Коомдук-саясый гезит
№07, 14.02.08-ж.






  Эскерме

Биздин декан Сансызбай
(Уландысы. Башы №5 (40) санында)
***
Адабияттан болсо эч кандай эрөөн - терөөнсүз эле "лекциясын" такай 10-класстын "Кыргыз совет адабияты" деген окуу китебинен окуган Чотбаева эже эсте калды. Эже биринчи киргенде эле биз менен таанышып атып:
-Чотбаева деген мен болом. Менин лекциямды үтүр, чекитине чейин калтырбай тытынып жазып калгыла, мындай лекцияны эч жерден, эч кимден таппайсыңар. Болсо бир архивде, бир менде болот, -деп анысын сабак сайын кайталап, жалаң шагырап, ата-энесинен жетим калган, жалаң Кытайга үркүп барып кайра тирүү келген акын-жазуучулардын өмүрбаянын жабыратып жаттата берээр эле. Ошондой лекциялардын биринде эже күтүүсүз жерден:
-Эркек балдар көзүңөрдү жуумп тургула, качан мен ач дегенде ачасыңар, -деп калды. Эч нерсеге түшүнбөй көз жумдук. Дөкөнүн далысына жашынып алып акырын шыкааласам, эжей саймалуу кызыл помбаркыт көйнөгүн төмөн түшүрөм деп алектенип аткан экен.
-Өлүк-канаңды көрөйүндүкү, бул наалатыны жакшы эле кийбейин дейм, кымбатын кыйбайм. Кийсем эле ушинтип аллергик кылып, аягын башына түрүп таштайт, - деп сүйлөнүп атып көйнөгүн оңдоп болду да:
-Көзүңөрдү ача бергиле, лекцияны уланталы, -деп токтогон жерден улап кетти. Ошондон кийин эже сабакка такай атлас көйнөк кийип келип жүрдү.
***
Дагы бир… "Идеологиялык иштердин пропагандасы менен методдорунун илимий негиздери" деген сабак беле же башкасы беле , азыр так эсимде жок, айтор мээ "сындырган" ушундай сабак кире калып (биз окуган журналисттик бөлүмдө алты айында төрөлүп чарчап калган балага окшогон, кийин унутулуп жок болгон кодура сабактар жаман көп эле), андан берген агай зачет менен коркутуп-үркүтүп жүрүп, бир күнү эле бир жак туфлийинин боосун алюминий зым менен байлап келген бойдон дайынсыз жок болду. Ошол агай азыр кайда жүрдү экен?
***
Мындан тартып ушул агайыңар сабак берет, - деп Сансызбай агай шыргыйдай шыңга бойлуу жаш мугалимди бизге таштап баса берди. Агайыбыз күнү лекциясын окуса, күн алыс конспект текшерип, активдүү киришти. Жазбагандарыбызга жалаң "2" коюп, келатып мага жеткенде:
-Сенин коспектиң кана? Дүйшеев, мен кимден сурап жатам?!-деди.
Мен буйдала түштүм. Бирдеме деп шылтоо тапкычакты курсташым Мады:
-Агай, ал Совет министринин Төрагасы Арстанбек Дүйшеевдин бир тууган иниси болот, -деп жиберди.
Асмандап турган агайым боюн жерге кантип таштаганын билбейм, эңиле калды да:
-Эми сизге "2" койгондо болбойт да… Эми сиз мындан кийин мындай кылбайсыз да, деп шашып шыбырап, кайра менин алдымда өзүн күнөөкөр сезип, эмне кылаарын билбей алдастай түшкөн агайды эстейм.
