Коомдук-саясый гезит
№01, 17.01.08-ж.



  Дүүлүкмө-ботой

Эрозона
Күйөөсү арендага бир гектир жер алып иштете баштайт. Күнү-түнү талаада жүрө берип, катын-баласын да унутуп салат. Бир күнү түн ортосунда ойгонуп кетип, аялын эстеп сыйпаласа, ал айтат дейт:
-Талаада эле иштей бербей, үйдө деле иштесең, болбосо арендага берип таштайм…

***
-Сиз менин үчүнчү күйөөмө абдан окшош экенсиз? - дейт бир келин жаңы таанышкан жигитине.
-Сиз канча жолу күйөөгө чыктыңыз эле?
-Эки жолу…
***
Мугалими окуучудан сурап атат:
-Кечээ эмнеге сабакка келген жоксуң?
-Биздин үй-бүлөгө жаңы адам кошулду…
-Эмне, бөбөктүү болдуңбу?
-Жок… Апам акыры кайрадан турмушка чыкты…
***
Төрт жашар Матак атасына келип:
- Мен чоң апама үйлөнөм,- дейт.
- Сага менин апама үйлөнгөнгө болбойт, балам.
-Анда эмнеге сен менин апама үйлөнүп алдың?..
***
-Сенин аялыңа ойношу келди, чурка! - дейт досу.
-Азыр экөөнүн тең өпкөсүн үзөм! - деп чуркаган бойдон жөнөйт.
Үйүнө келип, эшикти такылдатса, терезеден лөкүйгөн бир эркек башын чыгарып:
-Сен кимсиң? -деп корс этет.
Коркуп кеткен неме:
-Мен күйөөсү болом, түшкү тамакты ичкени келдим эле, - дейт.
-Кечээки кесмени иче бересиңби? - деп сурайт тиги эңгезер.
-Ичем, ичем…
-Анда эртең кел!..
Астапан




  Айылдын аркы четинде…

Аскердик милдетти өтөп бүтүп, айылга келгениме аз эле болгон. Алыскы тоолуу райондор деп коебуз го, ошондой жерде жашайбыз. Кеч күз. Али эмне кылышты чече элекмин. Чечкенде эмне: же окуш керек (шаарга барып), же айылда калып иштеш керек. Орустар айткандай, выбор жок. Кыргызча айтканда, айла жок.
Түштөн кийин болуп калган. Айылдын этегинде өзөн суу бар. Ал кезде айылыбызда суу түтүк орнотула элек кез. Сууну өзөндөн ташыйбыз. Эриккенден ошол жакка бастым. Дөңдөн ылдый түшүп суунун жээгинде тамеки тартып турсам, кылдыр-кылдыр этип чаканын үнү угулду. Кылчайып карасам, өйдөкү көчөдө жашаган келин экен. Жолугуша калганда көз кысып койчумун. Мен жакты жалт бир карап алды эле, бир башкача боло түштүм. Дене-боюмдагы күч-кубатым алеки заматта бир жериме чогула баштады. Алдынан утурлай басып:
-Келе, жеңе, мен эле сузуп берейин. Кокус сууга кулап кетсең, сени алып чыккыдай дарман жок, -дедим калп эле кабак чытып.
-Дарманыңды кайда таштадың эле? - деди чаканы мага сунуп.
-Түндө бир жерде калса керек, - деп койдум көздүн кыйыгы менен карап атып. Эки чакасын сууга толтуруп, жээкке коюп атсам, минтип калды:
-Деги дарманың менен кошо дамбалың таштап койгон жоксуңбу?.. Шыңкылдап күлдү.
Аны укканда али эчтекеси корой элек жыйырма жаштагы дене-дүйнөм заматта боевой тартипке келе түштү. Буйрук берсең эле чабуулду баштаган турат. Чакадагы сууну кайра төктүм.
-Ай, төкпө, ал эмнең?!
- Экөөбүздүн "сөз" бүткөнчө сууң сууп калат го..? Эки жакты карасам, эч бир жан көрүнбөйт.
Суудан обочороок эски сарай боло турган. Ичиндеги үйүлгөн саман ачык эшигинен көрүнүп турат, мен мына деп.
-Салмагың канча сенин? - дедим олуттуу боло калып.
-Салмагымды эмне кыласың, союп жечүдөй болуп, - деп дагы шыңк этти.
-Кана, көтөрүп көрөйүнчү. Көп болсо 50 кил болосуң да. Тиги, байкемди кантип көтөрүп жүрөсүң деги, балбан окшойсуң, -тамаша-чынга салып, белден кучактап өйдө көтөрдүм.
-Түшүр, эл көрсө эмне дейт? -деп тыбырчылады бир шойкомду сезген келин. Башымдагы солдат тумагымды тээтигиндей ыргытты. Ага караймбы, сарайды көздөй талпылдап көтөрүп жөнөдүм. Мээнин ичи туман эле болуп калды.
-Кыйкырам азыр, кое бер! - деди, - күйөөм укса соет мени!
Сарайга эми жетип калганда, чөп түктөгөн зымга чалынып кетип жыгылып түштүм. Мен астында, ал үстүмдө калды. Колум бошой түшкөнүнөн пайдаланып качып жөнөдү. Чакасын да алган жок. Дөңдөн өйдө өнтөлөп кетип баратат.
-Болду, болду! Тамашаладым, эми минтпейм! Ал чакаңды! - дедим энтигип.
-Сени күйөөмө айтып сабатам! -деген үн чыкты дөңдүн үстүнөн, - азыр ээрчитип келем.
Чын эле карааны көрүнбөй калды.
"Кетиш керек. Шаарга кетиш керек! Күйөөсү укса оңдурбайт"… Күйөөсү төөнүн жарты этиндей болгон кара неме..Бир урса күм-жам болосуң. Кудай жалгап эри үйүндө жок экен, ал күнү эч ким келген жок. Эртеси эрте шашыла жыйналдым дагы, шаарга чу койдум…
Доку




