Коомдук-саясый гезит
№09, 21.02.08-ж.






  Ыстаканда кантым бар

Биздин үйдөгү чайлашуу
Df:- Урматтуу коноктор, биздин чайлашууга кош келипсиздер. Бүгүн жөн гана убакыт тууралуу сүйлөшсөк деп турабыз. Кыргыздар убакытты туура пайдаланганды билеби же жокпу? Кыргыздар өмүрү убакытты ченеп көргөн калк эмес да. Бул жагынан батышты көрүп калган, эларалык журналистикада иштеген Султан мырза кыйын болуш керек…
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Биз-кыргыздар экиге бөлүнүп калыптырбыз: убакыт жетпеген кыргыздар, убакытты эмне кылып өлтүрүштү таппай аткан кыргыздар. Жоке убакытты кандай пайдаланаарын билбейм, "качан кеч кирет, качан баланча жолугат" деп жүргөндөй эле сезиле берчү да.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Жоке убакытты туура пайдаланганды билет, чыгармачылыгына келгенде. Анан жеке турмушуна келгенде жайбаракат басып калган кишидей сезилет да. Мисалы, мен убакыт эмне экенин, азыр силер айткандан кийин сездим. Мен убакыт деген эмне экенин, убакытка карата басканды билбейт экенмин. Кыргыз деген бир кызык эл, так иштеген кишини көрсө жини келип немис дейт, сооданы жакшы жүргүзүп эсеп-кысапка так болсо сарт дейт, техникага жакын болуп бир нерселерди оңдой койсо орус дейт. Кыргыз өзү ким анда?
Султан ЖУМАГУЛОВ: - БиБиСи радиосу да ушул темага кайрылып, атайын берүүлөрдү жасадык да. Биздин сурамжылоолор көргөзгөндөй, кыргыз байкуш өзүнүн убактысын болбогон нерселерге көп коротуп жиберет экен да. Мисалы, базарга барган бир аялдарды сурашса, "Үч күндөн бери кийит издеп жүрөбүз" деп жооп беришиптир. Кыргыз үч күндөн бери кийит издеп жүрөт. "Ошол убакытты мага берсе" деп кетесиң да. Кыргыздын убактысы көроокатка, убаракерчиликке эле кетет экен да…
Df:- Антпесең элден чыгып жатпайсыңбы? "Ой, бул киши карабай калды" дешет дароо…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Элден чыгат деген түшүнүктөн кыргыз кутулуш керек. Кыргыздын колу-бутун тушап аткан нерсе - жамандык-жакшылыктар. Анан ошол жамандык-жакшылыктын баары айлык алгандан кийин чыга калат да. Анан кыргыз байкуш айлыгын ошолорго бөлүштүрө баштайт.
Df:- Мына, бул жерде биздин Жолдошбек байке отурат. Жолдошбек байке, сиз убакытты кандай пайдаланасыз?
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Мен ушул убакытты деле өмүрү карабайт экенмин. Шакем кеттик деген жакка шалпактап эле ээрчип алып кете берчүмүн. "Менин бүгүн убактым жок" деп айталбайм.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Мелис Эшимканов анда биздин редакторубуз болчу, Жокени бир тапшырма менен МЧСке жиберген экен, жолунан мен чыгып "…Ой, барбай эле койчу…" десем аякка барбай, мени менен кошулуп кетип калчу да. Жоке экөөбүз өмүрү убакытты карап көргөн эмеспиз.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Мен тээ "Ленинчил жаштан" бери келаткан журналисттердин ичинен Султанга баа берем да. Өз ишине тыкан. Башында муну "тапанча" дечүбүз. Мүнөтүн, секундун эсептеп турат. Так атып маңдайга тийгизет. Ошондон улам муну "Тапанча" деп алганбыз.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Жайбаракат отуруп бирөө менен сүйлөшкүң келет да. Анан Султанга чалсаң "Жок Шаке, бүгүн убактым жок" дейт. Ичиңден нааразы болосуң "качан болсо эле убакыт жок" деп.
Df:- Убактысы жок адам бир жагынан бактысыздай сезилет да, бир нерсеге байланып, көз карандысың, ар бир мүнөтүңдү санайсың дегендей. Султан мырза, сиз убакытты санап атып эмнеден уттурасыз?
