Коомдук-саясый гезит
№07, 14.02.08-ж.






  Кара жашиктеги ачкачылык…

Эрнис Кыязов:
"КТРде ушак сүйлөбөсө башы ооруй турган кишилер көп экен"
-Эрнис мырза, Мелис Эшимканов келгенден бери УТРКда өзгөрүү болдубу? Реформаларды ал киши эмнеден баштады?
-Эшимканов бул жакка өзү реформа жасайм деп келген. Анан ал реформаны кандайча жасаш керек деп сурап билүүчүлөр биз болдук. Тагыраак айтканда мен орун басар болуп реформа жасайбыз деген ниет менен кадрдык саясаттан баштадык. Киночу болобу, театр жагында иштеген адамдар болобу, жан талашып ар кайсы жактан кишилердин баарын тарттык. Бирок келгенде эле Эшимканов "Эч кимиңерге тийбейм, балким талантыңар кайсы бир себептерден улам ачылбай аткан болсо ачылып кетээр. Ички ресурсту да колдонобуз. Анан албетте сырттан келгендердин да мүмкүнчүлүгүн көрөбүз" деп айтты. Бул жерде конкуренция болсун деген саясат болду. Көркөм кеңештин курамына сырттан келген кишилер дагы, КТРдин ички ашканасын билген кишилер дагы кирип, улуттук каналдын берүүлөрүн иргеп алышты. Бул көркөм кеңешке продюсерлер да кирген эле, анан алар өзүлөрүнүн берүүлөрүн кантип сындамак эле, балким сырттан келген гана кишилерди коебуз деп, азыр чылкый сырттан келгендер болду. Би-би-сиден Султан Жумагулов, Актан Арым Кубат, сүрөтчүлөр бүт дасыккандар кирди. Анан мен "укмуш долбоорлорду жасап салдык" деп айтпайм. Бирок биз кандайдыр бир аракеттерди жасап, бирин-экин долбоорлор пайда болду. "Түнкү канал" иштеп жатат, "Ата Журтка саякат" деп Кыргызстандын кооз жерлери жөнүндөгү көрсөтүүнү ачып жатабыз. "Улутман" деп Түгөлбай Казаков кыргыздын нарк-насили жөнүндөгү берүү даярдап жатат.
-"Эшимканов кеткени жатат, арыз жазыптыр" деген сөздөрдү уктук. Чын эле Эшимканов кеткени жатабы?
-КТРде ушундай сөздөр жүрө берет экен. Ушак сүйлөбөсө башы ооруй турган кишилер көп экен бул жерде. Мунун баары ушак экенин айтып кетейин. Эшимканов өзү дагы "Муну ким чыгарды" деп таң калды. Дегеле андай сөз болгон жок деди. Арыз да жазган эмес. Мындай ушактарды чыгаруу кимдир бирөөлөр үчүн ыңгайлуу болсо керек да. Мен Эшимкановдун жанында жүрүп байкап жүрөм, ал киши эриккенинен бул жакка келген жок, реформаларды жасайм деген чын ниети бар. Реформа кимдир бирөөгө жакса, дагы бирөөнө жакпайт экен. 1400гө жакын киши бар экен, негизи алар кыскарыш керек. "Силер эскисиңер" деп жыга чапсаң дагы болбойт, "жаңысыңар, силер укмушсуңар" десең анча-мынчалар уят кылып жатат. Бул табигый процесс болуп кетип атат.
-"Кетет экен" деген сөздөр чыккан күндөрү Эшимканов жумушка келбей койгон дешет. Ал каякта жүргөн экен?
