Коомдук-саясый гезит
№10, 26.02.08-ж.






  Күлкүлятор

Төлөгөн Карыкеевден
Курманжан Датка көчөсү менен зуулдап бараткан "Мерседести" гаишник токтотот:
- Тыйуу салган жол белгисин көргөн жоксуңбу?
- Жол белгисин көргөм, сизди көрбөй калыпмын…
Сабыр Буркашев, Ош ш.

Кичинекей Төлөгөндүн "Р" тамгасына тили келбей "йы" дечү. Аны билген таякеси "тор-р-рпок" дечи, "тор-р-ропой" дечи деп улам мазесин алат. Аны туюп калган Төкөң таякеси баягы торпогун кайра баштаганда, "кичинекей уй" деп басып кетиптир.
Н. Сатиева, Бишкек ш.

Бир дунган жайлоого келип, атын жоготуп жиберет. Атты кыргызча эмне деп айтаарын унутуп калып, бир колуна чөп, бир колуна аттын тезегин кармап алып жолуккан кишилерден: "Муну жейди, муну чычады, көрдүңбү?" деп сураптыр.
Маметов Теңиз, Бишкек ш.

Азык-түлүк дүкөнүндө кезекте турган орус катын астында турган кыргыз келинге:
- Жутуп алчудай сулуу экенсиң, бир кемчилигиң - төшүң жок, куйругуң да шыла чапкандай түптүз экен,- дейт.
- Кыргыз өзү эт жебесе туралбайт. Эти этке, шорпосу бетке деп коебуз.
Орус катын да ойкуштап:
- Орустар жашылчаны көп жейбиз. Картөшкөсү төшкө, капустасы к…ткө, - деген экен.
Төлөгөн Малашов, Талас, Бакайата, 1-Май айылы


- Алаканым эле кычышат, ал эмнеси?
- Акча алат окшойсуң.
- Салааларым кычышканы эмнеси?
- Беш эсе көп акча аласың го.
- Чыканагым кычышканы эмнеси?
- Миллионер болоюн деп калган окшойсуң.
- Башым эле кычышат…
- Эй, сен мончого түшпөсөң болбойт окшоп калды!..
Эсенгелдиева Айтурган, Талас ш.

- Балык кармаганы барасыңбы?
- Мен балык кармаганды билбейм да?!
- О, кокуй, окуусу бар бекен анын. Куясың да ичесиң?
Келгиле, бактылуу балыкчылык үчүн кылкылдаталы!

Cөзирмем
Тогуз айдан кийин келериң белгилүү, качан кетериң белгисиз …
Эл түшүнбөсө да братишкелер түшүнөт
Кыргызды кырк жыл тентитип эл кылам деген кайсы "пайгамбарлар" экен ?..
Тамагынан сөз өтпөсө, таманынан сыз өтөт
Суу кечирбегендин сөзү суу кечпейт
Төбөсүндөгү төөнү бирөөнүн башындагы чөп менен багам дейт
Жөн келгени белгисиз эле, жөн кетпеси белгилүү болду
Көзүнөн алып башына чөп сындырайын десе, ал жерде бир бука оттоп жүрү дейт…
Башы түштөн кийин иштеген моюнда бош орун жок

Карыганча эмес,
каалаганча ич!
Он жетиңде - каалоо күч! Жыйырма беште - акыл-эс, отуз беште - эсеп күч, элүү жашта -турмушту бүт түшүнгөн кезиң болот дейт.
Биз али каалоо деген эмне экенин унута элекпиз, акыл-эсибиз толук, эсебибиз так, ошол эле мезгилде турмушту түшүнөөр кезибиз али алдыда. Эмесе, өлбөй тирүү бололу, өзүбүз үчүн!
Алысты жакын кылган ким өзү?!
l Миллиондун атын алыстан ук - баары бир жанына жакын жолотушпайт.
l Миллиарддын атын алыстан ук- жанына келсең, сенин карызың болуп чыгат.
l Казынанын атын алыстан ук- жанына келсең ,башы бош катындай каңгырайт.
l Өкмөттүн атын алыстан ук - жанына келсең, жаш катын алам деп буркурайт.
l Кредиттин атын алыстан ук - сен жеткиче сугунуп жиберишет.
l Ажонун атын алыстан ук - жанына келсең, туугандарынан жер көрүнбөйт…
l Баатырдын атын алыстан ук - жанына келсең, атып жыгалбай киллерлер жүрөт.

УКК жөнүндө уктуңбу?
Немис, француз,кыргыз үчөө киши жегичтердин колуна түшүп калат. Киши жегичтин атаманы келип тиги үчөөнө айтат:
- Ар бириң өз тилиңерде табышмак каткыла, эгер жандырмагын таап алсак, жеп таштайбыз. Таппасак, кое беребиз.
Табышмакты немис катат:
-Компьютер.
Киши жегичтер ары барып шыбырашып калышат да кайра келишет:
- Жайнаган тиштерин баскыласаң, айнегине сүрөт чыгат, жазуу чыгат, - дейт да немисти эки чайнап бир жутушат.
Эми француз катат:
-Мобильник.
Тигилер ары басып кетишип шыбырашып калышат. Бир убакта кайра келишип жообун берет :
-Топчуларын баскылап, башка бирөө аны менен сүйлөшөт.
Французду да жеп салышат.
Кыргыз ары ойлонуп, бери ойлонуп:
- УКК,- дейт.
Киши жегичтер ары жакта көпкө шыбырашып, бир убакта кайра келишет:
- Таппадык . Сен бошсуң, жөнө үйүңө,- дейт.
Кыргыз эми жөнөй бергенде тигилердин атаманы:
- Жандырмагы кандай эле, айтып койбойсуңбу?- деп калат.
-УКК деген Улуттук коопсуздук комитети, - дейт кыргыз.
-Ал эмне өзү, жейби аны?
- Ушу силер сыяктуу эле үч-төрт киши өздөрүнчө шыбыраша калышсале, байкуш Турсунбек Акун дегенден алекизаматта дайын жок калат, кудая тобо!..












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!