Коомдук-саясый гезит
№03, 31.01.08-ж.



 "Ак жол" антологиясынан

Жангороз КАНИМЕТОВ, ЖК депутаты, "Ак жол" фракциясынан:
"Керим Турапов ырдаганды сагындым дей баштаган"
-Жангороз Каниметович, биз дегеле кандай парламентке ээ болдук, бул парламент тарыхта кандай орун алат?
-Тарых үчүн 100 жыл деле аз эле убакыт. Ал эми 17 жыл анын тамчысы эле да. Бирок ошол 1992-жылдан бери Кыргызстанда эки жолу парламент таркады. Бул демек оңой эмес, башыбыздан окуялуу мезгилди өткөргөнүбүздүн белгиси. Мен азыркы менен үчүнчү жолу депутат болуп келишим. Буга, албетте, тобо деш керек. Чынымды айтсам, 1995-жылы абдан таза парламенттик шайлоо өткөрүлгөн. Парламентти көпчүлүк бөлүгүн интеллигенция, илим-билимдин, маданияттын жана башка тармактардын эң алдыңкылары түзгөн. Ошол чакырылышта 7 академик бар болчу. Парламентте кандай гана залкар адамдар жүрчү эле. Т.Усубалиев, А.Масалиев, Ч.Айтматов, Б.Осмонов ж.б.лар. Ошол чакырылыштан кийин анан шайлоолор таптакыр айныды. Жергиликтүү, шаардык кеңештерден баштап парламентке чейинки шайлоолор акыры элди жик-жикке бөлүп тынды. Акыркы шайлоолор кандай өткөнүнө эл өзү күбө.
-Ошол сиз айткан жылдардагы депутаттар менен азыркылардын жеке сапаттык деңгээлин аргасыз салыштырат экенсиң да?
-Албетте, деңгээли жагынан парламент төмөндөгөнүн биз моюндайбыз. Андагы парламент менен азыркынын деңгээлдик айырмасы асман менен жердей. Бирок парламенттин канын алмаштыруу да жашоо талабы экен. Бул парламент да балким өздөрүн мыкты жагынан көргөзөттүр.
-Жаңы кабыл алынган регламенттин күңгөй-тескейи жөнүндө айтсаңыз?
-Жалпы жонунан алганда көп нерсе өзүбүздүн эле колубузда, эркибизде. Бирок, ошого карабай, өзүңөр көргөндөй тыюулар болду. Айрым депутаттар өзүлөрү биз сүйлөбөйбүз,анын кажети да жок деп чыгышты. Мен ошондо ачык каршы пикиримди айтып чыктым. Дүйнөлүк практикада болот дей берген менен кыргыздын өзүнүн менталитети, өнүгүү жолу деген бар эмеспи. Парламент- жаш саясатчылардын тарбиялана турган, бышып жетиле турган, сүйлөө маданиятын үйрөнө турган жайы да. Ошол эле биздин төрага да ушул трибунадан жетилген. Парламент - талашып-тартышып жатып мыйзам жаралчу жер. Айтор, акыры коммунисттерден 2, СДПКдан 3, "Ак жолдон" 9 депутатка чейин чыгып сүйлөгөнгө укук алдык. Бул албетте, алгач айтканына караганда кудайга шүгүр дегендей көрүнүш. Ар бир мыйзам үчүн 14 киши чыгып сүйлөгөн бул аз эмес. Жума сайын 30 мүнөтөн турган ар кандай маселелер болгон талкууну дагы талашып-тартышып жатып алып калдык. Парламенттин негизги табияты элдин мүдөөсүн алып чыгуу да.
