Коомдук-саясый гезит
№05, 07.02.08-ж.






  Dfспорт

Ү. Кудайбергеновдун элесине арналат
"Байтик Ата" спорт маданий ордосу бул өмүрдөн өтүп кетишкен маркум Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев жана Баяман Эркинбаевдин жаркын элестерине арналган спорттун баардык түрү боюнча жер - жерлерде турнирин баштады. Алгачкы беттештер Сокулук районунун айылдарынын ортосунда спорттун воллейбол оюну менен башталды. Бул мелдештер "Байтик Ата" спорт маданий ордосунун президенти Т. Молдобеков жана Рыспек Шакиндин демилгеси менен уюштурулуп, Кыргыз улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов колдоого алды.

Тайландда кыргызстандык үч боксчу финалга чыкты, бирок утулду
Азия контингентиндеги өлкөлөрдүн Кытайда өтүүчү олимпиадага бокс боюнча жолдомо алууга багытталган мелдеште кыргыз боксчулары Муратаалы Мадаминов, Доорон Хабиров, Чыңгыз Борбашев жарым финалга чыгышкан. Бирок негизги беттешүүлөр 2-февралда өтүп, үчөө бирдей атаандаштарына жеңишти тарттырып коюшту. Ошентип алар Кытайда өтө турган олимпиадага жолдомо албай калышты.

"Дордой-Динамо"кубок үчүн мелдешке барбай калды
Өткөн жумада Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен Сербиянын ОФК(Белград) командасы Эл аралык кубок үчүн болгон тандоо турун өткөрүштү. Оюн негизинен кызыктуу жана жогорку уюшкандыкта өтүп, оюндун биринчи айлампасында эле"Дордой-Динамо"оюнчулары канчалык карманбасын, буга чейинки беттештеринде 89 гол жараткан Миловац Цветиновичтин биринчи голуна кабылышты. Экинчи айлампада да орун алмашуулар болгону менен ОФКнын мыкты чабуулчусу Милич Шеповичтин(90) голу дарбаза торуна өтүп , эсеп тактасы оюн аягына чейин өзгөргөн жок. Эсеп 2: 0 менен калды. Мунун себебин башкы машыктыруучу Борис Поткарытов "оюнчулардын эки айлампада тең кыймыл - аракеттеринин жайлыгы, бирдей темпте болбогондугу" менен түшүндүрдү. Ошентсе да оюн аягында "мыкты оюнчу" деп "Дордойдон" Вадим Харченко табылса, ОФКдан Джордже Топалович эсептелинди. Ошентип өз тайпасында акыркы орунду алып калган жердештерибиз аталган кубок үчүн болгон мелдештерге катыша албай калды. "Учурда биз Кыргызстандын чемпионатына жана президенттин кубогу үчүн болгон мелдештерге кызуу даярдыктарды көрүп жатабыз" деп билдирди команданын башкы машыктыруучусу.

Кичинекей Шахнази мыкты оюнчу деп табылды
Кыргызстандын шахмат федерациясы уюштурган 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында "Зимние каникулы" деген аталышта өткөрүлгөн шахмат боюнча мелдеште, өз теңдүүлөр арасында дүйнөнүн жана Азия чемпионаттарына катышып, байгелүү орунду ээлеп келген 7 жаштагы Шахнази Усеинбек 5 упай топтоп 6-орунду алып, алдыңкы он мыкты шахматчынын катарына кирди. Бул мелдешке 27 шахматчы такта үстүндө таймашкан. Белгилей кетсек, Шахнази буга чейин Кыргызстандын чемпионатында жеңүүчү болуп Араб Эмиратында жана Түркиянын Анталия - Кемер шаарында өткөрүлгөн мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келген.

Күнболот Момоконов












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!