Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Биздин ата-тегибиздин баяны

Атам Төрөкул
Биздин атабыз Таластык. Таласта илгертен эле негизинен кушчу, саруу, кытай урууларынын өкүлдөрү жашайт. Кушчулар жалпысынан Талас дарыясынын өйдө жагына орношкон. Саруулар Талас өрөөнүнүн ортоңку бөлүгүндө, ал эми кытайлар Күркүрөө дайрасы тарапта жашаган. Биз кытай уруусуна киребиз. Абрамзондун изилдөөсү боюнча кытай уруусу сол канатка кирет.
Санжырага таянсак, биздин бабабыз кытайдын Түлкү аттуу уулу болгон экен. Андан - Байтике жана Буудай. Байтикеден Төңтөгөр жана Кыйра аттуу уулдар төрөлгөн. Төңтөгөрдүн тукумдарынын бири Шекер биздин уруунун башчысы болгон. Шекерден Кудайназар, андан Кончужок, Кончужоктон Кимбилди төрөлгөн. Биздин чоң атабыз Айтмат Кимбилдиден, ал эми Айтматтын Төрөкул жана Рыскулбек аттуу эки уулу жана Айымкүл, Карагыз, Гүлайым аттуу үч кызы болгон. Кимбилдинин Айтматтан улуу баласы - Биримкул. Анын эки аялынан - байбичесинен Алымкул, кичүү аялынан Өзүбек жана Керимбек төрөлгөн.
Элдин айтымында биздин чоң атабыз Айтмат бычканды, тиккенди билген, зергер буюмдарын жасай алган, ээр чапкан, комуз жасаган уста киши болгон. Айтмат Кимбилдиев айылда биринчи болуп "Зингер" маркасындагы тигүү машинесин сатып алып, кийим тиккен. Ушундан улам аны "машинечи Айтмат" дешкен, келиндер тергеп аны "машинечи аке" аташкан…
Ошондо мен Айтмат менен Айымкан бири-бирине татыктуу, өтө ынтымакта жашаган, бирин-бири кадырлап, сыйлаган адамдар болгонун, алар жакшынакай балдарды тарбиялап өстүргөнүн укканмын.
Чыңгыз төрөлгөндө чоң энеси салт боюнча Төрөкул менен Нагима баланы ага беришет деп үмүттөнгөн. Бирок андай болгон эмес, кийин Ильгиз төрөлдү…
Ошондо эми эки уулунун бирин беришет го деп туугандарына айткан экен.
- Апа, капа болбо, балдарды өзүбүз тарбиялайбыз. Сага жайында алып келип турабыз, азыр балдарды башкача тарбиялаш керек, мектептен окуганга даярдаш керек, заман бөлөк, - дечү экен уулу. Ильгиз төрөлгөндө Нагима эки уулун алып Таласка, Сандык жайлоосуна, эс алганы барган экен. Ошондо Нагима менен бараткан жакын тууганынын аялына (азыр Көксай айылында жашаган Шайназар деген инимдин чоң энеси) Айымкан катуу дайындаган дейт:
- Балдарды жакшылап карагын, Нагима балдарды жаңыча тарбиялайт, тамагын саатына карап берет. Ильгизге убагында боткосун бышырып берип тур.
- Саатына дегени кандай? Биз бала ыйлаганда эле эмизебиз да.
- Сен артта калган келинсиң, менин келиним сабаттуу, заманына бап келин, балдарын да жаңыча тарбиялайт, - деп абысындарынын астында уул-келининин балдарын бербей койгондугун акташ үчүн баса айтат.
- Макул жеңе, кабатыр болбоңуз! Мен Нагима менен тил табыша алам. Балдарыңызды жакшылап караймын, - деп күлө убада берген экен.
Бирок алар Сандыкта болгону бир гана жума болушат, анан Төрөкүл Нагиманы балдары менен эмне үчүндүр тезинен чакыртып алат. Чыңгыз чоңое түшкөндө жайкысын чоң энесине жиберип турушкан. Чыңгыз акемдин экерүүсүнө караганда ал мезгил анын өмүрүндө бактылуу учурлардын бири болгон. Шаар кийми менен айылга келген Чыңгызга чоң апасы атайы айылдын балдары кийчү, ылайык кийим-кечени Айымкүлгө заказ берип тиктирчү.
