Коомдук-саясый гезит
№03, 31.01.08-ж.



  Түз байланыш

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Ошол мырзачалыштар азыр деле аман-эсен, гүлдөп атышат"
Урматтуу окурман, өткөн саныбызда жазгандай Өмүрбек Текебаев менен болгон "түз байланышка" жүздөгөн шайлоочулар чалды. Алардын көбү парламенттик шайлоо, оппозиция тууралуу окшош суроолорду беришти. Ушул багытта суроолору чыкпай калгандар болсо жарыяланбай калды деп таарынбасаңыздар. Кайталанган суроолорду, каалоо-тилек айтып чалгандарды кыскартууга туура келди. Айрыкча, түштүк дубандардан чалган окурмандардын көбү жөн гана каалоо-тилектерин айтышкандыктан аларга гезит бетинен орун бере алган жокпуз. Үч телефондун жаны тынган жок. Ошол сааттарда чыга албай, андан кийин кеңсебизди "атакага" алган окурмандардан кечирим сурап, атуулдук активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сайкал, Токмок шаары:
-Өмүрбек Чиркешович, эми азыр чынында "эпоха дураков" башталды. Жакын арада президенттик чукул шайлоо жарыяланса деле таң калбайбыз. Ушундай болуп кетиши ыктымалбы?
Ө.Т. -Күтүүсүздөн шайлоо жарыяланып, оппоненттер даярданганча бийлик өзү каалаган жыйынтык максатына жетүү технологиясы акыркы кездерде колдонула баштады. Борбордук Азияда , асыресе Казакстанда парламент күтүүсүз таратылып, жаңы эреже боюнча парламенттик шайлоолор болуп, бийлик партиясы монополияга ээ болду. Грузияда да күтүүсүздөн президенттик шайлоо жарыяланып, Саакашвили минималдык артыкчылыкка ээ болуп, президент болуп шайланды. Кыргызстанда мына ушул технология бирме-бир кайталанды. Референдум жасалма өтүп, парламент таратылып, күтүүсүз шайлоолор жарыяланды. Казакстанда өтө бийик шайлоо босогосу коюлду. Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын 5%ын алуу босогосу коюлганы менен, реалдуу шайлоочулардын 7-10%ы - чоң босого коюлду. Казакстанда административдик басым менен телерадио, басмасөзгө таасир этип, алардын тарифтерин бир нече эсеге көтөргөнгө мажбур болду. Бизде КТР минутасына 100дөн 400 долларга чейин төлөттү. Ал эми кээ бир телекомпаниялар 1000 долларга чейин көтөрүштү. Алар гана эмес, агентстволор да 1000 долларга чейин акы сурашты. Ушуга окшогон жасалма тоскоолдуктар арбын болду. "Ата Мекен" партиясы акча топтоп КТРден чыгалы десе, "биз эфирди дүңүнөн "Ак жол" партиясына сатканбыз, башкаларга эфир бербейбиз" деп, бир ай кармады. Партия КТРди сотко берип, райондук соттон Жогорку сотко чейин соттошуп, өз укугу бар экендигин далилдеди. Ошентип, шайлоого бир күн калганда гана эфирге чыга алдык. Акыркы күнгө дейре мыйзамдарды бузуп, калган партияларга мүмкүнчүлүк бербегенге аракет кылышты. Биз кытайдан эки ай мурда жүз аудиокүчөткүч алдырганбыз. Аны милиция тыйып, баса калып, камап, иштеткен жок. Партия муну Башкы прокуратурага кайрылып, министрдин орунбасарынын аудиокүчөткүчтөрдү колдонууга тыюу салган буйругу мыйзамсыз экендигин далилдеди. Ушул "азаматтардын" шайлоо эркиндигине тоскоол болгону үчүн жоопко тартылган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы ушуга окшогон тоскоолдуктарды көрүп туруп, көрмөксөнгө салды. БШК да бир партиянын гана кызыкчылыгына иштеди. Мындай технология бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда сыналып көрүлдү. Өз "жемиштерин" алышты. Ошондуктан, саясий байкоочулар, Кыргызстанда жакын тушта чукул президенттик шайлоо болуп, президент азыркы мөөнөтүн дагы арыга узартып алышы мүмкүн деген ойлорду айтышууда. Менин оюмча, мындай шайлоо жаз айларында болушу мүмүкүн эмес. Уят-сыйыт деле керек эмеспи. Парламенттик шайлоолор өттү. Экономикабыз өркүндөп кетпесе, анан эч нерседен эч нерсе болбой туруп эле президенттик шайлоо болсо дейли, эл түшүнөбү, нааразы болобу? Мына азыр революциялык комитет Бакиев 24-мартка чейин кетсин, кетпесе президенттик жаңы шайлоону талап кылабыз деген ойлорун айтышууда. Позициянын бир этеги ушинтип суранып жатат деп шылтоо кылып, президенттик шайлоо жарыялап коюшу да ыктымал.
-Өзүңүз президенттик шайлоо жарышына барасызбы?
-Аны кырдаал көрсөтөт. Оппозициялык блок өлкөдөгү саясий -экономикалык кырдаалга, региондордогу калктын ой-пикирине, партиялардын, кандидаттардын даярдыгына жараша иш алып барабыз. Жаш саясатчылар үчүн шайлоого катышуунун өзү - чоң жеңиш. "Жөн эле" катышып коюу маанилүү эмес. Жаш саясатчы катары убагында президенттик шайлоолорго катышып да көргөнбүз. Реалдуу натыйжага ээ болуу үчүн оппозициялык күчтөр макулдашуусу керек.

