Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
 "Кара пиарчылар" кыргызча шыбаганга өткөндө

Жаныш Бакиев ким?
же Кеннединин бир тууган иниси, Фидель Кастронун иниси, Гейдар Алиевдин баласы туурасында учкай кеп...
Президенттин бир тууган иниси, Жаныш Бакиев туурасында акыркы кездерде өздөрүн "оппозициялык гезит" катары эсептешкен басылмаларда байма-бай сын материалдар чыга баштады. Албетте, сын керек, ага эч кимдин деле каршылыгы жок. Бирок, сын дагы объективдүү болушу керек да. "Де-факто" менен "Алиби" гезиттери Жаныш Бакиевди төө бастыга алып жатып калышкандарына негедир түшүнбөдүк. Гезиттен окусак Ж.Бакиевдин баласы Асылбек менен соттошушкан экен. Ак жеринен Асылбекти каралап жазып жаткан гезиттерди сотко беришке укугу жок бекен деген ой кетет. Болгон окуянын ак-карасын билиш үчүн Асылбек мырза да Конституциялык укугунан пайдаланып сотко берип, соттон утуп алды. Соттор жөнүндө да эмне деген ыплас сөздөрдү айтып жатышат. Ар бир нерсенин чеги болот эмеспи.
Албетте, сууга чөгүп бара жаткан адам саманга болсо да жармашат эмеспи. Алар туура эмес материалды гезит бетине бергени үчүн кечирим суроонун ордуна, кайра бет тырмоочулук кылышып Жаныш Бакиевди каралап, аны окурмандарга коркунучтуу монстрга айландырып жаткандары өкүнтөт.
Соттун чечимине моюн сунуш керек. Бекназаров, Текебаев, Артыков, Сариев ж.б. саясатчылар журналисттерди көкүтүп жаткансыйт. Күч келип журналисттердин башына күн түшкөндө буйт беришип "кайдан көрдүм кара эшек" дегендей чыга беришмейлери аларда илгертен бар. Албетте, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча кара майга (мунайзатка), дан эгиндерине болгон баа өсүүдө. Россиянын күйүүчү майларына, Кытайдын күрүчүнө, Казакстардын буудайына коюлган баага да Бакиев күнөөлүбү?
Көлдүн же Нарындын дыйканы маңдай терин кетирип эккен картошкасын кымбат сатты деп аларды күнөөлөй албайбыз да. Менчик деген ошондой, шаардыктар үчүн арзан сатса, анын бала-чакасын ким багат? Чоңдордун баары жерлерди ээлеп, эч нерсе экпей жатканы калппы? Ал эми колдорун жооруткан дыйкандар өз эмгектеринин үзүрүн көрүшсүн. Бир адам иштеп, он адам бекер айлык алган совхоз менен колхоздор азыр жок. Күнү-түнү иштеген адам бай жана бакубат жашашы керек.
Гезиттен окуганыма караганда ошол ызы-чуулуу материалды редакцияга бердирткен Текебаев болуп чыгып жатат. Окурмандар Жаныш Бакиев менен анын кандай мамиледе экенин билишет. Текебаев эки жүз жыл жашаса кек сактаган адамын унутпай турган пенде. Жаныш мырза УКК төрагасынын орун басарлыгынан кеткенден кийин ага оппозиция гезит беттеринен асылуу токтогон эле. Бул кызматка келгенден кийин ага карата кара пиар кайра башталып, отурганына таң калып деле кереги жок. Анткени, жанагы көчүгүндө "калбыры" барлар тынч уйкусунан чочуп ойгонуп, жүрөктөрү ойноктоп тынбай валидол ичип отурган кездери. Себеби, алардын былыктары көп. Эмнеси болсо да "каралаш керек" дегенден башка пландары жок. Текебаевге окшогондор Жаныш Бакиевден өч алыш үчүн такталбаган чийки маалыматты журналисттердин колуна берип салган. Текебаевге гезиттин тагдыры, ал жерде иштеп жаткан журналисттердин үй бүлөсүнүн эртеңки жашоосу сокур тыйынга да турбайт. Ал эптеп Жаныш Бакиевди болушунча каралап, өз мүдөөсүнө жетүүсү керек. Жетип отурат. Жаныш мырза, агасы "Жусуп Бакиев атындагы коомдук фондду" башкарып турганда республика боюнча жетим балдарга канчалаган жардамдарды берип келди. Канчалаган сонун иштерди аткарып элдин алкоосуна алынды. Эмне үчүн Ж.Бакиевдин андай иштерин көрмөксөн болушат?
