Коомдук-саясый гезит
№01, 17.01.08-ж.



  Ишенсең-койсоң өзүң бил!

2050-жылы адамга кол сала турган кумурска пайда болот
Алтымыш Айтбаев быйыл туура 70 жашта. Нарын районундагы Эмгекталаа айылында туулган. Учурда бирде ошол айылында, кыябы келгенде Нарын шаарында күн кечирет. Негизи жалгыз бой жашайт. Нарын шаарынын туруктуу тургундары шаарда таяк таянып жүргөн береги адамды дайыма кезиктиришет. Каарманыбыздын адамдардан өзгөчөлүгү- бир нерселерди божомолдоп сүйлөгөндүгү. Маселен, Алтымыш аксакал мындан дээрлик 10 жыл илгери чоңдорго эчкинин "кара өпкө" дарты келет, андан ары узак убакытты камтыйт деп кобураган болчу. Ал эми мал киндиктүү Теңиртоо аймагында өткөн жылдарда кой-эчкилерде "пастерелёз" же болбосо "кара өпкө" илдети каптагандыгы белгилүү болбодубу. Ушундан соң маалымат эркиндигине таянып, А. Айтбаев айткан пикирлерди кыскача кагаз бетине түшүрдүк. Албетте, ишенүү же ишенбөө ар адамдын эрки эмеспи.

Кечээки доор, заман тууралу
-"Мен 1969-жылы Тогузтородо жашагам. Ошол жылдан тарта СССР кулайт, кулаганда да катуу кулайт, а түгүл согуш чыгып кетиши мүмкүн десем, эл мени шылдыңдап күлгөн. Арадан аз убакыт өткөндөн кийин мына Союз ыдырап тынды. Андан кийин эчкилерге жана чоңдорго "кара өпкө" деген оору келет деп айта баштадым. Бул оору менен башкалар оорубайт. Эчкилер маарап туруп эле, чычкактап кырыла беришет. Чоңдордун болсо менчик прокурору, менчик жан-жөкөрү, менчик хулигандары, аскери, айтор, баары бар. Бирок бул дарт аларды ар бир доордо мезгил-мезгили менен каптап турат. Бул сырттан келчү нерсе. Мисалы, 1936-жылы Тухачевский сыяктуулар атылып кеткен. Экинчиси Хрущевдун убагында болду. Анда кичинекей эле "гриби" келген. Бери дегенде 80 райком суралып турду. Обкомдун секретарлары соттолгон. Кийинкиси Горбачевдун убагында башталып, акыры СССР тарап жок болду. Канчалаган министрлер баш болуп чоңдор алмашты, камалды. Ал эми Кыргызстанга болсо жаңыдан келүүдө бул чондордун "кара өпкө" дарты. Акаевдин качып кеткени, жанакы депутаттардын, соода кылгандардын, акча талашкандардын атып өлтүрүлүшү - бул башталышы эле",-дейт Алтымыш карыя.

Учурдагы жагдайлар
-"Азыркы абал көпкө созулат. "Чоңдордун кармашы" далай жылга дейре токтобойт.Бир канчасы амалын таппай, жанакы приступ болушат. Демек, элдин жашоосунун оңолушу кыйын. Алдыдагы жылдарда начарлоо күчөйт. Бирок "чоңдор" элди ойлоп, аракет кылат, анысы бир нече эле жылга созулат. Алдыда дагы элге таянып таш салуулар болот. Бирок канчалаган тонна жер семирткич сепсе деле жерлер тарып, оңчулуктуу түшүм бербейт. Бакиевге бак берип турган учур, ал азырынча эч кимди тоотпойт. Бирок шайтанга азгырылса, арты абдан жаман болот. Акаевдин качканы биякта эле калат",-деди кыскача.