-Жумасына эки эле күн жалпы жыйын болот экен, анын жандырмагы эмнеде?
-Ал болгону фракциялар менен комитеттердин ролун жана таасирин жогорулатуу максаты болду. Талкуунун баары комитеттерде бышып жетилет дагы, пленардык жыйынлда жыйынтыкка келүү жеңил болот. Биз партиялык тизме менен жаңы эле жашай баштабадыкпы, эми баарын убакыт көрсөтөт.
- Спикер Адахан Мадумаровдун депутаттарга болгон ормон опузалык мамилеси жөнүндө көп айтылып жатат.
-Туура, андай пикирлер бар. Төрага бир гана нерсени көп элес албай жатат. Ал киши экөөбүз тең 10 жылдан ашык депутат болдук. Бул аз эмес убакыт. Ошол ички табиятты эң сонун түшүнүп туруп, бирок ал төраганын креслосунда отуруп алып, төраганын гана көз карашы менен карап мамиле жасап жатат. А кээде арттагы он жылдыгын эстеп, залда отурчу катардагы депутаттын да көзү менен карап көрүш керек да. Бирок убакыт өткөн сайын, төрага оң жолго түшүп баратат.
-Төраганын бир жылдык отчету канааттандырылбаса, ал шайлоого катыша албайт болду. Дегеле төраганын жылда алмашылышы жөнүндө айтсаңыз?
- Дүйнөдө өсүш болуш үчүн туруктуулук, стабилдүүлүктөн өткөн нерсе жок. Андыктан, жыл сайын эле төрага менен комитет төрагалары алмаша берсе парламентте өсүш болбойт. Өкмөттө да ошондой. Ошондуктан, көпчүлүк депутаттар кеңешип жатып төраганы жылда алмаштыруу принцибинен качалы дедик. Такыр эле жемишсиз иштеп атса анда айла жок.
- Кесиптештериңиз Сабыр Жумабеков, Керим Тураповдордун мандатын тапшырып кеткендеринин сырын сиз айта аласызбы?
-Биринчиден, ар кимдин өз каалоосу экен. Экинчиден, депутат болуп залда отуруш үчүн да ошондой болуп төрөлүш керек дегендей экен. Мага Керим Турапов көп өтпөй эле "Сагындым ырдаганды, сагындым филормониямды" дей баштаган. Демек, парламентте калып мыйзам жазыш үчүн да башкача жан дүйнө керек. Бул жерде жөн эле жүрө берүү мүмкүн эмес. Ушул жерден кошумчалай кетейин, мурда "менин округума көпүрө салынбай, мектеп курулбай калды" деп эле чыркырап жатышчу. А айрым популисттери болсо өкмөт жасаган ошондой иштерди өздөрүнө чегерип алчу. Азыр андайды унуттук. Такыр башкача ыргак. Көпүрө салмай, оорукана курмай - мунун баары аткаруу бийлигинин иши.
- Бул парламент президенттин мөөнөтүн узартып бергенге түзүлдү, көп өтпөй президенттик шайлоо болот деген пикирлер айтылып жатат?
- Жок, антип айтканга негиз да жок. Президент өзү "мен Акаевчилеп 3 - мөөнөткө барбайм" деп айтып келет. Эртең кезексиз шайлоо өтсө, анда ал канчанчы мөөнөтү болуп калат? Андыктан, президенттик шайлоо болот деген болбогон кеп.

