Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, себеби жогорку шапкеси улам эле солкапталга єтџп кетип жатпайбы..

Ооба, Курманбек Салиевич саясаттагы кнопканы каерден жана качан басышты жакшы билээрин көргөздү. Кнопканы бир бастыле, дымагы Акүйдөн ашкан парламент чачырап жок болду.
Эки бастыле, 70тен ашык депутат тизе алдында чөгөлөп берди. Кудай сакта, үчүнчү басканда не болот деп элдин үрөйү учуп туру. Кечээ "Ак жолдун" айрым депутаттары парламентте айбат кылып коюшту эле, эртеси аржакка алып барып "төпөштөлүп" келгендерин уктук. "Партия айтса - аткарабыз!" деген пионерлер портрет алдында беш жыл "былк" этпей, постту коруп беребиз дешип каардуу кабак күтүп турган кездери.





  Учурчак

Пенсия жашыңыз чечилбей жатат?..
Парламент ушул жумада пенсия маселесин карады. Президент болгонго чейин Курманбек Салиевич депутат катары аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыксын деген маселе койгон болчу. Өткөн жумада президент жаңы өкмөт мүчөлөрүнө, парламентке кайрылуусунда "эгер биз ушул ыргак менен кете берсек, анда 2-3 жылдан соң пенсионерлердин өлкөсүнө айланабыз" деп айтты. Айтканы туура.
Социалдык чыгымдарга, конфессиялык төлөмдөргө 8, 86 млрд. сом төлөнөт. Чыгымдарга 9,6 млрд. сом жумшалат. Бюджет дефицити - 700 млн. сом. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул бюджеттин алсыздыгын айтып турат. Бийлик элге манипуляция жасоо ыкмасына өттү. Пенсия фондунун башчысы Марат Султанов парламентте сүйлөгөн сөзүндө "Пенсия боюнча бир нече варианттагы мыйзам долбоорлору иштелүүдө, он балалуу аялдар 45 жаштан, тоолуу райондордо жашагандар, чекара чегинде тургандарга 55-60 жаштан, башка категориядагыларга 58-63 жаштан пенсияга чыгуу мыйзам долбоору беленделип жатат, ушундай шартты кабылдайлы" деген мыйзам али кабылдана элек. Азыр аялдарга 55 жаштан, ал эми эркектерге 60 жаштан пенсияга чыгуу маселеси чечиле элек. Быйыл ушул курактагы адамдар пенсияга чыгуусу ордунда калат.
Өкмөт аялдарды 58 жаштан, эркектерди 63 жаштан пенсияга жөнөтүүгө көздөнүп калды. Президент К.Бакиев ушул маселеге басым жасады.
Марат Султанов парламенттик экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинде инфляция 15%, пенсия болсо 10% гана көтөрүлүп атат деп айтты. Инфляция, Улуттук банктын айтуусунда, быйыл 12-15 пайызды түзөт. Эсептеп көрүңүз. Эл турмушу кыйындайт го. Саясатчылар кооз сөз сүйлөгөндөн мурда, кадыресе карапайым адамдардын пикирин укканы эп.
Соцфонддун бюджетин парламент бекитти. Быйыл пенсияга чыгам деген кыргызстандыктар чочулабаса болот. Кыязы, өкмөт даярдаган мыйзам долбоору парламентте аркы жумада каралат. Документтер үч вариантта иштелүүдө. Тоолуу жерде жашаган аялдарга 50 жаштан, эркектерге 55 жаштан, ал эми чекара жээгиндеги айылдагыларга 55-60 жаштан пенсияга чыгуу каралып жатат. Марат Султанов "пенсия төлөмүн үзгүлтүккө учуратпайм" деди.
Пенсиянын төмөнкү чеги азыр - 450 сом. Бул кары адамдын каржысын жаап бере албайт. Мамлекет бул адамдарды кирпик сыртында калтырбашы керек. 4-5 миң сомдон пенсия алган адамдар, эгер компенсация, пенсия төлөмү көтөрүлсө, пенсиясы да көбөйүп, жакыр жашаган карылардын нааразычылыгын арбытат.
Быйыл бюджет 42 млрд. сомго чыкканын Финансы министри айтты. Айткан бир сөз, ал эми социалдык тармакка былтыркы көлөмдөгү акча каралды. Бул эмнени түшүндүрөт? К.Бакиев өткөн жумада буга чейин менчиктештирилбеген ишканаларды менчикке берели деди. Андан бюджетке канча киреше түшөөрү туурасында айтпады. Жеп кетүүнүн башкы этабы башталдыбы деген пикирлер арбыды. Бюджет түтөт, адам оболу түтпөйт...
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ









Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!