Ички иштер министрлиги өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатат. Ошентип, ИИМ маалыматы боюнча, отчеттук мезгил аралыгында укук коргоо ведомстволорунун жасаган анализдери көрсөткөндөй, өткөн жылы жасалган кызматтык кылмыштардын саны боюнча айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги эң алдыга чыга келди.
Бул эбегейсиз тартайган министрликте 202 кызматтык жана экономикалык кылмыш иштеринин чүмбөтү сыйрылып, кара жүзү көрүндү. Муну санасак: паракорлук - 3, кызмат абалынан кыянат колдонгону -33, кызматына көңүлкош мамиле жасоо жана кызматтык көз жазгыруучулук - 15, уурдап-тутуу - 86, анын ичинде ири жана өзгөчө ири көлөмдөгү уурдоо - 46. Мындан келди, бул ведомстводогулар кызмат кылбай эле кыйды кылмыштарды жасоо менен гана алек болушкандай таасир калтырат.
ИИМ басмасөз кызматынын маалыматы боюнча, тергелип аягына чыгарылган кылмыш иштерин эсептегенде 10 млн. 954 миң 664 сом зыян келтирилген. Кылмыш жоопкерчилигине 80 адам тартылды, алардын 36сы кызмат адамдары.
Транспорт жана коммуникация министрлигинде өткөн жылы 67 кызматтык жана экономикалык кылмыштар катталган. Анын ичинде паракорлугу - 9, кызматына көңүлкош мамиле жасоо жана кызматтык көз жазгыруучулук - 4, уурдап-тутуу-19. Бул кылмыштардан 415 миң 816 сом зыян тартылып, анын 186 миң сому гана кайра кайтарылды. Кылмыш жоопкерчилигине 42 адам тартылып, анын 14ү кызмат адамдары.
Тизмени улай берсек, бир дагы бир министрлик, ведомство таза эмес экен. Чукуган эле жерден былыктары мөөн-ичегидей чубалып, ирип-чирип эле жатып калып атат. Мамлекетти ичип-жеш жагынан "сенден мен кыйын" деп республикалык деңгээлдеги тымызын "олимпиядада" биринчиликти алган минсельхозго ичи күйгөндөр иттин кара капталынан. Кылмышкер-кызматчылар, министрликтер кырк чородой эле кылкылдап тизилет да, чиркин!

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ




 "Акыйкаттык үчүн" коомдук - саясий кыймылынын билдирүүсү

Экижүздүү бийликтин бетин ачалы!
"Акыйкат үчүн" кыймылы - коомдук саясий бирикме катарында мыйзамдуулуктун, тең укуктуулуктун принциптерине таянуу менен, Кыргыз Республикасындагы карапайым жарандардын кызыкчылыгын колдоо, демократиялык укуктардын, эркиндиктин бийик үлгүлөрүн орнотуу максатында "Мен ишенбейм!" аттуу жаштар кыймылын толук колдой тургандыгын билдирет.
Жаштар кыймылы активдүү аракеттери менен өздөрүнүн граждандык позициясын көрсөтүп, 2007 - жылдын 16 - декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо жүрүшүнүн жыйынтыктарына макул эмес экендиктерин белгилөө менен саясий зиректигин далилдей алышты. Авторитардык режим орнотууга багыт алган аракеттерге каршы чыгуу менен жаштар бүткүл коомчулуктун пикирин ачыкка алып чыгып жаткан күч катары да тааныла алышты.
Укук коргоо органдары "Мен ишенбейм!" аттуу жаштар кыймылынын мүчөлөрүн эч негизсиз кармап, камап, мыйзамсыз айыптарды салууну улантып жатышат.
Мунун өзү бүгүнкү бийлик жаштар кыймылынын кеңейишинен кооптонгонун, жаштардын аракети коомдук аң сезимди өзгөртүп жатканынан коркконун көрсөтүп жатат. Бир катар чиновниктер биздин жарандардын эркин ойлонуусун токтотууга, тынчтык митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө каршы ойго келбеген, Конституцияга төп келбеген токтомдорду чыгарууга аракет кылышып, "Ак үйдүн" саясатына каршы сүйлөгөндөргө карата күч колдонгондон да кайра тартпай калышты.
"Мен ишенбейм!" аттуу жаштар кыймылы Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, эркиндиктин жана адилеттиктин идеяларын бийик туткан адамдардын баштарын бириктирүүчү түйүнгө айланууда. Ошол себептен жарык келечекти максат кылуу менен биз:
-өлкөнү каптап келе жаткан тоталитардык режимге каршылык көрсөтөлү;
- жарандардын саясий укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган азыркы бийликтин аракеттерине тоскоолдук кылалы;
- коомдо таркатылып жаткан экижүздүү, алдамчы, зомбучул жана коррупцияга баткан саясаттын бетин ачалы.
"Акыйкат үчүн!" кыймылы өлкөбүздүн келечегине кайдыгер эмес ар бир жаранды үстүбүздөгү жылдын 14- февралында болуп өтүүчү жаштардын "Мен ишенбейм!" жана "Мен сени сүйөм - Кыргызстан!" акцияларын колдоого үндөйт.
" Акыйкаттык үчүн" коомдук
кыймылынын Координациялык Кеңеши








Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!