Коомдук-саясый гезит
№01, 17.01.08-ж.



  Ыр секи

Султан Садыралиев:
"Бирөөгө жылаңач денемди карматкым келбейт"
Султан Садыралиев жакын арада үйлөнбөйт. Ал азыр чыгармачылык менен катуу алек болуп аткан кези. "Үйлөнсөм, беш маал намаз окуган кызга үйлөнөм" дейт Султан. Жадакалса тоюн дагы арак-шарапсыз өткөрөйүн деген ниети бар.

- Султан, продюсериң Динара Эсенгулова менен мамилеңер мурдагыдай элеби, же ортоңордо жарака калып калдыбы?
-Биздин мамилебиз башында кандай болсо, азыр дагы ошондой эле. Экөөбүз иштешпей калганда деле сүйлөшпөй калган эмеспиз. Мен үйүнө барып турдум. Мамилебиз бузулган эмес, ортодон жарака кеткен жок.
- "Он үч жашар баланын арманын" ырдап чыкканыңда атаң угуп алып таарыныптыр деп уктук…
- Атам шаарга келип, базардан кийим-кече сатып алып үйгө келатса, маршруткада ошол ыр чыгып калыптыр. Анан эки аял "чын эле Султандын атасы жок турбайбы…" деп сүйлөшүп калганын угуп алып жаман болуптур. Үйгө келип "Андай болбойт да, эмнеге мындай ырды ырдадың? Ырдасаң башка ырларыңды эле ырдабайсыңбы…" деп таарынган эле. Андан кийин атама арнап "Атаке" деген мээримдүү аталар жөнүндө ыр ырдап чыктым. Ошол ыр менен кичине алаксыттым окшойт.
- Массалык маалымат каражаттарында үй-бүлөң жөнүндө көп айтпайсың, ата-энең, бир туугандарың тууралуу кеп салып берсең…
- Атам колхоздо завферма, экспедитор болуп иштеди. Апам болсо саанчы болчу. Мен апама улам уйларды айдап келчүмүн, апам саайт. Беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Үч эжем, бир байкем бар. Баары турмуш курган.
- Үйдүн кичүүсү болсоң көп эркелейсиңби?
- Кичине кезимде көп эркелечүмүн. Бул тайды минем, муну минбейм деп. Мындай тамак жейм, мындай жебейм деп. Мисалы дүкөнгө кирип велосипед жактырып калсам, ошону кучактап алып, сатып бермейинче ыйлап кетпей койчумун.
- Шок бала белең?
-Аябай эле шок болчумун. Бир нерселерди өрттөп ийгенге мастер элем. Мага чоң оюнчуктарды сатып беришсе, аны талкалап, ичинде эмне бар экен деп көрчүмүн.
- Биринчи чыккан Султан менен азыркы Султандын айырмасы барбы?
- Алгач чыкканда азыркыга караганда шок элем. Ал кезде жатаканада жашачумун. Кыздар менен аябай көп жүрүп, болбоду дегенде эки айда кыз алмаштырат элем. Чыңгыз, Акбар, Мирбек төртөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, бир нан тапсак дагы ортодо бөлүп жечүбүз.Азыр токтолуп калдым. Чыгармачылыкта болсо эстрадага болгон көз карашым өзгөрдү. Мурда казактарга жакыныраак ырдачумун, азыр андан алыстап, кыргыз стилинде ырдап жатам.
- Сен бат-баттан кыз алмаштырчумун деп айтып кеттиң, сени да кыздар кайырмагына илип алабы?
- Илген күндөр да болот. Кыздарга көп эле алдангам. Алдагам дагы… Ыйлаганга жеткирбечүмүн.
- Азыр сүйлөшкөн кызың барбы?
- Сүйлөшкөн кыздар көп.
- Качан, кандай кызга үйлөнөсүң?
- Үйлөнгөнгө али эрте. Мен өзүм беш маал намаз окуган кызга үйлөнсөм деп ойлойм. Аялың ыймандуу болсо, сен андан тартынып турсаң. Койнуңдагы аялың беш маал намаз окуп, таптаза болуп турса, пиво, арак ичкенден тартынасың да. Азыр ошондой варианттар болуп атат.
- Өзүң намаз окуйсуңбу, ичимдиктерге кандайсың?
- Окуганды билем, бирок азыр окубайм. Тамеки тартам. Пиво ичем. Арак ичпейм. Ичсем бузулуп кетем деп деле ойлобойм, жөн гана анын даамы жакпайт.
- Сен каалагандай кыз башка улуттун өкүлү болуп калса кантесиң?
- Жок, андай болушу мүмүкүн эмес. Эжелерим казакка турмушка чыгып,байкем да казак кызга үйлөнгөн. Апам- өзү да казак. Атам "Жок дегенде сен кыргыз ал, кыргыздан куда күтөйүн, өзүңдүн улутуңду сакта" деп айтат. Ошон үчүн кыргызга гана үйлөнөм, буюрса.
- Мончого барганды, массажды жакшы көрөсүңбү?
- Мончого барган жагат, парды жакшы көрөм. Ал эми массаж жакпайт, бирөөгө денемди карматкым келбейт. Анан билбейм, кийин аял алгандан кийин массажды жакшы көрүп кетпесем…
- Кыздардын сырткы келбетине көп көңүл бурасыңбы?
- Көңүл бурам. Балдар көзү менен сүйөт да. Биринчи "оо, фигурасы жакшы экен, түсү жакшы экен" дейсиң да, анан сүйлөшө келсең, кээ бирлеринин мүнөздөрү жакпай калат. А кээ бирлер карасаң томпойгон эле кыз, бирок сүйлөшсөң жакшы болуп чыгат. Ошон үчүн айткан экен да "сүйүү сокур" деп.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп коет. Музыкалык аспаптарда ойногондон, ырдагандан башка кандай өнөрлөрүң бар?
- Мен байгелерде ат чапчумун. Көк бөрү ойногонду билем. Шал Куйрук деген атым бар болчу. Алтынчы класста биринчи жолу ошону менен райондук байгеде чаап, биринчи келгем. Мотоцикл утуп алган элем. Кийин да чаап жүрдүм, Шал Куйрук ар дайым биринчи келчү. Кийин акча керек болуп калып сатып жибердик, азыр эстесем аябай ичим ачышып ыйлап алам. Ал ат сатылгандан кийин көп нерселер жоголду… Аябай жакшы көрчүмүн. Чач жууган шампунь менен жууп тазалачумун.
- Алтын шакек тагынып жүрөт экенсиң, асыл-таштарды тагынганга кызыгасыңбы?
- Бул шакекти мага сүйлөшкөн кызым жаңы жылга белекке берди.
- Кыздар үйүнө чакырабы?
-Жашырганда эмне, кыздар чакырат үйүнө. Бирок мен андайлардан корком. Мен кыздарга чакырылгандан көрө, аларды өзүм чакырганым жакшы…