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Бир күндө 48 саат болсо деп ичиңден өкүнөсүң да. Убакытты үнөмдөйм деп атып көп кишиден чыгып калдым. Ал жагынан уттурат экенсиң баары бир. Бирок, мен кыргыз ушул жалгыз өмүрүн мазмундуураак жашап, тияк-биякты көрүп алса деп ойлойм да. Бала кезимден эле көрүнгөндүн баарын окуй берип, убакытты үнөмдүү пайдаланыш керек деп, ошого фанат болуп берилип кетсем керек. Анан менин жашоо образым ошол нукка бурулуп калды. Азыр чет жактарга барып келген кыргыздардын баары саат-сааты менен иштегенди үйрөнүп, көнүп келишет. Бирок кыргыздарды убакытты кордоп атат деп күнөөлөй албайсың. Кыргыздын кызыкчылыгы өлүм-житим менен чектелип калган да. "Дүйнөнү көрүп, тааныйын" деген кызыкчылык аз, "кызымдын себин берейин, кудам ооруп атыптыр, көрүп келейин, баланчага кошумча берейин" деп көр-тиричиликтин кызыкчылыгы менен тоонун ичинде камалып калган да…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Башка улуттагыларга караганда кыргыздар убакытты туура пайдалана албай жаткандай сезилебиз да. 16 жылдын ичинде кандайдыр бир жылыш болуш керек эле да, а биз ошол бойдон жатабыз.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Убакыт деген билинбей эле өтө берет экен да. Мына Сукем экөөбүз эмки жылы элүүгө чыгып калабыз.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Убакыттын көбү Фрунзенин "Сары-Челегинин" жанында өтүп кетпедиби? Ал кезде Советтер союзунун идеологиясы башкача болчу да, улуттарды кандайдыр бир нукта кармап туруу керек эле. Анан сенин эң чоң кыялың Москвага барып окуу, же ЦКда иштеп калуу болчу. Мындайча айтканда, чоң дүйнө ошону менен чектелчү. Анан менин таң калганым, Бейше Акунов деген акылман киши "убактымдын көбү эле окуу менен өтүп кетти" дейт. Анан азыр жашы 70тен өтүп калыптыр, "күн сайын келип математика, астрономияны ачмайын уктай албайм" дейт. Бул жерде ал убактысынын көбүн дүйнө таануу менен өткөрүп жатат.
Df- Каныкей айым, сиз саат-сааты менен так жүргөндү билесизби?
Каныкей ЭРАЛИЕВА: - Жок, меники нак кыргызча. Кээде жакшы эле тырышам, мынчада минтем, мынчада тигинтем деп. Баары бир болбойт. Кээде пландаштырган нерсем кайра бир топ артка жылып кетет. Саат-сааты менен жүрүп, убактысын үнөмдүү пайдалангандарга аябай суктанам.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Кыргыз өзү аябай эркин эл болгон да. Аларда убакыт деген шашке, бешим, түшкө маал, кечинде эт жеген маал деп эле ченелген. Кудай берген эл деп ойлойсуң бир жагынан, кудай эмнени берсе ошого ыраазы болуп, топук кылып жашап жүрө берген. Чоң байлыктарга умтулган эмес.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Көчмөн элдин турмушу ушундай болгон да, булар байлыктан сырткары болгон. Ашыкча сүйрөп жүрө турган нерсени алар ыргыткан. Мисалы, боз үйдү кара, көчкөнгө оңой, бир жерден экинчи жерге оңой жылат. Анан аларда убакыт деген кенен, ошондон улам жамбаштап жатып ырдап, жыргап, ыр жазып калса керек.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Мен Шакем менен Жокеге суктанам да. Булар убакытка байланбай ушул калыбында калыш керек. Убакытка байландың дегиче булардын чыгармачылыгы өлөт. Мисалы, мен убакытты үнөмдөп балдарды багам, Би-би-синин берүүсүн жасайм, көркөм кеңешке барышым керек, семинарга барышым керек деп атып чыгармачылыгым калып калды. Баары бир бир нерсени курмандыкка чалышың керек да.