Текебаевдин мындай кара ою бар экенин журналисттер колдоруна ошол маалыматты алып жатып ойлогон да эместир. Гезитчиктерге сенсация жараткан "жаренный факт" керек болуп чыгарып жиберишкен. Текебаев Бакиевдерди жайладык деп кудуңдап жүргөн учуру болсо керек. Азабын "чок кармаган" журналисттер тартууда.
Саясатчылар Жаныш Бакиевден мынчалык коркушат. Ал ошончолук эле коркунучтуубу? Дегинкиси ал көпчүлүк саясатчылар корккондой эле бар. Анткени ал профессионал, өз ишин мыкты билген адис. Депутат, чоң кызматтарда отурган учурларында кээ бир адамдар кызмат абалынан пайдаланып элдин байлыгын уурдап алышкан ошон үчүн алар коркушат. Куйруктарында калбырлары калдырап турса эмне кылышсын?! Ошон үчүн журналисттердин колдору менен чок кармашат, ыплас иштерге барышат.
Алар президентти бир тууганы Жаныш Бакиевди мамлекеттик күзөттү башкарууга жетекчи кылып алып келди деп күнөөлөп жатышат. Ким аны бул орунга татыктуу эмес деп айта алат? Эч кимиси айта албайт. Президент Курманбек Бакиевге бир тууганы Жаныш Салиевичтей ким ак кызмат кылып берет. Дүйнөнүн бардык президенттери мындай кызматтарга эң ишенген адамдарын коюшат. Жаныш Бакиев Союз убагында эле Карагандадагы милициянын жогорку окуу жайын аяктагандан бери элине үлгүлүү кызмат өтөп келе жатат. Ал Курманбек Бакиевдин бир тууганы болгону үчүн көп учурда жабыр тартып, милициядагы өз шакирттеринен кийин генералдык чинди алды. Эмесе Баткен согушундагы эрдиктери үчүн эле генералдык чинди алмак. Сын айтып жаткан журналисттер, аларды көкүтүп саясатчылар ошол коңулга баштарын катышып, дымып жатышкан. Түштөн кийин баатыр болуп чыгышкандарына күйөсүң.
Тарых беттерин барактап көрсөк демократиянын чордону делген АКШда деле бир туугандар чоң кызматтарда турушкан. Мисалы, АКШнын президенти Кеннеди бийликте турганда, анын бир тууган иниси Роберт юстиция министри болуп турду. Кубанын "түбөлүктүү жетекчиси" аталган Фидель Кастро бийликке келген күнүнөн бери бир тууган иниси Рауль Кастро коргоо министри болуп турду, азыр агасынын ордуна барып өлкөсүн башкарып жатат. Польшанын президенти Качинскийдин (эгиздин түгөйү) иниси премьер-министр болуп шайланганда поляктар ызы-чууга түшкөн жок, кайра колдошту. КМШ мамлекеттеринен Гейдар Алиев президент болуп турганда баласы Илхам Алиев премьер-министрликке көтөрүлүп, кийин президенттик шайлоодо өз атаандаштарын утуп, Азербайжандын бийлик башына келди.
Мындай мисалдарды айта берсе абдан көп.
А.Шамурзаев,
www.ordo.in.kg




  Долбоор

КААТЧЫЛЫКТЫ МЫЙЗАМ МЕНЕН ТОСО АЛАБЫЗБЫ?
