Коомдук-саясый гезит
№11, 28.02.08-ж.






Акүйдү апаптап койчу киши жок
"Ата Мекен" лидери Ө.Текебаев партиянын катардагы мүчөсү Сиездбек Курамаев аттуу таластык жигит көзжумганынан ал жакка топурак салганы барса, оппозиция жазга даярдыкты баштады деп жандары чыгып аткандар көп. Текебаев эчкандай саясый максат менен эмес, Таластын Чөңөр ашуусунун белинен казак жигит менен мал айдап келатып, катуу суукта жонундагы тонун баурлашына чечип берип, өзү кайыктырган сууктан тоңуп өлүптүр. Аны уккан "Ата Мекен" партиясынын аттуу-баштууларынын баарысы ошол катардагы мүчөсүнө топурак салганы эле чаап барыптыр. Таласка кеткенин укканда Акүйдөгү чоң эле чиновниктер ордунан копшолуп, оппозиция эмне план түзүп атат деп бир топ түн уйкулары бузулду.

Марат Бакиев квартирасын качан бошотот?
Бальтасар Грасиан "достордон колжуубайын десең, алардын өтө чоң ийгиликтерге жетишкенин тилей көрбө" дегени бар. Дегенибиз, Б.Шерниязов менен А.Мадумаров учурунда бир-биринин үйүнө байпакчан катташкан достордон экенин билчүлек. Учурда экөө бири-бирин көрөйүн деген көзү жок. Анын себеби: ЖКнын эки жолку чакырылышында депутат болуп келген Б.Шерниязов турган үйдү Мадумаров артынан түшүп жүрүп бошоттуруп алды. Шерниязов кыштын кыраан чилдесинде көчүп чыгып берип кутулду.. Мейли, анысы акыйкат. Ал эми президенттин иниси Марат Бакиев депутат болуп турганда ээ болгон үйдү бошотуп бер дегенге Адахан мырзанын эмнеге оозу барбай турду экен? Демек, мыйзам башкалар үчүн мыйзам да, Бакиевдердин үйбүлөсү үчүн мыйзам эмеспи?

Ош шаардык мэриясы ток уурулук менен кармалды
Ош шаардык мэриясы жайгашкан имарат электр энергиясы үчүн 103934 сом карыздар болгондуктан "Ошэлектро" ААКынын кызматкерлери тарабынан өчүрүлгөн убакта мыйзамсыз түрдө туташтырылган ток уурулугунун бети ачылды. Электр энергиясынын акысын мэрия 2007 - жылдын 3 - майынан бери төлөй элек. Ал эми өз милдетин аткарган "Ошэлектро" ААКынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылууга жасалган мэриянын аракеттери боюнча укук коргоо органдары териштирет.

Д. Үсөнов шаардыктарды "жыргатып" атат
Шаардык кеңештин эртеңки сессиясында транспорт тарифтерин көтөрүү маселесин карайт. Депутаттардын макулдугу менен мэрия 1-апрелден тарта маршрутка-бусикке 5 сом эмес, эми 7сомдон, шаардык автобус, троллейбустарга 5 сомдон жол акы төлөнө баштайт. Кечки саат 9дан соң маршруткага 10 сомдон төлөйсүз. Дагы тартип: пассажирдик транспортко 5жылдык тажрыйбасы барларга гана, ал эми транспорт15 жылга чейинки гана техникага уруксат. Үймө-жыйма киши салып айдоого таккесе тыюу салынып, аларды МАИ көзөмөлдөйт. Айткандай, 1-апрелден тарта электр энергиясы да 10 пайызга кымбаттайт.

Депутаттар Каркырага баратат.
С.Аламанов чычалап атыр
Бул тууралуу парламент комиссиясынын мүчөсү депутат Мурат Жураев айтты. Азыр кыргыз-казак чегарасынын Каркыра жайлоосундагы 630 гектар аянттын маселеси чечиле элек. Өкмөт алдындагы чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия башчысы С.Аламанов "Казакстан бизден алган 630 гектардын ордуна Санташтын тушунан 1100 гектар жер берген, ал келишимге 2003-жылы эки президент кол койгонун айтат. Бирок бул келишим мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузат деп өткөн чакырыктагы депутаттар бул келишимди ратификациялабай коюшкан болчу. Бирок, казак парламенти ал келишимди 2004-жылы эле ратификациялап, Каркырадагы чегара постун - кыргыздар тарабына 8 чакырымга бериге сүңгүп кирип, тосуп, аскери менен кайтарып турат. Каркыра чегарасы боюнча "Dе-факто" өткөн санында жазган эле. Өкмөтчү С.Аламанов "Казакстанда да Бекназаровго окшогондор бар, эгер биз Каркырадагы жерди кайра алсак, анда чегара Санташ ашуусунун кырында калып, Каратүп каналы казактарга өтүп кетет" деп жатат. М.Жураев Каркыра казакка өтпөшү керек, комиссия тыкыр текшерип келет деди.

