Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
"Кыргызстандын жалпы боордош калкына, ошондой эле Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жакындарына жана туугандарына дүйнөлүк адабияттын патриархынын, кыргыз элинин даңктуу уулунун, жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгынын күтүүсүздөн каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Дүйнөнүн 165 тилине которулган улуу жазуучунун жана ойчулдун чыгармалары дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээледи. Терең шык даарыган жазуучу планетардык ой жүгүртүүгө да ээ эле, ошону үчүн аны "Адамзаттын Айтматову" деп аташкан. Ааламдын көптөгөн өлкөлөрүндө сөз чеберинин ар бир жаңы китебин чыдамсыздык менен күтүшчү, анын чыгармаларынан чоң руханий күч-кубат жана адеп-ахлактык багыт алышчу. Чыңгыз Төрөкулович жакында эле Казакстанга келип кетти эле. Экөөбүз биздин эки элдин жана эки өлкөнүн тарыхый тагдыры, маданият жана адабият маселелери жөнүндө көпкө маектешкенбиз. Казак эли да айтылуу жазуучунун 80 жылдык маарекесин кеңири өткөрүүгө даярданып жаткан. Бирок арга жок, ажал улуу инсанды арабыздан сууруп кетти. Анын талантын аздектегендердин баардыгы үчүн Айтматов тирүү бойдон кала берет. Бул оор күндөрдө биз Ч.Айтматовдун жакындары жана туугандары менен кошо кабырга кайыштырган кайгыга батып турабыз. Бул дүйнөлүк маданият үчүн орду толгус чоң жоготуу болду. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө кала берет.
Кош бол, Чыңгыз ага!"
Нурсултан Назарбаев, Казакстандын президенти

"Боордош түрк калкы Түркияда мартабасы бийик жана эл барктаган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бүгүн арабызда жок экенине ишенгиси келбейт, жана Кыргызстан үчүн бул оор күндөрдө кыргыз элине кайраттуулукту кааларын билдирет. Ч.Айтматовдун кайрылгыс сапарга кеткени - түрк дүйнөсү үчүн гана эмес, жалпы ааламдагы адамзат үчүн да оор жоготуу болду. Боордош кыргыз калкынын өкүлү Ч.Айтматов түрк тилдүү өлкөлөр жана элдер ортосундагы солк этпеген көпүрө эле".
Абдуллах Гюль, Түркиянын президенти,
Режеп Эрдоган, премьер-министри

"Залкар сөз зергери, коомдук-саясий ишмер Ч.Айтматовдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен уктум. Турмуш чындыгын көркөм образдарда чагылдырып, биздин сезимибизге жана ой-санааларыбызга таасир этүү менен Ч.Айтматов өз чыгармалары менен дүйнөлүк адабият казынасына чоң салым кошту.
Ч.Айтматов өзбек калкына дайыма жакын болгон жана боло берет, биздин эсибизде ал Атамекенге берилип кызмат өтөөнүн бийик үлгүсү катары калат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына менин чын дилден чыккан көңүл айтуу сөздөрүмдү жеткирип коюуңарды суранам".
Ислам Каримов, Өзбекстандын президенти

"...Якутиянын чоң досу, улуу жазуучу, гуманист, коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Саха Республикасынын элинин атынан Кыргызстандын элине, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Якутиянын элинин эсинде ал дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыз элинин руханий байлыгын, анын маданиятын жана руханий мурастарын дүйнөгө даназалаган, элдердин ортосундагы тынчтыктын жана достуктун идеяларынын жактоочусу катары кала берет...
Саха Республикасынын өкмөтү

"...Биздин мезгилдин улуу жазуучусу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана дипломат, Россиянын сүрөт Академиясынын Ардактуу мүчөсү - Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жалпы Кыргызстандын элине терең кайгыбызды билдиребиз. Анын чыгармачылыгы - Академиянын көптөгөн сүрөтчүлөрүн шыктандырчу. Чыңгыз Айтматовдун элеси жарык чачып турат. Биздин кайгыбыз чексиз.
Зураб Церетели, сүрөтчү жана скульптор