  Шойком сөздөр

Эр жигит эки сүйлөбөйт, эки катын алышы мүмкүн

Жөн жигит кыз талашат, эр жигит намыс талашат

Аялдын жакшысы - телевизор, жаманы - радио

Аялдын сыры биринчи күйөөсүнө маалым

Аттын такасынан аялдын такасы бекем

Танянын ою Иванда, Ивандын ою диванда

Эрди-катын чабышса, ойношунун омурткасы сынат

Опуттуу ойнош ачык терезе көрсөле секирет

Керебеттин үстү эки кишилик, асты бир кишилик




 "Катын жолдо, бала белде" деп кууратышты…

Шорго малынган махабат
Эки жашар кызын бооруна кучактаган жаш келин аэропорттун ээн залында Бишкектин сыя көк күүгүмүн тиктеп, самолеттун учаар маалын күтүп отурат. Узатып жаткандар анын ичиндеги уйгу-туйгуну башкага жоруп, "балким кайра келээрсиң"дешсе, томсоргон тейден баш чайкайт. Жууган жүзүмдөй көздөрү бир чекитке кадалып, үн-сөзсүз катып отурган бул келин күнү кечээкиге чейин Бишкектин Свердлов районунун милициясынын эшигин жыртып, акыры "Сезим" борборунун кийлигишүүсү менен кучагындагы кызын зорго кайтарып алды.