Бир күнү Айымкан чоң энеге телеграмма келет: "Нагима эгиз төрөдү, бири кыз, бири эркек", - деген. Ошондо Айымкан:
- Төрөкулдун бул эмне кылганы. Мындайды жарыя кылып айтчу беле, көз тиет, - деп бир чети сүйүнүп, экинчи чети чоочуп дароо телеграмманы жүктүн астына ката калган экен. Анан мындай чоң сүйүнүчтү угуп үйүндө отура албаган эне боорсогун, талканын, сары майын камдап алып, неберелерин көргөнү Фрунзеге келет.
Бул тууралуу апамдын минтип айтканы бар эле:
- Эркек бала бир топ чыйрак, тыңыраак болуп төрөлдү, кыз болсо экинчи болуп, кыйынчылык менен төрөлдү. Ушунданбы, кыз бир топ тежемел болуп калды. Көңүлдүн баарын ага бөлчүбүз. Биз аларга Рева жана Люция деп ысым бердик. Кайненем Чыңгызды же Ильгизди бербедиңер деп таарынып жүрчү эле, биз ага бул уулубузду беребиз десек, аябай сүйүнгөн. Бирок Рева аты мага жакпайт, мен аны Эркинбек деп атаймын, Төрөкулдун жакын досу Эркинбек Эсенамановдун урматына дейт.
- Бул деле революциялык ат, эгер силер билгиңер келсе, - деп ал баланын атын чын эле өзгөртүп алды. Биз буга макул болдук, апабыз небересин айылына алып келип аган жан дилин берип бага баштады. Бала чоң апасынын көзүнө ушунчалык чырайлуу болуп көрүнгөндүктөн, бирөөлөр үйгө келсе, аны көз тийбесин деп, дубалга каратып жаткызып койчу экен.
Бала алты айлык болуп калган учурда Э.Эсенаманов Таласка командировкага келип калат да аяш апасы Айымканга учураша кетейин деп Шекерге кирет:
- Ысымдашым Эркинбекти көрүп, шаардагы ата-энесине баланын кантип чоңоюп жатканын айта барайын деп келдим, апа, - дейт ал баланы колуна алып.
Бир аз ойнотуп, эркелетип кичинекей Эркинбекти, анан чоң энесинин колуна берет:
- Баланын эти ысып калыптыр го. Буга дары бериш керек, - деп кеткен экен. Эсенаманов кеткенден кийин бала алты сааттан кийин чарчап калат.
Өз колу менен жазган өмүр баянында атам орус-тузем мектебинде окугандыгын, аны 1917-жылы аяктаганын жазат. Бул мектептин биринчи баскычы эле, андан ары мектептин экинчи баскычын окуйт. Эми Айтмат уулу Төрөкул мектепке үйрөнүп, айланасындагыларга көнүгүшүп калгандыктан, мурдагыдай (биринчи жолу окууга бергендегидей) кабатыр болбой, ойлонбой калды. Ушундан улам Шекерге көңүлү тынч кетти. Бирок Шекерге кайтып келген соң ал тез-тез ооруй баштайт. Ахыбалынын оңолбой жатканын туйган, ал Төрөкулду чакыртат. Бул 1920-жыл болчу. Төрөкул бирдиктүү эмгек мектебин бүтүрүп, реалдуу училищеге кирген мезгил эле.
- Төрөкул, сен уулдардын улуусусуң, 17ге келип калдың. Бой жеткениң ушул. Эжең Айымкүл, карындашың Каракыз күйөөгө чыгып өз-өзүнчө турмуш курса дагы сен аларга төркүнсүң, сүйөнүч-таянычсың. Ал эми карындашың Гүлайым 14кө келди, иниң Рыскулбек болсо 10го эми чыгып жатат, аларды бутуна тургузуш керек. Менин ичээр суум түгөндү окшойт. Үйбүлөнү багып караганды сага тапшырам. Сага ишенем уулум…
Айтмат 1920-жылы дүйнөдөн кайтат. Айымкан жаш бойдон (38-39 жаш курагында) жесир калат.

