Коомдук-саясый гезит
№11, 28.02.08-ж.






  Китептен үзүндү

"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
Урматтуу окурмандар, март ыңкылабынын башында туруп, керек болсо анын башкы схемасын түзгөн, президент Бакиевди бийликке алып келген Азимбек Бекназаров "Аксы окуясы менен 24-март: документтерде жана фактыларда" деген китеп жазып атат. Андан элге айтыла элек бир топ көшөгө артындагы окуяларды окуса болот. Биздин гезиттин ушул санынан баштап, ошол китептен үзүндүлөрдү окуп баштайсыз. Болгондо да ар бир күнү, ар бир саатта ким эмне кылганын, ар бир саясатчынын кылык- жоругун Азимбек Бекназаров төкпөй-чачпай айтып бермекчи. Эмесе, кеттик. 2005-жылы февралдагы парламенттик шайлоо, ошол күндөрүндөгү окуяларды айтып отуруп, Акаевдин бийлиги кулаган мүнөттөрдү сүрөттөп туруп, 2007-жылкы 25-мартта эмнелер болгону менен токтотобуз.

2005-жылдын февраль айы,
Аксыда он эки талапкер
" … 2005-жылдын 23-февралында мен шайланган округумду толук кыдырып, шайлоочулар менен жолугуп бүттүм. Бул күндөрү Жогорку Кеңешке 27-февралда болуучу шайлоого даярдыктар бүткүл республика боюнча катуу жүрүп жаткан. Эл менен болгон жолугушууларымда шайлоочуларымдын мага болгон жылуу маанайынан биринчи турда эле жеңип чыгаарым малым болуп калды. Мындай жеңишке жетишерибизге штабдагы адамдарым, командабыз менен ишене баштадык.
Айрыкча Жалалабат областынын губернатору Шариповдун 2005-жылдын 11-февралында Аксыга келип, райондун активдерин тактап, "кандай гана жол менен болбосун Бекназаровду өткөрбөйсүңөр, бул Аскар Акаевичтин буйругу жана түздөн түз көрсөтмөсү"- деген сөздөрү ачыкка чыгып,эл аралап, өзгөчө, ал акимчиликте өткөн жыйындын сөздөрү 2005-жылдан 17-февраль күнү эл көп чогулган Каражыгачтын базарынын радиосунан айтылгандан кийин, шайлоочуларым намысына келе түштү окшойт. Бирок мен үчүн ошондогу мамлекет башчысынын мындай көрсөтмөсү эч кандай коркунучка же болбосо бийлик каалагандай кандайдыр бир жыйынтыкка алып келе алмак эмес. Шайлоочулардын мага карата добуш берүүсүнө деле таасир эте албайт эле. Бийлик тарабынан болгондо да президент Акаев тарабынан мындай көрсөтмөлөр сөзсүз болоорун мурун эле билчүмүн. Алардын мага жана менин шайлоочуларыма карата мындай ыплас аракеттери элдин калың катмарына чейин Аксы окуясынан кийин түшүнүктүү болуп калган болчу.
Бийликтин бул аракетинен кийин шыр эле биз командабыз менен 24-февралда райондогу жети айыл өкмөтү боюнча жападан жалгыз штабыбыз болгон Каражыгачтагы боз үйгө чогулдук. Боз үй кыргызча айтканда "тогуз жолдун тоомунда" эле. Себеби ал жер үч ача кеткен жолдун түйүнүндө жайгашкан болчу. Чыгыш-түштүктү көздөй Жаңы-Жол, Ак-Жол, Ташкөмүрдү, түндүктү көздөй Карасуу, Кызылтуу айыл өкмөттөрүнө, ал эми батышты көздөй райондун борбору Кербенди көздөй жол кетет.
Бул жолугушууда мен командама, бүткүл Кыргызстан боюнча шайлоолор кандай өтүп жатканын маалымдап, шайлоодо чыныгы эл колдогон талапкерлерге карата бийлик тарабынан өткөрбөй коюу аракеттери болуп жатканын айттым. Эл көтөрүлүп, айрыкча Кочкордо талапкер А. Жапаровдун, Тоңдо талапкер А. Малиевдин колдоочуларынын нааразычылыгы күчөп, жолдорго боз үйлөр тигилип, жол тосулганын, мына ушул элдин нааразычылыгын бүткүл Кыргызстан боюнча координациялап (жетектеп), бул нааразычылыкты Акаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө айландыруу зарыл экендигин, өздөрү жасаган иш өздөрүнө муш болорун, мындай Акаевди кетирүүгө ыңгайлуу кырдаал оңой менен кийин түзүлбөсүн түшүндүрдүм. Ошондуктан мага уруксат бергиле, мен КЭКтин (Кыргызстан Элдик Кыймылы) башка лидерлерине жолугуп чечкиндүү аракеттерди жасайлы дедим. Штабда жыйналган команданын мүчөлөрү мага "туура кыласың, шайлоого үч күн калды, буйруганы болор, элдин берген добушун биз өзүбүз деле уурдатпай жыйнап алабыз, сен бара бер" дешип мага уруксат беришти. Аксы шайлоо аймагы боюнча штабды Жаныш Курбанов менен маркум Тажимамат Туралиев жетектеп калышты.

