Коомдук-саясый гезит №05, 07.02.08-ж. |
Кыргыз… Кыргыз..! Ташкул Керексизов: "Мен тарыхты үн аркылуу издеп жүрөм" "Аалам Ордонун" сыры ҮНДӨ, ТҮСТӨ жана ОЙДО жатат" деди. Эң башкы керемети, укмушу мына ошондо, ал эми "Аалам Ордонун" эки чакырымга керилип жатканы, сонун курулуштары, боз үйлөрү, жасалгасы, эл жадабай сурай берчү канча чыгым кетип атканы - анын баары башка маселе"деди . Ойлондум. Бул киши ушу менен эки жолу ҮН деп айтты. Аны менен эмнени айтып жатат? дедим. Аңгыча сырттан жылкылар дүбүрттөп, бүркүттүн чоочуп "шаңк" эткени угулду. "Мен бул жерди жөн жерден тандаган эмесмин. Ысыккөлдүн дал ортосу. Ушул жээкте далай олуялар күлүк чапчу…" деген эле. Демек, Каныкей чапкан Тайторунун үнү тарыхтын кайсы барактарында калса да дал азыркыдай угулмак, демек, бүркүт кай заманда сайраса да, ал - бүркүт. Үнү - Бүркүт. Тарых дейсиң, алардын үнү тарыхтын да ары жагында. Манасты кыргызча жазасыңбы, кытайча жазасыңбы, же таш кылып оюп жазасыңбы, эгер үнүңдү чыгарып окусаң, ал - Манас! Манас! Чыңгызхан дейсиң. Монголсуңбу, сонголсуңбу, үнүңдү чыгарсаң, ал Чыңгызхан деп айтылат. Чыңгызхандын ысымын, тарыхын отко салып өрттөйсүңбү, же аска алдына бастырып саласыңбы, эгерде Чыңгызхан деп үн айтылып турган болсо аны бурмалап, жулмалап, жер бетинен жок кылып кое албайсың. Анткени, Чыңгызхан деп жалбарган жубайлардын үнү, ач айкырык, куу сүрөөнгө салып кыйкырган эрлердин үнү ошол тарыхтын тарамдарында калкып жүрөт. Чыңгызхан-бул чындык. Хан-деген хан. Амур дайрасы дейсиң. Аны өмүр деп өз атынан атамайын тарыхын эзели түшүнбөйсүң. Анын мааниси сага жетпейт. Ал деген амур эмес - өмүр, өмүр! Көрчү, бир нерсенин учугун, караанын эми сездиңби? Сездиң, сезгендей болдуң. Алатоо! Сени тегиздеп салаар кыямат кайымдан кийин да бир тирүү жан табылып, "Алатоо!" деп үн салса, чиркин ай, кадимки Алатоо болуп жараткандын көз алдына элестелип тураарсың. ҮН! ҮН! Үч кылдын үнү. Ээ жолоочум, эмне мынча муңканасың? Же ал тентиген кыргыз жөнүндө бир нерсе айтып жатабы..? Жеңишбек ЭДИГЕЕВ
| |
|
|