Көкүйдөгү көгөргөн көз
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчылыгына Адахан Мадумаров мурда Акүйдүн президенттик иш башкамалыгынын башчысынын орун басары Эмил Рыспаевди олтургузуп, өзү башка иштерге алаксыса керек, аңгыча Рыспаев акжол -көкжолун карабай, тартип киргизүү аракетин көрүп, "мен президент менен сүйлөшөм, силер тартип сактагыла" деп кирет. ЖК вице-спикери Азиз Турсунбаевдин иш бөлмөсүнө баш багып… оң көзүнүн асты шишип, ал бөлмөдөн атып чыкты. Аңгыча Рыспаев кызматынан алынды.

"Салкынтөрдү" Салымбеков алабы?
Нарындагы "Салкынтөр" паркын менчиктесем деген жыйырмадан ашык көпөстүн жети жылдан берки кармашы уланууда. Премьер-министр И.Чудинов "абасы таза, уникалдуу жер, Салымбеков эмне деп атыр" деп кызыгып турган чагы. Ушул күндөрү төрт киши атаандашууда. Аскар Салымбеков, Рахат Ирсалиев да чуркап аткан кези. Кимге буюрат, ким билет?

Азим Исабеков "зонага" отурду
Өлкөнүн эгемен аталган 17 жыл ичинде өкмөт башына 16чы болуп келген өкмөт башчы Азим Исабеков 2007-жылдын 29-январында бекип, 29-мартта иштен алынышы, ашык-кеми жок эки ай премьер-министрлик орунда иштеши менен эсте калды. Айыл чарба жана кайра иштетүү министри кызматында да 2 ай гана иштеди. Азим бурчтан чыга калган капилет фигура катары чоң саясатта көпкө кармалганы жок. Бүгүн бийлик Азимдин курч кырдаалда кыңк этпей кызмат кылганы үчүн Бишкек СЭЗине башчылыкка президент өзү кол койду. Буга чейинки башчы Э.Ибраимов өз каалоосу менен иштен кетти.

Анвар ака бакты сүзгөнү чын, бирок мас болгон эмес
Гезитибиздин 7-февраль күнкү ?5 (40) санында КР мамлекеттик кызмат боюнча Агенттиктин директору KG 48 номерлүү кызматтык "Мерседес-бенц" автомашинасы менен бакты сүзүп алгандыгы тууралуу жазганбыз. Эртеси агенттик директору Анвар Рыскулбеков телефон чалып: "Эртең мененки 8.30да жолдон чыгып кеткеним чын, "Мерседес-бенц" KG 48 номерлүү кызматтык машинеси дегениңер чын, бирок эртең мененки 8.30 да каяктагы майламай, алдыда тороп машина чыга калса кантмек элем" деди.

"Эшимкановдун автопортрети" дейби?
Бир кезде "Асаба" гезитинде жүрүп аты анча-мынча таанылган Алмаз Ташиев аттуу журналист ушундай аталыштагы китеп жазып бүтүп калыптыр. Алмаз мырза өзүнүн устаты жөнүндө "алтын шилекейин" кай жагынан агызып атты экен, китеби жарык көргүчө күтө туралы.

Аларчага жатам десең ак иште
Бишкек мэриясы Аларча көрүстөнү боюнча атайын жобо иштеп чыкты. Соңку жылдары мамлекеттик маанидеги Аларча көрүстөнү каралбай калып, ага чөнтөктүү адамдардын тууган-туушкандары да коюлуп баштаган. Камбаралы Бобулов легендарлуу парламентте "Аларчада музейге коюлгансып эч ким деле сага кейибейт, сенден кыйындарга да кейибейт" деп айтканы кулагымда. Аларча көрүстөнү 1948-жылы ачылган, аянты 31 гектар. Ар кишиге Аларчадан 10 чарчы метр гана берилген. Кийинки үч жылда 9 адам уруксаты жок, төрт эсе кенен жерге эстеликтерди курушуп, жөн адамдар жай алып калышты. Челнокчулар, атышып каза тапкандар…Булардан сырткары 18 адамдын жайы нормадан төрт-беш эсе ашык жерди ээлеп, эстелиги, бийиги , узун-туурасы архитектор уюму бекиткен чектен бир нече ашыкча болгон экен. Бул эмнени түшүндүрөт- челнокчу мыкты акындан артык болуп калганын түшүндүрөт.

АКШнын алты штатында көкбөрү ойнотулат
Акыркы 15-16 жылда Кыргызстандын расмий бийлигинин колунан келбеген иш-чараларды коомдук уюмдар алып кетти. Алардын бири - "Көкбөрү" федерациясы. СССР өлкөсү тыюу салган улуттук көкбөрү оюнун эларалык спорт деңгээлине көтөрүп, жаңы эрежелери менен дүйнөгө тааныткан федерациянын генералдык катчысы Болот Шерниязовго Америка кечээ расмий чакыруу менен кайрылды. Кайрылууда быйылкы жылда көкбөрү оюнун уюштуруу демилгесин Америка өзү көтөрүптүр. Болгондо да айбаттуу өлкөнүн алты штатында кыргыздын улуттук оюну бозтопурак чаңызгытаарын элестете бергиле. Мунүчүн кыргыз баласы тебетейибизди көккө ыргытсак, эми жарашат. Көкбөрүнү Америка тааныйт деген эмне!

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ,
Олжобай ШАКИР









Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!