Коомдук-саясый гезит
№06, 12.02.08-ж.






  Жуткучтар жана туткучтар

Эсеп палатасынын эсеби.
Тарс жарылып кетпегиле?..
Кыргызстанда эмне көп? Текшерүүчү чиновничество көп. Буларың башын жерге салып алып шурудай тизиле ээрчишкен кумурскаларды элестетет. Финполиция, салык-жыйымдар мамкомитети, анын ондогон бөлүмдөрү, фининспекция, МУКК (чекисттер), ар тармактын өз финтекшерүүчүлөрү … Дурус жаңылык - жакында ИИМдин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы жоюлду. Азыр ИИМде ички структуралык өзгөрүүлөр болууда. Ырасында эле, өтүкчү өтүгүн ултарып, боекчу боегун чылаганы оң эмеспи. Текшерүүчүлөрдүн көзүрү - Эсеп палатасы өткөн жылы өлкөдө канча жеп-жуткучтар болгону туурасында парламенттин комитетине отчетун берди.
Эсеп палатасындагылар "биз аудиттин эл аралык стандарттарына өтүп жатабыз.Улуу Британиянын улуттук аудитордук офиси менен бирге иштешип жатабыз" дешти. Иштегиле, казгыла, жуткучтарды тапкыла. "Пулду көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" дегендей, жегичтер өткөн жылы да жетишерлик болуптур. Лобачевский айткандай: "Цифралар бардык философияңарга так жооп берет". Айталы, мурдагы жылкыга салыштырмалуу былтыр финансы тартибин бузгандар арбыптыр. Былтыр финансы министри А.Жапаров "бюджет эки эсеге байыды" деп улам төш кага бергенин көргөн көмүскөдөгү жегичтер жалбыракка түшкөн курттай бюджетти шабыратып жеп жиберишиптир. Желип - сол чөнтөккө солонуп кетти деген цифралардан баш айланат. 454209,4 миң сом, 6008,1 миң АКШ доллары баасында финансылык жеп-ичүүлөр болгон. Бюджетке кайра кайтарылганы жарытарлык эмес - 230581,3 миң сом, 177 миң АКШ доллары. Калганы дале жегичтердин калтасында.
Эл акчасын жеп жибергендерден 23 адам кызматынан куулуп, 52 чиновник тор артында томсоруп, ар түркүн мөөнөткө кесилиптир. Бул азбы-көппү - өзүңүз таразалаңыз…
Тайманбай-этпей акыйлашып атып минфиндин өзүн текшерген аудиторлор 2612078,1 миң сомду бюджет башында отурган чиновниктер жеп-жутуп койгонун чукуп чыгышты. Мындан бир эле чиновниктин башы сотко кетиптир, калганы аман.
Бажы мамкомитетин текшергендер 67357,3 миң сом желгенин аныктаса, бажычылардын бири дагы сотту кой, айып тартпаган экен. Пулуң болсо - кулуңмун дегендей, жуткучтар туткучтарды паралап жиберсе керек. Кикиморадан бантигин да сураган токой дөөсүнөн бетер, бюджеттен үмтөтүп, дайыма "аз-аз" деп алаканын сунуп турган билим берүү жана илим министрлигинин чиновниктери да эл катарында 158277,4 миң сомду солоп салышыптыр. Катардагы кыйналган турмушта жашаган мугалимдердин убалына карабаган тултук бет финансист- бухгалтерлер ушул тармакта арбыгандан арбып баратат. Бир чиновник иштен алынып, алтоо соттолуптур, болгону ушул.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигиндегилер 50 млн. сомду "оомийин" кылып, тескери бата тартып коюшуптур. Молдонун тилегени - өлүм-житим дегендей, туш-туштан жер титиреп, көчкү көчүп, ошол кырсыктардын тешигин бүтөгүлө деп бюджеттен олчойгон каражат бөлсө МЧСтеги эргулдар 2535 92, 9 миң сом жептир. Кайра "кусканы" - 14373,6 миң сом. Соттолгону бешөө, куулганы бирөө, калганы аман-эсен Ошко көчүп кутулабыз деп турушат.
Минюста 27480, 5 миң сом желип, беш чиновник эскертүү алуу менен кутулду, ИИМде ийнинде чоң жылдыздары балбылдаган "илбериңки" милийса-финансисттер 53124,1 миң сомду "на лево" кылып шарт бурулуп, сол кол менен честь берип коюшуптур былтыр. Жөнөкөй милийсалар бозүйүн тигип алып бозоруп отурган пикетчилерди кубалай албай атса, ИИМдин манектей чиновниктеринин кылыгы бул. Эки эле милийса соттолуптур. Мамкаттоо (Госрегистр) агенттигинде 77 млн. сом солго солонгон экен.
"Акчабыз жок, акчабыз жок" деп жер сабаган айыл өкмөт системасын текшерсе 46 млн сом жеп коюшуптур, тоббо! Эңшерилип атабыз деген энергетика тармагынын 45 объектисин текшерсе 50 млн. сом, 4785,8 миң АКШ долларына "доолдой чепкен" тигип, үйлөрүнүн төрүнө илип алышыптыр. "Кыргызгаздын" 16 объектисин текшеришсе 49 млн. сом тетири "мешке жагылып" кетиптир. Жакалашып жатып, бюджетке кайтарылганы 2 миң сом. Ушундай да зордукчулар болобу?..
Мен учкайлатып дүңүнөн айттым. Минэкономдо, КТРде, ЖКда, көптөгөн ведомстволордо кимдин канча жегени туурасындагы аты-жөнү элге айтылаар кабарлар алдыда. Депутаттар макулдук берсе иши сотко аша турган чоң-орто кызматтагы чиновниктердин тизмесин ЖК комитети карап жатат. Жакында чоң жыйынга алып чыгат.