Келечекке сереп
Бизди кызыктырганы, албетте, алдыдагы окуялар тууралуу болду.
-2050-жылы чегиртке, андан кийин адамга кол сала турган кумурска пайда болот. Алар менен адамдар күрөшүп бүткөндөн кийин мусулман-каапыр арасында уруш чыгат. 2080-жылы "куйруктуу жылдыз" келип Имамадыны оң ийнинен ойготот. Азыр Имамады жер шарын кыдырып жүрөт. Ал түнөгөн жерлерде суу ташкын, өрт, же болбосо кургакчылык, жер силкинүү болуп турат. Бул Имамады деген - Алланын "Момун" заманын сурай турган жиберүүчүсү. Ал 2080-2090-жылдарда жер үстүнө чыгат. Ошондо "куйруктуу жылдызда" кызыл белги болсо, анда "Момун" заман орноп, жер балкыйт, карышкыр - кой бирге жайлайт, жесир катын миң кой айдайт, айтор кой үстүндө торгой жумурткалайт. Ал заманда жер балкыйт. Бир теше жердин талканын бир колхоз түгөтө албайт. Кокус "куйруктуу жылдыздын" кызыл белгиси болбосо, анда ушундай эрегишүү менен кыямат кайым келиши мүмкүн",-деп кебин тамамдады Алтымыш Айтбаев карыя.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары




  Башаламания

Бешбармак өлкөсүнүн
Бригада ликует..
Бешбармакское агентство "Длинное Ухо" распространило слух о том, что сегодня темной ночью Хан Добрый подписал таки Высочайший Указ о назначении экс- скипера Законвзятельного Дивана, Муры Шахова по кличке "Бригадир" главным Казначеем денег для униженных и обездоленных.
Как сообщает "Длинное Ухо", Мура Шахов сильно бился во все окна и двери Ханского Двора, выкрикивая, что честнее его в Бешбармакии людей не найти, а кормить старушек и сирот из чужого кармана он мечтал всю свою жизнь. И прошел-таки через черный-пречерный задний вход.
Да и Хан Добрый согласился. Потому что он Добрый Хан как никак. А заодно, чтобы больно не докучал и под ногами не путался накануне выборов. Судьба девушки, которая была Казначеем до него, пока неизвестна. А униженным и обездоленным пока не понять, как ужасно им повезло и какого благодетеля над ними поставили.
Декабрь 2007
Все персонажи и имена вымышлены.
Любые совпадения случайны.
www.akipress.org