Жогорку Кеңеш бүгүн "Азык-түлүк коопсуздугу" боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы негизги багыттарды белгилейт. Ошондой эле азык түлүк коопсуздугу деген түшүнүктү, ага коркунуч туудурган факторлорду жана эң зарыл делген азыктар менен камсыздоо өлчөмүн аныктайт. Талкуу учурунда айрым депутаттар мыйзам долбоору өтө эле чийки даярдалганын, аны кайра иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Бирок ага карабай долбоор көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Бул мыйзам долбоору боюнча парламентте экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров баяндама жасап, анын максатына токтолду:
- Мыйзамдын максаты - калк үчүн керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарын камсыздоого жетишүү шарттарын түзүү. Аталган мыйзамда азык-түлүк коопсуздугунун негизги түшүнүктөрү, элементтери жана аны камсыз кылуу механизмдери берилген.
Буга чейин тиешелүү комитеттерден жана "Ак жол" фракциясынан колдоо тапкан бул долбоор парламентте көп деле талаш-тартыш туудурган жок. Эки-үч депутат суроо берип, дагы эки-үч депутат жарыш сөзгө чыккан соң, талкуу аяктап, маселе добушка коюлду. Жарыш сөзгө чыккан депутаттар негизинен мындай мыйзам зарылдыгын белгилешти.
Руслан Шаботоев болсо долбоор өтө эле чийки деп эсептейт:
- Бюджеттен каражат каралган жок, экинчиден матрезервдеги буудай кайсы кампада, кайсы баада сакталаары көрсөтүлгөн эмес. Анткени мамлекетке тиешелүү кампалар сатылып кеткендиктен буга чейин буудайды жеке ишкерлер менен келишим түзүп, сактап келген. Чүйдө эгинди үшүк алып кеткенин эске алсак быйыл күз бир топ эле оор болчудай. Кризиске каршы туруп бере алабызбы, жокпу белгисиз. Бул мыйзам азык-түлүк каатчылыгына көп деле таасир эте албайт, анда принципиалдуу нерселер жок, декларативдүү эле мыйзам болуп калган.
Депутат Руслан Шаботоев талкуу учурунда долбоорду кайра иштеп чыгууга жиберүүнү сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок.
Депутат Исхак Масалиев кандай болгон күндө да мындай мыйзам керек деген пикирде:
- Чийкиби, бышыкпы баары бир бул мыйзамды кабыл алыш керек. Өзгөчө дүйнөлүк кризис болуп аткан азыркыдай шартта сөзсүз өзүбүздү коргоп, ага каршы тиешелүү иш чараларды жүргүзүш керек. Ал максатына жетер-жетпесин эми убакыт көрсөтөт.
Бакыт Бешимов болсо аталган мыйзамды өкмөттүн "биз элге кам көрүп жатабыз, биз кайдыгер эмеспиз" дегендей аракети, кайрылуусу катары баалайт.
Бул мыйзам долбоорунда калктын жакыр катмарына колдоо көрсөтүү да каралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдөгү калктын 2 миллион 70 миңдейи жакыр катмардын катарына кирет. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун эсебинде, учурда 800 миңдей адам жалаң пенсия, пособиенин көзүн карап жашайт. Мыйзамда калктын ошол катмарына даректүү жардам көрсөтүү, азык-түлүктү арзан баада сатып алуусуна шарт түзүү каралган:
- Ачкачылык азык-түлүктүн жоктугунан эмес, кескин кымбаттап кетишинен болуп жатат. Биз бул мыйзам менен пенсия, пособие менен жашагандарга өз мүмкүнчүлүгүнө жараша азык-түлүктөрдү сатып алуусуна механизм түзүп берип жатабыз. Аларга базардагыдан арзан баада гана сатып алууга шарт берилип жатат, бекер таратылбайт.
Министр Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ошондой эле учурда өлкөдө эки жарым миллиондой адам уюлдук телефон көтөрүп жүрөөрүн айтып, мындай телефон көтөргөн киши нандын баасы арзан же кымбат болуп жатканы менен анчалык деле иши жок болсо керек деген пикирин кошумчалады. Ошентип "Азык-түлүк коопсуздугу" боюнча мыйзам долбоору парламентте көп деле талаш-тартышсыз, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Шайырбек Эркин уулу, www.azattyk.org




  Окурмандын пикири

Биздин кино качан оңолот?