Адылбек Санаров, Нарын шаары:
-"Ата Мекен" социалисттик партиясы утат деп ишенгенбиз. Жыйынтыгы күтүүсүз болуп калды. Ушул маселеге тынчсызданам. Шайлоодон кийин сиздин үйбүлөңүзгө коркунуч болгон жокпу?
"Ата Мекен" партиясы Америка Кошмо Штаттарына кетип жатыптыр. Аларга да мурдагы "матрешка" сыяктуу провокация жасалат деп чочулабайсызбы? Кандай болгондо да саясат- татаал иш. Сизге, партияга ийгилик каалайм.
Ө.Т. -"Ата Мекен" социалисттик партиясын жалпы Кыргызстан боюнча жүз миңдеген адамдар колдоп берди. Эсеп боюнча парламенттик шайлоодо биринчи орунду ээледи. Бирок биздин ийгилигибиз баардык региондордо бир кылка болгон жок, муну моюнга алышыбыз керек. Адамдар шайлоо жыйынтыгына нааразы. Себеби, карапайым эл көчөдөнбү, автобустанбы сүйлөгөн сөздөрүнө маани берсеңиз чындык кайда экенин түшүнөсүз. Коркутуп-үркүтүүлөр - адаттагы көрүнүш. "Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт" дегендей, бул турмуш экен да. Ошондуктан, тандаган жолдон тайбашыбыз керек.
Демократиялык өлкөлөрдө ар дайым оппозиция болот. Диктатуралык өлкөлөрдө оппозиция жашыруун болот. Кыргызстандын шартында демократия уюшулган, очок алып калган. Парламенттик фракция сапатындагы оппозиция түптөлгөн эле. Бирок оппозиция составы дайыма эле туруктуу, монолиттүү боло бербейт. Аны өзүңүздөр көрүп турбайсыздарбы. Бийликтен оппозицияга, оппозициядан бийликке өтө качкандарды көрүп турбайсыздарбы. Демократиялык салттар калыптанып калган, коомдук пикир мааниге ээ болгон, түптүү партиялары бар европалык өлкөлөрдө бийликтен оппозицияга, бир партиядан экинчисине өтө качмай абдан сейрек кездешет. Андайды калкы кечирбейт. Бизде бул салт калыптана элек. Өтө качмай кыргыз журналисттерине адат деле болуп калды окшойт. Эл мындай көрүнүштөргө кечиримдүү мамиле жасап турат. Саясатчылар "Черчилль деле төрт партияга өтүп кеткен" деп жүрүшпөйбү. Ал өзүнүн кылыгын мындай деп түшүндүрүптүр: "Англия эли кайсы партияны колдосо, мен ошол партияда - эл мененмин" дептир. Кыргызстанда, тилекке каршы, ушундай көрүнүштөр ашкере арбын болуп жатат. Андай саясатчыларга эл баа бериши керек.

