Коомдук-саясый гезит
№02, 24.01.08-ж.



  Мирбек ИМАНБЕКОВ:

"Сүйгөн кызыма барып, итине таландым..."
Мирбек Иманбековду "үйлөнүптүр, ошонун артынан продюсери менен иштешпей калган" деген ушак сөздөр тарап кеткен. "Эгерде мен үйлөнүп алып, ошонун артынан продюсерим менен чырдашкан болсом, мен кайра аны менен иштешпейт элем да" дейт Мирбек. Ал эми продюсери Асыл Апасованын айтымында, Мирбек ал кезде болгону кимдир - бирөөлөргө алданып калган жана азыр кетирген кемчилигин мойнуна алып өкүнүп жаткан кези.

Үйдө мал союлса терисин эч кимге берчү эмесмин. Жакшынакай кылып баарын чогултуп, ыйлап атып байкелериме туздаттырып, анан алып барып сатып келчүмүн.

- Мирбек, кыздардын сырткы келбетине көп көңүл бурасыңбы? Кандай кыздар жагат?
- Назик, жөнөкөй, татынакай, чачы узун кыздар жагат. Эң негизгиси, адамгерчиликтүү болушу керек. Башка улуттагы кыздарга кызыкпайм, анткени, "бөрү баласы ит болбойт" деген макал бар эмеспи, ал эми жерлигине карабайм.
- Катуу сүйүүгө кабылдыңбы?
- Катуу сүйүп көрөйүн деп атам, бирок болбой жатат. Кудай ошо катуу сүйгөнгө жеткирсин.
- Окуучулук күндөрдөгү сүйүүлөрдөн кеп салып берсең...
- ... Бир кыз менен 10-класста сүйлөшүп жүрүп күн сайын кечинде үйүнө барчумун. Чоң ити бар эле, бир күнү кечинде келип ышкыра койсом, итин бош койгон экен, мени талап салса болобу?! Азыр тиземде ошондон калган тактар бар. Дагы бир окуя эсиме түшүп кетти. 7-класста окуп жүргөндө бирөөнүн атынан бирөөгө кат жазмай мода болуп кеткен. Менин атымдан балдар бир кызга кат жазып койгон экен, өмүрү түшүмө да кирбеген кыз келип, "Мен сени менен жүрбөйм" деп туруп, катты тытып бетиме чачып кетип калды. Оозум ачылып эле, эч нерсени түшүнбөй калдым. Кыздар шылдыңдап күлүп атат... Өзүмдүн дос балдарым менен урушуп, анын артынан ушундай кызыктуу күндөр өткөн.
- Өзүңө жаккан, жакпаган сапаттарың барбы?
- Эрке өскөндүгүм өзүмө көп жакпайт. Элге жакшы эле сүйлөп атам деп ойлойм, анан эле ошол сөз башкаларга катуу тийе берет. Көп уктайм, ошол адатымдан кутула албай жүрөм. Жакшы сапаттарымды айта кетсем, ак көңүлмүн, бирөөгө жардам бергенди жакшы көрөм. Анан дагы бир алсыз жагым бар - аябай ишенчээкмин. Ишенчээкмин десем эле баары алдай бербесин, бир күнү мен да алдап кетем анан...
- Сыймыктанганың?
- Ата-энем, бир туугандарым, сүйүктүү продюсерим жанымда, ошону менен сыймыктанам. Күйөрмандарым менен кайрадан жүз көрүшүп, бүгүнкү күндө силерге интервью берип жатканым да мен үчүн сыймык.
- Өткөн жыл сага кандай жыл болду?
- Өткөн жылда менде жамандык менен жакшылык тең болду. Негизи, ал экөөнү тең алып жүрүү керек экен. Эгер жамандыкты түртүп коюп жакшылыкты эле самай берсең, жамандык таарынып калса, аябай жаман болот, зыяны көп болот. Бул жылда киреше да болду, чыгаша да болду. Кыскасын айтканда, 2007-жыл эстен кеткис жыл болду. Жаңы жылдан жаңы ийгиликтерди күтөм.
- Өкүнүп калган учурларың болгонбу?
- Мен 2007-жылы жаштык кылып продюсеримден кетип калганыма катуу өкүнүп калдым. Кетпей эле койгонумда, мүмкүн мындан да жакшы ийгиликтерге жетет белем... Бизде "Адашкандын айыбы жок, кайрылып үйүрүн тапкан соң" деп коет эмеспи, эми буюрса, 2008-жылы өкүнүчтөрдүн баарын жоебуз деп ойлойм...
- Тамак жасайсыңбы?
- Жок, аялдарга тиешелүү болгон жумуштарга кызыкпайм дагы, аралашпайм дагы. Кыздар жаман көрүшпөсүн, бирок келечекте аялыма деле бул жагынан жардам бербейм. Ал эми кийимдеримди болсо азыр үйдө жээним бар, ошол жууп, тазалап берет.
- Кандай жумуштарды жасайсың анда?
- Мырзаларга тиешелүү болгон бардык жумуштарды кыла берем, колумдан баары эле келет.
- Мал сойгонду билет экенсиң да...
- Ооба. Кой сойгонду билем, бирок бодо малды сое албайм. Малга бычак такап жатып, жүрөгүм чыдабай кетет. Азыр эми эч жумуш кылбай эле чыгармачылык менен гана алек болуп калдык.
- Ырчылыктан сырткары акча таап көрдүң беле?
- Кичине кезимде үйдө мал союлса терисин эч кимге берчү эмесмин. Жакшынакай кылып баарын чогултуп, ыйлап атып байкелериме туздаттырып, анан алып барып сатып келчүмүн.
- Алтын балык кармап алдың дейли, жеке өзүңө эмне каалайт элең?
- Алтын балык кармап алсам, өзүмө биринчиден - ден-соолук каалайм, экинчиден, эл менен тең болуп жүрөйүн деп, элдин баары мени жакшы көрсүнчү деген тилекти айтат элем.

Дилбар АЛИМОВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!