети түрткү болду. Эми бир кезде баарын тарых, убакыт ордуна коет. Бул маселеге да кези келгенде дагы кайрылабыз.
- Жантөрө Жолдошович, бүгүнкү күндө президент менен мамилеңиз кандай?
-Кадыресе. Мен башынан эле президент өзү шайланган Конституциялык мөөнөтүн аягына чейин чыгарсын дегендерденмин. Анткени, 5 жылдан кийин гана ага толук саясий баа бере алабыз.
- Менин сураганым президент сизге эми деле башка бир кызмат бербейт беле дегеним?
-Жок… Дегеле жаңы реформа жасоодо сөзсүз жаңы кадрлар да келип турушу керек. Кызматтан кеткенден кийин "Менин баланча жылдык эмгегимди баалабай койду, башка кызмат бериш керек эле" деген ал болгону кыргыздардын оорусу. Анын үстүнө ар бир учурдун, кайсы бир чоң посттордун да өздөрүнө тийиштүү вазипалары болот. Айталы Феликс Куловдун өкмөтү 2005-жылы саясий стабилдүүлүктү алып келиш керек эле. Эң негизги вазипасы ошол болчу. Тилекке каршы, Кулов аны жасай алган жок. Атамбаевдин өкмөтү да дал эле ошол функция үчүн келген. Алардын экономикалык өсүш жасадык дегени ал табигый боло турган өсүш болчу. Атамбаев кайсы бир деңгээлде өз вазипасын аткарып бүтөөрү менен эле президент экөө сылык коштошуп тынышты. Азыркы өкмөт башчы Чудинов өзү айтып жатат: "Мен өлкөдө менчиктештирүүнү аягына чыгаруу үчүн келдим" деп. Эми көрөбүз реформанын талабындай, мыйзамдуу, элдин кызыкчылыгын аттабай менчиктештирүү жасаса тарыхта калат. Болбосо аз өтпөй алар да ордун шүк бошотуп беришет.
- Энергосекторду менчиктештирүү боюнча оюңуз?
- Энергосекторго сөзсүз реформа керек. Менчиктештирүү бул дагы реформа жасоонун бир жолу. Бирок аны менен эле баардык маселе чечилбейт. Ал боюнча эл аралык эле эмес, өзүбүздүн эксперттердин оюн дагы сөзсүз угушубуз керек. Ички эксперттердин ою негизги орунда болуусу зарыл. Менчикке берүүнүн кесепети кыргызга аябай тийип калышы мүмкүн. Анткени айыл чарбада шашып реформа жасадык эле, мына бүгүн ал тармакта жылаңач отуруп калдык. Ал учурунда бүгүнкүчүлөп шашып жакшы ойлонулбагандыктан чыккан. Ал эми энергетикадан ката кетирип ала турган болсок, Кыргызстан итке минип калат. Ал жаңылыштык кечиримсиз болот. Менчикке алган адам сөзсүз бааны көтөрөт. Ал менчикке пайда көрөйүн деп гана алат да. Ошондуктан Кыргызстандагы саясий кырдаалды курчутуп жиберчү бирден-бир тармак ушул энергосектор.
-Кыргыздардын Акүйү баш болуп ичкилик, оң, солго бөлүнүп атканыбыздан кеп салсак?
-Кыргыздарда саясий идеология жок болуп ошол жагынан вакуум болгон үчүн уруулашмай булт этип биринчи орунга чыга калып жатат.
Ооба, кыргыз "жети атаңды бил" деген философия менен жашап сакталып келген. Бирок ошондой уруучулук менен Кыргызстанды оңдойбуз десек анда биз кайра артка кеткен болобуз. Мамлекетти көпчүлүк бир уруулар болуп башкарабыз дегендин өзү да такыр туура эмес. Бүгүн Кыргызстанда мындай көрүнүш жок эмес. Болбосо бекер жерден андай сөз чыкпайт эле.
-Өткөндө Дастан Сарыгулов "ичкилик уруусу бул түбү келип кыргыз эместер" деди. Бул өтө опурталдуу сөз эмеспи, туурабы?
- Өтө опурталдуу. Мен санжыраны жакшы билбейм. Бирок атам тарыхчы болуп, бул жагын абдан кыйын айтаар эле. Балким анын айтканы да туура эместир. Ал мындайча айтылат: Кыргыз кыргыз болгону, кыргыз ата үч перзенттүү болот экен. Кыргыз илгертен согушчан эл болгон дагы бир уулун оң канатына, экинчисин сол канатына коюп, ал эми үчүнчүсү Наалы деген кызын ичке, ортого койгон. Эжебизди сактайлы деген таризде. Наалы эжебиз абдан күчтүү аял болгон экен дагы күйөөсү кайсы элден экенин ким билсин, эжебиз күчтүүлүгүнөн ошол күйөөсүн кыргызга күч күйөө кылып тартып жашап кеткен имиш. Ошол Наалы эжеден тарагандар ичкилик болуп калган экен. Болгону эле ушул. Бирок дагы айтам, кыргызды уруулашуу сактап келген болсо, эми цивилизациялуу турмушта дагы эле андан чыга албасак кайра ошол уруулашуу кыргызды жок кылат.
-Коомдук парламент боюнча эки ооз пикириңиз?
- Мен ага катышкан жокмун, мүчө да эмесмин. Бирок аны колдогондордун катарындамын. Бийлик анын түзүлгөнүнө терикпеш үчүн сөзсүз эле аны коомдук парламент дебей, коомдук уюм же дагы башка деп атап койгондо кандай болмок деп коем. Өз оюн айтууга ар бир кыргызстандык акылуу. Митингдерде кыйкырышкыча ошондой залдарда отуруп акылдашканы оң да.
-Сизди мүчөлүккө чакырышкандыр?
- Ооба, сунуштар болду. Бирок мен саясаттан кичине дем алайын деп атам. 25 жыл саясатта тынбай жүрүпмүн. Спортчулар сыяктуу эле мен да кичине тыным алып, эс алып алгандан кийин анан учуру келсе кийинки белестерге жолго чыгарбыз.

Аңгеме курган Жеңишбек ЭДИГЕЕВ












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!