Анаркүл Сагындыкова, Каракол шаары:
-Оппозицияны колдогон шайлоочулар жетишээрлик. Аны парламенттик шайлоолор көрсөттү. Жасалма добуштар болбосо - парламенттин басымдуусу оппозициялык бутак болот эле. Бул дагы чыңалат деп ойлойм. "Ата Мекенди" колдоп жатышат, колдойбуз. Колдогон жок дегендер саясий саткын! Экинчи суроом, Бакыт Бешимов "Аалам" гезитинде түштүктө Текебаев, Сариев, Байболовдун аброю жок деп жазды?
Ө.Т. -Бакыт мырза өзү ойлоп жүргөнүн ортого салган болсо керек. Эгерде анын логикасына таянсак, чындыктан таябыз. "Ата Мекен" партиясы Ошто социал-демократтардан аз добуш алды, ошондуктан, алардын аброю аз деп кесе айтыптыр. Ал эми чындыгында, "Ата Мекен" социал-демократтарга караганда алдаканча арбын добуш алды. Биз - реалистпиз. Бакыт эптеп эле өтүп алды дебейбиз. Ишеним деген коньюктуралык нерсе. Эл абалды көрүп-туюп турат. Элдин ичи кайнаганда токтотуу кыйын болот. Социал-демократтар 4% топтоду, баркы бар экен, биз алар менен иштиктүү мамиледе болушубуз керек. Бакыт мырза "Акшумкар" партиясы менен "Ата Мекен" биригишти, Байболов менен Сариев кетип, мен калып, анан соц-демократтар чакырды" дейт. Албетте, эки партия паритеттүү негизде бириккенбиз. "Акшумкар" партиясынан "Ата Мекен" партиясына Бакыт мырза бешинчи болуп кирген. Жашыруун деле эмес, партиянын чыгымдарын кандидаттар өздөрү көтөрдү. Бакыт мырза өз взносунун жарымын биринчилерден болуп алып келип, партия кассасына тапшырган. Бирок, чогулушка жакындаганда эле ал "мага башка партия экинчи орунду берип жатат, төккөн тыйынымды бергиле" деп кошумчасын кайра алып кеткен.

