Коомдук-саясый гезит
№12, 04.03.08-ж.






  Сандан-санга: Бырс этмелер

Белгилүү инсандардын азилдери
Ашыке тозокко көнгөн
Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев бир-бирине анекдот айтышмай болот. Улуусу эмеспи, кепти Ашыке баштайт:
- Биз тиги дүйнөгө барганда, "Аялың ким эле?" деген сурак болот экен. Эгер, "аялым татар болчу" десең, "аап, байкушум, сен демек, тигил дүйнөдөн эле тозокту көрүп келипсиң" деп, дароо бейишке чыгарат экен" деп, Ашыке мактанат. (Жеңебиз татар эмеспи) Анда Туке:
- Анекдотуң жакшы экен. Бирок мындан башкачасын уккуң келеби? - дейт.
- Ал кандай экен?
- Сенин аялың, бир эмес, канчасы болуп кетти. (Аркимдин айтуусуна караганда, Ашыке ондон ашык аял алыптыр. О.Ш) Ошондуктан сенин күнөөң көп. Сени тозоктон да ары кубалайт.
- Эмнеге антет экен?! - деп, Ашыке чочуйт. Анда Туке:
- Сен бу дүйнөдөн эле тозоктун баарын көрбөдүңбү. Биз көрчү тозок, сага бейиш болушу мүмкүн. Анүчүн сага тозоктун тозогун көргөзөт, - деген экен Тууганбай.

Болот Шерниязовдун колуна кишен салынмак…
Болот Шерниязов ЖКда депутат болуп турганда Ашхабадга барып калат. Түркмөнстандын кай жагына барбасын, кай жагын карабасын - Түркмөнбашынын портрети. Жадагалса, мейманканадагы телевизорду сайса деле экрандын бурчунда - Түркмөнбашы. Жаны жай албаганынан, жатайын деп жаздыкка кыйшайса да баш жагында портрети илинген. Бир убакта кыжыры ушунчалык кайнаган экен, туруп Түркмөнбашынын портретин дубалга каратып салары менен каалганын коңгуроосу шыңгырайт. Эшикти ачса, полицей кызматчысы турат:
- Сиз эмне биздин улуу урматтуу падышанын сүрөтүн дубалды каратып койдуңуз? -дейт. Мындай жарга такаган суроого эмне деш керек? Шерниязов бир аз калтаарый түшөт. "Кыжырыма тийди десем, колума кишен салат. Эмне десем?" Кудай сактап, оозуна мамындай жооп келе калыптыр:
- Өзүңүз билесиз, чыгыш элдери падышанын алдында башийебиз. А мен падышаны сыйлаган киши катары ушуну кылдым.
- Сизди түшүнбөй калдым?
- Өлкөңөр ушунчалык ысык эмеспи, туурабы?
- Туура.
- А мен сиздердин ысыкка көналбай, чечинип жаткым келди. Бирок сиздердин падышаны сыйлагандыктан, менин чечинип атканымды көрбөсүн деп, тескери каратып койдум - деген жообунан кийин полицей кызматчысы кайра өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, Шерниязовдун колуна кишен салынбай калыптыр.

Калпактын алдындагы допу
К.Маликов бир күнү С.Жигитовго айтат дейт:
- Салижан, сен абыдан кыйын жигитсиң. Өзүң акынсың, билимдүүсүң. Анан ботом, алдагы кепкадан көрө кыргыздын жакшынакай калпагын кийип жүрбөйсүңбү. Кепка сага жарашпайт экен - дегенинен, Сакебиз атайы бир күнү калпак тиктириптир. Бирок анысы чоңураак келип калгандыктан, базардан чаар допу сатып алат. Аны калпактын алдынан кийип алса, койкоюп жарашып калыптыр. Бирок Сакебиз калпак кийип келген күнү К.Маликов жок. А кепка кийген күнү дайыма карпа-күрп кезигишчү экен. Бир күнү К.Маликов ордунда отурганын көрүп, үйүнө чаап барат да, кепкасын ыргытып, калпагын кийип, кайра тезинен келет. Анан койкоңдогон Саке калпагын түзөнүп атканын көргөн Маликов:
- Во-оо… калпак сага койкоюп калат турбайбы - десе, Сакебиз калпагын шарт чечип, анын алдындагы допуну көрсөткөн экен:
- Мына, Куке, жарымым - кыргыз, жарымым - сарт болгон үчүн жарашып жүрбөйбү - дептир.

