Коомдук-саясый гезит
№02, 24.01.08-ж.



  Бузук тилипон

Адил ТУРДУКУЛОВ:
"Эдил Байсалов менден сулуураак да..."
Биздин "бузук тилипон" иштеп жатат. Мурдагы саныбызда Токон Шайлиеваны тамаша кылганбыз. Токон айым Игорь Чудиновго кирип кызмат сурамакчы болуп, аз жерден калган. Бул жолу "бузук тилипонго" жаш саясатчы Адил Турдукулов кабылды.

-Алло, бул Адилби?
- Ооба.
- Биз сизге "Kyrgyz cinema production" киностудиясынан чалып жатабыз. Мен режиссердун ассистенти Аселмин.
- Ии, угуп атам.
- "Саясат курмандыгы" деген 3 сериялуу кино тартылганы жатат жакында, ошол киного сизди ролго чакырып жатабыз. Азамат Каниметов деген режиссер тартып жатат.
- Силер мени пробовать этпей туруп элеби?
- Эгер сиз макул болсоңуз келип аткарып көрөт элеңиз…
- Мени жакшы аткарып кете алат деп ойлоп жатасызбы?
- Бизге кыргыз-орус тилдеринде сүйлөгөн жаш саясатчы керек. Сценарий боюнча, сиз чындыкты бетке айткан саясатчынын ролун аткарасыз.
- Азамат Каниметов деген ким ал?
- Ал - акыркы убактарда кино тартып жүргөн белгилүү режиссер, уккан жок белеңиз? Буга чейин "Депутат" деген дагы бир саясий мазмундагы кино тарткан, бирок ал жерде саясатчы эмес, жөнөкөй эле актер ойногон. Бул жолу анык саясатчыга ойнотолу дегенбиз.
- Съемка качан болот?
- Пилотный проект мартта болот. Сиз тартылганга даярсыз да?
- Мен сценарийи менен таанышып чыгайын да.
-Мен сценарийди азыр үстүртөн айтып бербейинби сизге?
- Айтып берсеңиз жакшы болот эле.
- Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар ке жөнүндө... Сиз ал жерде, жана айтып кетпедимби, чындыкты айткан саясатчы болосуз. Жөнөкөй бир официант кызды сүйүп каласыз. Бир аз интимный сценалары да бар …
- Мммм… Жок, мен профессионал актер болбогондон кийин мындай киного катышпай эле койбоюнбу.
- Бизге саясатка аралашып жүргөн адам керек болуп жатпайбы?!
- Менден башка саясатчылар толтура да.
- Сизден башка Эдил Байсаловду да сунушташкан, бирок сизди туура көрүп атышат.
- Ал менден сулуураак да, ошону эле тартпайсыңарбы.?!
- Билбейм, режиссер сизди тандап жатат го.
- Студиянын атын дагы бир жолу айтып коесузбу?
-"Kyrgyz cinema production" киностудиясы.
- Кайсыл жакта турасыңар, адресиңерди айтып койгула мага.
- Биз площадда "Илбирстин" имаратында турабыз.
- Аа, ошол жакта турасыңарбы? Мен барып эле сценарийи менен жакшылап таанышып көрөйүн.
- Качан келесиз?
- Понедельник, вторник күнү келейин. Ошол күндөрү сиз мага кайра чалбайсызбы?
- А гонорар жагы сизди кызыктырбайбы?
- Гонорар жагы экинчи маселе да. Мага главный кинонун сценарийи жагыш керек да. Сценарий кызыктуу болсо мен катышуудан баш тартпайм.
- Напарницаңыз ким болоору да кызыктырбайт да ээ?
- Келиңиз, биринчи сценарийди окуп көрөйүн, анан калганын сүйлөшөбүз.
- Адил?
-Ооу.
- Сиз "Де-факто" гезитинин "Бузук тилипон" рубрикасына кабылдыңыз.
- Ааа-аа (күлөт). Чоң рахмат!
- Сизге да рахмат.
"Бузук тилипонду" бураган
Дилбар Алимова




  Үйбүлөлүк очокто

Денис көкбет, Жанетанын жини бат келет
Денис менен Жанетанын үйлөнгөнүнө 8 жыл болду. Арина, Максим деген уул-кыздуу болушуп, өздөрүн бактылуу үйбүлөлөрдүн катарына кошуп келишет. Балдары экөө тең сырткы келбети боюнча Дениске көбүрөөк окшош. "Сырткы келбети эле эмес, уялчаактыгы да атасына окшош, бирөөлөрдүн алдында ырда десең ырдабай калышат" дейт Жанета.

