Коомдук-саясый гезит
№07, 14.02.08-ж.






  Кубанычбек ИСАБЕКОВ, ЖК вице-спикери:

"Атамбаевдин келишимин айласыздан колдойун дегем"
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жактырбай, аны кароо мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу чечимин чыгарды. Вице-спикер Кубанычбек Исабеков болсо бул келишим кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет деп билдирди.

-Кубанычбек мырза, алгач бул келишимдерди ратификациялоого эмне үчүн каршы болуп жатканыңызды түшүндүрүп берсеңиз?
-Мен Кумтөр жайгашкан Жетиөгүз районунун Жаргылчак айылында төрөлүп өскөм. Бир топ жылдан бери мен булардын аркасынан көп материалдарды карап, окуп жүрөм. Булар менен мурун сегиз жолу соттошком. Жер салыгы боюнча булар 65 млн. төлөгөн. Андан сырткары бийик тоолуу коэффициент боюнча соттордун чечимдери менен 6 млн. доллар төлөгөн, анын ичинде социалдык төлөмдөр. Бул бир жылдагы төлөмдөрдүн эсептери.
Өткөн жылы мамлекеттик комиссия түзүлгөн, өткөн парламентте алтын боюнча да комиссия түзүлгөн. Мен мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болчумун. Мурунку Танаев кол коюп кеткен 2003-2004-жылкы келишимдер менен биз 67 пайыздан 33 пайызга түшүп калганбыз, бирөөлөрдүн кызыкчылыгы менен 33 пайыздын 18 пайызы арзан баа менен сатылып кеткен. Бул мамлекеттик комиссия менен ошол убактагы премьер-министр Атамбаев түзгөн эксперттик топ иштеген, анын ичинде депутаттар да бар эле.
Мен Атамбаевдин келишимин айласыздан колдойун дегем, айтып аткан "мейли, канчалык болсо дагы жок дегенде 15 пайыз бизге кошулат экен, алтындын баасы өсүп атат, бул жакшылык алып келет го" деп. Ошол эле маалда мурдагы күнү өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү менен сүйлөшүп, биздин комитетте да бул иштер каралып атканда кээ бир суроолорума бир-эки өкмөттүн өкүлдөрү айтканы шектендирди дагы, мен кошумча иретте Жогорку Кеңеште документтерди издей баштадым.
Биздин мурунку мыйзам чыгаруу палатасынын эки токтому бар экен, 2003-жылы 20-июнда №12 32 чыккан токтом. Бул жерде ачык эле жазылыптыр "өкмөт Кумтөр боюнча ар кандай келишимге кол койсо дагы, Жогорку Кеңештин уруксаты керек" деп. Бул жерде Танаев мырза муну көзүнө илген эмес. Андан кийинки 2004-жылы 25-июнда №16 94 токтому чыгат. Бул жерде дагы бир жолу жазып атышат, "Танаев баштаган өкмөт элдин кызыкчылыгына каршы келишим түздү" деп.
-Кубанычбек мырза, бирок жайында мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев кайрадан келишим түзгөндө Кыргызстандын акциясы 31 пайызга көбөйбөдү беле. Бул келишимди ратификациялоого сиз эмнеге каршы болуп жатасыз? Менин билишимче президент дагы азыркы парламенттен ушул келишимди тезирээк ратификациялап берүүнү өтүнүп атты эле?
-Мен мыйзам жагына каршы чыгып атам. Танаевдин убагындагы келишим эгерде иштебей калган болсо, биз генералдык келишим боюнча 67 пайызга ээ болчубуз. Өткөн 2007-жылы 10-майда бул фабрика толугу менен Кыргызстандын башкармачылыгына өтмөк. Азыр биз Танаевдин эки келишимин жокко чыгарсак, бул фабрика Кыргызстандыкы болот. Болбосо, жок эле дегенде 67 пайызга биз кайра ээ болгону турабыз да.
-Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Замира Кожобаева, www.azattyk.org