Жыйнап жүргөн Олжобай ШАКИР




  Китептен үзүндү

Азимбек Бекназаров
"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
Урматтуу окурмандар, март ыңкылабынын башында туруп, керек болсо анын башкы схемасын түзгөн, президент Бакиевди бийликке алып келген Азимбек Бекназаров "Аксы окуясы менен 24-март: документтерде жана фактыларда" деген китеп жазып атат. Андан элге айтыла элек бир топ көшөгө артындагы окуяларды окуса болот. Биз гезиттин өткөн санынан баштап, ошол китептен үзүндүлөрдү берип баштадык. Болгондо да ар бир күнү, ар бир саатта ким эмне кылганын, ар бир саясатчынын кылык- жоругун Азимбек Бекназаров төкпөй-чачпай айтып берүүдө. 2005-жылы февралдагы парламенттик шайлоо, ошол күндөрүндөгү окуяларды айтып отуруп, Акаевдин бийлиги кулаган мүнөттөрдү сүрөттөп туруп, 2007-жылкы 25-мартта эмнелер болгону менен токтотобуз.

(Уландысы. Башталышы өткөн санда)
Курманбек Салиевич болсо: Тогузтородон кечинде келгенин, бийлик аны эл менен жолуктурбоого аракет кылышканын, Кочкордо А. Жапаровду колдогон шайлоочулар жолго боз үйлөрдү тигишип тосуп салышканын, аларды айланып өтүп жолго чыга берээрде машинасы тыгылып, эл аны таанып калып боз үйдүн жанына алып келишип, сүйлөп бер дешкенин, элге кошулуп биринчи жолу "Акаев кетсин" деп, кыйкырганын айтып берди.
Бул жолугушууда Ү. Сыдыков, К. С. Бакиев, Бакиев Кыргызбай аке, Жусуп Бакиев жана мен бешөөбүз өзүнчө бөлмөдө отуруп сүйлөштүк.
Мен аларга Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй саясый кризиске келип такалганына, биз ар кимибиз өз кызыкчылыгыбызды, шайлоодо жеңип чыгуубузду эле ойлобой, элдин, жалпы Кыргызстандын келечегин ойлоп, шайлоонун жыйынтыгынан да маанилүү маселе бышып жетилип, ал "үй-бүлөлүк" башкарууну сындырууга толук мүмкүнчүлүк бере турган жагдай пайда болуп калганына токтолдум. Тезинен Таластагы, Кочкордогу, Тоңдогу жана башка жерлерде болуп жаткан, шайлоо өткөн күндүн эртеси дагы нааразы боло турган шайлоочуларды, шайлоодо жеңилген талапкерлердин башын бириктирип, координациялоо маанилүү экенин, Акаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө, же жок дегенде кайрадан акыйкат шайлоо өткөрүүгө, 2010-жылга чейин президенттик ыйгарым укугун узартып албоого же президенттик шайлоого барбоо жөнүндө убадасын алууга мажбурлоого ыңгайлуу жагдай түзүлгөнүн айттым. Мен болжол менен бир сааттай сүйлөдүм окшойт. Сөзүмдүн аягында "... Эгер сиздер шайлоо маанилүү десеңер, анда мага уруксат бергиле, укук бергиле, КЭКтин штабын жетектеп, бизди колдоочуларды топтоп аракет кылып көрөйүн" дедим.
Үсөн Сыдыков мени колдорун билдирип, өзү уулу Бакыттын шайлоосун таштап кетпестигин, бирок, керек болсо элди көтөрүп, ээрчитип, кайсы жерге десең ошол жерге алып барып, жардам берерин айтты.
Курманбек Салиевич да бул шайлоодо анын сөзсүз жеңип чыгышы маанилүү экенин, себеби КЭКтин төрагасы жана президенттикке талапкер киши катары шайлоодо жеңбесе болбой турганын айтып, бирок мени колдоп, КЭКти толук башкарып аракеттене беришиме макул болду.
Кыргызбай ата "...Ээ балдар, эмне кылсаңар да этият болгула, шайлоо таза болбой жатканы баарыбызга көрүнүп турбайбы" деп, терең үшкүрүп койду. Жусуп аке баардыгыбызды угуп, анан "...Чоң иштерди жасасаңар бизди да кошосуңарбы?" деп тамашалады.