Суроо салган Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




 "Эльдорадо" долбоору

Кумтөрдү куруткан Канада
Кыргызстандын жаңы парламенти жакын арада кыргыз алтынынын тагдырын чечкени туру. Бул маселенин канчалык маанилүү экенин кыргыз "Эльдорадосу" катары белгилүү болгон Кумтөргө арналган материал даана көрсөтүп турат. Бул багытта ак-караны ажырата турган учур келди.
Кыргызстандын физикалык картасын караганда ал жакта алтындан башка да толгон-токой кен байлыктар жатканын көрөбүз. Ал картада көрүнүп турганы кыргыз кен байлыктарынын бир эле чети. Картада жок маалыматтарды кайдан алабыз? Эч кайдан ала албайбыз. Анткени ал-мамлекеттик жашыруун сыр, "өзгөчө жашыруун" деген гриф менен сакталып турат.
Кимден жашыруун? Биздин аткаминерлер жең ичинен пайдалангысы келген кендер үчүн кезегинде ата-бабалары кан төгүп, башын сайган жер байлыктарын бизден жашырган атышабы?

Кайран учур
Улуу советтик империя - СССР күч-кубаты толуп турганда бардык союздук республикалардын, анын ичинде Кыргыз ССРинин да кен байлыктарына муктаж болчу. Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз коргошуну жеңишке зор салым кошконун азыр баары эле биле бербейт. Ал фашисттердин катыгын берген ар бир ок менен снарядда бар эле.
Кийин 50-жылдары Советтер Союзу Батыш менен "кансыз согуш" абалына кептелгенде биздин жерден чыккан урандын баркы көтөрүлгөн. Ал СССРге биринчи ядролук бомбаны белек кылып, СССРдин атомдук энергетика комплексине негиз салган. Мындан тышкары, алыскы Кыргызстандын технологдору чыгарган сурьма металлы эмгиче дүйнөлүк эталон катары бааланып келет.
20 миң киши иштеген "Южполиметалл" бирикмеси Советтик Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайынын туусун көтөрүп турчу. Бул бирикме СССРдин атом өнөр жай министрлигинин курамында болор эле. Кийинчерээк ал "Кыргызалтын" мамлекеттик концернине айландырылып, анын курамына Кадамжай сурьма комбинаты, Хайдаркен сымап комбинаты, Ташкөмүр жарым өткөргүчтөр заводу (кремний заводу), Макмал кен ишканасы жана "Таласалтын" ("Жерүй") кирген. "Кумтөр" кени ушундай алтын таажынын каухары болуп өзгөчө бөлүнүп турган.

Эсти оодарган эгемендик
Бирок Кыргызстанга капысынан келген азаттык өлкөнүн тоо-кен өнөр жайынын андан аркы өнүгүшүнө чекит койду. Жогоруда аттары аталган ишканалардын баары эгемендиктин 17 жылында банкрот болуп "инвесторлорго" итбекер сатылды. Азыр эми өндүрүлгөн металлды кыргыз металлы дегенге болбойт, анткени алардын кожоюндары чет элдиктер. Эгемендигинин 17-жылында "Кыргыз Республикасы" деп аталган перзент өз алынча ишке жарагыдай 18 жашка толбой банкрот болду. Аны бир эле мисал аркылуу түшүндүрүп көрөлү.
Кумтөрдү өздөштүрүү боюнча башкы келишимге 1992-жылы 4-декабрда Торонто шаарында кол коюлган. Келишим Кыргызстан тараптан КР премьер-министри Турсунбек Чынгышев менен 1991-92 жылдары өнөр жай министри болгон Эсенгул Өмүралиевдин колу менен, "Камеко корпорейшн" тарабынан ээлеген кызматы көрсөтүлбөгөн эки адамдын колу менен бекитилген.
Суроо туулат: мамлекеттин экинчи адамы болгон Чынгышев төрө деги ким менен жолуккан, биздин алтындын тагдыры эмне үчүн капкайдагы аты-жыты белгисиз жерде чечилген?
Раматылык Камчыбек Кудайбергенов ("Кыргызалтын" концернинин мурунку башчысы) өз убагында кен, курулуш жана коммуникация боюнча парламент комитетинин алдында сүйлөп жатып, биздин өкмөттүн Кумтөр боюнча келишим түзүүдөгү негизги катасы тууралуу кеп кылганы бар. Анын пикиринде, Кумтөрдүн алтынын сатуудан түшкөн 1 миллиард 146 миллион доллар (2003-жыл) "Кумтөр голд компани" тарабынан 656 миллион долларлык, же 57% өндүрүш чыгашаларынын ордун толтурууга, дагы 417 миллион доллар же 37% кредиттерди жабууга же алардын үстөгүн төлөгөнгө кеткен. Мына биздин акчабыз, мына алардын кеткен жери деп Кудайбергенов бекеринен күйүп-бышкан эмес.