Султан Урманаев камалганы турат
Аксы окуясы боюнча азыркы бийлик Султан Урманаевди садага чапкысы келип турат. Жалалабатта жүрүп аткан сот процесси бүгүн да улантылат. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Сотто "Мени эл менен Аманбек Карыпкулов жолуктурбай койгон" деди Султан Урманаев.

Таластагы №3 мектепте өрт чыгып, бир адам кайтыш болду
"Азаттык" радиосу билдиргенге караганда, 23-февралга караган түнү мектептин жанындагы кароолчунун чакан бөлмөсүнөн өрт чыгып, натыйжада кароолдо турган Асан Норзубаев күйүп кайтыш болгон. Талас шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Алыбаевдин айтымында, эгер өрт өчүрүүчүлөр жарым саатка кечиккенде жогоруда аталган мектеп толугу менен күйүп кетмек. Алыбаев дагы өрт эмнеден, кандай болуп чыкканын Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө бул боюнча тергөө иштери аяктагандан кийин билинээрин айтты.

И. Чудиновдун бетин ачкан К.Сарбашев Алайга качты
Биздин гезиттин мурдагы сандарында премьер-министр Игорь Чудиновдун газ тармагындагы коррупциялык иштери тууралуу макалалар чыккан. Өзбекстандан алынган газды кайра ортомчу фирмалар аркылуу кантип сатып келишкенин "Кыргызгаздын" мурдагы инженери Керимбек Сарбашев айтып берген. Ушул күндөрү анын аркасынан түшүп, коркутуп-үркүтүүлөр көбөйүп, туулган жери Алайга качты. Кечээ Алайда аны коргоо комитети түзүлгөнүн кабарлашты.

Даярдагандар Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ, Чолпон ОРОЗОБЕКОвА




  Жума собол

Депутаттарга кол тийбестик керекпи?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук парламенттин спикери:
- Түпкүлүгүндө депутаттарга кол тийбестик керек. Бардык демократиялык өлкөлөрдө бар андай. Бирок айрымдар кол тийбестикти башпаанек катары түшүнүп алышат. Негизи аны байуу же кылмыш иштерин жашыруу үчүн эмес,саясий пикирлерди ачык айтуу үчүн колдонуу керек.

Болот ЖАНУЗАКОВ, "Кут" партиясынын лидери:
- Дегеле кол тийбестик институтун теориялык жактан алып караганда, ал бийликтеги адамдардын ден соолугунун, өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жаралган нерсе. Бирок кол тийбестиктин бүгүнкү депутаттарга бир тыйын кереги жок. Кол тийбестикке жамынып алып, оозуна келгенди оттоп, башка адамдардын абийирине шек келтирип жатышат. Аны тон кылып жамынып алышты.

Осмон АРТЫКБАЕВ, ЖК депутаты:
- Сөзсүз керек. Депутаттардын ансыз деле укуктары аябай азайып калбадыбы. Партиялык тизме менен шайланганына байланыштуу азыр партиянын программасынын уставына баш ийип, партиянын атынан сүйлөйт, оюн айтат. Эгерде өз оюн кенен айтып сүйлөгөндө кол тийбестик болбосо ар кандай шылтоолор менен ар түрдүү басым жасашы мүмкүн. Анан ал эркин сүйлөй, кыймылдай албай калат. Кол тийбестикти бизнеси үчүн же дагы бир өзүнүн керт башы үчүн пайдаланып жатат деп бир мандаттуу, можаритардык системада айтса болот. Азыр партиялык тартип деген бар. Ошол аркылуу элдин алдында жооп берет. Өз бизнеси үчүн колдонот деген сөз - бул эскирип калган сөз.

Замирбек ЭСЕНАМАНОВ, экс-депутат:
- Керек. Коомдун өсүшү менен аң-сезим жогорулап, мүмкүн, дагы эки чакырылыштан кийин кереги жок болуп калаар. Өз оюн ачык билдирүү үчүн бир нерсеге ишениш керек да. Мисал үчүн кылмыш кылса, кол тийбестик беш жыл сактасын, мейли, андан кийин баары бир жооп берет.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, "Эркиндик" партиясынын лидери:
- Мен башынан каршымын. Эмне үчүн 5 миллиондон ашык калкка кол тийгизсе болот дагы, 542 адамга кол тийбестик керек. 542 кишинин ичинде, бир президент, 90 депутат, төрт жүздөн ашык сот бар. Чыныгы демократиялык мамлекеттерде бардык атуулдар бирдей болуш керек. Кол тийбестикти алып салмайын коррупция жоюлбайт.

Дилбар АЛИМОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!