Коомдук-саясый гезит
№08, 19.02.08-ж.






  Күлкүлятор

Төлөгөн Карыкеевден
Элемент: 9999
Ысымы: Аял
Белгиси: Кыз
Алгачкы ачкан киши: Адам
Атомдук салмагы: 60 кг; ошондой эле 40тан баштап 250гө чейинки изотоптор да кездешет
Таралышы: Кеңири таралган
Физикалык касиеттери:
Тийип койсоң, ийип кетмейи бар
Өзүнөн-өзү буркан-шаркан болуп кайнап чыгып, кайра эч себепсиз муздап калмай касиеттерге эгедер
Кеңейүү коэффициенти: жыл өткөн сайын ашканадан бөлөк мейкиндикти толук ээлей баштайт
Химиялык касиеттери: Au , Ag , Pt жана башка баалуу металлдар менен катышы ийкемдүү
Өтө чоң өлчөмдөгү жансыз нерселерди кымбатына карабай сиңирип кетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ
Туруп-туруп эле тарс жарылып кетиши мүмкүн
Эртең менен радио, түшкө маал бузук телефон, кечинде бир эле канал тарткан телевизорду көрсөтүп, өзгөрмөй касиеттери күчтүү өөрчүгөн
Колдонулушу: кооздук максатта кеңири колдонулат
Тазалап-ирээттөө иштеринде өтө ишенимдүү каражат катары жакшы белгилүү
Стрессти жоюуга жана эс алууга чоң көмөк берет
Ички касиеттери: жакшы сөз укса ичи ысып чыкмай, кулагын түрмөй адаттары тез-тез кармап турат
Сактануу чаралары: тажрыйбасы жок эменин колуна түшүп калса, өтө коркунучтуу. Бир экземплярдан ашык кармаганга болбойт. Бир нече экземплярды асыраш үчүн ар бирин ар кайсы адресте кармаш керек. Болбосо, ортодон от чыгып, өрткө айланып кетмей опурталы бар. От алмайы күчтүү үлгүлөргө "Огнеопасно!" деген белгилер жабыштырылган.




Чебурашка шаша-буша крокодил Генага кирип келет да:
- Гена, Гена! Шапокляк шатыратып тууп салыптыр… Мен өзүмдүкүн бүт чөктүрүп таштадым, сеники болсо чөкпөй атышат, өзүң барып бир жаңсыл кылчы…- дептир.

Студенттик турмуштан: "Адегенде сессияны тапшырайын, андан кийин бөтөлкөлөрдү тапшырайын".

- Ата, мени мектептегилер "Чоң баш" деп шылдыңдап атышат.
- Көкжелкеге бир чаппайсыңбы!
- Качып кетип атышпайбы.
- Кууп жетпей жаның жокпу!
- Алар өткөн жерден мен өтө албай калып атпаймбы.

Эки чөнтөкчүнүн сөзүнөн:
- Биздин укугубуз көз-көрүнөө тебеленип, өлкөдө башаламандык, мыйзамсыздык күчөп баратат, байкадыңбы?
- Анча эмне болуп кетти?
- Кечээ, троллейбуста көзайнекчен пенсионердин чөнтөгүнөн акчасын алып чыкканча, абышка манжамдагы алтын шакекти сууруп кетиптир.

- Дипломатия деген эмне?
- Дипломатия деп, колуңа муштумдай таш урунганча "Жакшы ит…Акылдуу ит… Жат, жат дейм!" деп алаксытып алдамай жөндөмдүүлүктү айтабыз.

Оорулуунун энеси врачка:
- Сиз бул кагазыңызда өтө эле көп акча жазып коюпсуз го?
- Кудайды карасаңыз боло, алдагы башы таз уулуңузга он эки жолу келбедимби!
- Өзүңүз да кудайды карасаңыз, менин уулум деле бүт классына тазын жуктуруп, сизге жакшыле пайдасы тийбедиби!

Эки катындын сөзүнөн:
- Мен деле түзүк катынмын. Менин деле бирөөгө боорум ооруйт. Мына, бүгүн эртең менен бир кембагалга бекер эле элүү сом бердим.
- Койсоңчу калпыңды! Эриң эчтеке деген жокпу?
- Деди! Ырахматын кайта-кайта айтып, сүйүнгөн боюнча самогон ичкени кетти!

Колтуктан ылдый матасекил айдап келаткан битти киндик туштан бир сирке кол көтөрүп токтотот экен:
- Кашатка чейин ала кетесизби, байке?
- Мейли, отур! Касканы баса кий! Кашатта гаишниктер жол тосуп турушат, сыгып салбасын!

Улуу жазуучу Ч. Айтматов илгери футболду катыра ойночу экен дейт. Кийин, Люксембургга элчи болуп кеткени футбол ойногонду коюптур. "Эмнеге?" деп сурашса, "Убарасы көп: катуурак тепсең эле Италияга барып түшөт, же Германияга барып түшөт, же Францияга барып түшөт экен" дептир.

Сүйүү жөнүндө талаш жүрүп атат.
- Сүйүү деген адамды төшөккө жыккан оору! - дейт студент.
- Эч кимиси дарылангысы келбесе, кайдагы ооруну айтасың? - дейт врач, - сүйүү деген жумуш!
- Каяктагы жумуш, - дейт инженер таң калып, - эң башкы өндүрүшчү зыңкыйып турса, тойго келгенсип. Сүйүү деген процесс!
- Жапа чеккен жагы жок болсо, эки тарап тең ыраазы болуп атса, кайдан процесс болот?! - дейт юрист, - сүйүү деген искусство, во!
- Күлкүнү келтирбечи, ким каалаганын жасап атса, кантип искусство болсун? - деген экен сүрөтчү, - сүйүү деген илим!
- Кайдагы илим, койгулачы,- дейт ыйламсыраган профессор,- студент жарап атса, мен жарабай атсам!..

Студент физикадан экзамен тапшырып атат.
- Кана, айтчы, суу кайсы температурада кайнай баштайт?
Студент көпкө ойлонуп туруп:
- Кайсы температурада кайнап баштаары эсимде жок, бирок 40 градуска жеткенде аракка айланып кетээрин жакшы билем, агай,- дептир.

Үйдүн ичи караңгы. Аңгыча кыздын үнү чыгат:
- Чеч көйнөгүмдү…
- Мына, азыр…- дейт шашкан жигит.
- Чеч өтүгүмдү…
- Мына, азыр…
- Чеч колготкимди…
- Мына, азыр…
Кыздын үнү ачуулуу чыгат:
- Мындан кийин менин кийимдеримди кийбей жүргүн, уктуңбу?!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!