  Ай-чырай

Кичинекей мисс
Эрик кызы Аделя 9 жашта.
Зодиак белгиси - текечер. Алты жашынан "Дизайн Мода" модель агенттигине барат. Ушул жылы "Мини мисс Центральной Азии" деген сынакта гран-прини жеңип алды. Скрипка, фортепианодо ойногонду, англис, француз тилдерин үйрөнүп жатат. Кытай ашканасынын тамактарын жактырат. Чоңойгондо дизайнер-модельер болгусу келет. Кичинекей мисс Малайзияда төрөлгөндүктөн, ошол жакты барып көрүүнү максат кылат. Индия кинолоруна акыркы убакта көп кызыгып, үйүндө сари кийип алып, индияча бийлегенди да үйрөнүп аткан кези. Аделянын Марси деген мышыгы бар, күндө эртең менен туруп алгач мышыгына тамак берип, анан өзү тамактанат.




  Темир тулпар

Урмат Усенов алгач машина айдаганда тоокту тепсеп кеткен
Урмат Усенов кара түстөгү
"Мицубиси-Голандын"
6700 долларга сатып алган.
Бул анын бешинчи машинасы.

- Биринчи жолу качан машинелүү болгонсуз?
- Алгачкы машинамды студент кезимде битирленип атып акча чогултуп сатып алгам. Кийинки машиналарыма чыгармачылыгымдын үзүрү менен жеттим десем туура болот. Азыркы машинам мурдагыларга караганда жаңы, комфортабелдүү.
- Гонщиксизби?
- Катуу айдайсың дешет, бирок өзүмө билинбейт. Шаардын ичинде 100км/саат ылдамдыктан ашырбайм.
- МАИчилер менен мамилеңиз кандай?
- Негизи эле мени МАИлер көп кармайт. МАИ жиним барбы билбейм, он машина баратса да, тандап туруп менин машинамды токтотот. Азыр силерге келатып да, эки жолу кармалдым. Чыгып учурашып коем, бирок кээ бир принципке турган МАИчилерибиз бар. Эгер айып төлөй турган болсом, мыйзамда каралган сумманы төлөп, квитанция берүүлөрүн талап кылам. А жөн эле чай ичип кой деп акча бербейм.
- Биринчи жолу айдаганды кантип үйрөндүңүз?
- Машинаны жаңы сатып алып, саткан киши "үйүмө жетип алайын" деп экөөбүз Кантка барганбыз. "Эми өзүң айдап кете аласыңбы?" десе, "айдай албайм" дегенден намыстанып "ооба" деп айдап чыгып алгам. Чыгып эле кошунасынын тоогун тепсеп кетип, тоок төлөгөм. Ошентип калчылдап, титиреп отуруп үйрөнүп алгам.
- Машина айдоодо колдонгон ырымдарыңыз барбы?
- Машинамда апам жасап берген тумар жүрөт. Машинаны айдаганда биринчи алдыга айдап, анан артка айдаш керек экен. Мен мурда аны билбей эле артка айдап жүрө берипмин. Азыр болсо он сантиметр болсо да алдыга айдап, анан артка айдайм.

Бетти даярдаган Дилбар АЛИМОВА


















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!