  Алматыдан дубай салам

Эдил Байсалов:
"Менин сыртта жүргөнүм эч нерсени чечпейт"
-Конституцияны жана шайлоолор жөнүндөгү Кодексти кабылдоо боюнча референдумдан соң президенттин образы, имиджи өзгөргөнүнө макулсуңбу?
-Азыркы президент жөнүндөгү пикиримди референдумга чейин эле аныктап алгам. Бакиев уюшкан кылмышкерлерге митинг жасоого мүмкүнчүлүк түзүп берип, бандиттердин "акыйкат сот" жүргүзүүсүнө ал эл алдында кепил сөз бергендиктен, прокуратура ал бандиттерге иш козгоодон баш тартып, ал эми биздин эр жүрөк укук коргоо органдарыбыз менен соттор шылдың болуп шылкыйып туруп беришти. Эсиңиздедир, "реформа үчүн" кыймылынын митинги дал Курманбек Бакиев 2006-жылдын 30 - мартында Рысбек Акматбаевге чыгып, "элдин" "демократияга" ж.б .укугу бар экендигин сүйлөгөндөн кийин башталган. Ал эми Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгып, андан соң 0,5% маанисин капыл-тапыл өзгөртүп, дагы толгон массалык мыйзам бузууларга жол берилгени - бул көрүнүштү "көркүнө" чыгарып турганы болбодубу. Бакиевди бир гана нерсе кызыктырат - жеке бийлик режимин сактап, бекемдөө. Бул жагынан алганда ал Аскар Акаевдин окуучусу катары өз устатынан ашып түштү. Көп жылдап аким, губернатор болуп иштегендиктен, Бакиев "элдин эркин" кантип, кайда буруш куулуктарын мыкты өздөштүргөн.
-Ушул таптагы саясий партиялардын ролу, ээлеген орду кандай деп баалайсың? Менимче, парламентке өткөндөрү да, кулап калгандары да партиялык система түшүнүгүнө доо кетирип коюшту. Биринчилери дээрлик өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргой алышпайт, экинчилери - добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялоого жетише алышканы жок?
- Мен биздин партияларга анчалык басмырлаган баа бербес элем. Кандай болсо да алар шайлоого катышты. Оюн маалында эрежелер бир нече ирет алмаштырылганына, ал эми арбитрлер "кожоюнга" ыктаганында алардын күнөөсү жок. "Ак жол" партиясын жетектеген Бакиевдин Конституцияны ачыктан ачык бузганы, БШКнын бир нече партияларды каттабай койгон акылга сыйбаган чечими туурасында сөз кылбай деле койсок болот. Анткен менен, "Ата Мекен" жана СДПКны бул трагикомедиянын эрксиз катышуучулары болду деп кине таккан деле туура эмес.
Мен ойлойм, алгач ирет оппозиция элдик колдоого ээ болду, "Ата Мекен" менен СДПКга салынган добуштар бир нече эсе төмөндөтүлсө да, бийлик шайлоо жыйынтыгын жарыялоодон коркуп турат. Анткени, жүзмиңдеген активдүү граждандар Бакиевдин саясатына каршы добуш берди. Ал мурда бир ууч сокурлар гана каршы чыгып жатат деп айта алса, эми оппозиция элдик күчтүү мандатка ээ. Көкүйдөгү жыйналышчылардын укуктуулугун моюндабаган адам укуктарын коргоочулардын пикири туура. ЖКга бекитилген "депутаттарга" алардын өздөрүнүн кожоюндары эле ээнбаш добуш берүүгө, сүйлөөгө тыюу салганы фарс, балаган эмей эмне? Баарыбызга түшүнүктүү болуп турат, атүгүл "акжолчулардын" алдыңкы саптагы депутаттары да фракциянын көпчүлүгүнүн чечимине өз таасирин тийгизе албайт. Бул "Алга, Кыргызстан" клону эби келе калса өз кожоюндарын сатып гана эмес, үзүп-талап да жибериши мүмүкүн.
-Кыргызстанга кайтайын деген оюң барбы?
- Менин сыртта жүргөнүм эч нерсени чечпейт. Мен бийликтин балит оюнунда соодалашууга майдаланган тыйын болгум келбейт. Менин абийирим таза. "Кылымдын кылмышкери" деген жардык тагып жабышкандары менен көпчүлүк мага коюлган кине акылга сыйбаган жосун экендигин түшүнүп турат. Кыргызстанга кетсем эле деп турам. Жан-дилим, ой-тилегим бүт Кыргызстанда.

Даярдаган Жолдошбек Зарлыкбеков




  Бийликтин сыйыртмагы

Кара тизмедегилер
Кубатбек Байболов
Бийлик азыр Байболовдордун аркасынан түшүп, Жогорку соттон утуп алган ишин кайра териштирип, бизнесин талкалайбыз деп чамданып аткан кези. Бирок, Байболов бизнесин жоготуудан коркмок эмес. Саясаттан кеттим деген соңку билдирүүсүндө "балдарымдын, неберелеримдин өмүрүнүн жанында саясат түккө турбайт" дегенди кыйытпадыбы. Демек, мүлк маселесин бери кой, бийлик ортого бала-чаканы да аралаштыра баштаган. Биздин редакцияга Байболовдордун ал-абалын сурап көп кайрылышат. Бирок, алар саясаттан кеттим дегенден кийин журналисттер менен да сүйлөшпөй калышкан.

Азимбек Бекназаров
Ревкомдун башчысына каршы кампания башталып аткан убагы. Бийлик Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоштун айласын таппай туру. Ош жана Баткен облусундагы бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү президентке кайрылып, "мамлекетти түндүк-түштүккө бөлүп аткан ушул, муну камаш керек" деп чыгышты. Кайрылууну жазгандар канчалык безеленбесин, артынан Акүйдүн башы кылайып чыгып калып атат.

Өмүрбек Бабанов
Бул жигит шайлоодон катуу "сынганы" аздык кылып атат. Бийлик аркасынан түшүп, эми бизнесине тийише баштады. Угушубузга караганда, кызылдай акчага сатып алган авторыногун тартып алуу аракети башталууда. Бийлик базардын тээ илгерки кожоюну болгон Воробьевди тукуруп, "коркпо, биз сени менен" деп аткан кези.

Өмүрбек Текебаев
Эми бул саясатчы тууралуу кеп белгилүү. Азыркы бийликтин бул саясатчыга өзгөчө айыкпас аллергиясы бар. Басып жыгылайын десе, же аркасында кыйраткан бизнеси жок. Айласы кеткенде, психологиялык атака менен жүдөткүсү келет. "Вечерний Бишкек" гезитине эринбей Текебаевдин үйүнүн телефон номери менен "Охота на козлов" деген жарыя берип турушат. Же "бул үй шашылыш сатылат" деп беришет.

"Мен ишенбейм"
Азыр бийлик жаштар менен күрөшүп атат. Алар "Мен ишенбейм" деген акция менен көчөгө чыгып алышат, бийлик дароо РИИБге салып кетет. Болбой кайра чыгышат, милициялар дароо даяр. "Мен ишенбейм" акциясынын жаштары эртең да сүйүү күнүнө карата "Мен Кыргызстанды сүйөм" акциясын өткөргөнү турушат. Мамлекеттик машина менен камаса да, сабаса да болбой күрөшүп аткан ушул жаштарга баа бердик.

Даярдаган Күнболот Момоконов












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!