Коомдук-саясый гезит
№03, 31.01.08-ж.





  Ийне жоголду, ийне жоголду

Эдил Байсалов Алматыда
БШК бюллетендерди ачыкка чыгарып таштады деп айыптап, Башкы прокуратура ал ишти тергеп, ИИМ күч менен суракка алып келмек болгон Эдил Байсалов каякта деп телефон чалгандар көбөйдү. Алардын көбү Эдил Байсалов АКШга качып кеткени чынбы деп сурашат. Биздин маалымат боюнча Эдил Байсалов АКШга кеткен жок. Азырынча Алматыда убактылуу жашап атат. Атамбаевдин партиясы менен тирешип, партиядан чыгып кеткени чынбы деп сурагандар да бар. Ал СДПК партиясынын катчылык кызматынан кетти, бирок партиядан чыккан жок. Бирок партиялаштарына таарынычы чоң. Бюллетен боюнча чыр чыкканда Алмаз Атамбаев Эдил Байсаловду "Текебаев жиберген агентсиң" дегенге чейин барып, Өмүрбек Бабанов да катуу тилдеп, "бийликтен кечирим сура" дегенге чейин барган. Жанындагы партиялаштарынан да колдоо таппагандан кийин Эдил Байсалов өлкөдөн чыгып, Алматыга кетүүгө мажбур болгон. Кыргызстанга качан кайтат, азырынча белгисиз.




  Жалтырагы бизге, мокочосу сизге…

М. Мукашевдин экинчи бутун ким сындырат?
Муратбек Мукашев негиздеген "Промстройбанк" 20 күндөн бери "тоңдурулган" бойдон турат. Улуттук банктын консерватору Эрнис Бөкөнтаев ушул жумада пресс-конференция берип, актанганга аракет кылды. Бирок стабилдүү иштеп аткан банкты баса калып, аны жабууга жасалып аткан аракеттерин негиздеп бере алган жок. Бирок Улуттук банкка бул маселеде төбөсүнөн тапшырма түшүп, ниети карарып турганы билинип калды. "Промстройбанк" ондогон жылдардан бери аманатчыларын капа кылбай, ошол эле "Кыргызтелекомду", ошол эле кызмат көрсөтүү укугун тендерден жеңип алган соцфондду да, жүздөгөн башка кадыр-барктуу уюмдарды кынтыксыз тейлеп келаткан. Аңгыча азыркы бийликтин "жалтырагы болсо бизге, мокочосу болсо сизге" деген жапайы эрежелери иштей баштады. Муратбек Мукашев эмнесинен жазды? Акаевдин тушунда президенттин эрке баласы Айдар Акаев канчалык акцияларын тартып алгысы келген менен алдырган эмес. Акаевдин доорунун соңку 5 жылы Айдар Акаев менен күрөшкө кеткен десек болот. Аңгыча бийлик алмашты. Бирок Мукашев ошондо күрөш кайра жанданып, ошол эле эрежелер калып, болгону фигуранттар алмашат деп ойлобосо керек. Жыйырмадан ашык коммерциялык банктын ичинен стабилдүү иштеп аткан жалгыз кыргыз банк ушул. Биринчиден, кызарган көздөр алып жандары тынмайын жан алдыргысы келбей атат. Экинчиден, Муратбек Мукашев саясатка аралашпай унчукпас болуп калса бир жөн эле. Ал референдумду сындап, парламенттик шайлоодогу көз боемочулуктарды айтып ийип жөн отурбай атпайбы?! Ноябрь митингдеринде штабды башкарып, оппозициянын уюткусу болуп турганын Акүй кантип унутат? Келме кезек, терме тезек болуп азыр Мукашевди сындыруу миссиясы келди. Азыр улуттук банк жеке адамдарга да, юридикалык тараптарга да акчасын кайтаргыла десе, банкта жаткан 1 миллиарддан ашык акча жана кредиттик портфель бул үчүн жетиштүү. Бирок Улуттук банк аманатчылардын акчасынын 7%ын гана бергиле деп атат. Бул деген атайын паника көтөрүп, аманатчыларды ого бетер чочутуп, банктын кадырын кетириштин эле амалы. Соцфонд менен банк жетекчилиги учурда макулдашуу келишимине кол коюуга даяр. Бирок Улуттук банк буга да көнбөй көшөрүүдө. Ушул жерден да бийликтин бул банкты банкрот кылуу ниети ачык көрүнүп отурат. Эскерте кетели, соцфонд 8-январда аталган банкты сотко берген. Доосу ушул, талап кылынган 200 миллион сомду өз убагында которуп берген жок дейт. Ага болсо жаңы жылдык каникулдар тоскоол кылып, "Промстройбанк" ал каражатты 8-январда которуп берген. Бирок ага да карабастан соцфонддун сотко берген арызы өндүрүшкө алынаары менен(сотто чечим чыкса бир жөн) Улуттук банк дароо консервация кылган. Дагы бир эскерте кетчү жагдай, бул банкты Улуттук банктын өтүнүчү менен "Кыргызаудит" компаниясы текшерип, анализдеп чыккандан кийин "Промстройбанктын" финансылык абалы стабилдүү, бардык эсеп-кысап милдеттемелерин аткара алат деген жыйынтык берген. Бирок Улуттук банк текшерерин текшертип алып, кайра тетирленип аткан кези. Аңгыча өйдө жактан бирөөлөр Мукашевге "Экинчи бутуңан да ажырайын деп атасыңбы?" дейт экен телефондон. Акаевдин тушунда Муратбек Мукашев бир бутунан ушул саясаттагы тирешүүлөрдүн айынан ажыраганы чын. Телефондогу ал кишиге "Эми Бакиевдин тушунда экинчи бутуман ажырасам деле өмүр улана берет. Жашай берем, иштей берем" деп жооп кайтарды Мукашев.
Чолпон Орозобекова