-Жумушка чыкпай койбой эле, келип эле жатты. "Келбей койду, таарынып жатат экен" дегендин баары ушак сөз. Ал пикет учурунда президенттин да позициясын билгиси келди го дейм. Президент буга чейин жолугушууда "Мелис, мен сага ишенем, реформаңды уланта бер" деп айткан. Мобу пикет тоскоол болуп жатат. Алар "Эшимканов кетсин" дебей, "бизди кетирди" деп айтса болмок. Аларды штаттан кыскартып эмгек китепчесин колуна берип, кет деп эч ким айткан жок. Биз болгону жаңы эскилер аралашып иштесин деп жатабыз. Болбой эле ачкачылык жарыялап жиберишти, мен ортого түшүп "Талабыңар эмне?" десем, "Кетсин" дегенден башка сөз айтпай койду.
-Негизи ачкачылыкта отургандар эмнеге таарынып жатышат?
-Ачкачылыкта отургандардын башында Бейшенбек Бекешов турат. Анан Алтынбек Жумаев, Каныбек Темиров, Алтынбек Жумаев менен иштешкен жаштар бар, дегеле штатта жоктор да бар. "Эшимканов кетсин" деген талап менен отурушат, Эшимканов кетсе, анда алар президенттин указына каршы чыгып калабы. Бекешов кызматтан түшкөндө суранган "Мелис, менин бир машинам бар, монтаждык столу менен кабинетим бар, "Кыргыз көчү" деген жамаатымды бир редакция кылып койсоң" деди эле, "макул, бирок, бир шарт менен" деген. "Коломтоңду" азыркы деңгээлден бир аз башкачараак кылып чыгасың" деди Эшимканов. Бирок "Коломто" өзгөргөн жок. Январь айында коммерциялык программалардан башкасынын баары көркөм кеңештин чечими менен токтотулуп турду.
-Сиздер ачкачылыкта отургандардын ден-соолугунан, өмүрүнөн чочулабайсыздарбы?
-Чочулайбыз, албетте. Бирок биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин, кандайдыр бир конфликт, нааразычылык болсо сот деген бар. Сотко кайрылышса сот чечип берет эле да. Эшимканов менен Кыязов укпаса, сот чечип бере албаса, башкага айтса үнү жетпесе, анан барып акыркы вариант ачкачылык жарыялабайбы. Баштаганда эле ачкачылык жарыялаган туура эмес да. Азыр булардын мыйзамсыз талабын аткарса, мен ишенип турам, эртең булардын да оппоненттери чыгат да, дагы ачкачылык жарыялайт.
-Кокусунан Эшимканов УТРКнын президенттигинен кетсе, анда сиздин кадамдарыңыз?
-Бая күнү "Эшимканов кетет экен" деген сөздөр болуп атканда, күтүүсүздөн эгер ал кетип кала турган болсо менин бул жерде турушумдун кажети жок деп айттым. Эшимканов Акүй менен кантип сүйлөшүштү, Көкүй менен кантип сүйлөшүштү жакшы билет. Чынын айтканда, саясий да, чыгармачылык да тажрыйбасы кең. Мага бул жерге башка бирөө келсе мен жөн эле марионетка болуп кала тургандай сезилди. Чыгармачылык жактан дагы, адамгерчилик жактан дагы жакын болуп калгандыктан башка келсе мен кетем деп айттым. Мен аны баатырдык кылайын деп айткан жокмун, жөн эле өзүмдүн оокатымды кыла берейин деген эле сөздү айттым.