Сандардан чыккан санаа
Эми эсептеп көрөлү: 1995-2003-жылдары Кумтөрдүн 115 тонна алтыны казылып, сатылыптыр. Тоннаны граммга которсок 115 000 000 грамм алтын болот экен. Анда 8 жыл ичиндеги чыгашалар 656 000 000 долларды түзөт, аны кредитке жумшалчу төлөмдү эске албастан 115 000 000 грамм алтынга бөлсөк, кыргыз алтынынын ар бир граммына 5,7 доллар кеткенин көрөбүз. Алынган цифрадагыдай чыгаша дүйнө жүзүндө шахталык жол менен жер алдынан алган шартта туура деп эсептелет, ал эми Күмтөрдө алтын эмгиче ачык карьер жолу менен эле алынып келатат. Демек, казып алуунун наркы 2 эсе арзан болушу керек эле. Бирок ушунча жылдан бери канадалыктар кыргыз алтынын казып алуу Канаданын шахталарында уран же алтын казуудан 2 эсе кымбат деп какшап эле келатышат. Антейин десең Кыргызстан менен Канаданын топурагынын катуулугу деле бирдей.
Мындан тышкары, К. Кудайбергенов парламенттик жыйында бул долбоордун начар жактарынын бири катары кыргыз тараптын ашкере салык жеңилдиктери менен коштолгон, негизинен дивиденддерге таянган кирешеси өтө эле арсар абалда экенин белгилеген. КР өкмөтү "ак көңүлдүгүнөн" улам биргелешкен ишкананын акционердик капиталанын колдон келишинче көбүрөөк үлүшүнө ээ болууга аракет кылган. Биз акциялардын үчтөн экисин же 70% алганбыз. Ага эсесине 5 жылга салык жеңилдиктерин берүүгө аргасыз болгонбуз. Мындан тышкары, долбоордун чет элдик катышуучулары салыктан бошотулган. К. Кудайбергеновдун пикиринде, анын баары тескери чыккан. Айтмакчы, бул туурасында өз отчетунда эң абройлуу эл аралык каржы институту болгон Дүйнөлүк Банк да жазганы бар. Ошентип, 1992-жылдын акциялары менен болгон операциялар тек гана "канадалыктардын көз боочулугу" болгон окшойт.

Алдооч баштыктын амалы
Ушундай эле көз боочулукту канадалыктар 2007-жылы да Алмаз Атамбаев баш болгон кыргыз өкмөтү менен "Камэконун" укук мураскери "Центерра голддун" ортосундагы жаңы келишимди түзүү маалында колдонушту. Жаңы келишим туурасында кеп болгондо кыргыз өкмөтү "Центерра голддогу" акциялардын үлүшүн 19%дан 31% га чейин көтөрүүгө далбас урду. Анысы болсо бизге кирешенин кепилдигин бербейт, болгону бизди товардык алтынды жана валюталык кирешени бөлүштүрүүгө болгон укугубуздан ажыратат.
Бул, демек, биз кайра эле канадалыктардын койгон тузагына түшүп бергенибиз, тышы жылтырак, ичи кылтырак кагаздарга алданганыбыз. Кумтөр боюнча канадалыктар менен 10 жылдан бери уланып келаткан талаш-тартыштарга, чуулгандуу окуяларга карабастан, 2007-жылдын 30-ноябрында (Алмаз Атамбаев премьер-министрликтен кетээри менен) канадалык "Центерра" компаниясы 300 миң унциядай алтыны бар Сарытөр кенин иштетүүгө кантсе да лицензия алганын угуп, чын эле булардын ортосунда бармак басты, көз кысты келишим болгонбу деген жыйынтыкка келдик.
Мурда кетирилген жаңылыштыктарды талдап, азыркы учурга көз чаптырып, келечекке божомол кылып көрсөк жалпы улуттун тагдыры тууралуу ойлоно турган эле жерибиз калыптыр, анткени аткаминерлер бизден сурабай эле кылчусун кылып, кыл жип менен бууп коюшкан экен. Эми кийинки тагдырыбызды бизди ушундай таз кейпибизге жеткирген инвестор аттуулардын сабагы менен эмес, өзүбүз чечишибиз зарыл. Улуттун келечегине ар кандай шектүү инвесторлор же азыр өлкөгө кожоюн болуп турган саткын жаңы кыргыздар эмес, өз жерибиздин байлыгы гана таяныч болмокчу. Алардын эч кимиси Кыргызстандын жерин колу менен жасап алган эмес, бул короодогу цехте жасап ала тургандай карапа же велосипед эмес. Кыргызстандын ыйык конушун бизге ата-бабаларыбыз калтырган, ал үчүн каны менен терин төккөн, башын сайган. Биз аны пайдаланганга гана акыбыз бар, бирок короосундагы койдой же өстүргөн картошкасындай кылып сатканга эч кимдин, ал тургай президенттердин да акысы жок. Биз ата-бабалардын осуятын аткарып, кыргыз жерин боору бүтүн бойдон кийинки урпактарга өткөрүп беришибиз керек, болбосо каргышка калабыз. Кыргызстандын кен байлыгы, жер байлыгы бийлик башындагылардын балдарына же алардын чет элдик досторуна менчик боло албайт. Биз жерди арендага гана берсек болот, ошондо да бир муундун өмүрүнөн, башкача айтканда 25-50 жылдан ашпаган мөөнөткө гана берсек болот.