Сөз бүткөндөн кийин мен Үсөн Сыдыков менен Курманбек Бакиевди берки экөөсүнөн бөлүп, эгер элди көтөрсөк каржы маселеси кандай болот дедим. Сураганымдын себеби, биз жогоруда айткандай, Курманбек Салиевич 2004-жылы ноябрда КЭКке төрага болордун алдында ар кандай саясый акциялардын каржы чыгашасын көтөрүүгө убада берген болчу. Курманбек Салиевич "Ал жагын эгер Жалалабатта болсо, Жусуп Салиевич менен сүйлөшө бересиңер, ал эми Бишкекте өзүм болом. Жусупка мен айтып кетем"- деди. Бизден башка ал күнү ал үйдө Курманбек Салиевичтин иниси, менин курсташтарым Марат Бакиев, Эрмек Бейсекеев, дагы бир топ жигиттер болушту. Алар бизге аралашпай, бөлөк бөлмөдө отурушту.
Ошентип ошол күнкү жолугушууда КЭКтин төрагасы К. Бакиев, штаб башчысы Ү. Сыдыков мага өздөрүнүн ыйгарым укуктарын беришип, КЭКтин атынан толук түрдө ар кандай аракеттерди жасоого, сүйлөөгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат беришти. Ал жерден түнкү саат он экиде тарадык. Мен дароо Бектур Асановго телефон чалып, эмне үчүн келбегенин сурасам "...мага эч ким кабар айткан жок" деди. Мен ага жолугушууда болгон сөздү кыскача айтып, Бишкекке барып келеримди маалымдап, ошол күнү түндөп Бишкекке жөнөдүм.
26-февралда Бишкекте КЭКтин штабы жайгашкан Киев көчөсүндөгү Ү. Сыдыковдун офисине келдим. Ал жерден Ишенгүл Болжуровага жолугуп, КЭКтин бардык мүчөлөрүнө кабарлагыла, биз жасаган саясый иш аракеттерди колдоп, айрыкча Замира Сыдыковага айтыңыз гезиттерге кабар жазып турсун дедим. Ал киши "эмне иш-аракеттер болот" деп сурады эле. Мен аны жыйынтыгынан жакында угасыңар дедим.
Топчукем (Тургуналиев) ал күндөрү Кочкор, Тоңдо жүргөндүктөн жолуга албадым, бирок телефондон, "жакында чечкиндүү аракеттер жасалат, ал жакта абал кандай" десем. "Мен колдойм Ази, этият болгула, жагдай өтө оор, эл нааразы"- деди. 28-февралга чейин Таласта, Ысыккөлдө, Нарында, Чүйдө, Бишкекте болуп жаткан кырдаалды изилдеп билгенден кийин 28-февралдын түнү кайра Аксыга чыгып кеттим. Таласта Б. Шерниязовдун округунда саясый тирешүү өтө курч болуп жатканын уктум.
Баса, Бишкекте жүргөнүмдө Аксыдан Тажимамат аке менен Жаныш аке Аксыда шайлоо кандай өткөнүн (27-февралда өттү) билдирип турушту. Түнкү саат ондо алдын ала алардын эсеби боюнча шайлоочулардын 60 проценттен көбү бизге добуш беришкенин, бирок окружком жарыялабай жатканын, ошондуктан баардык айыл өкмөттөрүнөн 100 дөн кем эмес адамдар Кербенге келишип, окружкомдун туура эмес чечим чыгарбоосу үчүн акимиатты окружкому менен кошо курчап турушканын айтышты. Түнкү саат он экиде Тажимамат аке кайра чалып, жеңишибиз менен куттуктады. Бирок дале болсо окружком расмий түрдө протокол бере электигин, Бишкек менен сүйлөшүп жатышканын, беребиз деп убада беришкенин кабарлады. Түнкү саат бирден кырк беш мүнөт өткөндө Жаныш аке расмий протоколду алышканын, райондун акими Шырдаков да мени куттуктап кой дегенин телефон аркылуу билдирип, "эми элди тараталыбы" деп сурады. Мен элге ыраазычылык айтып таратып жиберүүсүн өтүндүм... Эртеси жолдо Аксыга бара жатып Дүйшөн Чотонов менен телефондон байланышып, акыбалын сурадым жана тезинен жолугушуу керектигин айттым, ал макул болду.
