Коомдук-саясый гезит
№04, 05.02.08-ж.






  КыТыРыдагы бунт

И.о. Мелис Эшимканов Акүйгө
"чужой" бойдон калууда
КТРде Мелис Эшимкановду кетсин деп 20дай журналист ачкачылык кармап, пикетте турушат. Эки күн алар КТРдин ичинде отурушту. 1-февралга оогон түнү аларды милиция кызматкерлери эшикке кууп чыкты. Эми алар ачкачылыкты көчөдө кармашууда. Бирок кеп бүгүн эки тараптын айтышында эмес. Кеп башкада. КТРдин эзели чырдан башы арыла электигинде. Өткөн аптада улуттук телеканалдын жамааты жалаң эле бири-биринин быкыйын чукуп, жалаң пресс-конференция бермей менен алек болушту. Булар гезиттерге интервью берип, пресс-конференция уюштуруп жүргөндө эфирди ким толтуруп атты деген ой келет. Биз бирин бири боктогон эки тараптын уюштурган шоусун карап отуруп, коомдук телеканалга айлантуу тууралуу кыялдарды эстеп, шыпшынып алдык. Аттиң арман, Кыргызстанда качан кырылышмай токтоп, качан бир реалдуу реформалар ишке ашат?
Бейшенбек Бекешов "Арсыздар менен нарксыздарга кор болууга жаралган эмесмин" деген плакатты илип алып, ачкачылыкта турат. Ага кошулуп алган Каныбек Темиров, Алтынбек Жумаев ж.б. айтымында, Мелис Эшимканов жумушка 200дөй жалаң өз кишилерин алып келип, мурдатан иштеп келаткан тажрыйбалуу журналисттерди себепсиз бошотуп атат. "Ал КТРди өзүнүн "Агым" гезитиндей көрүп атат, каалаган жакка агыза берсе болот деп ойлоп атат" дейт Бейшенбек Бекешов. "Улам бирди сүйлөп, сөзүнө турбаган адам экен. Улам бир калпты айтып, башыбызды оорутуп бүттү" деп кошумчалады. Бирок ушул жерден КТРге кандай президент келбесин Бейшенбек Бекешовдун чырдан башы чыкпай келатканы эмнеси деген ойго аргасыз тушугасың.
Мелис Эшимканов:

"Ачкачылык акциясындагыларга чай ташып турабыз"
-Мен күткөн эле окуя бул, реформа эч качан оңой болгон эмес. Каршылыктар болот. Ушундай чоң бир жарым миң киши иштеген коллективде баарына жакпайсың. Көптөгөн мурда жыргап-куунап жашап жүргөн адамдардын бейиш доору уланбай калып жатат, жеген тамактарынан айрылып атышат. Нааразылык болот. Бирок мунун баарын мыйзам чегинде чечишибиз керек, алардын конституциялык укуктарын мен сыйлайм. Мен аларды жаман көрүп, куугунтукка алайын деген оюм жок, бирок азыр биз бардыгын мыйзамдык негизде жасоого аракет кылабыз. Имараттын ичинде ачкачылык уюштурууга жол бербейм. Анткени, УТРК жабык объект болуп саналат. Сыртта, үйүндө же башка мэрия уруксат берген жерлерде уюштура берсин, ага эч кандай каршылыгым жок. Горький эсетилигинин жанына барсын. Биз болсо барып ал-акыбалын сурап, чай, тамак-аш ташып турабыз, - дейт Эшимканов мырза.

Df-комментарий: Мелис Эшимканов журналисттерге колу-буту тушалуу болуп жатканын айтты. Анысы чын. КТРдин табияты ошол эле бойдон калды. Жада калса байкоочу кеңештин ишин туңгуюкка кептеп туруп, аны жараксыз кылып коюшту. Баарынан кызыгы, Мелис Эшимканов эмдигиче УТРК президенттигине бекий элек. И.о. бойдон. Президент эмнегедир аны толук кандуу жетекчи кылбай кылчактап атат, ал эми Мелис Эшимкановго артка жол жок. Президентке чын дилден кызмат кылып берейин деп катуу киришкени менен колу-буту байлануу. Көпчүлүк байкоочулар Мелис Эшимканов бийликке барган менен "чужой" бойдон калууда дешет. Баягүнү бир саясатчы айткандай, башкасы кечирсе да, Жаныш Бакиев аны кечирбейт. Бийлик Мелис Эшимкановду бул кызматта атайын көгөндөп, и.о. бойдон атайын кармап тургандай сезилет.
Чолпон Кеңешова