79-элемент
Ал тургай биздин жер толугу менен изилденип бүтө элек десек жаңылышпайбыз. Башка кен байлыктарын албай эле жалаң алтын кендеринин тизмесин карап көрсөк, алардын өзү эле 1000ден ашат экен. Биз алардын ичинен 2003-жылы парламенттик жыйын учурунда ачык айтылгандарын эле санап өтөлү. Кыргызстандын мамлекеттик байлыгы 2003-жылдын 1-январына карата 19 кен боюнча 400 тонна алтынды түзөт, ал кендин тоннасынан 5,3 грамм таза алтын чыгат деген эсеп менен саналган. Болжол менен бул 400 тонна алтын 400 000 000 грамм болот, аны Тройская унцияга 31,2ден бөлсөк 12620512,6 унция алтын болот экен. Бул санды алтындын унциясына 800 доллар деп санасак 10 миллиард 256 млн. доллар чыгат. Бул төмөндө аттары аталган эле кендердин наркы: Терексай, Тереккан, Иштамберди, Перевальное, Чапчыма, Солтонсары, Жерүй, Сол жээктеги Талдыбулак, Жамгыр, Курандыжайлоо, Насоновское, Бозымчак, Долпран, Мироновское, Тохтозан ж. б.
Эгерде болжол менен Кумтөрдүн калдыктуу наркын эсептегенде 13 миллиард доллар деп санасак, ага жогоруда эсептелген 10 миллиард 256 миллион долларды кошсок, болжол менен 23 миллиард доллар алган болобуз. Бул акчага биз Токтогул ГЭСтеринин бир эмес бир канчасын куруп, бүт Кыргызстан аркылуу электрдин жардамы менен Кытайга алып бара турган темир жол салсак болот, ар бир үйгө электр жылуулугун алып киргенге мүмкүнчүлүк табылат, областтык борборлордун ар биринде заманбап аба майдандарын салып, Кыргызстандын бүт жолдорун асфальттап, андан тышкары 2,5 миллиард долларга жетип калган тышкы карыздан кутулганга күчүбүз жетет.
Бул кыялды жүзөгө ашырууга биздин тоолордо катылып жаткан, Менделеевдин химиялык таблицасында AU деп бир эле № 79-элементтин эсебинен толук мүмкүнчүлүк бар. Калгандары тууралуу сөз кылбай эле кое туралык.

Максат БУТАЕВ, экономист
P.S. Айтмакчы, алтындын баасы 27 жылдык максимумдан ашты. Доллардын курсу түшүп жаткан азыркы шартта өткөн бейшембиде Лондондо алтындын баасы 27 жылдык максимумдан ашты. "Bloomberg" агенттигине шилтеме берүү менен "Интерфакс" кабарлагандай, Лондондо өткөн бейшембиде алтын баасы тройский унциясына 910 долларга жетти. Ал эми жакынкы үч айда алтындын дүйнөлүк рыноктогу баасы 1200 долларга жетет деп эксперттер айтышууда.

Орусчадан которгон
Жыргалбек Касаболотов















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!