Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл акыны:

"Рухий көсөмгө ийбадат"
Алтымышынчы жылдын башталышында Нарын шаарында редакцияда иштеп жүргөнүмдө Чыңгыз Айтматовдун алгачкы мыкты аңгемелерин окуп калдым. Бул ажайып чыгармалар кыргыз адабиятына башбаккан башкача жаңылык, жаңырык болчу.
Деле ошо кезде жазуучулар Союзу жаш жазуучулардын чогулуштарын, фестивалдарын, конкурстарын дайыма өткөрчү. Улуу муундагылар жаштарга өздөрүнүн чеберчилигин айтып, ак жол каалап, чыгармачылык демөөр көрсөткөн салт болгон. Али жаш болсо да Ч.Айтматов келечек муундун туу туткан лидери катары көрүндү. Адабият, искусствого жаңыдан кадам таштаган жаштар Ч.Айтматовго чочулабай, ага жакындап, ниет-тилектеш болуп, ишенип жана зор үмүт менен ылымсанады. Ал дагы ар кандай мезгилдерде жаш муундан таяныч, колдоо күттү. Көзү өткөнчө өнүгүп-өсүүнүн ушундай саябан жолун кармады.
Бир жолу Ч.Айтматов жаңы жылдык маегинде төрт жаш жазуучунун катарына менин ысмымды да "Комсомолец Киргизия" газетасына атап кетиптир, бул колдоо мага зор кубаныч, дем болгон. Анда менин "Эне кудурети" деген бир аңгемем гана "Ала-Тоо" журналына жарыяланган эле, аны окуп, жактырган окшойт. Ошондон бери мен гана эмес, калемдеш, замандаштарым жазуучуну устат тутуп, улам жаңы көркөм повесттерин, романдарын, публицистикаларын жана ал жөнүндөгү дүйнөлүк басмада жарыяланган сын, пикирлерди калтырбай окуп келдик. Буйрук экен кийин замандаш, калемдеш жана кызматташ болуп, залкардын акыл-насааттарын угуп, адамгерчилик мамилесин сезип, жакшылыгын көрдүм.
Баамымда Ч.Айтматов турмуштун азабын жаштайынан башынан кечирди: эл душманы деп жалган жалаа менен атылган атанын уулу болушу, аны кыйла түйшүктүү ойлорго салды; али демократияга келе элек коомдун запкысы, феодалдык аң-сезимден арыла элек элдин жашоо-тиричилиги, жашоо маданияты далай тоскоол болду. Акыры жаш улан оор түйшүктү сезип-түшүнүп, өзүн жеңе алды. Жазуучулук өнөр аркылуу караңгылыктын сазынан суурулуп чыгып, жол таап кетти. Бул чанда бир улуу адамдардын тагдырына туш келе турган эрдик. Анын жашоодогу, чыгармачылыгындагы купуя сыры - жаштайынан ата ысмын, намысын туу туткандыгы, эртелеп орус, дүйнөлүк адабияттан тарбия алгандыгы, граждандык, атуулдук жана жазуучулук вазийпасын түшүнгөндүгү, интуициясынын күчтүүлүгү, эмгекчилдиги, билимге, маданиятка системалуу, таза ой жүргүзүп кызыкканы, өзүн тарбиялай алгандыгы болсо керек.
Чыңгыз Айтматов жарым кылымдык өмүрүбүздө жана чыгармачылыгыбызда акыл-эсибизди байытууга, рухий жандүйнөбүздү, маданиятыбызды өстүрүүгө коңгуроо каккан, элибиздин аң-сезимин тазарткан чакырыктарга үндөгөн, биздин доорго, тагдырыбызга Теңир тартуулаган улуу инсан эле. Чеберчиликке мушакаттанган ар бир чыгармачыл адамдын көз алдында анын алп карааны бирде жакындан, бирде алыстан көрүнгөн, атаандаштарын алыска таштаган, коо бузган күлүк Пегас - тулпардын караанындай көрүнөөр эле.
Ал жашоодо кеңири, көрөгөчтүк, кыраакылык, баамчылдык, күрөшчүл, эмгекчил өмүр сүрдү. Анын бекер, бошко кетирген күндөрү, шалаакы, кайдыгер жашоосу болбоду окшойт. Өзүн күлүк тулпардай багып, алгыр куштай таптап, доордун улуу жарышынан артта калбай, дүйнөлүк адамзаттын тагдыры, табияттын келечеги жөнүндө ой жүргүзүп, жер үстүндөгү интеллектуалдар менен теңаталык даражага жетип, маданиятты бийик кармап жашап да, чалыкпай иштеп да кетти. Ал акыл-эс, ойдун обосуна көтөрүлдү. Анын насааттары, накыл сөздөрү батыштын да, чыгыштын да ойчулдарынын сөздөрү менен үндөшүп, шайкеш келип турат.