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Мен жанагы ойду улантайын дедим эле. Кыргыздын чындыгында убактысы кенен болгон, ошон үчүн "Манасты" жараткан да. Ушунчалык эркин эл болуп, жайлоодо жашагандыктан ушундай улуу чыгармалар жаралган.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Азыр дүйнөлүк ааламдашуунун толкуну кирип келбедиби, ошондо биз, кыргыздар шылуундарга жемибизди жедирип алдастап калып жатпайбызбы. Убакыт бул шылуундукту талап кылат да. Көп кишини сурамжылаганда бир дагы киши "убактым кенен" деп айткан жок. Көчөдө турган кишилерден сурадык, "эптеп эле кеч кирсе, мындай кино көрөт элем" дегендер да бар экен. Акүйдөгү адамдарды да сурадык, алар да убакыттын айынан элден бөлүнүп калышыптыр. Бизнесмендерден бир эле Чыныбай Турсунбеков "менин убактым баарына жетет, бирок андай болгонуна эки жыл эле болду" дейт. Баары менеджменттен көз каранды экен да, ишти кыймылдата турган орундарга жоопкерчиликтүү кишилерди коюп койгон экен. Батышта убактым жок эле деп демалыш күнү келип иштегендерди "ой, бул иштерман турбайбы" деп баалабайт, "бул иштей албайт экен, убактысын сарамжалдуу пайдалана албайт экен" деп күнөөлөшөт. А кыргыз болсо чачкын жүрө берет, түшкө чейин эс алып, түштөн кийин иштеп коюшу мүмкүн.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Илгери редакцияга Абдылда Белеков бир күн жумушка келиптир, келсе эле эч ким жок. Эшиктин алдынан вахтадагы кемпирден сураса "бүгүн алтынчы күн да" деп жооп бериптир. Күндү санабаган да адамдар бар да. Улуу гений Гете айткан экен, "Убакыттан торко токуп, мен Кудайды баштан аяк кийгиздим" деп. Убакытты Шакем жакшы пайдаланды, 10го жакын китеби чыкты…Бул деген убакытты туура пайдаланганынын жемиши да. Станоктой иштеген киши да бул. Убакытты туура эмес пайдаланам деп айтып атпайбы, эң туура пайдаланган ушул киши. Биз ушакташып, бакылдашып сүйлөп отурсак да , ал иштей берчү.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Мен убакытты Султандай пайдалана албайм, бул жагынан ал кыйын экен.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Түркияга барып келгенде бир бакырды, Англияга барып келгенде бир бакырды "Кыргыздар жалкоо, киши деле эмес экенсиңер. Түрктөрдүн бештеги баласы чатыңан чуркап чыгып чай алың, чапан алың деп жаныңды койбойт. А биз болсо, түү…" деп. Анан биз айттык "ой, Сукө, жөн, бир жумадан кийин эле кыргыз болосуң" деп.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Жоке айтып атпайбы, убакытты туура пайдаланып мынча китеби чыкты деп. Менин чыгармачылыкка келгенге чейинки турмушум бүт квартираларда, орустардын үйүнө көчүп-конуп өттү. Анан ушундай нерсеге туш болдум, менин кабинетим же атайын бөлмөм болгон жок. Бир эле үйдө телевизор иштеп, балдар чуру-чуу түшүп көрүп отурушат. Ошол бөлмөдө жеңеңер жаш баласын уктатып атат,муздаткыч иштеп атат, мен болсо терезенин жанына туруп, дипломатты тиземе коюп алып макала жазчумун, ыр жазчумун. Кийин ошол адат болуп калыптыр, кийин Акаевдин берген 5 бөлмөлүү үйүндө жашасам да, ошондой ызы-чуу жерди издедим. Мен ызы-чуу жерде жакшы жазат экенмин, азыр концерт болуп атса да иштей берем, адашпаймын. Адам көнөт экен да. Ар бир элдин өзүнө мүнөздөмө берип атпайбызбы.