"Чыңгыз Төрөкулович мен үчүн улуу жазуучу жана кадыр-барктуу мамлекеттик ишмер гана эмес, даанышман, жашоону сүйгөн адам жана чыныгы дос, бир тууган катары кала берет.
Дүйнөгө таанылган сөз чебери, чыныгы гуманист катары ал ар бир чыгармасында акыйкатка жана келечекке болгон ишенимди бекемдеп, адамдардын бактысы үчүн күрөшүүгө жана ар кандай кыйынчылыктарды жеңе билүүгө жөндөмдүү, бүгүнкү күнгө зарыл болгон каармандардын үлгүсүн көрсөттү. Чыңгыз Айтматовдун эми жаныбызда жоктугуна ишенүүгө мүмкүн эмес, бирок анын ысмы, өлбөс-өчпөс адабий мурасы, жакшы иштери биздин эсибизде түбөлүккө кала берет. Чыңгыз Төрөкуловичтен балдарына менин көңүл айтуу сөздөрүмдү жеткирип коюуңуздарды өтүнөм. Ушул оор күндөрдө сиздерге күч-кубат жана кайрат каалайм. Бул үйбүлөнүн, достордун жана жакындардын гана эмес, бүтүндөй кыргыз калкы, дүйнөлүк адабият үчүн орду толгус жоготуу. Бул татар калкы жана Татарстан элдеринин өзгөчө кайгысы".
Минтемир Шаймиев, Татарстан Республикасынын президенти

"Ч.Айтматов адамдардын эсинде эң оболу ХХ кылымдын улуу жазуучусу катары калат. Мурдакы Советтер союзунун элдеринин маданиятын тилин сактап калуу үчүн күрөшкөн Ч.Айтматов кыргыз маданиятынын байлыгын бизге ачып көрсөттү.
Б.Кушнер, Франциянын тышкы иштер министри

"Кыргыз элинин улуу уулу Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз каза болгону туурасындагы кабарды терең кайгыруу сезими менен кабылдадым. Дүйнөлүк адабият орду толгус оор жоготууга учурады. Анын бардык чыгармалары патриоттуулук, гуманизм жана Атамекенге болгон чыныгы сүйүү менен жык толгон. Жазуучунун өлбөс чыгармалары дагы жүздөгөн жылдар бою бийик идеалдарды даңазалаган зор таланттын чен өлчөмү болуп кала берет.
Тажикстан сиздер менен кошо кайгырат. Ааламдык масштабдагы көрүнүктүү интеллектуал катары Ч.Айтматовдун жаркын элеси азыркы жана келечектеги урпактардын эсинде түбөлүккө сакталып кала берет".
Эмомали Рахмон, Тажикстандын президенти

Мен кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым. Мен кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттагы Кыргызстандын үнү болчу. Анын чыгармаларында коомдун саясий жана социалдык жактары кеңири чагылдырылган.
Чыңгыз Айтматов сейрек талантка эгедер эле: ал бардык окурмандары менен чегаралар менен маданияттардын түрдүүлүгүнө карабай, ачык жана адилет маектешчү.
Жазуучунун бир канча романдары менен повесттери немис тилине которулган. Анын натыйжасында Чыңгыз Айтматов биздин өлкөдөн да көптөгөн жана чыныгы окурмандарын таба алды.
Чыңгыз Айтматов дипломат катары да аябай үзүрлүү эмгектенди. Ал Европа менен Борбор Азиянын жакындашуусуна зор салымын кошту. Европа союзунда ал эбегейсиз кадыр-баркка ээ эле…
Франк-Вальтер Штейнмайер, Германиянын тышкы иштер министри

...Дүйнөдөн - бүткүл дүйнөгө өз элинин үнү, анын бийик акылмандуулугу менен үн салган, өз мезгилинин ар-намысы болгон чыныгы АДАМ өттү. Анын аты дүйнөнүн бардык жеринде руханий күчтүн ачкычы катары айтылчу... Ал Чыгыш менен Батыштын мейкиндиктери менен убакытынын, каада-салттары менен жаңыланууларынын ортосуна жашоо берген көпүрө болчу... Бул азалуу күндөрү мен жалпы кыргыз элине, бүткүл түрк элдерине, Чыңгыз-бейдин үйбүлөсүнө, жакындарына чындыгында орду толгус жоготууга байланыштуу терең көңүл айтам.
Полот Булбул оглы, композитор, Азербайжан













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!