Ч.Айтматов - XX-XI кылымдын башталышында кыргыз деген элдин улуу инсаны, улуттун, маданиятын дүйнөлүк деңгээлге сөз менен алып чыкты жана өзгөчө көчмөн элдин рухунун кооздугун, сулуулугун, адамгерчилик сапаттарын ачып көрсөтө алды.
Кыргыздарды дүйнөгө таанытууда Улуу "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүдө, элибиздин небактан берки эл экенибизди, тарыхты таанууда, элдин аброй, намысын көтөрүүдө, өтөмөнчө тил, салттын өсүп-өнүгүшүнө, мурастарын басмадан чыгарууда, "Ысык-Көл форуму" сыяктуу эл аралык жыйындарды уюштурууда, өткөн улуу инсандардын кадыр-баркын көтөрүүдө Чыкенин жеке салымы, таасири зор болду.
Ырас, ар бир доордо кутман элибизде кол башчы, жол башчы, акылман көсөмү болгон. Эл ичинен кол башчы, жол башчы, бийлик, мансап башчылары четтен табылат, толтура. Ал эми дүйнө эли тааныган рухий көсөм чанда бир жаралат.
Бүгүн рухий лидерибизден ажырап, кабыргабыз кайышып турат.
Ар бир улуу инсандын көзү өтсө да, жакындарына же ымалаштарына гана эмес, жамы жумурай журтун жаманчылыктан, бечел ой, оор кырсыктан коргоп турган улуу деми, кубат-күчү, касиети болот. Чеберчиликтин өтө бийик апогейине жеткен жазуучу Чыңгыз Айтматов ушундай алп адам эле...

Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу:
"Чыңгыз агабыздын ички моралдык дүйнөсү аруу эле…"
Чыңгыз Айтматов кыргызда миң жылда бир жаралчу асыл эле. Кечээ эле алты саны аман жакшынакай жүргөн. Ушундай асыл адамдын 80 жылдык мааракесин өткөрөбүз деген канча ой-тилектер, пландар бар эле. Ошол тилектерге жетпей калдык, өкүнүчтүү… жалпы кыргыз эли үчүн, Айтматовдун чыгармачылыгына таазим эткендер үчүн, анын ичинде жеке мен үчүн анын өлүмү күтүүсүз болду, кантип эле ушундай болсун деп болбой турган иштей сезилип жатат.
Биз үчүн Айтматовдун о дүйнөгө сапар алышы чоң жоготуу болду. Жалган жашоо деген ушул тура, бүгүн бар да, эртең жок. Эмне дейбиз, анткен менен Чыңгыз агабыздын бул жарык дүйнөдө жараткан эмгектери, баскан изи, чыгармачылык сапары өлбөс болуп калды, өчпөс болуп аты калды. Ушуга шүгүр дейли. Кыргыз эли бир ууч алакандай гана чакан элбиз. Ушул чакан эл даңктуу уулунун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк масштабдагы маданий монументин куруп, кылымдарга урабай турган рухий эстелик тургузуп алганга жетишти. Бул рухий эстелик-1000 жылда бир курулчу эстелик. Чыңгыз агабыз чыгармалары аркылуу кыргыздын духун дүйнөлүк адабий айдыңдын чет жакасынан айдыңдын дал ортосуна жылдырып койду. Манас менен Чыңгыз булар кыргыз элинин рухий өнүгүү жолундагы таяныч, чоң аска-зоо, тирек. Эми Чыңгыз Айтматовдун улуу ишин артындагы муун уланта бермекчи.
Улуу жазуучубуз репрессиянын курмандыгы болгон атасынын жанына "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлмакчы. Жата турган жайы атасынан 10 метр гана аралыкта болду. Биз үчүн Айтматовдун чыгармаларынын, деги эле анын жасап кеткен иштеринин мааниси баа жеткис, опол тоодой күч. Анын жасап кеткен иштерин урматтап, улам кийинки жаш муундарга Чыңгыздын атын өчүрбөй окутуп туруу биз үчүн чоң милдет.