***
Аны биринчи жолу филфактын төртүнчү кабатынан, бири сабактан кетип атса , бир келип аткан студенттердин арасынан көрүп, сессияга келген "заочниктердин" бири болсо керек деп койгонбуз. Башында калпак, анысы да азыраак көөнөрө түшкөн. Шаар көрүп калган интеллигенттер агезде жабыла орус шляпа кийбесе, кыргыз калпак дегенди дээрлик кийишчү эмес. Анын үстүнө "кыргыз калпак" деген улутчулдуктун белгиси болот деп бир кезде ушул эле кыргыз интеллигенттеринин өзү өз улутунун бетине түкүрүп кеткен түкүрүгүн эч ким аарчып - тазалап салганга батынган эмес. "Кыргыз калпак" ашкере "цивилдешип" алгандардын аң-сезиминде алтургай артта калгандык менен көчмөн кыргыздын тарыхтын бүктөмүндө кала турган элеси, эскиликтин символу катары кабыл алынчу. ЦКнын 1-секретары Турдакун Усубалиевич олтурган Акүйдү жандап өткөн жолго түкүрүп койгондун өзү эле эрдик сезилген ал заманда ак калпак кийип жүргөнү андан да эрдик болучу. Бирок аны жөөлөп өтүп, айрымдар окуудан качып калган баласын "восстановить" этиш үчүн келген "чабан"
экен деп да жиберди.
***
Анан көп өтпөй ошол совет системасынын идеологиясын тартып жүргөн арабанын "ок жыгачы" болгон, атын укканда эле жүрөк "зырп" деп, андан ким сабак берээрин укканда ого бетер жүрөк зилдеген "Илимий коммунизм" дегенден бүгүндөн тартып өзү берерин угузуп, угузганда да тээ кызыл өңгөчүнүн артына бир нерсе тыгылып калып, ошондон чыгалбай жаткансыган бир кызыктай үн менен ар кимибизге кайрылып, тикирейе тиктеп, арык костюм-шымы менен маңдайыбызга так ошол "чабан" турду. Көрсө "чабан" эмес эле КМУнун атактуу профессорлорунун бири, тарых илимдеринин доктору Ашымкан Өмүралиев агай экен. Аты-жөнүн угарыбыз менен жүрөгүбүз "шуу" дей түштү. Жогорку курстун студенттери:
-"Илимий коммунизмден" Өмүралиев берсе өлдүңөр! -деп үшүбүздү алып койгон эле. Чындап эле табияты катуу жан белем, акма кулак болуп, жайылып бараткан бизди аттиштей тиштеп, кычкачтай кысты. Өмүрүндө бир китеп окуса, анысынын да аягына толук чыгып көрбөгөн Жаныбек фамилиясы Өмүралиев экенине карабастан өлүмүш болуп калды. Бөк түшүп, окуп кирдик. Бөлөк сабактардан качып - бозуп калган жаныбыз "Илимий коммунизм" дегенде "коммунизмге" бараткансып, өзүбүз эле чуркап калдык.
***
Ошентип биздин курс да мурдагылардын жолу менен капитализмдин көрүн казып кирдик. Анын адамзаттын канын соргон желмогуз, , байлык, бийлик, акча дегенде эч нерседен кайра тартпаган шылуун, жанкечти, жадакалса эне сүтү оозунан кетелек наристе балдарды малай жумшап өтүгүн тазалатып, кордоп, элди бай - кедейге бөлүп, карапайым калкты аеосуз эзген зулумдугун Ашымкан агай канча какшаганы менен капитализм деген жалаңкыч кандай болоорун жакшылап элестей албай эсибиз оогон күндөр далай эле болду. Чындап эле өз көзүбүз менен көрбөгөн соң адамды адам эзүү, теңсиздик, жакырчылык, бай, кедей деген түшүнүктөр мээбизге анча сиңе берчү эмес экен. Ошондо Ашымкан агайыбыз:
-Империализм деген - чириген торт,-дечү.

