Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз эл акыны:

"Чыңгыз адабияттын анык пайгамбары эле…"
Кыргыз жери, эли өтө чоң жоготууга учурады. Кыргыз эли эле эмес, бүткүл дүйнө эли бүгүнкү күндө абдан кейип турат. Бүткүл дүйнө элин кейиткен ушунчалык чоң жоготуу болду. Капысынан, эч ойго келбеген иш болду. Элибиз анын 80 жылдык мааракесине даярдыктарды көрүп, жалпы элдик сүймөнчүлүк, жаркын ой-тилектер менен жашап жаткан учур эле. Арман деп ушуну айтат. Эч болбосо ошол мааракесин көрсө эмне. Ал эми Чыңгыз өзү бүтүн кыргыз элине, жерине бөлүп айтпаганда, бүткүл адамзатка өтө зор эмгек өтөдү. Бул дүйнөгө келген өзүнүн адамдык парзын ал толук актай алды. Адамдардын руханий дүйнөсүн байытууга, аларды ак, таза жолго салууга тырышты. Өзүнүн бийик граждандык, терең, гумандуу, адамдарга ойлонууга түрткү берген таланттуу чыгармалары аркылуу бүткүл адамзаттын жүрөгүн өзүнө буруп алды. Чыңгыз алп жазуучу, алп адам эле, адабияттын анык пайгамбары эле. Бүткүл элдин сүймөнчүлүгү эле. Кыргыз жергесин бүткүл дүйнөгө таанытты. Дүйнөдө эң эле майда элдерге чейин Чыңгыздын чыгармалары басылып, кыргыз элин алар Чыңгыз аркылуу тааныды. Чынында Чыңгыз Манастан кийинки эле адамдар сыйынган алп адам эле. Ушуларды ойлоп азыр кабыргабыз кайышып, кыйналып турабыз. Эми бир гана сооротуучу нерсе Чыңгыздын артында өлбөс-өчпөс дүйнө жүзү кызыгып окуган жазгандары калды. Алар Чыңгыздын экинчи өмүрү, ал түбөлүктүү деп ойлойм. Кыргыз эли барда дүйнөдө прогрессивдүү адамзаты барда Чыңгыздын чыгармалары көзүнүн тирүүсүндө кандай окулса, ошондой зор сүймөнчүлүк менен окула берет.


Сооронбай Жусуев, Кыргыз эл акыны:
"Чыңгыз жөнүндө жазган китебимди колуна бере албай калдым…"
Чыңгыз Төрөкуловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы-дүйнөдө чоң жоготуу болду. Кыргыз эли эмес, бүткүл дүйнөдө Чыңгыздын ысымы белгилүү болчу. Не деген гана алп чыгармаларды жаратты, кыргызды кашкайган калеми менен бүтүн дүйнөгө таанытты. Албетте, мындай адамды жоготуу оңойго турган жок. Кантмек элек, жашоо деген, арман деген ушул тура.
Мен Чыңгызды 1957-жылдан бери билем. Ошол кезде 4 бөлмөлүү квартирага мен үйбүлөм менен, Чыңгыз үйбүлөсү менен бирге жашап калдык. Бир үйдө жашасак дагы бир чорт кыялын көрө албадым. "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деп коёт эмеспи. Бир эшиктен кирип, бир үйдө турмуш өткөрүп жатсак дагы бири-бирибизге кыял-жоругубузду көрсөткөн жокпуз. Баса, бир да жолу урушпаптырбыз. Экөөбүздүн да, үйбүлөлөрүбүздүн да ортобузда ушунчалык сый-урмат күчтүү эле. Бири-бирибизди туура түшүнүшүп, жакшы достордон болуп калдык. Чыгармачылык жактан бирибизге бирибиз колдоо көрсөтүп, чоң жөлөк-таяныч болчу элек. Биздин мындай мамилебизге себепкер Чыңгыздын улуу адамгерчиликтүү сапаты, айкөлдүгү. Чыңгыз калеминин курчтугу, окуганда жандүйнөнү жаралап өтүп, жүрөккө тийип, көңүлдөн чыкпай турган чыгармалары менен бүткүл дүйнөгө таанылды. Ушундай зор эмгегинин аркасында урматталып келди, сыйдын үстүндө жүрдү. Анын эмгектери эч убакта эстен чыгып калган эмес. Курч калеминен жаралаган, жандүйнөдөн чыккан жакшы чыгармаларды берип кетти. Биз кыргыздар мындай улуу жазуучубуз менен дайыма сыймыктанып келдик, дагы да анын ысымын өчүрбөй сыймык менен жашай беребиз деген ойдомун. Мындай чоң жазуучунун кыргыз эли үчүн жасаган иштери, зор эмгеги кантип эле унутта калсын.