"Казакты комуз берип сөзгө кой,
Орусту мылтык берип чекке кой,
Кыргызды кымыз куюп этке кой" деген кыргызда бир сөз бар го. Бул жалпы улутка берген мүнөздөмө. Ошол сыяктуу ар бир элдин убакытты пайдаланган бир эреже сыяктуу бир нерсеси болот экен.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Мен окурмандардан суранат элем, убактысын ким кандай кааласа корото берсин, кааласа уктап жата берсин, бирок күттүрүп келбей койгон, же кечигип келген адаттарын таштасын. Бир аял жасанып чыкканча аны 15 адам күтүп турат кээде. Так болсок жакшы болот эле.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Билимдүү адамдар убакытты жакшыраак пайдаланат окшойт деп ичимден ойлойм да. Мисалы Жоке Гетени жакшы билет. Султан дүйнөлүк журналистиканын уңкул-чуңкулун жакшы билет. Булар КТРден кайсы берүүнү канчада көрүү керек экенин билишет. А мен болсо билбейм дагы, баарын тандабай эле көрө берем. Китептин да баарын окуй берем, анан аягында "Эмнеге окудум муну, убактымды коротуп" деп калам.
DF: - Жолдош байке, сиз эрте менен турганда ойлоносузбу, "Бүгүн эмне кылам" деп?
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Мен мончого баргандан башкасын ойлонбойм.
DF: - Бир жума мурда мончону эле ойлонот. Отуруп алып ар кимге телефон чалат, "мончого барасыңбы?" деп.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Жамин Акималиев экөөбүздүн командабыз бар, он беш киши. Жума сайын демалыш күнү мончодон жолугуп, саясаттын баарын ошол жактан сүйлөшүп, бири бирибиздин аркабызды жышып берип, айда бир жыргайбыз.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Башка жакка барып кайра келгениңде Кыргызстанда убакыт токтоп тургандай сезилип кетет да. Баары камырабай басып жүрүшөт. Кура турган курулуштарды куруп салып, анан "дагы эмне кылсак, ыя?" деп жүргөндөй сезим калтырат.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: -Айтматовдун чыгармаларын которуп жүргөн бир немистин жазганын окуп алып таң калгам, ал Фрунзеге келип кеткенден кийин жазыптыр "Фрунзеде кишилери да, троллейбустары да жайбаракат жүрөт экен" деп.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Бирок биздин ошол жайбаракат турмушубуз бузулду да азыр. Глобализация деп азыр жан талашкан заманга келдик. Мурда айылга барып эс алып келчү элем. Азыр барган үйүңдүн жанталашып атканын көрөсүң. Анан ошол үйдүн жашоо-турмушун карап туруп кантип эс аласың? Эс ала албайсың.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Элдин көпчүлүгү күтүү абалында. Тобокелге салып, мындай кылайын деген адам аз. Айрыкча, Советтер союзунун убагында жашап калгандардын психологиясына сиңип калган. Андан кийинкилер убакытты туура пайдаланып татырактап атышат. Бизден улуу муундар жакшылык эртең болуп кетеби деп күтүп эле отурушат. Анан убакыт өтө тез өтүп атат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Кээде өзүңдү бүгүнкү доорго кереги жоктой сезип кетесиң. Өткөн доордон бүгүнкү доорго ыргытып таштаган бир буюму катары сезесиң да өзүңдү. Бүгүнкү доор менен аралашып кете албасаң, анан өмүрүңдүн баары өткөн мурдагы доорду эстейсиң, кайра кура албайсың, колуңдан келбейт.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Мен ушул убакыттан пайдаланып Каныкей айымдан сурап алайынчы, азыркы ырчылар тойдон тойго чуркашат экен. Бир-эки номерди аткарып коюп эле дагы шашып жөнөшөт. Тойдон тойго үлгүрөйүн деп атып, азыркы ырчылардын убактысы тартыш.