Темир Сариевге киллер жалдандыбы?
Күнү кечээ экс-депутат Темир Сариевге киллер жалданып, башы бааланып коюлган экен деген үрөй учурган каңшаар тарады. Эмнеси болсо да билели деп Темир Аргембаевичке телефон чалганыбызда "мындай болушу мүмкүн эмес деп да четке кага албайм, бул бийликтен баарын күтсө болот. Мен бийликтин жалпы саясатына гана каршы чыкканым болбосо, башка эч ким менен кырды-бычак душмандыгым жок" деп жооп берди. Акыр ушундай имиш тараганынын да артында көп нерсе жатат. Айрымдарга окшоп башын катпай, "Акыйкат үчүн" кыймылынын башкы сабында туруп, коомдук парламент түзүп атканы кимдир бирөөлөргө жакпай, психологиялык басым жасаштын да жандалбасы болушу ыктымал. Антейин десең, кесилген кулак жөнөтө баштаган Кыргызстанда эми баарын күтсө болот.

Кайран гана Ысыккөл
Сатылбаган эмнебиз калды эле, жакынкы күндөрү кыргыз парламентинде көл боюнан бир нече пансионатты Казакстанга биротоло берүү маселеси талкууланат. Албетте, Акүйдүн барманы менен. Кандай сөз, кандай соода болгону азырынча белгисиз. Бирок "ак жолчуларга" шатыра шатман колдоп бересиңер деген таклип түштү. Бирок "ак жолчулардын" арасынан "Акүй эмне кылса да макул болбойбуз" дегендери чыгып атат, көрөбүз го дымактарын.




  Калк айтса да, калп айтпайт!

Курманбек Салиевич, канкудаңыз бизди курутту!
Урматтуу президент!
Ушул кат менен Сизге Базаркоргон районунун тургундары, "Революцияны коргоо кыймылынын" мүчөлөрү, 24-марттагы революциянын активдүү катышуучулары кайрылып жатабыз!
Революция болгондон кийин Базаркоргон районун атактуу Бекмамат Осмоновдун иниси Айтмамат Осмонов башкарып калган эле. Анын ушул кызматка отурушун биз да колдоп, аны такка өз колубуз менен отургузганбыз десек да болот. Бирок ойлогон оюбуз турмушка ашкан жок. Айтмамат Осмонов бул кызматка келгени районубуз үчүн бир да көрүнүктүү иш кылбай, жер талашып, өз жакындарын колдоо менен гана алек болуп келатат. Мисалы, биз райондогу жер чатагы боюнча 21 жолу арыз жаздык. Бирок бардыгын тең жалаң өз жакындарынын кызыкчылыгы үчүн чечип келатат. Биз ага киргенде бизге "Осмоновдор эч кимден коркпойт. Бакиев-менин канкудам. Каалаганыңарды жасап алгыла" деп айткан күндөрү болду. Өлкө президенти менен канкуда болуу менен сыймыктанса болот, бирок ага таянып алып элди тоготпой ошол туугандыгын бетине кармагандыгы уят-сыйытка жатпайт. Биз Айтмамат Осмоновго киргенибизде же биз менен көчөдө жолугушканда ал бизди "көчөдө калган катындар" деп тергейт. Биз жалпы 60тан ашык аялдар ушул жер маселеси боюнча чындыкка жетели деп чуркап жүрөбүз. Бирок бизди "көчөдө калган катындар" деп айтканга акысы жок. Алдыбыз- неберелерибизди багып отурган байбичелербиз. Дүйнөдөгү эң ыйык болгон энеге мамилеси анын ыпластыгын көрсөтүп турат. Мындай маданиятсыз адамдын мамлекеттик кызматта иштегенге акысы жок. Айтмамат Осмонов акимдик кызматка келгени жалаң өзүнүн үй-бүлөлүк кызыкчылыгы менен алек болуп, жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алды. Ошондуктан, биз Айтмамт Осмоновду акимдик кызматтан четтетип, анын мүлктөрүн текшерип, мыйзамсыз ээлеп алган жерлерин кайра райондун балансына кайтарууну талап кылабыз.
А. Мурзаканова, Кызылүңкүр айылы
А. Полотканова, Кызылоктябрь айылы
А. Эргешова, Шыдыр айылы
Б. Кадырова, 1-Май айылы
Бул кайрылууга 22 адам кол койгон