Баса, Чыңгыздын адамгерчилик сапатына да токтолбой кетсек туура эмес болуп калат. Бул улуу жазуучунун чыгармалары эле эмес, өзүнүн адамдык сапаты да улуу эле. Адамдагы эң жогорку сапаттарды, чынчылдыкты, калыстыкты туу тутуп, адамзатына тиешелүү болгон бардык улуу сапаттарга эгедер эле. Адамга жасаган мамилесинен улам анын кандай асыл адам экендигин баалай алчусуң. Ушундай улуу адамдын дүйнөдөн өтүп кеткени баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Мындай чоң жоготууга кайсы гана кыргыз өкүнбөсүн…
Мен Чыңгызды акыркы жолу 2007-жылдын 29-декабрында кезиктирдим. Ошондогу Жазуучулар үйүндөгү кезигишүү көрсө биздин акыркы жолугушуу экен. Ошондо жайдары мүнөзү менен Чыңгыз көп жазуучу-акындардын арасында тамашага чаптыра сүйлөп, "биз бир квартирада турсак дагы Сооронбай экөөбүз бир да ирет мушташпаптырбыз" деп күлдүрүп атпайбы. Урушканга, чырлашканга, мушташканга себеп болбосо эле мушташа бермек белек дедим. Ошондо карап турган акын-жазуучулардын бардыгы биздин тамашага күлгөн эле… Биздин бири-бирибизди ушунчалык сыйлап турганыбыз дагы бир ирет далилденди. Анын адамгерчилик жогорку сапатына, чыгармачылыгына баа берип, дайыма сыйлап келем.
Баса, "Мен билген Чыңгыз" деген китеп жазгам. Бул китеп канчалаган ой-толгоолордон, жан дүйнөдөгү жакшы сезимдерден жаралган. Китептин ичинде Чыңгызга арналган 14 ырым жарыяланган. Ага арнап эч ким 14 ырды жазган эмес. Экөөбүздүн сүрөтүбүз китептин сыртына басылган. Мен бул китепти Чыңгыздын 80 жылдык мааракесине белек кылайын деп жүргөм. Өкүнүчтүү ушул китепти мааракесинде Чыңгыздын колуна тапшыра албай калдым, менин белегим деп бере албай калдым… Ушул китепти өз колуна берсем деп тилеп жүрдүм эле… Тилекке каршы, ушул китебимди окубай кетти. Тагдыр экен. Чоң жоготуу болду. Чыңгыз элдин жүрөгүндө сакталарына ишенем. Сыймыктуу уулубузду эч ким унутпайт, анын жакшы чыгармалары дайыма биздин жүрөк түпкүрүбүздө. Чыңгыз деген ысымды эч бир кыргыз унутпайт деп ишенем.