Өмүрбек Жээнбеков, Ош шаары:
- Биз "Ата Мекенге" добуш берген элек. Көпчүлүк сиздерге добуш салган. Анан кандай өтпөй калдыңыздыр?
Ө.Т. - Учурдан пайдаланып, "De-факто" гезити аркылуу шайлоочуларга партиянын атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Баарыңыздарга ырахмат. Оштогу шайлоо натыйжасы туура эмес экендигин далилдеш үчүн партиянын катарындагы өкүлдөр жети күн бою соттун имараты алдында топтолуп турушту. Ош шаардык шайлоо комиссиясы протоколдорду бербеди. КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар да үстүрт мамиле жасашты. Чынын айта алышпады. Биз келечегинде коңшуларыбызда болуп жаткан антидемократиялык режимден сырттап, нагыз демократиялык өлкө куралы десек, анда өз саясатыбызды оң жолго түшүүсүн камсыз кылуубуз керек. 230 миң добуш - элдин үнү. Муну менен эсептешпей коюуга болбойт. Биздин партия парламенттик шайлоодо экинчи орун алды. Муну моюнга алышсын. Бизге ишеним арткан шайлоочуларыбызга ыраазыбыз, ишенимиңерди актоого дале аракет жасайбыз. Ош шаарынан расмий төрт миңдей добуш алганбыз. Муну 82 участокко байкоо жасаган беш түрдүү уюм байкоочуларынын, шайлоо комиссияларынын протоколдору тастыктайт. Ал протоколдорго Ош шаарынан 800гө жакын участкалык комиссиялардын мүчөлөрү кол койгон. Шайлоо комиссиясынын мөөрү турат. Тилекке каршы, Ош шаардык шайлоо комиссиясы жасалма протокол жасап, Ошто "Ата Мекен" партиясынын 590 гана добушу бар деп Борбордук шайлоо комиссиясына отчет берген. Мына ошол отчеттун негизинде бизди кемитип, соттон чечип алгыла дешти. Соттон чечкиле дегендин да мааниси бар. Шайлоо кодексинде үч күнгө чейин жер-жерлерде чечим сотко берилбесе ал арыздар сотто каралбайт дейт. Чечимди 18-декабрда чыгарып, бирок, биздин колубузга 22-декабрда сот процесси жүрүп жатканда гана берди. Ага чейин партиябыздын өкүлдөрү күндө шаардык шайлоо комиссиясынын эшик алдында турушту. Жогорку сот бул маселеңерди Оштон чечишиңер керек эле деген шылтоо жасашты. Үч күнгө чейин жыйынтыгын бербей, жасалма протоколдорду БШКга жөнөтүп, андан соң БШК караганга кеч болуп калды деген оюн айтты. Баарыле ачык көрүнүп турбайбы. Сот биз көргөзгөн документтердин баардыгын моюнга алды, бирок аны кеч болуп калды деп кутулушту. Бишкек шаардык соту, Жогорку сот мындай жыйынтык чыгарганы жок. Мындай мыйзамга таянсак, кошоматчыл адамдар жоопко тартылышы керек. Мейли биздин партия өтпөй калсын, мындан коом пайда таптыбы. Парламентти караңыз - үчем эчкидей болуп отурушат. Жогорку сот бул маселени кароого укугу бар эле. Анткени, Ош шаардык шайлоо комиссиясынын гана эмес, БШКнын чечимин сотко бергенбиз. Бизге болгону 70 добуш жетпей калды. Парламенттен ала турган ар бир орун үчүн жетиден добуш жетпей калды. Бул албетте, атайын тосмо жасалып , партиянын өкүлдөрүн парламентке өткөрбөй коюунун орой жолу болду. Парламентте 17 орун алышыбыз турулуу эле. Ал эми бизге берилген добуштарды бурмалаган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү уят деген улуу журтту түшүнүшөбү - күндөлүк оокаттын кулу болгон, өз абийирине жооп бербеген адамдар арбып кетти. Ушул өкүнүчтүү. Ырас, саясий кармаштар болот, бирок адамдык абийирди сатпоо керек да, туурабы? Болбосо коомубуз кайда барат? Демократия курдук дейбиз - эл, коомдук түзүлүш мындан аркысында эмне болот? Мунун баары элибизди ойлонто турган маселе.
Сумманын сакталуу мыйзамы бар да. Шаардык шайлоо комиссиясынын БШКга берген отчету менен жасалма протоколдордун ортосунда чоң айырма бар. Ошол айырмалар боюнча кээ бир шайлоо участкаларында социал-демократтарга миңдеген добуш кошулган. Баткен облусунда биз алган документтер боюнча компартия 13 миң добуш берилди десе, 3 күндөн кийин 39 миң добуш алды деп мөөр коюп, ырасташты. Ушундай жасалма отчетторду жасаган адамдар жазаланышы керек. Эгерде алар жазаланбаса коомдук өнүгүүнүн өзөгүнө зыян болот. БШК, акимдер, министрликтегилер мындай фальсификацияга катышты. "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрүн милиция күч колдонуп, урганга чейин барышты.

Шайлообек Үмөтов, Каракол шаары:
-Жеке өзүңүзгө коркунуч болгон жокпу? Дагы "матрешка" чаптайт деп чочулабайсызбы?
Ө.Т. -Адам баардык кырдаалга көнөт. Көп шайлоочулар ушинтип тынчсызданып чалгандар болду. Ырахмат, алардын камына. Дегеле ушул кезде жөнөкөй турмуш өткөрүү да азыр кыйынга туруп жатпайбы. Турмуш-күрөш. Биздин жигит-кыздарыбыз жыргаганынан Россияга барып, тиричилик кылайын деп жатыптырбы. Ошол жактан кыргыздар каза болуп, сөөгү келип атат. Коркутуунун ар кандай түрү болот. Өзүм жашаган квартираны "Вечерний Бишкектин" жарыя бетине "апарзан, шашылыш сатылат" деп, квартирамдын телефон номурун жаздырышкан экен, улам бирөө "квартира сатылабы?" деп эки жылдан бери эле убара тарттырып келишет. Муну атайын жасагандар деле белгилүү. "Тез сатылат, арзан сатылат" десе ар ким телефон чала берет экен. "Охота на козлов" деп да жарыяларды беришти. Мунун өзү Садыркуловго пакетке салып кулак менен бармак жөнөткөндөрдүн жеңил түрү да. "Текени атып өлтүрсөңөр болот" дегендей психологиялык басым да.
Бийлик өкүлдөрү, аттарын айтпайын , борбордук аянтка эки эчкини алып келип, байлап коюп "бул Текебаев" дешти. Бул оппоненттеримдин деңгээлин көрсөтөт. Бул биринчи жолу болуп отурган жок. Окурман журт билет, 2002-жылкы шайлоодо да Жалалабатта "Текебаев - эчки" деген ыплас сөздөрдү жазган. Ошол мырзачалыштар азыр деле аман. Гүлдөп турган чагы. Ушуга окшогон аракеттери күч. Мен үчүн бул коркунучтуу эмес, тескерисинче, жийиркеничтүү. Саясий тиреште ар кандай ыкма керек дейт, бирок нравалык тазалыкты кармаш керек деп эсептейм.

