Коомдук-саясый гезит
№04, 05.02.08-ж.






  Ошингтондон сүйлөйбүз

Жамбыл Камчиев:
"Түштүк эли колониалдык эзүүдөн качан кутулат?"
Жамбыл Камчиев кийизден жасалган топу кийип жүрөт. Топусу төрт бурчтуу келип, эки тарабы кара, эки тарабы ак түстө. Анан эле ушул топусунда катылып жаткан маселе боюнча жазган макаласын көтөрүп чыкты. "Кыргызстандын түштүгү колониалдык эзүүдөн качан кутулат?" деген макала экен. "Мени бул топу менен башынын тазын жашырып жүрөт деп ойлобогула. Менин топумдун бул тарабы түндүк, бул тарабы түштүк. Эл бөлүнбөй, ынтымакта жүрсүн деген ой менен кийип жүрөм" деди Жамбыл Камчиев.

- Сиз Акаевдин жанын койбой сындап келчүсүз. Эми Бакиев келгенден бери сындабай калганыңызга эмне себеп болду?
- Сындап айтып эле келатам. Өткөндө бир-эки гезитке интервью берсем чыгарбай коюшту. Демек, бизде сөз эркиндиги бир коридорго түшүп алган, ошондон чыга албай жатат. Мен азыркы бир партиялуу "ак жолчу" парламентти да, президент Бакиевди да сындап эле келатам.
- Акаевди чымчыган тамашаларыңыздын айынан куугунтук жеп жүрдүңүз ээ?
- "Ат жакшысы боз болот, эл жакшысы таз болот" деп чыга коем деп Ошто концерттерге катыша албай калгам. Ат жакшысы боз болот, эл жакшысы таз болот. Кыргызстанда эки эле жакшы киши бар эле: бирөө Москвага качып кетти, азыр бирөө эле калды. Дагы бир жолкуда мындай деп айткам: "Аксакалдар менден Бишкекте эмне жаңылык бар?" деп сурап жатат, Бишкектеги жаңылыктар менин башымдан өтө тургансып. Андай эмес, ал жаңылыктар башка кашка баштар аркылуу өтөт" деп койгонум үчүн эле мени Оштун мэри "программаңды өзгөртүп кел" деп көп концерттерге киргизбей койгон.
- Азыркы президентке дагы тамашаларыңыз барбы?
- "Бизди акыркы убакта башка эле улуттагылар башкарып келиптир, туугандар. Ушундай ушак айтылып атат. Мисалы, Турдакун Усубалиев улуту уйгур экен, Аскар Акаевди казак, Куловду калмак экен деп атышат. Курманбек Бакиевди дунган экен деп алышыптыр. А ыраматылык Апсамат Масалиев экөөбүздү Африкадан келген деп жатышат" деп айтып жүрөм. Баса, азыр бүт артисттер өзүнүн саясий позициясын таап алышты. Жаныбек Алыкулов Аскар Акаевди колдочу, себеби эки жолу алтын саатын алган. Бирок азыр Жаныбек Алыкулов Бакиевди колдоп калды. Борончу болсо Турдакун Усубалиевди колдойт, уулунун туулган күнүнө да чакырып турат экен. Күмөндөр Абылов менен Асылбек Өзүбеков "Реформа үчүн" деген топту колдойт экен, Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов Курманбек Бакиевди колдойт. Карапайым калкты бир эле Жамбыл Камчиев колдойт, туугандар.
- Сиз түндүк-түштүк деген топу кийип алып келиптирсиз. Эмнеге Бакиев келгенден баштап түндүк-түштүк маселеси күчөп кетти?
- Себеби, 15 жыл башкарып келген түндүктүн кадрлары акырын-акырын оюндан чыгып жатат да, ошого ич күйдүлүк кылып атышабы деп да ойлоп кетем. Экинчиден, азыр татыксыз болсо да өз жактан деп тияктан алып келип коюп жатабы деген ой келет да. Бирок, Акаевдин командасындамын деп жүргөндөр он беш жыл иштедиби, кетиш керек, үйлөрүнө барып өзүнүн жумушун кылсын, дыйканчылык кылсын…Такыр болбосо бизге окшоп концерт койсун да. 15 жыл башкарып алып эми Бакиевдин убагында дагы эле иштей берем деп жатышат. Андай болбойт да.
-"Кыргызстандын түштүгү колониалдык эзүүдөн качан кутулат?" деп макала жазып алыптырсыз. Ушунчалык эле маселе оорбу?
-Түштүк эли 17 жыл бою эзилип келди. Түштүктүн проблемаларына Акаев эч качан көңүл бурган эмес. Бакиев келгени эми колониалдык эзүүдөн кутулабыз го десек, проблемалар күчөгөндөн күчөп баратат.
P.S. Бул макалада жазылган ойлорго кийинки сандарда кайрылабыз. Кыргызстан түштүгү чындап эле колониалдык эзүүдөбү? Бул маселеге үн катчулар болсо бизге кат жазгыла, редакцияга келип ой бөлүшөм десеңер да эшигибиз ачык.

