Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:

"Чыңгыздай улуу талант сейрек жаралаар…"
Жалпы журт, улуттук маданият үчүн Ч.Айтматовдун о дүйнө салганы чоң аска кулагандай таасир жаратты. Бул инсандын өтөгөн эмгеги бүтүндөй улутка тийгизген таасири менен бааланат десек жаңылышпайбыз. Ч.Айтматов өз доорунун чыгаан, кайталангыс таланттуу уулу катары жарк этип суурулуп чыкты. Ал кезде Лениндик сыйлыктын лауреаты болуш деген жеке эле анын ээсинин эмес, жалпы элдин, жердин аброюн көкөлөткөн чоң сыймык эле. "Кыргыз керемети" деген ат менен дүйнөгө таанылган улуттук кинонун жетишкендиктери, улуттук театрдын ренессансы көп жагынан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына тыгыз байланыштуу болгонун танууга мүмкүн эмес. Көркөм сөздүн залкар сүрөткери өз чыгармаларында салттуу чыйырга жараша окуяларды гана тизмектеп айтып берүү менен чектелбей, калың окурман журтуна кыргыздын улуттук тарыхын, тагдырын, салт-санаасын, маданиятын таасын ачып берди, ой толгогонго түрткү болду. Ч.Айтматов калтырып кеткен бул улуу мурасты терең түшүнүп, рухий көрөңгөбүздү мындан ары өрчүтүүбүз керек. Муну улуу жазуучунун керээзи деп түшүнсөк да жаңылышпайбыз. Жазмыштын өкүмү ушул экен, Чыңгыз бүгүн арабызда жок… Чыңгыздай улуу талант сейрек жаралаар, ошентсе да анын доорун улаган жаштарыбыздан ал кишидей таасын талант ээлери чыгаар деп тилек тилейли.