  Элет турмушу

Рысбек Шыгаев, белгилүү ветеринар, фермер:
"Акталаада жашап атып отчетту орусча жазабыз"
-Чындап келсе 32 миң кишиден ашык жашоочусу бар Акталаа аймагы Кыргызстандын четки коңулунда, арткы чөнтөктөй болуп бөлүнүп калган район экен. Эч кандай бизге кесип өтө турган магистралдык жол жок. Мурда базары жакын байыбайт деп коюшаар эле. Жок, азыр андай эмес. Азыр базары менен улуу кан жолго жакындар байыйт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, түшүнүп атам. Биздин районго борбордон чоңдордун да келмеги тозок. Ушунча болуп Курманбек Бакиев тактыга келгени Акталааны буту басалек. Тогузтородо иштеп жүргөндө далай биз аркылуу өтчү эле. Шартыбыз кандай экенин эң сонун билет. Бирок эсине түйбөй, унутуп койбодубу. Алмаз Атамбаев болсо премьер-министр кезинде Баетовго түндөсү келип, кайра түндөсү кетип калды. Андай болсо келбей эле койбойбу, конок болуп кайра кеткенде эмне? Ара-чолодо министрлерден келип калышат. Бирок базарлык коробкаларын топтотуп алып, кайра кетишет. Алыскы райондорго ат арытып келгендерине жараша бир маселени чечип кетишсе жакшы да. Радио менен теледен тынбай түз эфир, тегерек үстөлдөр болуп атат. Биздин район ал жагынан да көңүлдөн сыртта калган. Журналисттер, силер да борбордун айланасынан чыкпайсыңар. Унутта калган район болдук.
- Элдин экономикасын көтөрүүнүн жөнөкөй жолдору дыйкандардын өздөрүнө көбүрөөк белгилүү болот эмеспи?
- Туура. Мисалы, менин өзүмдүн короомдо 15 тонна буудай жатат. Аны канчадан бери саталбай атам. Райондогу мен сыяктуу болуп буудайын саталбай аткандар андан көп. Ал эми ошол эле учурда өкмөт буудай жок, нан кымбаттады деп алдастап сырттан Россия, Казакстан, Кытайдан кымбат баада буудай сатып алып жатышат. Анын жол киреси, кадыр - колкосу канча. Өкмөт антпей эле биз сыяктуу фермерлер менен сүйлөшүп, накталай акчасын бербесе дагы 30 эле пайызын берип, эсеп ачып коюп менин буудайымды өкмөттүн резервине алып койсо болот да. Сапаты начар дешет, биз ошол өзүбүздүн буудай менен эле өмүр бою жашап келатпайбызбы. Анын үстүнө биз буудайдын мыкты үрөндөрүн алып келип айдайбыз. Экинчи чоң өксүк - мал менен жан баккан элге эң башкысы ветеринардык шартты түзүп бериш керек эле? Бизде, тескерисинче, ал жагы унутулду. Ветеринария боюнча жакшы мыйзамдар киргизилбесе болбойт. Мал ээси малын убагында эмдетпегени үчүн айып төлөшү керек. Мен да - ветеринардык кызматкермин. Айлыгыбыз-800сом. Мугалим, врачтарды кичине эстемиш болушат, а бизди ойлоп да коюшпайт. Союз кезинде ветеринарлар Ички иштер кызматынын курамына кирчү. Чин берилчү. Тартип темирдей болчу. Ошол үчүн мал көздүн карегиндей каралчу. Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн малдын туягы тургай изи да өтчү эмес. Ал эми шарп оорусу чыкса, ошол жердеги мал догдурду жоопко тартчу. Арты чоң сөгүш алып, асты түрмөгө кетчү. А тургай котур чыкса да, жоопко тартылчу. Азырчы?! Адам ыйлаарлык абалда. Өзүбүз мал киндиктүү өлкө болгон соң сырттан эмне кылам мал алып кирип. А көзөмөлсүз коңшу өлкөлөргө канча мал кирип чыгып атат. Аны тескеген жан жок.
-Тоолуктар малдын башын түрө кыдырып санап жатышат, малга да олчойто салык салат окшойт деп бүшүркөп жатышат.
-Антип го салык салып ийишпейт. Бирок жайлоолор мамлекеттики болгондон кийин, биздин малыбыз жайыттардан чөп жеп аткандан кийин, биз малыбыз үчүн эмне үчүн салык төлөбөшүбүз керек? Бирок, экинчи жагы, биз азыр жайыт талашып эки-экиден чабышып атабыз. Сеникине кирип кетти, меникин малың жеп койду деп. Ошондуктан, жайыттарды менчикке саткан бул туура эмес. Аларды ижарага да бербешибиз керек. Ал мамлекетте гана болушу керек. Бул өтө көп чырды жарата турган нерсе. Болгону кимибиздин канча малыбыз болсо, ошого жараша салык төлөшүбүз керек. Малдын саны так болсо, аны дарылатканга да оңойураак болот эле.
-Башка өлкөлөрдүн таасири деп атабыз, ааламдаштыруу деп атабыз, ушундай кезеңде алыскы элетке өзгөчө бир оң же терс агымдардын таасири келип атканы байкалабы?
-Өзгөчө терс салт, санаа же адаттардын келгени деле байкалбайт. Бир айтчу нерсе, ислам дининин таасири өтө күчөп, ага берилгендер, өзгөчө даабатчылардын көбөйгөнүн белгилесек болот. Жакшы жери, эл өлүм-житимдеги ысырапкорчулуктан аз-аздан болсо да качкансып келатат. Мен сөзүмдүн аягында айта кетээрим, Кыргызстанда кыргыз тилинин мыйзамдары таптакыр иштебей калды. Акталаада жашап жаткан биз ветеринария боюнча отчетту орусча даярдайбыз. Ушул кантип болсун. Эне тилге болгон кам көрүү таптакыр жоголду. Мынакей өкмөт башчылыгына орус адам келди, кокус бизге келип калса, бизге сөзсүз котормочуларын ала келеби? Же эл кантип көйгөйүн айтат? Оштогу жер титирөөдө мурутун калдайткан элеттик киши теледен какап-чакап орусча түшүндүрүп берип атат. Ушубу эне тилге болгон урматтоо?

