Коомдук-саясый гезит
№01, 17.01.08-ж.



  Актерек көктерек

М. Садыркуловдун үйүнө кесилген кулакты ким жөнөттү?
31-декабрь күнү кечинде Акүйдүн жетинчи кабатындагы чоң чиновниктин үйүнө бирөө жалтыракка оролгон, жасалгаланган коробка таштап кеткен. "Бул деген Баланча Баланчаевичке жаңы жылдык белек,өзү билет" деп кетип калат. Ал коробканы чиновниктин аялы алып калган. Анан ал белекти ачышса, адамдын кесилген кулагы, керте чабылган сөөмөйү чыгыптыр. Үрөй учурган бул окуяга кабылган Акүйдөгү кайсы чиновник? Президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов деген маалымат тарады. Укук коргоо органдары Аламүдүн районунан кулактары кесилген, сөөмөйү да кесилген бомжду табышыптыр. Бул боюнча ИИМ унчукпай, ырасмий маалымат берилбеген менен, жаңы жылдан кийин Акүй, Көкүй коридорунда ушул окуя кызуу талкууга алынып атты. "Дело№" гезити жазып чыкканга караганда, бомждун кулагын, сөөмөйүн кесип бергенге милиция кызматкерлеринин да катышы бар болушу ыктымал. Кесилген кулакты жиберүү кылмыш дүйнөсүндө чоң эскертүү болуп саналат. Акүйдүн жетинчи кабатындагы чиновникке жөнөтүлүшү бул эмненин белгиси экенин ким билет. Бирок бул окуяны укук коргоо органдары учурда катуу иликтеп атышат. Жаңы эле ант берген ИИМдин жетекчилигинин алмашышы да бекеринен болгон жок. Баарынан да жаңы дайындалган орун басар Мелис Турганбаевге үмүт чоң дешүүдө. Аңгыча, эмки аптада Медет Садыркулов кызматынан четтетилет деген да маалымат тарады.

Ганси аба майданынан түшкөн 18 миллион доллардын дайыны жок
Жаш депутат Алишер Мамасалиев сессиядан Финансы министрлигине ушул суроону узатты. АКШ төлөп аткан 18 миллион доллар каякка түшөт жана каякка кетип атат? Финансы министри Тажикан Калимбетова эмнегедир бул суроого так жооп бере албай, мукактанып туруп калды. Ошондо залда отурган "ак жолчу" депутат, мурда аэропортту башкарып келген Эрик Арсалиев тура калды. "Бул акча "Манас" аэрпортуна которулат, анан андан салыктар төлөнөт" деди Эрик Арсалиев. Демек, Ганси авиабазасы үчүн төлөнүп аткан каражат республикалык бюджетке түшпөйт экен да. Акаевдин доорунда "күйөө бала" жыргап келсе, азыр ким жыргап атты экен?

Губернатор менен акимдерге бюджеттен "кормушка" табылды
Финансы министрлиги парламентке жаңы мыйзам долбоорун алып келди. Губернатор жана акимдерге резервдик фонд түзүп берип, анысына бюджеттен акча которуп берүү тууралуу. Министрдин орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, бул каражат облустун же райондун бюджетинин болжол менен 1%ын түзүшү ыктымал. Бул каражатты аким менен губернатор өздөрү туура деп тапкан жакка жумшап, өз кадырын көтөрүү менен алек болот. Депутат Аскарбек Шадиевдин айтымында, ал бийликте жүргөн кезинде экс-президент Аскар Акаев облуска иш сапары менен барганда, аны тосуп-коноктогонго 90 миң сом корогон учуру бар. Андай шаан-шөкөттөр азыркыга чейин уланууда. Андыктан бул резервдик фонд түзүлсө, аким менен губернаторлордун алкымын ким тыят?

Кыяз Молдокасымовго
Акүй кызмат бергени калды
УТРКнын мурдагы президенти Кыяз Молдокасымов жакын арада кызматка чакырылат. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкаруу сунушталганы турат. Эмки аптада президенттин жарлыгы чыгышы ыктымал. Нарындын мурдагы губернатору Жыргалбек Азылов болсо Бельгияга элчи болду. Мамлекеттик тил комиссиясын башкарган Ташбоо Жумагулов да кайсы бир өлкөгө элчилик кызматты сурап президентке кирип чыкты. ИИМге барган Молдомуса Конгантиевдин ордуна Бишкек УВД башчылыгына Дегенбаев деген орун басары дайындалганы турат.

"Ата Мекенчилер" АКШга
"сый тамакка" чакырылды
Вашингтондо февраль айынын башында өтчү "Улуттук сый тамак" каадасына Кыргызстандан "Ата Мекен" партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков жана Карганбек Самаков катышмакчы. Аларды АКШ конгрессмендери чакырган. Салтка айланган бул жөрөлгөгө АКШ президенти Жорж Буш өзү катышып, сөз сүйлөйт. "Сый тамак" учурунда АКШ бийлиги оппозиция менен Кыргызстандагы акыбал боюнча да ой бөлүшүшөт.