Бейшенбек БЕКЕШОВ:
"КТРде душмандар иштеген жок…"
Мелис Эшимканов УТРКнын президенттигинен кетишин талап кылган ачкачылык акциясынын уланып жатканына он беш күндөй болуп калды. Ачкачылыкка баш аягы болуп он бир киши катышып жатат. Алардын акыбалын күн сайын доктурлар келип текшерип турушат экен. Тогузунчу күн дегенде ачкачылык отургандардын ичинен бирөөсү эс-учун жоготуп жыгылган. Биз ачкачылык кармагандар отурган Бейшенбек Бекешовдун үйүнө баш багып, аны сөзгө тарттык.

- Бейшенбек мырза, ушул сиздер талап кылып жаткан маселелерди ачкачылык менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечсе болбойт беле?
-Сүйлөшүү жолу менен чечкенде Эшимкановго ишенип болбойт эле. Бириккен улуттар уюмунун аскер күчү сыяктуу эле бир күч келип туруп албаса Эшимканов менен иштешүү мүмкүн эмес. Андай күч болсо деле алар биздин ар бирибизди кайтарып жүрбөйт да.
-Эшимканов келгенден кийин кадр саясаты кандайча жүрдү? Дегеле реформаны баштадыбы?
-Ал жалаң гана өзүнүн кишилерин алып келип койду. КТРдин мурдагы кадрларын таратып жиберди. Реформа деген бул кадр деген сөз да. Реформаны кимдер жасайт? Кишилер жасайт. Кишилердин ичинде да жакшы кадр, жаман кадр болот. Анан жакшы кадрлардын баарын талкалап салса, жаман кадр барып жакшы болгончо, жаш кадр жетилгенче канча убакыт керек. Келип эле кылыч менен чапкандай кылып оңду солду чапкылап жатат, эң башкысы, өзүнүкү эмес кишилерди чапкылап жатат.
-"Бекешовду, дагы башкаларды кызматтан четтетип койсо эле ачкачылык жарыялап жатат" деген да пикирлер болуп атат…
-"Койсо эле" деген сөз эмнеси экен? Мен мисалы "четтетип койсо элеге" татыктуумунбу? Жыйырма жыл ошол жерде иштесем, жатып ичер болбосом, шабашник болбосом, өзүмө кабат-кабат үйлөрдү салбасам, эл үчүн иштеп жатсам. Менден ашык ким көрсөтүү жасап атыптыр? Менден кимиси күчтүү журналист экен, ошолордун ичинде менден жакшы жазып, анализдеп иликтей ала турганы бар бекен? Мени талкаласа, менчелик журналистти даярдап келгенче канча убакыт керек? Мага окшогон көп журналисттерди талкалап салбадыбы?! Балекет болсоң дагы, укмуш берүү жасасаң дагы эфирден чыгарбай койду. Башка берүү жасайбыз дейт. Башка берүү жасагандарды көрүп жатабыз, баягылар эле чыгып жатат. Эшекке алтын ээр токуса ат болобу? Декорация жасап койсо эле оңолуп калбайт да…Эшимканов жөн гана авантюрист киши экен. Мындай кишинин колуна бийлик берүү фашисттик диктатурага алып келет. Кудай сактасын, мындай кишилер мамлекет башчылыгына келбесин. Жетекчинин биринчи кезекте иштете турганы-коллективи. Ошол коллективдин атасы сыяктуу болуш керек, кызматкерлерине баласындай мамиле кылыш керек. Ал жерде душмандар иштеген жок да, Кыргыз мамлекетинин граждандары иштеп жатат.
-"НТРК не "Агым" и не "Пайшамба" деген лозунгду илип алыпсыздар, бул эми болбойт го, эл тааныган гезитти ушинтип жазып алганыңар. "Пайшамба" болсо эчак чыкпай калган гезит.
-Силердин гезит бизди башынан артында чоң кишилер турат деп бизге асылып атасыңар. Ушунча келдиңер эми, айткандарыбызды бурмалабай жазгыла. "Агым" деген принциби жок, бульвардык гезит да. "Пайшамбаны" болсо кандай гезит экенин жакшы билесиңер. Эми КТРди ошолорго айлантууга болобу? КТР мамлекеттик идеологияны пропагандалай турган канал болсо…
-Эсин жоготуп жыгылган ким, анын азыр абалы кандай?
-Шахзада Апсаматова деген кызыбыз тогузунчу күн дегенде эсин жоготуп жыгылды. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө 4 күн эс-учун билбей жатты. Ачкачылыкты токтотууга туура келди эле. Кайра ооруканадан чыгып келип кошулду. Азыр кичине күрүч жесе да ашказаны кабыл албай жатат.
-КТР тараптан акыбалыңыздарды сурап келип жатышабы?
-КТРдин жетекчилигинен бир басып "Сенин акыбалың кандай?" деп бирөө да келген жок. Эшимканов дагы келген жок. Тогузунчу күн дегенде гана мамлекеттик комиссия деген түзүлүп, Султан Раев басып келди. Ал эми биздин КТРдин коллективинин 90%ы ушул жерге келип кетти. Кээ бирлери "биздин атыбызды айтпай эле койгула" деп түндө келсе, кээ бирлери ачык эле келип жатышат. Ал байкуштар да эмне кылсын. Өзүнүн пикирин ачык айтып чыккан кишилер өзү аз эле болот. Биз силер мененбиз дегендер толтура. Укук коргоочулардан Турсунбек Акун келип, телефон чалып турат. Ал биз жөнүндө кабарды президентке жеткирди.

Биздин гезит чыгып атканда УТРКдагы кырдаал жөнгө салынды. Султан Раев башында турган коомдук комиссия ортого түшүп атып эки жакты элдештирди. Мелис Эшимканов бошотуп таштаган 11 кызматкерди тең кайра жумушка алууга макул болду.
Сүйлөшүүлөргө муюгандан кийин Бейшенбек Бекешов тарап ачкачылыкты токтотту.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!