(Уландысы бар)




  Кетменчен чатак уланууда

Кыргызстанды жылма миграция талкалайбы?
Рая Кадырова, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун төрайымы:
"Баткен облусунан айрылып калышыбыз мүмкүн"
Чегарада паспорттук көзөмөлдү күчөтүш керек. Мисалы, түштүктө таксисттердин ар биринде төрттөн паспорт бар. Кыргыз, өзбек,тажик жана орус паспорту да бар. Жакында аларда кытай паспорту да пайда болушу ыктымал.

Жылма миграция акырындап, бирок ишенимдүү түрдө Кыргызстандын түштүгүн басып баратат. Минтип отурса 15-20 жылдан кийин Кыргызстандын картасы, географиясы бүгүнкүдөй болбой калышы ыктымал.
Миңдеген кыргызстандыктар түштүк дубандардан Орусияга, Казакстанга, Бишкекке жакшы жашоо издеп кетип атышканда алардын бош калган жерлерин, үйлөрүн коңшу мамлекеттерден жылып кирген өзбектер менен тажиктер ээлеп атышат. Алар кыргыз үйлөрүн сатып алып, кыргыз кыздарга үйлөнүп, бирок ошол эле учурда өзүнүн улуттук cалт- санаасын, рухун жоготпой сактап калууда.
Айрым эксперттердин баамында, жакынкы 20 жылдыктын алкагында коңшу мамлекеттердин атуулдары этникалык көпчүлүктү түзүп калат дагы, кайсы бир күнү референдум аркылуу өздөрүн автономия жарыялап алышы да толук мүмкүн.
Тажикстандан кирип келген мыйзамсыз мигранттардын саны боюнча туу чокусу 1991-1994-жылдарга туш келет. 1998-жылдарга чейин мындай жылма мигранттарга эч ким деле көңүл бурган эмес. Ошол жылдары Лейлек районунда жашап аткан 12 үйбүлөнү өз мекенине күчтөп көчүрүшкөн. Алардын бири протест катары үйүн өрттөп жиберген дешет. 2001-жылдан бери Тажикстандан көчүп келгендердин агымы ого бетер күчөдү.
Кыргызстан мыйзамдары чет мамлекеттен келгендерге жер сатып алууга уруксат бербейт. Ал эми үй сатып алыш үчүн юстиция министрлигинен атайын уруксат алыш керек. Бирок, бул тоскоолдуктарга карабастан тажиктер менен өзбектер эч кыйынчылыксыз эле сатып алышууда. Кайсы бир кыргыз көчүп кетип атканын уккандан кийин тажик үйбүлө дароо колуна каалаган акчасын, тил катты берет дагы кожоюн болуп калууда. Кокус текшерүү келип калса, "биз квартирантпыз" деп кутулушат.
Баткендеги тажиктер менен чектеш айылдарда жердин бир соткасы 250-450 доллар турса, Тажикстанда жер алыш үчүн 4000-5000 доллар керек. Ошондуктан кошуна турган өлкөгө опоңой эле кирип(чегарасы деги ачык турса) барып, он эсе арзан жер алып, же ошол эле акчага үй сатып алганды туура көрүшүүдө.
Түштүктө, Фергана өрөөнүндө чегара бул шарттуу гана түшүнүк. Мисалы, үйү Кыргызстандын территориясында турса, дааратканасы же огороду Тажикстандын аймагына түшүп калган болот. Тажикстан менен чек араны демаркациялоо, делимитациялоо иштери бүтө элек, андыктан көпчүлүк жерлерде чегараны белгилеп турган столба дагы, зым дагы жок. Парламенттин экс-депутаты Мурат Жураев кайсы бир сессияда Тажикстанга кыргыз жеринин 600 гектары эчак өттү деп билдирген. Ошол эле учурда тажиктер менен талаш болуп аткан чегарадагы 2 миң гектар жерге тажик бийлиги мектеп куруп, өз алдынча ээлик кыла баштады деп билдирген.

- Түштүктүн элин үйүн, жерин сатат деп айыптагандар бар. Бирок түштүктөгү алардын оор жашоосун моюнга алып түшүнүш керек го деп ойлойм. Жер абдан аз, сугатка суу жок, ал эми ичкенге суу жумасына бир жолу цистерна менен келет. Кээде таза суу жумалап келбей, бир айда бир гана жолу таза суу көрүшөт. Жумушсуздук маселеси да абдан оор. Түрмөдөгүлөрдүн жашоосу менен салыштырсаң, булардыкынан көп деле айырмасы жок. Абактагыдай эле тамак-аш тартыштыгы, инфекциялык дарттар...
- Эгер жашоо ошончолук оор болсо, тажиктер эмнеге биздин территорияга качып атышат?
- Тажикстандагы алардын жашоосу андан бетер оор да. Тажиктер кыргыздарга менчикке ушунчалык жер үлүшү берилет экен деп таң калышат. Тажикстан менен Кыргызстандагы демографиялык абал эки башка да. Мисалы, Баткендеги Арка деген айылды алсак, 11 миң адам жашайт. Тажикстанда ушундай эле территорияда 54 миң адам жашайт. Ошол эле учурда тээ айылда жашаган тажик Душанбеге барса, ал жакта чоочун болуп өгөйлөнөт. Себеби, ал таптакыр башка уруудан келди. Демек, ал борбор калаага ашыкпайт. Андан көрө коңшу турган кыргыздардын бош калган үйүн сатып алганы оңой болуп атпайбы?! Мурдараак келген тажиктер тегерегине тууган-уругун топтой башташты, оорукана, мектепке укук алып, жер-сууну талаша башташты. Ушундан улам чектеш аймактарда "кетменчен" конфликттер чыгууда.
- Эми ушундай окуяларга жергиликтүү бийлик тараптан реакция барбы, кандай аракеттер көрүлүүдө?
- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга барып "көчкүлө" деп эскертишет. Кээде жарыктарын өчүрүп да салышат. Милиция алардын үйлөрүн кыдырып, катталуусун, документтерин текшеришет. Бирок мындай чаралар үзүл-кесил гана көрүлүп жатат. Бийлик тараптан бул багытта так саясат болбой атат. Чегарада паспорттук көзөмөлдү күчөтүш керек. Мисалы, түштүктө таксисттердин ар биринде төрттөн паспорт бар. Кыргыз, өзбек, тажик жана орус паспорту да бар. Жакында аларда кытай паспорту да пайда болушу ыктымал. Тез арада мындай башаламандыкты токтотпосо, Кыргызстандын мамлекеттик бүтүндүгүнө коркунуч келиши ыктымал. Кыргызстан ушул темп менен жүрүп отурса Баткен дубанынан ажырап калышы ыктымал. Айрыкча бул дубанда абал абдан оор. Сох, Ворух анклавдары да элдин жашоосун ого бетер оорлотууда.

Баткендеги тажиктер менен чектеш айылдарда жердин бир соткасы 250-450 доллар турса, Тажикстанда жер алыш үчүн 4000-5000 доллар керек.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!