Жолдошбек АСАНОВ




  Сенатор бурч

Апасын тарткан
Дамира Ниязалиева
Туулган жылы - 22. 01. 1960
Туулган жери -Нарын обл. Жумгал району. Арал айылы
Турмуштагы урааны - "берилип иштегендин бели оорубайт, коркпой иштегендин колу оорубайт" демекчи, баштаган ишти аягына чыгарса, жемиши чоң болот.
Депутат болгонго чейинки кызматы - "Аманат" фирмасынын директору
Депутат болгонго чейинки ийгилиги - Фирманын гендиректорлугуна жеткени
Кыргызстан кайсы жол менен өнүгөт - Демократиялык
Зодиак белгиси - суу пери
Дини -Ислам
Кесиби - провизор
Үйбүлөлүк абалы - жолдошу, 2 уул, 1 кызы бар
Ышкысы -кыргыз күүлөрүн жана ырларын угуу
Жактырган машинасы - джип
Сүйүп жеген тамагы - күлчөтай, плов
Суктанган өлкөсү - Япония, Канада
Эңсегени - элдин жашоосу оңолуп, экономиканын эртерээк көтөрүлүшү
Сыймыктанганы - элге кызмат кылууга ишеним көрсөтүлгөнү
Өкүнгөнү - колдо бар алтындын баркы жоктугу (суу, алтын, электрэнергиясы)
Жашоодогу жетишкендиги - кесиби, үйбүлөсү, балдары, өз күчү менен бутка турганы
Жакшы жагы - ак көңүлдүгү, апасынан калган кеңпейилдүүлүк, колдон келген жардамды аябагандыгы
Жаман жагы - убакыттын тардыгынан анча - мынча кечиккен учурлары
Эмнеге "аллергиясы" бар - көрө албагандарга
Аял кандай болуш керек - мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар, үйбүлөнүн да, коомдун да оорун колдон, жеңилин жерден алган акылман, иш билги болуш керек.
Мырза кандай болуш керек - айтканын аягына чейин чыгара аткарган, сөзүнө бекем турган ...
Адамдарда баалаган сапаты - абийирдүүлүк, адамкерчилик, акыйкаттык
Жан курбусу - жолдошу, бир туугандары
Корккону - бөөдө келген кырсыктар
Ниязалиева такыр жасабайт - жөнү жок сөз бербейт
Ичимдиги - Бозо
Баалаган саясатчысы - В. Путин, М. Тэтчер




  Айткандын оозу жаманбы?..