  Чыңгыз Айтматов

Балалыгым
ДЖЕРС БУКАСЫ ЖАНА ДОЛОНДОГУ МАХАББАТ
Институтту бүтүргөн соң Кыргыз Малчарбачылыгы илим-изилдөө институтуна (КирНИИЖ) караштуу асыл тукум зоотунда зоотехник болуп иштеп калдым.
Ушул мезгилде "Кызыл жоолук жалжалым" аттуу повестимди жазгамын.
Институттун жана илимий эксперименталдык фермабыздын карамагында атайын асыралган, сүттү арбын бере турган жүздөн ашуун асыл тукум уюбуз бар эле. Бул ферма илимий изилдөөлөрдүн натыйжасынан пайда болгон. Республикада сүт өндүрүү боюнча алдыңкы катарда турчубуз. Ошол мезгилде мен өзүнчө эле "эмгек эри" элем. Жумушума байланыштуу бир тажрыйба жасагым келип жүргөн.
Англиянын түштүгүндөгү эң чоң Джерс аттуу аралда жүздөгөн жылдардан бери джерс ую өзүнүн сүтү менен дүйнөгө атагы чыгып келгенин билем. Сары, күрөң темгилдери бар бул уйдун сүтүнүн негизги өзгөчөлүгү - майлуулук деңгээлинин жогорулугу эле. Кадыресе уйлардын сүтүнүн майлуулугу 3-5 пайыз болсо, булардыкы 5-6 пайызды түзөт. Мен биздин буердеги топоздор менен мухит артындагы Джерс карамалдарын аргындаштырып, экөөнүн ортосунан жаңы породаны алууну ойлоп жүргөм. Бул ойду сынап көрүү үчүн чоңдорума пикир-сунушумду айткам. Институт менин сунушумду туура кабыл алып, өздөрү жактан керектүү талаптарымды аткарышарын билдирди.
Анан Джерс букасын алып келүү үчүн Ленинградга, андан Гатчинага бардым. Гатчина төңкөрүшкө дейре Орусия падышаларынын үйбүлөлөрү турак кылган жерлер. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда асыл тукум малдын баары ушул жерге алынып келинип, ошерден асыралып, башка жактарга таратылчу. Мен алайын деген жаңы порода тоолуу шарттарга көнүп кетчү, суукка байымдуу болуусу керек. Биздин топоздор ак кар, көк музда жашап, тоолуу шарттарга абдан ыкташып, көнгөн эмеспи. Менин жаңы экспериментимдин дагы бир максаты - сүттүүлүктү, майлуулукту көтөрүү да.
Топоздор Кыргызстанда, Тажикстанда, Ооганстанда гана болуп, бул аймактардын катаал географиялык шарты менен климатында жашай берчү, бирок бир айыбы сүттү аз беришчү.
Ошентип, Джерс букасын мал салууга ылайыкташкан вагонго чыгарып, Кыргызстанга алып жөнөдүк.
Он күн жол арытып, көздөгөн бекет Жамбылга алып келдик. Ал жерден тосуп алышты, ызаат-урмат менен институттун фермасына да бапестеп жеткирдик. Эми дагы башка түйшүк бар - жанагы алып келген асыл тукум букадан качыруу үчүн жок эле дегенде он-он бештей топоз керек. Аларды алып келгенде гана эксперимент баштай алмакмын.
Топоз бизде жок, ошон үчүн эки чоң автомашина менен Тянь-Шанды көздөй сапар тарттык. Ал мезгилде Тянь-Шань жолу, айрыкча, Долон ашуусу азыркыдай эмес, тик жана кууш, бурумдары көп, андыктан өтө кооптуу болучу. Бүгүнкүдөй таш төшөлгөн, асфальтталган жол анда кайда... Ушул жолдон мен алгач ирет чиркегич сүйрөгөн автомашина көргөм. Ал анда Кытайга бара жатыптыр.
Жолубуз алыс болгондуктан, Долондун бир жеринде түнөп калдык. Түнөй турган үйүбүз өтө жупуну, жол жээгинде атайын жолчулар үчүн эптеп салынган үй экен. Бир аял биз келгенде чырак жандырып, жата турган жай салып берди.
Чоң бөлмөнүн ичинде бир нече керебет коюлуптур. Алардын көбү бош. Бир бурчта гана эки айдоочу бутуна тура албай ыргалып мас болуп отурат. Менин жатар жайым алардын жанында. Булардын бирөө жанагы чиркегичтүү машинанын шоопуру экен. Мени көздөрүнө илбей, өз ара бакылдашып жатышты. Кааласам, каалабасам да ал экөөнүн сөзүн угууга аргасыз элем.
- Ошол ашуунун кылда чокусунда менин жактырган жалжалым жашайт. Бирок, ал мени карап да койбойт, - деп бирөө экинчисине өзүнүн дартын божурап, башынан өткөн сүйүү окуясын айтып берип жатты.
Жанагы чиркегич сүйрөгөн машинанын айдоочусу дегеним ушунусу. Ал өзүнүн сүйгөнүн такыр унута албаганын, ар дайым ашууну ашканда ошол делбирин көрөрүн, махабаты кантип башталып, кантип алоолонуп отурганын бир баштан айтып берди. Анын башынан өткөн ошол лаззаттуу да, азаптуу да, армандуу да окуялар мага ушунчалык катуу таасир этти...
Ооба, мен анда бийик тоолор тарапка жол алган жолоочу гана элем. Аякка башка эле бир милдет менен аттангам. Бирок ошол канжолдо "Кызыл жоолук жалжалымды" таап, ага негиз берген бир тагдыр менен кезиккем...
Которгондор А.Муратов, Б.Чыныбаева

Сагын АКМАТБЕКОВА, акын
Чыңгыз агага
Кызарып күн батса кошо батты эле,
Агарып таң атса кошо атты эле,
Каркырадай каргып, Атажуртуна
"Кайтса экен деп, - аман-эсен" жатты эле.