Дилбар Алимова




  Кытай календарына телефон аркылуу кайрылгандарга жооп

Гүлсара Б. Эркек балалуу болгусу келет. 20-июндан 20-сентябрга чейин боюңузга болушу керек.
Айдай М. Эркек балалуу болгусу келет. 1-июлдан 10-октябрга чейин боюңузга болуш керек.
Мирлан Ш. Октябрда аялынын боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Улан Д. Эркек балалуу болгусу келет. 20-октябрдан 1-февралга чейин боюна болуш керек.
Гүлназа. Ноябрда боюна болгон. Эркек төрөйсүз.
Гүлмира У. Кыздуу болгусу келет. Сизге февраль, март, апрель, май, июнь айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Нуржан С. Эркек балалуу болгусу келет. 10-февралдан 20-майга чейин боюңузга болуш керек.
Айдай М. Эркек балалуу болгусу келет. 1-июлдан 10-октябрга чейин боюңузга болуш керек.
Элмира М. Эркек балалуу болгусу келет. 1-июндан 1-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Чынара Т. Эркек балалуу болгусу келет. 10-октябрдан 20-январга чейин боюңузга болуш керек.
Мира Т. Эркек балалуу болгусу келет. 10-январдан 20-апрелге чейин боюңузга болуш керек.
Айдай Ж. Эркек балалуу болгусу келет. 1-июлдан 10-октябрга чейин боюңузга болуш керек.
Назгүл У. Кыздуу болгусу келет. 20-февралдан 1-июнга чейин боюңузга болуш керек.
Төлөгөн. Эркек балалуу болгусу келет. 20-январдан 20-апрелге чейин боюна болуш керек.

Урматтуу окурмандар! Кытай календарына кайрылып, тизмеден өзүн таппай калгандар бейшемби күнкү санды караңыздар.

-Чыныгы пионер деген кандай болгон, билесиңби?
-Билбейм, кандай эле?
-Чыныгы пионерлер иштеп тапкан акчасына сойкуларды сатып алышып, аларды эркиндикке кое беришкен.

Сатыбеков Мукас, Ош обл.




  Көз айнек

Абдыгул Чотбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты:
"Чачымды өстүрөйүн деп жатам"
-Жаш кезиңизде "мода" кууп, кийинип көрдүңүз беле?
-Биздин учурда моданын түрлөрү көп болчу. Маселен, "күлөш"шымдарды, платформа ботинкаларды, цветной көйнөктөрдү кийип калдык. Ошолор аябай "мода" болуп жаткан. Анан чачтын прическаларын узун коюп да жүрүштү. Мен башкасын кылдым, бирок чачымды койберген жокмун. Атам уруксат берчү эмес. (Күлүп) Ошол кездеги аткарылбай калган тилегимди эми ишке ашырып, чачымды койберип көрөйүн деп жатам.