Жазгүл Орозакунова, Бишкек шаары:
- Өмүрбек мырза, жакында бир үрөй учурган окуя болду го. Президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловго эмнеге жанагыдай үрөй учурган "белек" жөнөтүштү? Бул эмненин белгиси?
Ө.Т. -Жаңы жылдын алдында Медет Садыркуловго адамдын эки кулагы, бармагы келиптир. Ким жөнөтүшү мүмкүн? Бул жөнөкөй адам эмес. Бул укук коргоо органдарына таасири бар адам. Садыркулов менен өйдөкү кабатта атаандашып, жер-жээкке бөлүнгөн тар адамдар болуусу мүмкүн. Мындай варвардык эскертүү Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарын, кыргыздардын буга чейинки демократиялык сабактарын тебелегендик болот. Президенттин алдында кызматын кылып, анын жеңишин камсыз кылып, президенттин урмат - баркына тете президенттин администрация башчысына мындай мамиле жасагандар, демек, ошол деңгээлден ашып түшөм деп өзүн бийик сезген адамдар. Садыркулов куу, алдынан өтүп бараткан мышыкты да кийин кереги тийип калабы деп капа кылбаган дипломат адам. Садыркуловдун идеологу болуп акыркы кездерде жазып жүргөн Мүсүркул Кабылбеков деген жигит январдын башында "АКИ пресске" макала жазды. Анда парламенттик шайлоонун жүрүшү, жыйынтыгы укмуш деп баа берди. Президенттин командасы утту, оппозиция биротоло жок болду, накта президент эми Бакиев болду, муну жасаган - жаңы командасы деп жазат. Бакиевде команда болгон эмес. Ал кландык, туугандык системанын туткуну болгон. Көптүн бири болгондуктан биз сени президент кылганбыз деп док артып, Курманбек Салиевич ошолордун туткунунда жүргөндүгүн көрүп турбайбызбы. Мурунку айланасы болсо "кукла-матрешканын" деңгээлинен көтөрүлгөнү жок. Эгер Бакиев алар менен болгонунда эмдигиче алар анын түбүнө жетмек. Бакиевдин келечеги - азыркы чөйрөсү менен деп жазып чыкты.
Садыркулов эч кимди капа кылбайт. Жана айткандай, ал - диплому жок дипломат. Ал Бакиевге "эски командаң жарабайт, "кукла-матрешка" деңгээлиндеги командаңдан кутул, алар түбүңө жетет, жаңы команда түз, сени сактап калган башка команда, ошолордо-сиздин келечегиңиз" деп ачыктан-ачык айтып жатат. Бул деген ачык чабышка барабар. Эмне үчүн эч кимди капа кылбаган дипломат адам ушундай ачык чабышка барды. Анткени, күтүүсүз жерден "сөөмөй менен кулак" алып отурат. Садыркулов кимдерден шек санаганы да түшүнүктүү болду. Мен жогоруда айткандай, бул адамдардын да таасири жогорку бийликте отургандардан кем эмес. Алар укук коргоо органдарына таасири бар, саясий жашынма ресурсу бар адамдар экени түшүнүктүү. Булар "Ставка больше жизни" дегендер. Өмүрдөн кымбат болгон ставкасы бар оюнга кумар болуп алгандар ушундай эскертүү жөнөттү десек болот. Садыркуловго "подарка" - бул жөнүнөн эмес, чоң долбоорлордогу каршылык. Бийлик ичиндеги карама-каршылык да ачыкка чыкты. "Чыңалуу" жогорку курс фазасына өттү. Бийликти кулата турган оппозиция эмес, алардын ички карама-каршылыгы, келишкис каршылыгы. Жакында Кыргызстанда калган-каткан мамлекеттик мүлктү сатыш керек деген маселе күтүп турат. Электр энергетика, газ тармагы, көмүр тармагы (Каракече) сатылышы керек. Кыргызстандын стратегиялык байлыктарын - "Кыргыз аба жолдору", "Кыргызтемиржолу", жылуулук электр станцияларын , "Кыргызтелекомду" тез арада сатыш керек деп жатат. Бүгүнкү парламент бүк түшүп макулдук берет. Ал эми премьер-министр Чудинов андан да ашып "Дастанды", "Кыргызнефть" АКсын россиялык бизнесмендерге сатуу оюн айтып, аны четинен ишке ашыра баштады.
-Өмүрбек мырза, сөзүңүзгө аралжы, кулагы жана сөөмөйү кесилген бомж табылган турбайбы. Анын бирден эмес, экиден кулагы, экиден сөөмөйү жок экен деп гезиттер жазып чыгышты го.
Ө.Т. - Туура, бомждун экинчи кулагы менен экинчи сөөмөйүн Кыргызстандагы дагы бир киши алган. Бирок ал киши унчукпай отурат. Ал экинчи кулакты алган киши келип бир кызматка конду. Болгондо да экономикалык стратегиялык орун болгон антимонополиялык комитетке отурду.
- Өмүрбек мырза, ал кишинин аты-жөнү ким? Эмне үчүн Садыркулов экөөнө жөнөтүлүшү керек?
-Ал киши-Жуманасыр Нуржанов деген адам. Мурда матрезервди жетектеп келген. Жаңы жылдан кийин дароо антимонополиялык комитетке отурду. Антимонополиялык комитет стратегиялык тармактардын келечектеги кожоюндарынын пайдаларын аныктайт. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын тарифин, баалардын чыгым-пайдасын аныктайт. "Кыргызтемиржол", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком" жана башка стратегиялык байлыктарыбыз сатылганы турат. Бирок, анын пайдасын антимонополиялык комитет чечиши керек. Кептин баары ушул жерде.