Апам Нагима
Нагима Айтматова (кыз кезиндеги фамилиясы - Абдувалиева) 1904-жылдын 7-ноябрында Ысыккөлдө, Каракол шаарында төрөлгөн. Анын атасы - Хамза Абдувалиев (Хамзанын фамилиясынын дагы эки транскрипциясы болгон, бул - Абдулвалиев жана Габдувалиев) Ысыккөл аймагында абдан белгилүү, кадыр-барктуу, бай адам болгон.
Хамза Абдувалиев улуту боюнча татар. Ал Казанга жакын жердеги Мячкара айылында төрөлүп, чоңойгон. Анын ата-бабалары эмгекчил, эч кандай кыйынчылыктардан коркпогон, эр жүрөк адамдар болгон. Так ошолор Мячкара айылын түптөгөн. Хамза мезгилдин талабына ылайык жетишерлик билим алып, өз доорунун билимдүү адамы эле. Араб арибинде жана кириллицада окуганды жана жазганды билген, орус тилин да мыкты өздөштүргөн. Денсоолугу чың, бакубат Хамза көпөстүк ишти да бат үйрөнөт. Ушундан улам көп максаттарына жаш убагында эле жете алат. Ата-энеси аны эрте үйлөнтөт. Биртике каражат камдап алган соң, өзүнүн Мячкара айылы Хамза үчүн тар боло баштайт. Ошол мезгилде Казанда, дегеле Поволжьенин баарында көпөстүк ишмердик жакшы өнүккөндүктөн, иш баштайын деген чөйрөлөрдүн баары Орусиялык белгилүү башка көпөстөр тарабынан ээленип калган эле.
Күндөрдүн биринде ал өзүнүн көптөгөн тууган-туушкандарын, жаш жубайын калтырып, жибек жолу менен бараткан караванды ээрчип саякатка чынып кетет. Максаты жаңы жерлерди көрүү, жаңы рынокторду, өнөктөштөрдү табуу, өзүнүн байланыштарын көбөйтүү, байлыгын артыруу эле…
Бирок Ысыккөлгө келген соң, Хамза каравандан бөлүнүп, түбөлүккө ал жерде калып калат. Ысыккөлдүн табияты ушунчалык ага жаккандыктан, ал көпкө чейин үйүнө кайтпайт. Анан биротоло ушул жерде өз ишин негиздемек болот.
Колундагы болгон каражатына ылайык өзүнүн ишин баштайт. Жергиликтүү калк ичинен көптөгөн досторду күтөт. Хамза эң оболу элдин муктаждыгын изилдейт эрикпей, коркпой Орусиядан араба менен кездемелерди ташыйт. Жолдон аттарын ат көлүктөрдү кармачу жайлардан, караван сарайлардан улам алмаштырып отуруп кыргыз жерине көчүн улайт. Кийин ал жергиликтүү соодагерлерди товар алып келүүгө жалдап турган. Эгер мурда кыргыз аялдары атасы, же күйөөсү Караколдон алып келген буюм-тайымдарга эле ыраазы болуп келишсе, эми алардын өзүлөрүнө кездемелерди, зергер буюмдарын тандап сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Акырында Хамза өзүнүн бизнесин кеңейте баштайт. Агасы Ахмет-Галини, эжеси Галияны үйбүлөлөрү менен көчүрүп алып келет. Бир туугандар тез аралыкта эле ири дүкөндөрдүн ээси болуп, жергиликтүү сырьелорду кайра иштетүүчү заводду да ачышат. Биринчи болуп баржа сатып алышат. Аны менен Рыбачьеден (азыркы Балыкчы шаарынан) Караколго жүк ташышат. Хамзанын хоббилеринин бири багбанчылык эле. Ал кыргыз жерине алманын ар түрдүү сортторун алып келет. Селекциянын ыкмасына салып, аларды бири-бирине кыйыштырат. Ысыккөлдүн шартында өсө турган жаңы сортторду пайда кылат. Аларды өзүнүн багына отургузат.
Ошентип Хамза жана Ахмет-Гали Абдувалиевдер бул аймактын экономикасын көтөрүүгө, элдин заманбап маданиятка аралашуусуна чоң салым киргизген.
Роза АЙТМАТОВАнын "Тарыхтын актай барактары" китебинен













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!