Сүйүнбай Эралиев, кыргыз эл акыны:
"…Бөлүнсө да, жарылса да, өзүн сактап келди"
-Кыргыздын улуулугу эмнеде деп ойлойсуз?
-Тарыхта миңдеген элдердин этеги суюлуп, кумга сиңген суудай жок болуп кетишти. Ал эми кыргыз аз болсо да, чачылса да, бөлүнсө да, өзүнүн кыргыз атын жоготпой, касиетин кастарлап, сактап келди. муну эрдик десе болот. Көп элдерге караганда салты бийик, сөзү курч, меймандос эл. Кыргыздын улуулугу ушунда.

Аалы Туткучев, төкмө акын:
"Акча деп күндү батырып, акча деп тостук азанды"
"Пулуң болсо кулуңмун" деп коюшат. Ушул чынбы?
-Акылмандар калтырган,
Айтайын элдик макалды.
Көңүлүң сүйгөн балага,
Көрсөтпө деген базарды.
"Чанжырап сүйлөй берет" деп,
Чандыкпы кыргыз атаңды.
Акча деп күндү батырып,
Акча деп тостук азанды.
Акчага сатып жибердик,
Ак калпак, курду, чапанды.
Карылар айткан кайран сөз,
Карытпай калды сапарды.
Пулуң болсо кулуңмун,-
деген сөзгө такалды.

Турсунбек Акун, Президент алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы:
"Бетке айткан сөз ачуу, кошоматчылык таттуу"
-Бул жашоодо эмне таттуу да, эмне ачуу?
-Эми жашоодо көп нерселер таттуу да, ачуу да боло берет. Анын бирин эле айтайын. Чындыкты бетине айткан сөз ачуу. Мен дайыма бетке айтам. Мындай сөз баарын тешип өтөт. Ал эми кимдир бирөөгө кошоматчылык кылган сөз таттуу. Аны укканда жыргап эрип калат. Бул экөөнү кошо ала жүргөн жашоонун өзү бирде таттуу, бирде ачуу.

Жамин Акималиев, Айыл чарба институтунун жетекчиси:
"Зууракан Кайназарова түшүмө кирип…"
-Түш аян берет деп коюшат. Түшкө кирген окуялар турмушта ишке ашып калган күндөр болгонбу?
-Дайыма эле эмес, кээде болуп калат. Сокулукта райкомдун биринчи секретары болуп иштеп жүрдүм. Анда социалисттик эмгектин баатыры З.Кайназарова тирүү болчу. 1978-жылдары болсо керек, "кызылчанын түшүмү кандай болоор экен" деп аябай ойлонуп жүрдүм. Бир күнү түшүмө Зууракан эже кирди. Жыламыш деген жерде чай ичип олтуруптурбуз. Мени Акимаалы деп койчу. "Акимаалы, эмне капа болуп жатасың, быйыл биз элдин асты болобуз" деди. Айткандай эле, 509 центнерден түшүм алып, союзда биринчи болуп "Правда" гезитине макталып чыгып, Сүйүнбаевдин колунан Ленин орденин алгам.

Кеңешбек Дүйшөбаев, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Жубайыма кол көтөргөн эмесмин"
-Камчысы катуу күйөөсүзбү?
- "Сокмогу катуу болсо, кийизи катуу жерге кирет" деген макалды айтып жатасыңарбы? Мен жубайым менен 27 жылдан бери чогуу жашайм, бир да жолу аялыма кол көтөргөн эмесмин. Эгер күйөөсү менен аялы жылуу - жумшак мамиледе болсо, бири-бирине ишенсе, келишпестикти интеллектуалдык деңгээлде эле сүйлөшүп чечсе болот. Жубайымды аябай жакшы көрөм.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!