  Экстер эркин учушат

Экономикалык өнүгүү боюнча экс-министр Сабырбек Молдокулов:
"Бакиев баалардын өсүшүн мага оодара салды"
-Сабырбек мырза , бүгүн эмне менен алек болуп жатасыз?
-Үйдөмүн. Кызмат деп жүрүп дос, туугандардан да алыстап калыптырмын. Азыр тууганчылап дегендей үйбүлөм менен болуп атам. Ошого убакыт табылганына сүйүнөт экенсиң. Экинчи жагынан азыр мен англис тилин абдан өркүндөтүп үйрөнүп жатам. Тил билиш керек болуп атат. Буга чейин кенен базам бар эле. Анан да китеп окуганга убакыт табылчу эмес эле. Ар түркүн китептерди окуп дегендей…
-Бизнесиңиз жокпу?
-Жок, мен бизнести өмүрү жасап көргөн эмесмин. Шыгым да жок.
-Кызмат жолуңуздун көбү экономика тармагында өттү. Айтсаңыз, дегеле экономисттер жеке жашоосунда да, маселен, үйбүлөнү багууда экономиканын эрежелери менен жашап калабы?
-Албетте. Маселен, мен министр болуп турганда деле алган айлыгым он миң сомдон араң ашчу. Анан келинчегим иштейт. Ошол акчаны сары эсепке салып атып жеткирчүбүз. Азыр болсо бошмун. Жашырбай айтсам, азыр үйдө муздаткычтын ичи бош турат…
-Башка кызмат сунуш кылынбадыбы?
-Мени көптөн бери ар кандай эларалык уюмдар кызматташууга чакырып жатышкан. Ушул жумадан баштап немистердин GTZ долбоору менен иштеше баштайм.
-Сабырбек мырза, сиз министрлик кызматтан баалардын көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу кетсеңиз керек эле. Же андан башка да себептери болдубу?
-Туура, башкы себеп ошол болду. Референдумдун алды болчу. Президент эл кыдырып жүргөн. Аңгыча баалар көтөрүлүп кетти. Президент болсо баалардын өсүшүн мага оодара салды. Мен ага күнөөлүү эмесмин да. Баалардын өсүшү - ал дүйнөлүк процесс. Ал күнү бүгүн да уланып жатат.
-Ун кымбаттаган ошол маалда мамрезервде запас буудай бар беле.?
-Жок, уурдап кетишкен экен. Бирок дегеле запаста канча буудай бар экенин буга чейин деле эч ким билген эмес. Сатып ийишип же алмаштырып ийишип эле келе жатышат. Биз жай айында эле өкмөткө "өлкө тамак-аш кооптуулугунун алдында турат.Ошондуктан, ал боюнча атайын комиссия түзөлү" деп кат жөнөткөнбүз. Биздин ошол катыбыз өкмөттө каралбай, бир ай жатты. Андан тышкары, сырттан бизге келип аткан буудайдан НДСти алып таштайлы деп сунуш киргизгенбиз. Аны да угуп коюшкан эмес. Айтор, кымбаттого анчейин даяр болбогонубузга бюрократиялык жол менен иштеген , тоң моюн өкмөт көп күнөөлүү.
-Сиз акыркы жолу катышкан өкмөттүк кеңешмеге чейин президент менен жолугуп сүйлөштүнүз беле?
-Жок. Ал киши ага чейин эл кыдырып жүрдү дагы, келип эле катуу бир тийди.

Суроо салган Жеңишбек Эдигеев
(Уландысы кийинки санда)




  Кимбайкенин галереясынан

Жумгалбек Аманбаев
Жаңы заман делген акыркы он беш жылда эки процент кыргыз гүлдөп өстү. Калганынын свети өчүп, оту күйбөй, тону жука…
Учурунда, Акаев атка мингенде Жумгалбек Аманбаев айткан экен "момунча оокатты (СССРден калган) чачып жибербейли, элге мөөнөт менен берели. Кийин мамлекетибиз эсине келгенде, элибиз кайтарып берет. Ага чейинки төлүн мал кылып алышсын" деп. Укпай коюптур. Же, угузбай коюшуптур. "Наполеон" деген экинчи кыры кылычтай болгон чоң саясатчы чындүйнөгө сапар салып кеткенинен бери аз өттү… Учурунда Аманбаев айткан ой эми актуалдуу болуп чыкты. Кыргыз айткандай, колдо бар алтындын баркы каякта экени белгисиз… Баркыбызды билиш үчүн дагы эки миң элүү жыл жашаш керек го, өзү…

Эл ичи-
анекдот кенчи
Жаңы депутаттардын бири кагаз-кугаздарын көтөрүп, мен деле бир сүйлөп коеюн деп, микрофонго келет:
- Мынабу… мен айтайын дегеним, мыйзамдын мынабу… хы-хы-хынчы статьясында…
- Кайсы мыйзам, кайсы статьяны айтып атат бул?.. Хы-хы-хысы эмнеси?- төрага өз кагаздарын аңтарат.
- Мына бул жерде турбайбы… хы-хы-хынчы статья деп?..
-Ал хы-хы-хы эмес сага, Рим цифрасы менен отузунчу статья деп жазылып турат!..
Урмукеев Жээналы, Каракол ш.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!