Элибиз өзүн-өзү курулай сооротконду өтө эле жакшы көрөт. Баягы куудулдар айтмакчы "өлүп баратсак да жакшыбыз деп өлөбүз" дегендей, ала кушту атынан чакырууга келгенде өтө эле тайсалдап, айрым учурда такыр эле чалкабыздан кеткенге чейин барабыз. Ушундан улам болсо керек биздин статистика комитети Алдар көсөөнүн алдооч баштыгындай болуп эл башын айлантканы. Албетте, бул башка маселе.
Ал эми менин айтайын дегеним такыр башка. Союз урагандан бери кино тармагы өлдү деп кино сүйүүчүлөр өтө көп айтып келишет. Туура, кино тармагы өлдү. Буга биринчи себеп экономикалык тартыштык башкача айтканда кино эмес нанга акча таппай калуу процесси болсо, экинчи жагынан чындап моюнга алганда колго илинээр же бычакка сап кино режиссерлордун жоктугу. Мезгилге айла жок экен, Т.Океев, М.Убукеев өңдүү улуттук кино чеберлерибиздин көзү өтүп кетти, ал даңктуу плеядадан "акыркы могикан" болуп Б.Шамшиев агабыз гана калды окшойт.
Биздин кинодогу бүгүнкү шарт-ахыбал КМШнын коңшулаш өлкөлөрүнө салыштырмалуу орто деңгээлде, ошентсе да жогорудагы устаттардын жолун жолдосок дегенге дилгир, жакшы тасма жаратсак дегенде ак эткенден так эткен жөндөмдүү, жаш режиссерлордун катары улам барган сайын көбөйүүдө. Албетте, профессионалдардын көзү менен караганда тажрыйбасы жок, дилетанттар катары көрүнгөн бул режиссерлордун тарткан тасмалары калың элдин катмарына сиңип, атүгүл европалык мартабалуу кинофестивалдардын сыйлыктарына татыды, муну тансак чекилик болоор. Айрыкча мамлекеттен үмүт этпей, өз алдынча демөөрчүлөрдү таап "Бешкемпир", "Маймыл" фильмдерин жараткан Актан Арым Кубаттай же жамы карапайым кыргыз тамшанып көргөн "Айыл өкмөтүн", "Боз салкынды" жараткан Эрнест Абдыжапаровдой режиссерлорду бүгүн дилетант дешет, кино өнөрүндө өз чыйырын салган бул жигиттер он, он беш жылдардан бери чыгармачылыкта таскагынан жазбай келатышат, тарткан фильмдери "Оскарга" жетпесе да, ысымдары Европа, Азия континенттерине чейин угулду. Албетте, кемчиликтери жок эмес бар, ойдогудай эмес купулга толбогон эпизоддор кездешет. Маселен, менин жеке пикиримде "Айыл өкмөтүндөгү" участкалык милиционердин образы бүгүнкү күндөгү кыргыз милиция кызматкерлеринин образына упай кошпойт деп ойлойм. Чет өлкөлүктөр көрсө "ии, кыргыздын милициялары ушундай турбайбы?" дешип тыянак чыгарышы мүмкүн да. Ал эми "Боз салкын" тасмасында сюжеттердин ырааттуулугу, окуянын драматизми ойдогудай чечилбегендей сезилет.
Кыскасы, менин жеке бүтүмүм - бүгүнкү улуттук кино тармагына профессионал жетекчилер, режиссерлор келмейинче жакшы тасмаларды тартууга мүмкүн эмес. Ал эми бүгүнкү айрым кино жетекчилерибиз А.Пазылов мырзанын кино өнөрүнө чындап жакындыгы канчалык, айтуу кыйын. Орусиялык "Ералаш" балдар киножурналы сымал "Аралаш" аттуу кыргызча киножурнал түптөйбүз деген долбоорлору бар эле, эмнегедир угулбай кетти.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!