Каныкей ЭРАЛИЕВА: - Бизди деле туура түшүнгүлө, ушул заманда чыгармачыл адамдарды ойлогон эч ким деле жок. Азыр Кыргызстандагы маданият урандылардын астында калган адамдай да. Мурда биз тойдо ырдагандан уялчубуз, намыстанчубуз. Концерт берип шабашка кылып жүрөт деген сөздөн арданчубуз. Анда биз концерттен түшкөн акчанын өкмөткө 60%ын берип, калганын өзүбүз алчубуз. Бизге эчтеке артпай, айла жок бир аз билеттерди үтүктөп чыкчубуз да. Билеттериң саргайып калганда, аны өткөргөндөн уялып "билип калса эмне болот?" деп кыжаалат болчу элек. Ал кезде өкмөт ырдай турган ырларыбызды угуп, көркөм кеңештен өткөрүп туруп бизге жолдомо берчү. Азыр ким эмне ырдап атканы менен эч кимдин иши жок. Менин арданганым интернеттен эле түрктүн, орустукун, өзбектикин, бразилияныкын, дагы башкалардын ырларын көчүрүп алып эле ырдап атышат. Кыргыз жыттанган ырлардан арданышабы, билбейм. Маданият адамдарына көп көңүл бурулбайт азыр. Анан айла жок "Той чыгабы, чыкпайбы" деп кулак түрүп каласың.
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: - Мындан бир он жыл мурда бирөөнүн эшигинин алдында туруп "атаңды чакыр" десем, кичинекей бала "Ата, ата, сизди бир киши чакырып жатат" деп айтса, жаман ардангам, киши болуп калдымбы деп… "Эх, чиркин, бүгүнкү күн кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу" деп Алыкул Осмонов айткан экен. Ушул киши ар бир күнүн барктап жашаган экен да. Ушул киши ооруп отуруп, эртеңки күнүм кандай болот деп, аткан таңдын, баткан күндүн кадырын билип, убакыттын кадырын билип жашаган окшойт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: - Чолпон айтып кетпедиби, күндөр тоголонуп эле өтүп атат деп. Мезгил деген ошондой тоголонуп өтө берет экен да. Убакытка маани бербеген, саатын санабаган кишиге жай эле өтүп бараткандай сезилет экен. Бирок азыр, айрыкча жаштар убакыттын кадырын билип, ары-бери чуркап, жанталашып атпайсыңарбы?! Жаштар шашып эле жүрүшөт. Мисалы, жаштар бат чоңойгусу келет, бат эле эртең болсо экен дейт. Ошолор үчүн азыр жашоонун ритми башкача болуп калды. Бул жагы балким жакшы нерседир. Мен дагы бир нерсеге арданам да. Өзүбүздүн жерибизде өзүбүздү кожоюн сезбесек. Кыргыздардын дагы бир жаман жери өзүн өзү кордойт да. Бизде намыс, ар кайда деп түтөйсүң…Казактарга барып өзүбүз кул болуп берип атпайбызбы. Казакстанда "Оштук кыргыз сатып алам" деген кулактандыруулар кадыресе көрүнүшкө айланды. Ошентип казактын байлары манчыркап турса, күйбөгөн жериң күл болот да. Билими жок болсо кул болот да. Мектептен мечит көп салынып атса, кыргыз мечитке барып деле жыргатпайт. Бая күнү бир кыргыз пакистандыктардай болуп узун көйнөк кийип алыптыр. "Каяктан болосуң?" десем, "көлдүк" дейт. "Ата-бабаң ушуну кийчү беле?" десем "Мухаммед пайгамбар кийген" дейт.
Султан ЖУМАГУЛОВ: - Шакем айтып атпайбы, улуттун атын айтканда анын образы элестелет деп, биз жалкоо, оозундагы жемин тарттырган, убактысын бекер короткон эл катары калбайлы дегим келет да. Глобалдашуу деген желмогуз баарыбызды аралаштыра турган болду. Кыргыздар качан Американы көрдүк эле, мисалы. Кээде биз эл кылган, бизге аралашып жүргөн эле майда-чүйдө элдер "кыргыздай болуп жалкоо болуп кал" деп каргайт тура. Ошондо мен кирбеген жерге кирип кетким келет да. Кыргыздар-биз укмуштай бактылуу элбиз да, 30 миллиондуу элдердин мамлекети жок жүрсө, 3 миллион элдин мамлекети бар. Ошондо деле жемибизди тарттырып, майда элдерге күлкү болуп жүрөбүз. Майда-чүйдө көртирилик менен эле алек болуп жүрө бербей, чоңураак бир нерселер менен да алек бололучу деп айткым келет.