Оппозициянын парламенти 50 депутаттан турат
Кечээ "Акыйкат үчүн" кыймылы чогулуп, коомдук парламентти түзүүнүн жобосун бекитти. Бул жумада оппозиция чогулуп, парламенттин курамын талкуулашмакчы. Жобого ылайык, коомдук парламент 50 адамдан турмай болду. "Ак жолчулар" Жогорку Кеңеште Акүйдүн заказын аткарып аткан маалда коомдук парламент ал маселенин күңгөй-тескейин жиликтеп, рекомендациялык мүнөздөгү сунуштарын Акүйгө жүктөп турушмакчы.

Жаштар дагы соттолууда
Кыргыз милициясы жаштарга өч чыкты. Айрыкча "Мен ишенбейм" деп парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жаштарды ушуну менен төртүнчү ирет кармап кетти. 28-январда боорлоруна "Я не верю" деп жазылган кичинекей кагаздарды тагып алып парламенттин астына жаштар келишкен. Парламент имаратынын астында туруп, аны айланып басып жүргөн жеринен 20дан ашык милиция келип күчтөп салып кеткен. Аларды РИИБлерде 6-7 саат кармап түшүнүк кат жаздырышкан. Кечээ алардын үстүнөн сот болуп, 1000сомдон 2000 сомго чейинки айыптар тагылды.

Бийликке "майлуу боор" керек
Өткөн жума күнү КР президентинин президентинин кеңешчиси, мамлекеттик кызмат боюнча мамагенттиктин директору Нурмамбет Токтоматов эч себепсиз кызматтан айдалды. Аны жакындан билгендер Нурмамбет мырза Аксынын мыкты чыкма, түз сүйлөп, таза иштеген кулундарынан экенин, президенттин өзү менен да мамилеси тыгыз болгонун, акыркы кездерде көп чындыкты бетине айтып, кол куушуруп турбаганы үчүн президентке жакпай калганын айтышууда. Анан калса бөрк ал десе, баш алган президенттин сарпайлары "Токтоматов кызматынан кетсин" деген буйрукту берген "майлуу бооруна" жараша көрөбүз дешип үч күн кармап турушуп, принциптен жыдыбаган Нурмамбет мырза үн катпай койгондо акыры ажого каралап атышып кызматынан шыпырып түшүшкөнүн билдик.

Шадиев неге үшкүрөт?
Бүгүн парламенттин финансы жана бюджет комитети 2008- жылдын бюджетин талкуулайт. Бул бюджетти бийлик шашылыш кабыл алдыртканы турат. Комитетти башкарган "ак жолчу" депутат Аскарбек Шадиев деле чыгымы абдан көп бюджет болуптур деп үшкүрүп алды. 3 миллиард 300 миллион сомдук чыгашаны көтөрүү милдети коюлган жыртык бюджет болсо үшкүрөт да.

"Кумтөрдүн" тагдырын "ак жолчулар" билет
Ушул жумада парламентте "Кумтөр" боюнча жаңы келишим каралат. Азыр Акүй парламенттеги "ак жолчуларынын" колун толгоп, кнопкаңды кың дебей басасың деп аткан кези. Бирок, кызыктын баары алдыда. Азыр айрым депутаттар дегеле "ак жолчу" болуп парламентте отурганына өкүнө башташты. Мынчалык зомбулук болоорун күтүшпөсө керек. "Кумтөр" боюнча кенен макаланы 11-беттен окуңуз.














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!