- Үйдө ким эмнеге кожоюн?
Денис : - Ашканага - Жанета кожоюн. Үйдө негизги кожоюн - мен. Бирок "мен лидер, сен лидер" деп бөлбөйбүз, бир маселе болуп калса экөөбүз ортодо эле кеңешип туруп чечебиз.
- Денис, Жанета үйдө кандай кожойке?
- Тамакты жакшы жасайт. Балдарды да жакшы карайт. Жакшы кожойке.
- Жанета, Денис кандай кожоюн?
- Жанында отуруп алып кантип мактайын (күлөт). Колунан баары келет. Үйдө суу түтүктөрү бузулабы, телевизор бузулабы - бүт баарын өзү оңдоп коет. Кала берсе туугандардын баары тең бир нерселери бузулуп калса, Денис деп турушат.
- Денистин ашканага кийлигишип кетмей жайы барбы?
- Андайы жок, тамак жасаганга жардам бербейт. "Мобуну аарчып турчу" деп жанына алып келип койсом да аарчыбайт. Анан дагы кыл тамак. Күрүч, камыр тамактарды жебейт. Тамакты жалаң гана эт кошуп, кууруп жасап бериш керек.
- Денис, айымдарга тиешелүү болгон жумуштарды жасай аласызбы?
- Баары эле жасайт болуш керек. Тамак жасайм… Жанета суранып калса…
Жанета: - Ооу-у, 8 жылдан бери бир да тамакты суранып жасата албай жатам го…
- Балдарды ким кандай тарбиялайт? Ким урушат, ким болушат?
Жанета: - Денис урушат, мен болушам.
Денис: - Жанета балдарды көп эркелетет. Анан алар Жанетаны укпайт. "Кеч болуп калды, жаткыла" десе жатпайт. А мен бир эле жолу айтканда, барып жатып калышат.
- Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр? Балдарыңар кайсы тилде сүйлөйт?
Денис: - Үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Арина болсо кыргыз-орус тилдеринде да сүйлөй берет. Ал эми Максимдин тили кыргызча чыкты. Анча-мынча орусча сөздөрдү айтса, сүйүнүп калабыз.
Жанета : - Бая күнү чачтарачка барсак, Максим "Мама, жүрчү кетели" десе баары карап калыптыр. Түсү да оруска окшош болсо, атын Максим деп атсам, анан бул кыргыз тилинде сүйлөп жатса таң калышты го.
- Ким көп таарынат? Ал учурду кантип жеңесиңер?
Жанета: - Мен таарынчаакмын. А Денис болсо таарынычымды жазат. Көп эле обу жок уруша бербейбиз. Таарынышсак да бат эле элдешип алабыз.
- Ким биринчи кадамга барат?
- Кимден кетсе ошол барат. Бири-бирибизди карап күлүп-күлүп алып, таарынычыбызды ошентип жазабыз. Же мен диванда жатсам, жаныма келип бул эркелете баштайт. Менден кетсе, биринчи мен барып сүйлөй баштайм. Эң катуу таарыныштык дегенде, биз бир күн кечке таарынабыз.
- Жубайлар бири-бирине окшош болот дешет, силер да окшошсуңарбы?
- Көпчүлүк учурда биздин сырткы келбетибизди окшоштурушат. Мүнөзүбүз, сүйлөгөн сөздөрүбүзгө чейин окшошуп калган.
- Кыргыздардын эрежелери менен жашайсыздарбы же орустардынбы?
Жанета: - Өзбектики менен (күлөт). Тамаша. Денистин майрамы болгондо, мисалы пасха болсо, мен жумуртка боейм. Рождествону да майрамдайбыз. Биздин айт болгондо да боорсок бышырабыз, кой соебуз. Эки тараптын тең майрамдарын белгилейбиз.
- Ал эми дин жагынан кандай кыласыңар?
Жанета: - Денис өзүнүн динине ишенет, мен өзүмдүкүнө. Бирок, баарыбызга - бир кудай да.
