Коомдук-саясый гезит
№01, 17.01.08-ж.



  Учурчак

Кооз сөздөр жана кымбат тирлик
Жаңы жыл газдын кымбатташы менен башталды. Маркс аксакалдын "Көртиричилик акыл-эсти калыптайт" деген аныктамасы ачка отурса дагы асмандын башын сүйлөгөн академик-философторго жакпашы түшүнүктүү, бирок каракурсактын камын жеген дээрлик басымдуу карапайым элге газдын, жылуулук үчүн жагылып жаткан көмүрдүн, мазуттун баасы көтөрүлгөн соң, анын артынан электр энергиясына да баа көтөрүлөөрү - чоң түйшүк. Отун, энергия баасы өсөөрү менен аз өтпөй, бардык товарлардын, кызмат көрсөтүү, коммуналдык төлөм баалары өсөт. Өнүгүү стратегиясы туурасында мамлекет башчысынан тарта министрлер канчалык кооз сөздөрдү сүйлөшпөсүн, турмуш кымбаттайт. Өзбекстан быйыл газдын миң кубометрин 145 доллардан сата баштады. Былтыр 100 доллардан эле. Демек, газ тарифи 30%га өстү. Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары А.Түмөнбаев 1-апрелден тарта электр энергиясына баа 10 %га өсөрүн айтты.
Албетте, газ, отунду пайдаланбай кое албайбыз. Биздин чиновниктер Өзбекстанга суунун баасын кымбаттатуу маселесин эмдигиче чечкенге эрктери жетпей жатат. Августта Бишкекте өткөн ШОС саммитинде өзбек президенти И.Каримов "Суу сатылбашы керек" деп кесе сүйлөдү. Суу табигый мүлк болсо, газ да - табигый мүлк. Бишкек, Ош ТЭЦтери 300 млн. куб газ керектейт, эл да ошончо жагат. Баш-аягы 750 млн. куб газ жылына сатылып алынып келет. Өкмөт башчысы газдын миң кубу Европада 300 доллардан сатылат деп жоопкотот. Европалыктардын айлык, турмуш байлыгы менен кыргыз турмушун салыштырып болобу?
Парламенттик шайлоолор алдында эски бийликтин өнөрүнө салган жаңы бийлик врач, мугалим, маданият, ведомстволордо иштегендердин айлыгы 50-200 сомго көтөрүлөрүн айтты. Индексацияланган пенсия 5 - 70 сомго көтөрүлдү. Ал эми бизде минималдык эмгек акы 100 сомду түзөт. Ошол эле маалда теледен финансы чиновниги орточо айлык акы 4000 сомду түзөт деп жалгандын жалпылдаган батперегин учурду. Улуттук банктын эсебинде быйыл инфляция 12-15 %ды түзөт. Акыбалыбыз ушундай.
Президент парламенттин, жаңы өкмөттүн алдында сүйлөгөн сөзүндө экономикалык жана социалдык саясатта жаңы иштерди жасоону белгиледи. Алты блоктон турган маселелерди көтөрдү. Буга чейин өлкөдө менчиктештирилип үлгүрө элек мамлекеттик объекттерди менчиктештирүүнүн жаңы этабын баштайлы деди. "Прихватизаторлор" алакан укалап, күтүнүп калышты. Кыргыз "өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар" дейт эмеспи. Чарбалык субъекттер арасындагы буга чейинки карыздарды жоюу керектиги айтылды. Энергосектордогу карыздарды жоюп, четинен менчиктештирүү иши башталса, адистердин айтымында, "прихватташтыруунун" жаңы этабы башталат. Парламент бул иштердин мыйзамдык базасын лыпылдап жасап берээри - турулуу иш.
Саясий майданда нокдаундан соң оппозиция маанайындагы күчтөр "кыймылдай" баштады. Жума башында 15 саясий партия, 26 бейөкмөт уюмдардын лидерлери жыйын өткөрүп, "Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылын түзүп, анын координациялык кеңешин 15-февралга чейин Коомдук парламент уюштуруп, алгачкы жыйынын өткөрмөй болду. Координаторлордун бири Т.Сариев март-апрель айларында элдик курултай өтөрүн айтты. Эйфориядан эсиркеп турган бийлик тарап бул коомдук кыймылга кандай мамиле жасарын келаткан айлар көрсөтөт. Аңгыча Мадумаров акабыз "коомдук парламент деген конституциялык орган боло албайт" деп чакчырылып чыкты. Оппозициясы жок бийликтин көзүн май басып калган окуялар четтен табылат. Ошол эле маалда Д.Сарыгулов жыйында айткандай, 1,7 млн. шайлоочу урнага басып келгени жок. Бул саясий кайдыгерлик эмес, а ушунча адам коммунисттерге да, социал-демократтарга да, бийликке да ишенбейт дегендик.
Быйылкы жыл чычкандыкы. Жаңы жыл күндөрүндө чычканды эмгекчил, сергек, бардык жагдайга тез көнгөн жандык катары мактап, жылга жакшылык тиледик. Ошону менен катар чычкан ач көз, оору жугузгуч да болоорун унутпасак…
Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ




