Коомдук-саясый гезит
№08, 19.02.08-ж.






  Үйбүлөлүк очокто

Коомдук ишмер Накен Касиев:
"Бизде казан-аяк катуу деле кагышып көргөн эмес…"
Накен Касиев менен Марипа Абакированын баш кошконуна быйыл 40 жыл болот. Бир кыз, бир уулдун ата-энеси. Үч неберени эркелетип отурушат. Келиндин ысык чайын ичип, мындан жарым кылым мурда башталган мектептеги сүйүүсүнөн кепти баштадык.

-Накен агай, үйбүлө курганыңыздарга 40 жыл болуптур. Тагдыр сиздерди кандайча табыштырды? Тээ жаңыдан таанышкан кезиңиздерден кеп салсаңыздар.
Накен Касиев: - 1961-62-жылдар болсо керек. Анда мен Атбашынын Акмоюн деген айылындагы мектеп - интернатта окуп жүргөн убагым. Марипа эжең менден эки класс төмөн окучу. Марипа эжеңдин ошондогу келбети көз алдымда. Жашыл пальточон, ак чокойчон, ак кол капчан чырайы келишкен жакшынакай кыз эле. Жакшы көрүп калып, курбулары аркылуу кат жазып жөнөтүп турчумун. Кудай жалгап катыма бир-эки жолу жооп берген, анан ошентип таанышып калганбыз.
Марипа Абакирова: -Жакшы окуган алдыңкы окуучулардан болчу. Ардак тактада сүрөтү илинип тураар эле. Класстык бөлмөбүздүн эшиги бири-бирине бет маңдай карап турчу. Танапис болгондо сүзүшүп калчубуз.
-Таанышкандан кийин сүйлөшүп жүрдүңүздөр да, ээ?
Марипа Абакирова: -Айылда деген менталитет башка. Ал кезде жигит менен кыз ээрчишип баскан уят болчу.
Накен Касиев: -Мугалимдер кыздарга жакындаган, кыздар менен сүйлөшкөн балдарды катуу жазага алчу. Ал кезде эргүү пайда болуп, ыр жазымыш болуп бирдемелерди чиймелеп олтурсам, сен окубай эле ушинтип олтурат турбайсыңбы деп агайым урушкан. Анда кыздарга жакындамак түгүл сүйүү ырларын жазуу опурталдуу иш болчу. 1964-жылы медициналык институтка өттүм. Эжеңер эки жылдан кийин мектепти бүтүрдү. Ош мамлекеттик пединститутка тапшырды. Мен Фрунзеде окуй бердим. Кат аркылуу сүйлөшүп турдук.
-Марипа эже, эмне себептен Ошто окуп калдыңыз?
-Анткени, тайкелерим Ошто иштечү. Анан ошол жактан окуганга жагдай болуп калды. Пединституттун биофагында окудум.
-Анан качан баш коштуңуздар?
Накен Касиев: -Мен анда мединституттун 4-курсунда окучумун. Эжеңер экинчи курста болчу. Планыбызда дагы эки-үч жылдан кийин, мен окууну бүтүп анан баш кошолу дедик эле. Апам катуу ооруп калып, келинин көрүп калсын деп тезинен үйлөнүүгө туура келди. Ошентип, 1968-жылы 2-августта баш коштук. Анда атам менен апам мал менен жайлоодо болчу. Марипаны жайлоого алып баргам. Боз үйдүн босогосун аттап, апам ак жоолугун салган.
Марипа Абакирова: -Келин болуп барганымда кайненем катуу ооруп жаткан кези болчу. Көп өтпөй кайтыш болуп кетти. 38 жашында каза болду. Агаңар сегиз бир туугандын улуусу. Чиедей балдар кароосуз калды, биз аларга баш-көз болдук. Аларга эне ордуна эне болуп, жаш болсок да өзүбүздү жашпыз деп эсептебей калдык. Окутканын окуттук, үйлөнткөнүн үйлөнттүк, күйөөгө бергенин күйөөгө бердик. Кайнилеримдин балдары чоң ата, чоң апа дешет. Кыздардыкы таене, таята деп турушат.
-Бири-бириңиздердин кандай сапаттарыңыздарды жактырасыздар?
Накен Касиев: -Жаш өткөн сайын эжеңдин акылмандык сапатын жактырып баратам. Аялдар улгайган сайын акылман болот. Кеңешин берип турат. Мага караганда токтоороок. "Аял - үйдүн куту" деп бекеринен айтылбайт экен, эжеңер ушул сөзгө татыктуу. Үйгө келген мейманды кабагым-кашым дебей дасторконун жайып, жаркылдап тосуп алат. Айтор, жакшы жактары көп эле.
Марипа Абакирова: -Ишмер. Эң негизгиси жан дүйнөсү таза адам. Калыс, сөздүн туурасын айтат. Калп айтпайт. Анан элдин баарын өзүндөй көрөт, абдан ишенчээк.
-"Казан аяк кагышат, күйөө-аял урушат" дегендей сиздерде казан-аяк кагышкан учурлар болобу?
Накен Касиев: -Кээ бирөө турмушубуз майлуу-сүттүү, абдан жакшы деп айтат, бирок андай эмес. Ар бир үйбүлөдө сөзсүз уруш-талаш болот. Казан-аяк кагышпай койбойт. Жаш кезде казан-аяк кагышып эле жүрчү, эми жаш өткөн сайын кагышпай деле калды. Жаш кезде балдардын тарбиясы тууралуу пикир келишпестиктер болуп калат дегендей. Бирок, бизде казан-аяк көп деле катуу кагышкан жок.
-Таарынышып кеткенде кимиңиздер биринчи кепке-сөзгө келесиздер?
Накен Касиев: -Көбүнчө мен элдешүү кадамына биринчи барам. Анткени, мен табиятыма, кесибиме жараша да боорукермин.
Марипа Абакирова: -Эгерде ал туура эмес кылса, мен көпкө чейин таарынычым жазылбайт. Эгерде мен туура эмес кылсам, анда мен кемчилигимди мойнума алып, кепке-сөзгө келем.
-Бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?
Накен Касиев: -Негизи өзүм жаратылышты жакшы көрөм. Бош убактымды мергенчилик менен өткөрөм. Күзүндө сезон ачылган убакта жолдошторум менен үч-төрт жолу мергенчилик кылып, эки-үч күнгө тоого барып келебиз. Жаратылыш менен көбүрөөк сырдашасың. Жаратылыштын өзүнчө бир сыйкырдуу күчү бар, ошонун бардыгын таанып билесиң. Мергенчилик кылып досторум менен Россия, Европага чейин бардым. Азыр үйдө бош олтурбай, Славян университетинде кафедра башчысы болуп иштеп жатам. Саламаттыкты сактоону уюштуруу кафедрасы деп аталат. Башкы врачтарды, администраторлорду даярдайт. Өзүмдүн тажрыйбамды алар менен бөлүшөм.
Марипа Абакирова: -Менин бош убактым ченемдүүрөөк. Бош убакыт болуп калганда гезит, адабий китептерди окуйм. Андан сырткары, көбүнчө гүл менен алек болом. Убагында суу куюп, топурагын алмаштырып, ооруганын даарылаш керек дегендей. Гүлдөрдү үшүбөсүн деп үйдү жылуулап, жаш баладай карап турабыз.
Накен Касиев: -Кесиби биолог болгондуктанбы, гүлдү абдан жакшы көрөт. 300гө жакын гүлү бар. Кожейкең эмне менен ооруса, сен да ошону менен ооруп калат экенсиң. Чет мамлекетке барган сайын гүлдөрдүн түрүн алып келем. Даниядан, Америкадан, Индиядан, Япониядан алып келген гүлдөр бар. Биздин хобби ушундай.
-Катышып тургудай үйбүлөлүк досторуңуздар көппү?
Накен Касиев: -Досторум көп эле. Чет мамлекетте досторум көп. Министр болуп турганда көптөрү менен таанышып алака түзүп калганбыз. Данияда, Америкада, Россияда досторум бар. Россиядагы Ярославлдын губернатору Анатолий Иванович Лисицин менен таанышканыбызга көп жыл болду. Ал азыр Госдумада депутат, чыныгы жан достукка татыктуу адам. Ал мага жылына 2-3 жолу келет, мен ага барам. Кимиси чыныгы дос, кимиси өз пайдасы үчүн жүргөнү кызматтан түшкөндөн кийин көрүнүп калат экен. Үч жылдан бери кимдин ким экени билинди, бул турмуштун философиясы экени чындык.
Асел СТАЛБЕК КЫЗЫ