Алгачкы сүйлөшүүлөр
Түштөн кийин Аксыдан чыгып, жолдо Ноокен районунун Кызылтуу айылынан Үсөн Сыдыковго жолугуп, аны менен 25-февралда Жалалабат шаарында КЭКтин жетекчилери менен жолугууну, шайлоо менен кошо түзүлүп жаткан саясый кырдаалды талкуулоону айттым. Ал шыр эле макул болду. Андан соң Ноокен районунун Сакалды айылына кеткен бурулушта Бишкек-Жалалабат жолунун боюнда тигилген Дооронбек Садырбаевдин штабына кирип, аны менен кеңештим. Докем Жалалабатка бара албай турганын, бирок биздин ойду толук колдоорун, эгер биз элди көтөрсөк, кеминде миң киши чыгарарын айтты.
Кечинде Жалалабатка келип, ал жерден маркум Жусуп Бакиевдин штабынан КЭКтин төрагасы К. С. Бакиев Тогузтородон 25-февралда кечинде келерин билгенден соң "Домо-Ата" кафесинен Бектур Асанов экөөбүз жолуктук. Бектур Асанов шайлоо таза өтпөшүнө көзү жетип, шайлоодо нааразы болгон элди бириктирип, Акаевдин бийлигине каршы чечкиндүү күрөштү колдорун айтты. Мен ага Дүйшөн Чотонов үчөөбүз 2002-жылы жайында аксылыктар Аксы-Ош жөө жүрүшүн уюштурганда алар менен кошо жөө жүрүп асфальтта жаткансың, Жалалабатка жеткенде Жалалабат курортунун адырындагы мистелеринин арасына түнөгөнүбүз, ошондогу Акаевди кетиргенге чейин бирге болорубуз жөнүндө антташканыбызды, мына эми эң ыңгайлуу учур келгенин, бүткүл Кыргызстандагы шайлоого болгон нааразычылыкты Акаевге болгон нааразычылыкка айландырсак жеңишке жетерибизди айтып эсине салдым. Эртеси 25-февралда мен Ү. Сыдыков, К. Бакиев үчөөбүз маркум Жусуп Бакиевдин Ырыс айылындагы үйүндө топтолдук.
Ү. Сыдыков Досбол Нур уулу менен сүйлөшсө, ал киши келүүгө мүмкүнчүлүгү болбой жатканын, бирок биз кандай чечим кабыл алсак да колдой турганын айтыптыр. Ал эми И. Исаков менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтты.
Курманбек Салиевич болсо Тогузтородон кечинде келгенин, бийлик аны эл менен жолуктурбоого аракет кылышканын, Кочкордо А. Жапаровду колдогон шайлоочулар жолго боз үйлөрдү тигишип тосуп салышканын, аларды айланып өтүп жолго чыга берээрде машинасы тыгылып, эл аны таанып калып, боз үйдүн жанына алып келишип, сүйлөп бер дешкенин, элге кошулуп биринчи жолу "Акаев кетсин" деп айтканын айтып берди.
Бул жолугушууда Ү. Сыдыков, К. С. Бакиев, Бакиев Кыргызбай аке, Жусуп Бакиев жана мен бешөөбүз өзүнчө бөлмөдө отуруп сүйлөштүк.