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




  Балдар үчүн аңгеме

Биздин үйдөгү мышык
Үйүбүздө сүйкүмдүү ала мышык бар эле. Чычкандарды шап секирип кармаганы, мыймый балдарына күйгөнү, аларды тойгузганы өзүнчө керемет болчу. Жыл сайын атайы даярдалган себетке бир канча ымыркай мышыктарды тууп, аларды тазалап, эмизгеничи. Биз да аларга атайы ашканадан өзүнчө бурчек бөлүп бергенбиз. Бирок ал баарынан да ашканадагы мештин ичине уктаганды жакшы көрчү.
Түндөсү мештин ичинде тизилген таштар муздаган маалда, ага акырын кирип, коңул таап, бүжүрөйүп уктап калышчу.
Үйкызматчы зайыпка биз дагы ар күнү кечинде мештин оозун ачып коюуну эскерткенбиз. Бирок ал бир күнү суранып кеткендиктен, анын ордуна башка ашпозчу аял келип кызмат кылган. Арийне, ал чунакка эскертсек да, кечинде мештин оозун ачканды унутуп койгон го, мышыгыбыз анын буттарына сөйкөнүп, мияулагандан кийин гана мештин оозун ачып берип, эсалганы өз бөлмөсүнө кетет. Мышыгыбыз беш татынакай мыймыйы менен мештин ичинде оролгон бойдон уктап калат. Дагы жакшы, мешибиздин ичи абыдан чоң болчу. Эртеси унутчаак үй кызматчыбыз кеч туруп, эртең мененки тамакты даярдоо үчүн карбаластап жүрүп, мештин ичинде мышыктар бар экенин унутуп калат. Отту тутантмак болуп, адегенде бир тутам чамынды ыргытып, анан кагаз салып, учкунду жандырып койгондон кийин мешти жаап, бөлмөлөрдү иреттегени кетпейби. Ангыча бир далай убакыт сызат. Бул учурда апам ойгонуп калып, эки жакты каранып, ашканага түшсө, меш жалындап күйүп атыптыр. Кулагына мышыктын мыяулаганы угулган менен бирок үн кайдан чыкканын билалбайт. Мештин түбүнө келсе, үн жакындан угулат. Шашканынан мештин оозун ачып, эмнени көрүптүр дебейсиңерби!
Сүйүктүү мышыгыбыз күйүп аткан мештин ичинде жонуна беш мыймыйын мингизип алып, үрпөйүп коркуп, үмүтсүздүк менен мияулап атыптыр дейт. Мыймыйларга эчнерсе деле болбоптур, бирок эне мышыктын назик алакандары күйүп калыптыр. Өзүңөр билесиңер го, мышыктын таманы кандай назик болорун, күйүктөн калган жарасы көптөн кийин айыкпадыбы. Ошентсе да кийин эчкачан чычкан кармоодон кайра тарткан жок.

Рыза АКДЕМИК, түрк жазуучусу
Кыргызчалаган Олжобай Шакир
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!