  Бильярд боюнча "Алтын кий" мелдеши өттү

Күмөндөрдү Бек жеңип алды
Атактуулардын арасында "Алтын кий" деп аталган бильярддык мелдеш болуп өттү. Оюнда Күмөндөр Абылов, Бек Борбиев, Эрмек Мойдунов, "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында министрдин ролун аткарган Памир Сооронкулов, Мирбек Атабеков, Жаныбек Аттокуров, Темир Бирназаров жана башкалар күч сынашты. Мелдешти буга чейин атактуулардын арасында бокс боюнча "Көк жал" мелдешин уюштурган Ильяз Адамов өткөрдү. Бул жолу атактуулар бильярддын "Москва пирамидасы" деп аталган түрүн ойношту. 18 катышуучунун арасынан жарым финалга Бек Борбиев менен Памир Сооронбаев, Күмөндөр Абылов менен Кабыл Бөрүбаев чыкты. Финалда болсо Бек менен Күмөндөр ойноп, Бек Борбиев жеңип кетти. Бек Борбиевге колго ыңгайлуу болуп жасалган кий менен "Миң кыял FM" радиосунун кубогу тапшырылды. Экинчи орунду ээлеген Күмөндөр Абыловго болсо бул радио тарабынан беш миң сомдук рекламалык колдоо көрсөтүлмөй болду. Адамовдун айтымында, сынак муну менен эле токтоп калбайт. Эмки жолкусунда "Америка пирамидасы" боюнча ат салышуу болмокчу. "Эмки оюнду ырчылар менен саясатчылар ортосунда өткөрөйүн деген жакшы оюм бар" дейт Ильяз Адамов. Саясатчылардан болсо бильярдды Кабай Карабеков, Мелис Эшимканов катырып ойноорун айтып жүрүшөт. Демек, Бек Борбиев эмки мелдеште саясатчылардын бирине уттуруп, кубогун алдырып коюшу да ыктымал.

Дилбар АЛИМОВА,
Бегимай БАКАШЕВА











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!