Талашка түшкөн кичинекей Айнуранын атасы Бишкектен, апасы- Россиянын Якутск шаарынан. Миңдеген чакырым алыстыкты сездирбеген бир кездеги алоологон махабат шорго айланып, эми минтип экөөнү эле эмес, ортодогу кызын да кантип бөлөөрдү билбей кыйналып турганы.Чынында, жаш атанын ички абалына боору ачыган укук коргоочулар адегенде "кыргыздын кызы Кыргызстанда эле калганы жакшы го" деген таризде мамиле кылышты. Бирок…сүйүүнүн керемет күчүнө багынып, Бишкекке келин болуп келип, ойлогону ордунан чыкпай, төркүнүнө кетип бараткан жаш энени да баласынан ажыратууга эч кимдин акысы жок эле. Ошентип эки жылдан бери боор эти менен тең болуп, үйдөгүлөрдүн баарынын сүймөнчүгүнө айланган Айнураны участкалык инспектордун коштоосунда апасы алып кетти. Небересинин бутунан кучактап, кое бербей: "биринчи жакшылыгым эле, ажырата көрбөгүлө", - деп көзүнө жаш айланган чоң атанын, кетип бараткан машинени коштой чуркап, кызын дагы бир жолу жыттап калганга далбастаган атасынын абалын айтпасак да түшүнүктүүдүр.
Айтайын дегеним ал жөнүндө деле эмес. Алигиче жоюлбай келаткан келинге карата калыптанып бүткөн "душмандыгыбыз", деги эле жаш үйбүлөгө, эки жаштын ортосундагы сезимге карата мамилебиз, андан келип чыкчу натыйжалар жөнүндө. Мына ушулардын кесепети болбосо жогорудагы баштан жаакты айрыгандай жорук болбос беле.
… Россиянын кылда четиндеги биздин шаарда соңку жылдары курулуш жанданып, ар кай жактан топ -тобу менен келген жумушчулар иштеп жүрүшчү. Мектептен кетип баратканыбызда алардын кээ бирлери ышкырып тийишип калышчу. Алардын арасында кудум эле биздин якуттарга түспөлдөш, алибеттүү жигиттер бар болчу. Биз да тамашаларына тамаша менен жооп берип, акыры таанышып, достошуп кеттик. Кыргызстандан келишиптир. Көрмөк турсун атын да укпаган жери жөнүндө айтып, гитар чертип ырдап берген жылдыздуу жигиттин бирин качан жактырып калганымды өзүм да билбейм. Ал да мени көргөнчө сагынып калаарын айтып, акыры бири-бирибизсиз жашай албачудай абалга жеттик. Каныбек келишимдеги мөөнөт бүткөн соң чогуу Кыргызстанга кетели дей баштады. Мен ата-энеме четин чыгарсам, чалкасынан кетишти. "Окушуң керек, атам тааныбаган жерге эмне бар, күйөө бияктан деле табылат"…
Мен болсом сүйүү дегенди түшүнбөгөн ата-энеме таарынып, акыры Каныбек менен качып биякка келе бердим. "Биз жактан деле окусаң болот, менин ата-энем жардам берет", - деп жолду ката сооротуп келди. Ошентип 2004-жылы анын ата-энесинин эшигин аттап, кыргызга келин болдум. Ата-энеси мени айылга, Кочкордогу чоң ата-энесиникине алып барышты. Кызыктын баары ошол жактан башталды. Эмнеге мени көшөгөгө камап койгондоруна, эмнеге баарына жүгүнөөрүмө түшүнбөй, иши кылып аралаша албай, же кыргызча билбей, аябай кыйналдым.
"Күйөөсүн эле туткактап отурат турбайбы, муну кайдан таап келдиңер, кыргыз эле келин албайт белеңер", - деп аялдар күлүп жатышты. Ошондон уламбы, кайын энеме жакпай калдым. "Боюңда болсо эмне экен, бизде "катын жолдо, бала-белде" деп коет, жашайм десең салтты билишиң керек, салт боюнча келин тириликтин баарын кылышы керек", - деп мени шаарга кайра келгенден тартып баш- отум менен түйшүккө салды…
Чынында, келинге касап адатыбыз бар эмеспи, ай-күнүнө жеткиче бир колу куургуч, бир колу туткуч болгон бечара келин сегиз айдын ичинде кыргызча түш жоруп, колунан келишинче үй-тиричиликти жүргүзүп калса да, кайын эне менен кайын сиңдилердин мамилеси өзгөрбөдү. "Кыргыз эмес" келин акырын басса-аксак, катуу басса таскак болду. Акыры чыдабай, апасына телефон чалды. Алыс жерде кызым кантип жүрөт деп санаасы чыдабаган апасы ошол замат учуп келип калды.
…Апам менин ай- күнүмө жетип калганымды угуп, акча алып келиптир. Биз мен төрөгөнчө деп өзүнчө бөлүнүп чыктык. Эки жумадан кийин кайын атам: "карызга акча бергиле, бизнес кылып кайтарып берем", - деп келиптир. Апам берди. Ошону менен 5 ай бою берген жок. Апам Якутияга "дагы акча жибер", - деп улам атама чалып атты. Бир күнү кайын атам келип: "кудагый, мен акчаны карындашыма кошумча деп бердим", - деди. Апам таң калса да, унчуккан жок. Айтор кыйналып жүрүп кыз төрөдүм.
Биздин ызы-чуу азаймак түгүл күчөп, кайындарым мен түгүл эми апама да асыла башташты. "Кеткиле, мындай келиндин бизге кенедей да кереги жок, кызыңды ташта да кетип кал, сенин ордуңа беш келин алабыз"… деген сөздөр.
Акыры чыдай албай Якутскиге учуп кеттик. Каныбек кеттиңби, койдуңбу деп да койгон жок. Ушуну менен бүттү го деп калгам. Эки айдан кийин телефон чала баштады. "Апам аябай жаман болуп, өз катасын сездим деп жатат, баарын унутуп, кайрадан жакшы жашоону баштайлы, кызыбызды тирүүлөй жетим кылбайлы, өз жүрөгүңдөн башка эч кимди укпа…", - дей берди.Жүрөгүмдө дале ага деген махабатым өчө элек экенин билген да… Кыскасы ата-энем жумушка кеткенде кызымды алып кайра биякка учуп келдим. Кыргызча үйрөнүп калгам, кызымдын да тили кыргызча чыкты.
Баары башкача болот деп ойлогом, бирок алар кызымды алып калыш үчүн эле чакырышкан окшойт. Келгенден эле: "Каныбек башка аял таап алган, сен да жашсың, балага байланып эмне кыласың, өзүң теңдүү бирөөнү таап албай жаның жокпу?!", - дей башташты. Күйөөм да чын эле жоголуп кетет. Акырында кызымды алып калып, өзүмдү кууп чыгышты. Бирок баары бир мен кызымсыз кетпейт болчумун.
Анын самолету учканча кол телефону бир нече жолу чырылдады. Келин номерин карап: "кайын атам", - деп койду. Тиги тарапта от менен сууга түшүп, эмеле маңдайынан жыттап отурган небересин колдон алдырып жиберген бечара чоң ата эмне дегиси келди экен десең.
Сүйүн КУРМАНОВА
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!