  Алтын куш кайда учат

Чоңдордун "модерн"балдары
Президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргыз-Орус славян университетин кызыл диплом менен окуп бүтүргөндөн кийин, 1997-жылы Лондондо , 1998-жылы АКШда окуган. Андан кийин окуусун Россия Федерациясынын дипакадемиясынан уланткан.

Мурда губернатор, президенттин аппарат башчысы, премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри болуп жүргөн Кубанычбек Жумалиевдин кызы Назгул Жумалиева Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде окуп атат.

Финансы министри Тажикан Калимбетованын кызы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин бүтүрүп, азыркы убакта өз адистиги боюнча банкта иштеп жатат. Уулу экономика факультетинде, келини болсо Кыргыз-Орус славян университетинде Эл аралык мамилелер факультетинде окуйт.

Өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттиктин президенти Аликбек Жекшенкуловдун бир уулу Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүрүп, андан кийин Вена университетинде окуган. Экинчи уулу Кытайдын түштүгүндөгү Сиаме университетинин университетинин эл аралык укуктар адистигин бүтүргөн. Азыркы убакта ошол эле адистик боюнча Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык академиясында аспирантурада окуйт.

ЖК депутаты Ибрагим Жунусовдун баласы Эламан 18 ге чыгып, койкойгон жигит болгон. Атасы менен кошо ырдап, сүймөнчүк бала Эламанды элдин баары жакшы көрчү. Ал кезде "Эламан" деген ыр өзүнчө хитке айланбады беле. Ошол Эламан гитарада, фортепианодо ойнойт, бирок ырчылыкты тандаган жок. ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде окуп атат.

Экс-депутат Азимбек Бекназаровдун үч уулу тең Кыргыз Улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүрүп, адистиктери боюча иштеп атышат.

Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун бир уулу АКШдагы Хьюстон университетинде окуйт. Дагы бирөө Лондондогу бизнес-мектепке окууга даярданып жатат.

"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова неберелерин Франциядагы Сарбонна университетинен жана Англиядагы Кембридж университетинен окутууну максат кылып жүрөт. Кыялдар орундалаар бекен?!

Акыйкатчы Турсунбек Акундун эки баласы эл аралык мамилелер факультетинде окуйт. Бирөө Кыргыз-Орус Славян университетинде, бирөө "Алатоо-Ататүрк" Эл аралык университетинде билим алышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликованын уулу М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Ал эми кызы Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде 3-курста окуйт.

Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаровдун кызы Кыргыз-Орус славян университетинин юридикалык факультетинин эл аралык укуктар адистигин бүтүргөн. Уулу быйыл мектепти бүтүп Кытайдагы Пекин университетинин эл аралык соода жана бизнес адистиги боюнча окуйун деген тилеги бар.

Жогорку Кенештин депутаты Кабай Карабековдун кызы Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун бир уулу Гарвард университетинин эл аралык мамилелер адистигин бүтүрүп, диссертациясын Грузиядагы кырдаал боюнча жактаган. Дагы бир уулу Гарвард университетинин экономика адистигинде окуйт.

"Ар- Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун кызы Жамиля Борбордук Азиядагы Америка университетин окуп бүткөн соң, АКШнын университеттеринин биринде билим алган. Учурда АКШда иштеп жүрөт. Турмушка чыга элек.

"Ар-Намыс" партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиевдин жалгыз уулу Кытайдын Шанхай шаарындагы Ханжау экономикалык университетинде биринчи курстун студенти.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!