  Добулбас

Му-му... лар
Адахан Мадумаровдун чапчаң, такылдак мүнөзү спикерликке куп жарашты да калды. Азыр ага ай чапчыган доор болуп, жер менен баса албай аткан кези. "Ак жолдон" келген 70 депутат ушул жарык дүйнөгө келгени үчүн Адаханга милдеткерден бетер эле өйдө карай албай жүрүшөт. Башка арга барбы? Тетирленип эле көрүшсүн, президенттин партиясы дароо чогулуп, аны ыргытып туруп, тизмеден башка бирөөнү кошуп алышат. А мыйзам буга жол берет. Андыктан, депутат болуп көбүрөөк отурам дегендер колго түшкөн туткундай унчукпай отургандан башка аргасы жок. Анүстүнө президенттин партиясына момун адамдар келишти. Тагдыр аларды момун кылган. Бешенелери ушундай. Башынан эле бийликке а деп акаарат айтып көрүшкөн эмес. Алардын көбү - бизнесин коруган байлар. Антейин десең, бай болбой туруп эле, тагдырында фантастикалык окуя болуп, кокусунан парламентке келип калгандар да көп. Парламент деген үч уктаса түшүнө кирбеген бир даары депутат болгонуна ишенбей, "шоковый" абалдан эмдигиче чыгыша элек. Анан алар депутат болгонуна жетине албай, Адахан ака сүйлөп бүтө электе эле кол көтөрүп атышат. Эми сүйлөп да убара болушпайт. Адахан Мадумаров анын да айласын тапты. 10-январда регламент тууралуу жаңы мыйзам каралды. Анда сессияда жөнөкөй депутаттар сүйлөбөйт, сүйлөсө да фракция башчысы менен комитет жетекчисинен уруксат алышы керек деген норма бар. Ошентип, депутаттар жада калса сүйлөө укугунан да ажыраганы калды. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. "Ак жолчуларга" го баары бир… Алар Мадумаров айткандай, атакоосунун балдары. А коммунисттер менен социал-демократтардын абалы кантет? Эң башкысы, өлкөдөгү эң демократиялуу орган болгон парламентти тирүүлөй жерге көөмп атышат. Жымжырттыктын өлкөсүнө айланабызбы?

Чолпон ОРОЗОБЕКОВА




  Жума собол

Өмүрбек Суваналиев
Нарынга губернатор болду. Бул эмненин белгиси?
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,
"Эркиндик" партиясынын лидери:
- Кадрлар тарабында чакчелекей саясат уланууда. Айыл чарба менен өмүрүндө аралашпаган адамды губернатор кылып дайындап койгонуна баары таң калып жатат. Өзү мент болсо, аны 99,9% айыл чарба жумуштары түзгөн Нарын облусуна губернатор кылып койгону туура эмес деп ойлойм. Бир жылда үч губернатор алмашылгыдай Нарын облусунун элинин кандай күнөөсү бар?!