2005-жылдын 1-мартында Жалалабат шаарында Бектур Асанов, Дүйшөн Чотонов, Медер Үсөнов, Асан Шакиров болуп жолуктук. Биз көпкө сүйлөшүп пикир алыштык. Пикир алышууда шайлоодогу элдин нааразычылыгы бүткүл Кыргызстан боюнча тараганы, нааразычылыктын башаты Акаевдин үй-бүлөсү түзгөн "Алга, Кыргызстан" жана "үй-бүлө" колдогон "Адилет" жана "Менин өлкөм" партияларынын өкүлдөрүн бийлик ачыктан -ачык колдоп, административдик ресурстарды колдонуп жатышканы. Айрыкча, башында Бермет Акаева турган "Алга, Кыргызстан" партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлерди, "үй-бүлөдөн" "добро" алышкан башка талапкерлерди колдоо, алардын мыйзамсыз жоруктары (акча жана башка буюмдарды таратуу, убадаларды берүү, мал союуу, тамак, арак берүү жана башка) күчөп, ошол эле учурда Акаевдин бийлигине каршы сүйлөгөн оппозициянын өкүлдөрүн жамандоо, эл менен жолугушууда "дежур чалдар, балдар, аялдарды" пайдалануу, ушактарды таркатуу иш-аракеттери элдин кыжырын абдан күчөткөндүгү дагы бир ирет айтылды. Ар кимибиз өз округубуздагы шайлоолордун жүрүшү боюнча сүйлөштүк. Дүйшөн Чотоновдун округунан 1- турда С. Жээнбеков утканын, ал эми Б. Асановдун округунда экинчи тур болору белгилүү эле.
Эл арасында парламенттин теңинен көбү "Алга, Кыргызстан" партиясынан түзүлүп, Бермет Акаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болот экен, жаңы Жогорку Кеңеш аркылуу Конституцияны өзгөртүп, Акаевдин мөөнөтүн 2010-жылга узартары жана башка бийликтин кандай жол менен болбосун Акаевди бийликте сактап калуу саясаты жүрүп жатканы тууралуу түрдүү имиштер айтылып жаткан.
Биз мындай ыңгайлуу жагдай түзүлбөстүгүн, "Алгалыктар" Акаевдин президенттик мөөнөтүн жөн эле узартып алышарын, мага окшогон он чакты депутаттын Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкени менен колунан эч нерсе келбешин талкуулап, бир пикирге келдик.
Тобокел деп, 2005-жылдын 3-мартында Жалалабат областтык администрациясына кирип барып, губернатордун кабинетин ээлеп, элдик бийлик орнотуп, аны элдик курултай өткөрүп бекитип жарыялоону, андан кийин Ошко барууну макулдаштык. Бектур Асанов "эл нааразы болуп турганда губернаторду кууп чыгуу кыйын эмес, андан кийин элди кантип кармап турабыз, элдик бийликти областта кармап туруу үчүн чоң акча каражаты керек, аны ким чечет" деди.
Мен ага Ү. Сыдыков, К. Бакиевдер менен болгон жолугушуудагы сөздөрдү айтып, ал чечилет, Аксы-Бишкек улуу жүрүшүндө миңдеген элди эл өзү бакпады беле. Азыр деле, негизинен, андай маселени эл өзү көтөрөт. Эл ичинде патриот бизнесмен мыкты уул, кыздарыбыз бар дедим. Дүйшөн мени колдоду. Болгону башында кыйын болору, бирок аны Жусуп Салиевич чечери айтылды.
Ошентип биз 3-мартта Сузак өрөөнү боюнча нааразы болушкан шайлоочулардын митингин Жалалабатта өткөрүүнү чечтик. Дүйшөн "Мен Каракулжага барып эл менен сүйлөшөйүн, анан кабар берем. Ошто ошого жараша иш кылалы" -деди. Биз макул болдук. Дүйшөн Каракулжага, мен Аксыга кеттим.
Бектур, Медер, Асандар 3-мартта Жалалабатта өтүүчү митингге аракет жасай турган болушту. Жалалабат шаарында Жусуп Бакиевдин, жогорку Сузактан Жусуп Жээнбековдун жактоочулары 1-мартта нааразычылык акциясын өткөрүүгө даяр экени бизге белгилүү болчу.
Менин Аксыга баруумдун себеби, тезинен мени колдогон элге ыраазычылык билдирүү, экинчиси, Жалалабат, Ошко келе турган элди даярдоо эле.

(Уландысы кийинки санда)














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!