- Ким кызганчаак?
Жанета: - Денис кызганчаак.
Денис: - Бизден Жанета көп кызганат. Мурда көп кызганчу, азыр кызганбай калды. Мен болсо кээде-кээде кызганып калам.
- Денис, сиз чет өлкөдөн машина алып келип сатат турбайсызбы, бул бизнесиңизди качан баштадыңыз эле?
- Бир жыл болду. Литвадан машина айдап келип сатабыз. Россиянын шоу-бизнес адамдарынын дагы ырчылыктан сырткары өздөрүнүн бизнестери бар. Мен дагы сахнадан сырткары өзүмдү автобизнес жагынан сынап көрүп жатам. Иштесе болот экен. Бир кеткенде 20-30 күнгө кетем.
- Жанетага мүнөздөмө берип көрсөңүз?
- Биринчиден, балдарды жакшы карайт, баласаак. Аябай жакшы карап, көп эркелеткенинен экөөбүз кээде урушуп кетебиз. Ар дайым курсагым ток, кийимим таза жүрөт. Аябай боорукер. Жаман сапаты болсо ушул, жини бат келет.
- Мына Жанета, азыр сизди Денис мактап да, жамандап да өттү, эми сиз Дениске мүнөздөмө бериңизчи?
- Боорукер. Үй-бүлөгө жакшы каралашат. Мисалы, Литвага барып атпайбы азыр, ар барганында мага, балдарына сөзсүз бир белек ала келет. Үйгө ташыган жакшы мырзалардан. Ак көңүл. Жаман жагы болсо көкбет, айтканын бербейт.
- Бири-бириңиздерге калп айтасыздарбы?
Денис: - Кээде калп айтышың керек болуп калат. Мисалы, үйгө кечигип келсең, "ой, машина бузулуп калды" деп коесуң.
Жанета: - Менде деле кээде болот. Буга кээде, тескерисинче, чынын айтсам, урушат, анан калп айтып коем. Мисалы, базарда жүргөндө чалып калса, "мына, үйгө келип калдым" десем унчукпай калат, "базарда дагы эле жүрөм" десем, анда жини келет.
- Бири-бириңиздерден алган эсте калган белек?
Жанета : - Кечээ жакында менин туулган күнүмө машина белек кылды. Денистин жакшы жери эч бир майрамды унутпайт. Экөөбүз үйлөнгөн күнү ар жыл сайын мага роза алып келет. 8-Мартта дайым белек берет.
Денис: -Жанета белектерди жакшы эстеп калат. Мен болсо эстеп кала албайм. Мага көпчүлүк учурда кийим сатып берет. Кийим демекчи, мен такыр өзүм кийим сатып алганы барбайм. Жанета эмне алып келсе ошону кие берем. Ал менин табитимди жакшы билет.
- Балдарыңыздардын ырчы болушун каалайсыздарбы?
Жанета : - Мен балдарымдын ырчы болушун каалабайм. Анткени ырчы болуунун да өзүнүн түйшүктөрү өтө көп. Мен алардын жөнөкөй эле билим алышын каалайт элем.
Денис: - Эгер балдар өзү ырчы болууну кааласа, мен каршы болбойм.
- Дагы балалуу бололу деген пландарыңыздар барбы?
Жанета: - Буюрса, андай пландар бар. Негизи Денис 5 балалуу болгусу келет. Анан кудай буюрганын көрөбүз да.
- "Өзүмдүн улутумдагы эле адам менен турмуш курсам болмок экен" деп өкүнүп калган учурлар болбойбу?
Денис: - Мен кыргыз, орус деп деле бөлбөйм. Кээде Жанетанын кыргыз экенин деле унутуп коем. Эң башкысы жакшы адам, мен ушуга эле карайм.
Жанета: - Мен деле Денистин орус экенин унутуп калам.

Дилбар АЛИМОВА
Бегимай БАКАШЕВА














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!