Биз Чыңгыз ага экөөбүз 40 жылдай бирге жолдош болуп жүрдүк. Жашы менден бир топ улуу болгону менен мен кичүү жолдош болчумун. Көп маселелерди бирге талкууладык, чогуу пикирлештик, көптөгөн ой-пикирлерди жараттык дегендей. Үйүбүз да жакын коңшу болчубуз, андыктан тез-тез көрүшүп, жолугушуп, жандүйнөнүн сырын бирге бөлүшчү элек. Ким гана болбосун анын адамдык касиети алгач эске түшөт экен. Чыңгыз агабыздын адамдык улуу касиети абдан жогору эле. Ушунча жыл бир жакын жүрүп, бир да ирет бирөөгө катуу сөз айтып же бирөөдөн катуу кеп укканын көрбөдүм. Кээде адам жини келген учурда өзүн кармана албастан, оозунан уят сөз да чыгып кетет да. Бирок мындай эмоцияга алдырганын көргөн жокмун, тартипсиздик деген сапатты бул адамдан табууга болбос эле. Ички моралдык дүйнөсү абдан таза, жаш наристенин дилиндей аруу жана жакшы ойлорго бай эле. Тууган-туушкандарына, жакын санаалаш адамдарына, тааныган да, тааныбаган адамдарына да ак ниеттик менен калыс мамиле кылчу. Өзү олтурган кабинетине кайсы гана учур болбосун арыз-муңун айтып, көп адамдар кезек күтүп турганын көрчүбүз. Алардын ар биринин арыз-муңун шашпай угуп көрүп, жардамын эч аячу эмес. Чыңгыз аганын ушундай айкөлдүгүнө, адамгерчилигине баа берген кезек күтүп турган адамдар жардам алып, кабинетинен кудуңдап чыгышар эле. Бардыгына калыс карап, баарыдан да адамгерчилик улуу сапатты жогору койгон ушундай адамдарды асыл адамдар деп айтса болот.
Эмне дейбиз, анын баскан изи, жараткан чыгармалары, кыргыз эли үчүн жасаган зор эмгеги дайыма элдин жүрөгүндө калат, анын ысымы эч убакта өчпөйт!

Нуралы Капаров, акын:
"Кыргыздын түндүгү тартылып, туусу кулап турат"
Кийинки эки-үч жылдан бери мен кытай, арап, орус авторлору тарабынан жазылып калган кыргыз тарыхын тереңирээк изилдеп окуганга аракет жасадым. Баамымда кыргыз эли байыртадан эле аз сандагы элдин катарында келген эл экен. Тарыхый тажрыйбага таянып карасак, кыргыздын тарыхында кандай гана атактуу уул-кыздары болбосун, дүйнөдөн көзү өтсө орду толгус чоң жоготууга айланганы байкалат. Кичинекей элдин кайгысы чоң болот. Антип айтып аткан себебим, саны көп, чоң элде залкар инсандардын катары калың, бири кетсе экинчисине бел байлап кала берет. Ал эми кичинекей элдин чоң инсаны кеткенде орду толгус жоготууга айланат. Анын кайра орду толушу жүз жылдаппы, миң жылдаппы, зарыктырып, карыктырып жол каратар күйүттүү иш. Ыраматылык Саякбай Каралаев дүйнөдөн өткөндө Чыңгыз Төрөкуловичтин көкүрөгү күйүп, көзүнө жаш алып, мындай деп айткан мыкты сөзү бар эле. "Бүгүн кыргыз элинин башына чоң кайгы түшүп, түндүгү тартылып, түтүнү буулугуп турат, ыйлабаган, кайгырбаган бир да кыргыз жок. ХХ кылымдын Гомери арабыздан кетип атат". Ошо сөз бүгүн кайра өзүнө ылайык келип, өзүнүн азасына айтканга аргасызбыз. Бүгүн да кыргыздын түндүгү тартылып, түтүнү уюлгуп буулугуп, тамагы буулуп, туусу кулап турат. Себеби XX-XI кылымдардагы кыргыздын сыймыгы, кыргызды дүйнөгө таанытып, адабиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөргөн, дүйнөлүк адабиятка теңдешсиз зор салым кошкон улуу инсан, залкар калемгер-философ дүйнө оодарды. Кыргыз деген аз сандагы кичинекей эл Чоң инсанынан айрылды...













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!