Турсунбек АКУН, укук коргоочу:
- Өмүрбек Суваналиевдин Акүйгө келгенине мен аябай каршы чыккам. Азыр губернатор болушуна менин көз карашым түз. Мурдагы катачылыктарын кетирип бир жээктен бир жээкке секире бербей, туруктуу бир жерде иштесе, жакшы болот эле. "Кыргыз Каттаниси" аталган, иштесе иштей турган эле жигит.

Абдыгул ЧОТБАЕВ,
Бишкек шаардык
кеңешинин депутаты:
- Аскер адамдары жөнөкөй адамдарга караганда кандай жумуш болбосун жакшы алып кетишет. Россияны алсак, Москва областынын губернатору да-генерал-полковник. Ал эми Өмүрбек Суваналиевдин саясий портретине токтолсок, орусча айтканда, "все должности через скандал".

Кусейин ИСАЕВ,
социолог мударис:
-Кийинки кезде Ош областында иштеп турганда башка мамлекетке Кыргызстандын аймактары аркылуу өтүп бараткан курал-жарактарды кармоодо анын зоболосу көтөрүлгөн. Акыркы алты жылдын ичинде Өмүрбектин саясий жүзү таптакыр башкача өзгөрдү. 2006-жылдын апрель жана ноябрь айларындагы митингдерде республиканын биринчи жетекчилерин "жоголсун, кетсин" деген ураанды уюштурган эң жигердүү жетекчи болгон. Ноябрь айларында штабдын начальниги болду. Анан бат эле бийликке каршы күрөшкөн тилектештерине карама-каршы иш жасаганга өтүп кетти. Президенттин аппаратында бир чоң бөлүмдүн жетекчиси болууга жетишти. Ушунун бардыгы Өмүрбектин саясий туруксуздугун, саясий чайкоочулугун далилдеп турбайбы?! Ушуну менен ал Нарынга экинчи жолу губернатор болуп барышы. Акыркы бир жарым айда республиканын президентине өзүнүн иштерин ак ниети менен иштей турганын мүмкүн далилдегендир. Мага Өмүрбектин кыргыз мамлекетинин аймагынын бүтүндүгүн, элинин бакубат турмушун жогорлатууга жан дили менен күрөшөт дегени күмөн туудурат.

Бегиш ААМАТОВ,
коомдук ишмер :
-Азыркы кызмат орундар президенттин кадр саясатына жараша болуп жатат. Колунан келсе да, келбесе да дайындалып жатат, система ошондой болуп калган. Губернатор бир жылда үч жолу алмашып жатпайбы. Жок дегенде 5 жыл иштеши керек. Ошого жараша анан тандаш керек. Премьер-министр менен губернаторлор тез алмашып жатат. Алар элдин көзүн карай алышпай калды. Өмүрбек иштеп кете алабы же иштей албайбы, аны убакыт көрсөтөөр.

Клара АЖЫБЕКОВА, Коммунисттер партиясынын төрайымы:
-Анын Нарын областына губернатор болуп келишин колдойм. Себеби ал оппозиционер болуп туруп бийликке барганда, оппозиция тараптан, бийлик тараптан ар кандай пикирлер болгон. Потенциалы жогору жигит. Өкмөт анын эл үчүн иштеп бергенине шарт түзүп жатат. Болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, эл үчүн иштеп берсин. Нарындыктар аны жакшы кабыл алат деп ойлойм.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, КДКнын лидери:
-Эми бизде азыр кадрдык маселелер туура эмес чечилип калбадыбы?! Мурдагы учурда болсо анда башкача болмок. Билимине, деңгээлине, иш тажрыйбасына карап, талашып-тартышып жатып коюшмак. Азыр эми ага да карабай калышпадыбы. Өмүрбек айыл чарбасын жакшы билбесе да, уюштуруучулук жөндөмү бар. Ишин алып кете алат деп ойлойм.

Асел СТАЛБЕК кызы,
Дилбар АЛИМОВА
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!