Бажы сырлары же акыркы үмүт президентте
Ар ай сайын Кытайдан Нарын бажыканасы аркылуу , болжолдуу эсептегенде толо товар артылган эки миңдей жүк ташуучу машине чубап өтөт. Бизнесмен - Кытайдан жүк ташыган сүткорлордун бири "Фергана.Ру" кабар агенттигине кайрылып, бул бажыканадагы үрөй учурарлык коррупция туурасында күйүп-бышып айтып берди. Кыргызстандын бажы ведомствосундагы мындай иштерди кылдат иликтөө, албетте - бийликтин милдеттүү иши. Биз бул материалды жарыялоо менен жалпы иштин жакшырышына көмөгү тиер деген үмүттөбүз.
http:/www.ferghana.ru
-Кытайдан импорт товар ташуу түйшүгүнө аралашып өз жон терим менен сезип көрдүм: ташыган товарлардын документтери жайында болсо да, бажычыларга, башка дагы текшерүүлөргө пара бербеске чараң жок, - деп күйүнөт бизнесмен.
Ким кимди "крышалайт?"
Азияда колмо-колдошуу, коррупция системасы жерге-жээк, урук-тууган менен чырмалышкан. Бизнесмендин айтуусунда, нарындык бажычыларды транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов "крышалайт". Ал эми мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов анын күйөө баласы болот. Кытайдан келип жаткан импорт товарлар өтө турган Нарын бажы терминалынын начальниги Абас уулу Кубан - Н.Акматовдун тууганы. Мындай болгондо, жер-жерде жогорку кызматтарда туугандар чогуу иштегенге тыюу салынган "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзам орой бузулуп жатат.
Бизнесмендин айтуусунча "Абас уулу Кубандын атын укканда терминалдан өтө турган бизнесмендердин, коммерсанттардын сийдиги булут айланып, кокуйлап жиберишет".
Бажыканадагы өзүмбилемдик
Бизнесмендердин айтканынча, 12 жылдан бери Нарын облустук бажыканасында иштеген инспекторлорго ротация болгон эмес. Бизнесмендер менен инспекторлордун ортосунда ынак байланыш болбосун үчүн, мыйзам боюнча, кадрлар ротацияланып турушу керек.
-Президент К.Бакиев мындай бардак акыбал-жагдайды билбейт болсо керек, болбосо эмдигиче абалды оңдойт эле. Мамлекет башчысы элге кайрылуусунда коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн, бажы тармагы жакшы иштей баштаганын бир нече ирет кайталады. А чынында президентке иштин чыныгы жагдайын айтышпайт. Бажы структурасында коррупциялык чырмалышкан схема структурасы бекем орногон.
Бизнесмен айтканын аныкташ үчүн бир нече мисалдарды келтирди.
1. 2007-жылдын 22-октябрында өткөн референдумга чейин кытай-кыргыз чекарасынан өткөн ар бир коммерсант расмий төлөмдөрдөн сырткары, 800 сомдон кошумча төлөп келсе, референдумдан кийинки ставка - 1300 сомго өстү. КЭРден бизге жумасына ар биринде 28 жүргүнчү олтурган атайын 6 автобус өтөт. Бир айга эсептесек, бажычылар алардан 982 миң сом (27 миң доллардан ашык) мыйзамсыз алат.
2. Кытайдан Кыргызстанга айына орточо 2 миң жүк машине өтөт. Чекарада алардын ар бири таразадан өлчөнөт. Жүгүң мыйзамдагыдай 30 тоннадан ашпаса да, каала-каалаба бажычынын чөнтөгүнө 3200 сом салууга аргасызсың. Жалпы эсебинде бажычылар 6.400.000 сом (177 миң доллар) "өндүрүп" алышат. Төлөбөй моюн толгосоң таразачылар ашыкча тонналарды жазып, айып тарттырып, убара кылат. Эч кимге барып даттана албайсың.
3. Нарын бажы терминалында жүктү каттап жатканда ар бир машине үчүн 100 доллардан, анан 2миң сомдон төлөйсүз. Эмнеге? -эч ким түшүндүрбөйт. Тартип ушундай. Акча төктүң деп квитанция беришти ойлоп да коюшпайт.
4. 2007-жылдын декабрынын башында Нарын шаарынын чекебелинде жаңы бажы терминалы ачылып, каала-каалаба ар бир жүк машинени айдап киргизишет. Бул жерде 1,5 миң сом төлөнөт. Мындан сырткары, Бишкекке чейин жүк транзити үчүн деп 750 сомдон чогултушат. Ички трансторттук жолдордо, мыйзам боюнча акча төлөнбөшү керек.
5. Бишкекте да Нарын бажыканасынын терминалы бар. Бул жерде да ар бир машине үчүн 2000 сом төлөтүп алышат. Аный десең аңтарып-теңтерип айлаңды кетиришет.
6. Эгер жүктү Нарындан эмес, борбордо каттоодон өткөрсөң, анда кассага расмий түрдө 160.000 сом (4,5 миң доллар) төлөйсүз. Анткен менен Нарын бажыкана терминалынын начальниги Бишкекте ар бир машине үчүн 1,5 миң доллар талап кылат.
Бизнесмендер бул акчаны аргасыз төлөйт, себеби, жүктү Нарындан растаможка кылуу өтө ыңгайсыз. Бул "төлөмдөрдүн" бардыгы бюджетти кыйгап өткөн акчалар.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!