Салыкчылар оппозицияга чабуул баштады
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамкомитет жума башында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын он беш жылдан берки каржы чарбасын текшерүү үчүн предписание жөнөтүп, бул партиянын 1992-жылдын декабрынан бүгүнкүгө чейинки ишкердүүлүк субъекттерин текшермей болду. Ушундай эле эскертүү барактары Кыргызстандын "Жашылдар" партиясы, "Ар -намыс" ж.б. оппозиция маанайын тутунган партияларга да жеткирилди. Бийликтин "ушинтсек жапырылат" деген "иш-чарасы" дейт партия башчылары. Финансы полициясы "Оберонду" текшере баштады
Бул компаниянын ээси Кубатбек Байболовдун айтуусунда, финполициянын өкүлдөрү Ленин районунун уруксатын алып, "Оберондун" ишмердигин текшере баштады. Фирма 2005-жылы салыктан 1 млн. 200 миң сом жашырган деген кине менен кылмыш иши козголуп, териштирүү Жогорку сотко чейин жетип, иш "Оберондун" пайдасына чечилган болчу. Мурда кыскартылган бул ишти Башкы прокуратура кайра козгогону мыйзамсыз деп фирма Бишкек шаардык сотуна кайрыларын, финполициянын бул аракетинин астында саясий себептер жатканын айтат Кубатбек Байболов.

Көңүл бургула: түз байланыш!
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ жооп берет
Урматтуу окурмандар, сиздерди түйшөлткөн, ойлонткон азыркы турмушубуздагы суроолорго, асыресе учурдагы саясий абал, экономикалык-социалдык тармактардагы жагдай, деги эле өзүңүздөрдүн кызыккан суроолоруңуздарга айтылуу саясатчы, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВден 21-январь күнү саат 14.00дөн 16.00гө чейин 0 (312) 21-27-40, 61-22-01 телефонуна чалып, сурооңузга жооп алыңыз. Кол телефонубуз: 0(772) 54-65-73 номуруна маяк берсеңиз, редакциядан сизге чалып, байланыштырабыз. Чалыңыздар!

Жылдыз Мусабекова
Асмандуу болду!
Белгилүү журналист Жылдыз Мусабекова
8-январь күнү кыз төрөдү. Кызынын атын Асман коюп, азыр жолдошу Дайыр экөө наристесин кучактап, бакытка чөмүлүп отурган кездери. Жылдыз жаңырган ушул жыл менен өз турмушунда жаңылыктарды көп киргизгени калды көрүнөт. Он жылдан ашык берилип иштеп келген "Агым" гезитинен кетти. Наристесин чоңойтуп алгандан кийин журналистиканын башкача жаңы тепкичинде иш кылууну пландап атат. Жылдыз Мусабекованы окурмандар журналистканын эң башкы сабындагы таланттуу кыздардын бири катары жакшы билишет. Жылдыз биринчи курстун студенти болуп туруп, атактуу "Асабанын" босогосун аттаган. Эмне дейли, эң башкысы, кичинекей Асмандын келечеги кең, асманы жарык болсун демекчибиз.




  Министрлер парады

Финансы министриТажикан Калимбетова:
"Курманбек Бакиев менен тууганчылыгым бар"
l Гороскобу- Тараза
l Хоббиси- Китеп окуу
l Акыркы окуган китеби- "Когда падают горы", Чыңгыз Айтматов
l Үйбүлөсү - Эки бала, бир небереси бар
l Жолдошунун кесиби - Экономист
l Колдонгон косметикасы- Бардык косметикаларга аллергиясы бар, көп колдонбойт
l Кыялы- Эл-журт тынч болуп, ар бир кыргыз бакубатчылыкта жашаса
l Машина айдай аласызбы? - Ооба, уулумдун машинасын кээде айдап калам
l Сүйүп жасаган тамагыңыз - Гүлчөтай, плов
l Кантип эс аласыз? - Соңку 6-7 жылда атайын эс алууга чыга элекмин. Азыр неберемди эркелетип отурсам, ошол менин эс алуум.
l Жактырган саясатчысы- Владимир Путин, Адахан Мадумаров
l Арманы - Турмушта бардык кырдаалдан чыкса болот. Бирок жакындардан ажырагандан өткөн арман жок. Мен 15 жаштагы кызымдан ажырап калдым. Ошол менин бул турмуштагы орду толгус арманым.
l Сүйүктүү киносу- Тарыхый кинолор жагат. Мисалы, жакында "Чыңгызханды" көрдүм.

Ыңгайсыз суроо:
- Тажикан айым, президент Курманбек Бакиев менен кандай жакындыгыңыз бар?
- Курманбек Салиевич менен туугандыгым бар десем да болот. Ал кишинин энеси жактан тууган болобуз.
- Курманбек Бакиев ушул карьера жактан дайым сизди колдоп келатат деген чынбы?
- Ал киши менен бири-бирибизди колдоп келатабыз десем болот. Ал мени колдогон учурлар болду, мен ал кишини колдогон учурлар болду. Губернатор кезинде да, өкмөттө кезинде да чогуу иштештик.

Даярдаган Чолпон Орозобекова














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!