Жамы кыргыз тилегендей болбоду,
Жазылды бейм, жазмыштан ак болмогу.
Каяккадыр төнүп кетти кайыптай
Карааныңыз калдайган чоң жолдогу.

Уясына күн жашынып, түн сүрүп,
Учсуз дүйнө укту кулак бир түрүп.
Калды Ысыккөл: "Кайраным!" - деп
бир толкуп,
Калды Алатоо бир солк этип, күрсүнүп…

…Жазган Сизби? Жарып жааган ак карды,
Жаңсаган ким алдыдан жаш жаздарды
Эдигейби, Казангаппы? Шүгүрлүк!
Экинчи бир өмүрүңүз башталды.

Абибилла Пазылов, адабиятчы:
"Асаба-туубуз жыгылды, опол тообуз кулады"
Кыргыз улуттук адабиятынын асаба-туусу жыгылды, опол тоосу кулады. Ушу бүгүн "эми Айтматовубуз арабызда жок, андыктан татаал дүйнөнүн ташпишин ким алакан отуна салгандай түшүндүрүп жазып берет, мындан ары кимдин сары майдай акылын, салмактуу пикирин тыңдайбыз, четке чыкканыбызда кайсы мекендешибиздин ысымын атап мактанабыз" дегенчелик каңырыгым түтөп олтурам…
Чыңгыз Айтматов - карааны алыстан калдайып көрүнгөн Каранар, куйруктуу жылдыздай зуулаган Гүлсарат, ак чаңгыл зоолордо күрткү жиреген Жаабарсыбыз эле. Чыңгыз Айтматов - биздин биринчи мугалимибиз, түбөлүк жазуучубуз. Тагдырдын ошонусуна канымет.
Тагдыр демекчи, жазуучу соңку романында пенденин бешенесине чегеленген жазмыштын касиети тууралуу ушунчалык терең, ар тараптуу ой жүгүртөт. Чыгармада өмүр-өлүм туурасында негедир көп айтылыптыр. Анын каармандары ар качандан бир качан "өлтүрөмбү - өлөмбү?" деген арасаттыкка кептелет. Которгондо байкадым. Балким, мунусу тагдырды алдын-ала боолгологонудур, даанышманыбыздын кийинки муундарга эскертүүсү, керээзидир.
Асыресе, Айтматовдун миң сайлуу чыгармачылыгы, жаркын инсандыгы, коомдун өнүгүшүнө тийгизген олуттуу таасири жөнүндөгү кеп али алдыда. Азыр күтүүсүз каргашадан күчүбүз мүчүп, тилибиз буулуп турган чак…

Лариса Асанбекова, Айтматовдордун кудачасы:
"Кудамдын жөнөкөйлүгү жаккан…"
- Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматовдун бул дүйнөдөн өтүп кетиши кабыргамды кайыштырып турат. Бул улуу инсандын өмүрлүк жары биздин эжекебиз (апамдын сиңдиси. Эки бир туугандын кыздары болот). Мария эжебизге баш кошкондон кийин эле чет өлкөгө кетишип, Кыргызстанга бир жылда бир келишип турушчу. Келгенинен кабардар болгон туугандар, тели-теңтуштары, тааныштары конокко чакырып олтурушкандыгына байланыштуу жүз көрүшүп тааныша албай жүрдүк. 1995-1996-жылдары болсо керек эле, акыры жакындан таанышып калдык. "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, дүйнөгө таанымал инсан менен бир дасторкондо отуруп, баарлашуу бизге толкунданууну жаратты. Бирок, "Адам канчалык акылдуу болсо ошончолук жөнөкөй болот" деп өзү айткандай, өтө жөнөкөйлүгү жакты. Бизге сый-урмат менен мамиле кылып, маданияттуулугун көрсөтүп, китептерине кол тамгасын коюп, белек кылган. Кетип жатканда да эшиктин сыртына чейин узатып чыгып, "машина менен жеткирип коелу" дегенде өзүбүздүн машина бар деп болбой койгонбуз…













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!