Df: -Урматтуу коноктор, убакыт коротуп, ушул жерге келип баарлашып отуруп бергениңерге рахмат. Чыгармачылыгыңар өркүндөп, көрөңгөңөр байый берсин демекчимин. Башкага убакыт тартыш болсо да, чыгармачылыкка убакыт дайым табылып турсун демекчибиз.
Даярдагандар Дилбар Алимова,
Чолпон Орозобекова

(Уландысы 13-бетте)




  Айымдардын асем арагы

"Шпилька" АКШны багындырууда
Төрт айдан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн арак америкалыктарды багындырууда. Тагыраак айтканда, АКШда "Шпилька" айымдар арагы же Америка варианты боюнча "Stiletto" чоң суроо-талапка түштү. "АрВин" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Шпилька" арагынын АКШны багындырып жатканынын тарыхы жөнөкөй эле. Өзүнүн продукциясын чет өлкөгө алып чыгууну каалаган башка компаниялардан айырмаланып, "Шпильканы" өндүрүүчүлөр АКШга чыгабыз деп ойлогон деле эмес. Жөн гана бир жолу компаниянын кызматкерлеринин бири америкалык досун сыйлап атып "Шпилькадан" куюп берет. Тагдырдын жазганыбы, ал кишинин кошунасы Америкага алкоголдук ичимдиктерди ташуучу адам болуп чыгат. Ал ичимдиктин даамын татып көрөөрү менен эле жердештерине да жагаарын дароо түшүнгөн.
Ал киши жаңылышкан эмес экен. Анткени бүгүнкү күндө "Stiletto" Луизиана штатынын ири супермаркеттеринин көркүнө көрк кошуп турат. Жакынкы айларда болсо Миссури, Флорида, Оригона жана башка штаттарында да пайда болот. Бир бөтөлкөсүнүн баасы 40 доллар туруп, элиталык ичимдиктерге кошулганы кубандырат. Алыскы Кыргызстандан келген арактан америкалык бармендер сыймыктануу менен ар кандай коктейлдерди жасап жатышат. Бул "Шпильканын" Жаңы Дүйнөгө болгон жеңиштүү кадамдарынын башталышы гана. Ичимдикти ташып аткан "Stiletto brands" компаниясы жакында бардык штаттарынын жашоочулары "Шпильканын" даамынан ырахат алып калышат деп ишендирет.
Рынокту багындыруу менен эле чектелбеш керек. Эң башкысы, рынокто өз позициясын жоготпой, туруктуу болуу. Ошондуктан, азыр "АрВин" компаниясына "сапаттан дагы, ойлоп табуудан дагы" тайбаш керек деген тапшырма жүктөлгөн. Экинчи пункт боюнча кыйынчылык жок, анткени "АрВиндин" арсеналында классикалык эле даамдагы эмес, жалбыздуу, ванильдик жана шокалад даамындагы арактар бар. Ал эми сапаты жөнүндө сөз кыла турган болсок, көпчүлүк учурда продукт кандайча каражаттар менен өндүрүлөөрүнөн көз каранды болот. "АрВин" ЖЧКсы бүт бойдон кол эмгегин алмаштырган заманбап каражаттар менен иштейт. Жаңы электрондук тыгыздыкты өлчөөчү каражаттын эки өлкөнүн стандарттары боюнча арактын күчтүүлүгүн өлчөшү аябай маанилүү. Бул факт башында биздин "Шпилька" кабылган кыйынчылыкты жокко чыгарды.
Мындай жаңы кымбат каражатты сатып алуу үчүн сапатты ойлогон өндүрүүчү акча аябайт. Жакынкы күндөрдө "Stiletto brands" компаниясынын өкүлү Рэй Эдвардс жана АКШда "Шпильканы" жайылтууга жылына 10 миллион доллар бөлүп турууну каалаган америкалык бизнесмен Рэй Вулдридж Кыргызстанга келип кетти. Муну менен "Stiletto" айымдардын арагынын Америка менен Кыргызстанда алдыңкылардан болушуна америкалык тарап да кызыкдар экенин билүүгө болот.

Изат Дүйшеева












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!