Назира Калимбетова, Чоңарык айылы:
-Байболовдор саясаттан кеттим деп бүт Кыргызстанга айтты. Ушул туурабы? Эмне үчүн кетип атышат? Аларга куугунтук аябай коркунучтуу чегине жеткен го анда?
Ө.Т. -Кубатбек Байболов чыныгы саясатчы, чыныгы чекист деп эсептейм. Саясаттан кетпейт. Саясаттын башка бир формасына өттү көрүнөт. Кубат Калбекович саясаттан кеттим деп качан билдирди? Күтүүсүздөн эле президенттин негизсиз сунушу менен парламент Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновду бир добуштан алып койду. Ошол күнү түштөн кийин Кубатбек Байболов "аялым экөөбүз тең саясаттан кеттик" деп жарыя айтты. Бул кокустан болгон жок. Зордук менен Жогорку сот төрагасын кызматтан алып салганы жаман белги. Бул майда судъяларга коңгуроо болду. Өлкөдө бир эле кожоюн бар дегендик. Ал каалаган учурда каалаганын жасап коюшу мүмкүн.

Эмил Туранов, Карабалта:
-Эмне үчүн оппозицияда туруп, бийликке качып жаткандар көбөйдү?
Ө.Т.: -Себеби, жеңил жашагылары келген, ой жүгүртүүсү жука адамдар аз эмес да. Баары эле бекем принцибин кармаганга эрки жете бербейт. Бийликтин да, оппозициянын составы да туруктуу эмес. Алар дайым өзгөрүп турат. Бири келет, бири кетет дегендей. Бирок оппозициянын өзөгүн түзгөн, карапайым элдин ишенимине кирген лидерлер мант берип, бийлик кызматына баса берсе элге да, өзүнө да нравалык жагынан кыйын эле болот. Бирок бул боло берген иш. Ага таарынып деле болбойт. Сиздер алсырап калдыңыздарбы деген чочулоо пикириңди айттың. Буга мен мындайча жооп берет элем. Биз 1-2 жыл мурункуга караганда алда канча күчтүүбүз. Эки жыл мурда биз пикетке чыксак, эл бузаардан бетер кабылдагандар арбын болчу. Бүгүн, тескерисинче, бизди колдогондор жетишээрлик. Аны шайлоо көрсөттү. Бүгүн көпчүлүк бизге басмачылыктын, зордук-зомбулуктун курманы катары жантартып турушат. Бул күч дагы чыңдалат деп ойлойм. "Ата Мекенди" туш-туштан колдоп жатышат. Ошто колдобой калды деген - саясий оюн.

Даярдаган
Жолдошбек Зарлыкбеков














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!