Болот Шамшиев, кинорежиссер, СССРдин эл артисти:
"Улуттун рухий лидеринен айрылдык"
Кырсыктуу кара кабарды укканда уул-кызым менен кошо ыйлап, мындай оор жоготуудан тоо кулап кеткендей, көпкө чейин өзүбүздү жоготкон дендароо абалда болдук. Арийне, бул дүйнөгө түркүк болуп эч ким калбасына, бул жашоодо барысы, анын ичинде адам өмүрү да чектелүү экенине түшүнүп эле турасың дечи, ошентсе да Айтматов о дүйнө салыптыр деген суук кабарга ишенүү кыйын экен. Чыңгыз Төрөкулович мага экинчи атамдай болуп калган киши эле. Эми отуруп өткөнгө саресеп салсам, мени ал киши менен алгачкы ирет 1958-жылы атам белгилүү акын Төлөн Шамшиев тааныштырган эле. А кезде Чыңгыз Төрөкулович жапжаш, карачачы кулпурган жигит болчу, "Жамийла", "Гүлсараты" жарык көрүп, эл оозуна алынып калган кези болсо керек. Ошондон бери 50 жыл бир көз ирмемдей агылып өтүп кетиптир. Ошол убакыт ичинде тагдыр мага Чыңгыз агадай улуу инсан менен жанаша жашап, иштөө бактысын буюрган экен, арманым жок десем болоор. Чыңгыз Төрөкуловичтин жанында жүрүп, аны кадыресе жөнөкөй турмуштук шарттарда көрүп, жакшы билгендиктен, азыр ойлосом ал кишидеги эң жогорку сапат - башкалардын пикирине, көз карашына карата дайыма урматтоо менен мамиле жасагандыгы дээр элем. Ч.Төрөкулович кимдир бирөөлөрдү өзүнүн кадыр-баркы менен басынтып, же ооз ачырбай койгонун түк көргөн да, уккан да эмесмин. Дайыма кебелбеген бир калыпта жүрчү, ар кандай чырлуу нерселерден такай оолактап качып турчу. Сынтагып, көөлөгөнгө аракет кылгандарга карата не бир ооз ачып, же башкалардай тырчып жооп жазган жан эмес, тек гана кудай өзү көрүп турат деп гана кол шилтеп койчу. Оң жаагыңа урганга сол жаагыңды тос деген накта толстойчул, ченде жок кечиримдүү инсан эле.
Айтматовдун адабияттагы узак өмүрлүүлүгүнүн башкы сыры - адамдарды чексиз сүйгөндүгүндө десем жаңылышпайм, анын кайталангыс феномени да ушунда. Ал бир демдеги жазуучу эле. Чыгарма баштап, анан таштап коюп кайра уланткан, жылдар бою жазган жазуучуларды түшүнбөйм деп айтып калаар эле. Эсимде, "Ак кеменин" киносценарийинин бир эпизодун кайрадан жазып бересизби деп өтүнсөм, эртеси жарым тытык барак берет. Чыңгыз Төрөкулович, бул эмнеңиз десем, "мен бат жазам, оюмда турганды колум жазып үлгүрүшү керек, антпесем кармай албай калам, ошондуктан тырылдата жазыбатып баракты да айрып алдым", - дейт. Бир демдеги жазуучу дегеним ошондон. Чыңгыз Төрөкулович кара сөз менен жазган жазуучу болсо да мен аны төкмө акын деп айтаар элем. Андыктан менин да, анын чыгармачылыгын аңдап билген көп адамдардын эсинде да улуу акын катары калат деп ойлойм. Бул улуу инсандын аруу, аялуу дүйнөсүнө кир колун салгысы келгендер да болуп жатпайбы, дөөнүн таманын гана көрүп, ошо боюнча сын тагымыш эткен майда курт сыяктуу адам пенделер адегенде анын төбөсү жеткен бийиктикке жете алышабы да жокпу, ошону ойлошпойт сыягы. Үстүртөн гана анча-мынчаны билген караңгы көрлөр үчүн Айтматовдун, "Манастын" тереңдиги кайда да алар кайда?... Айтматовдук топтолгон, көркөм, нравалык, чыгармачылык мурас, тажрыйба далай чыгаан таланттар үчүн старттык аянт болуп берди, мындан ары да боло берет! Менин көз карашымда кыргыздар үчүн улуттун руханий лидери Ч.Айтматов жана космостун колдоосунан жаралган теңдешсиз улуу мурас "Манас" ар кандай өйдөсүнүүдөн, сын тагуудан тыш болушу керек.
Тилекке каршы, биз өнөрдү, чыгармачылыкты, искусствону баалай да, барктай да албайбыз, аны жеткире талдай да албайбыз. Калыгулду, Арстанбекти, Молдо Кылычты, "Манасты" түрмөгө тыкканда (тыюу салынганда) аны менен кошо кыргыздын жандүйнөсүн, рухун кошо тыгышкан. Биздин шорубуз ошондо. Ошондуктан мен, айрыкча жаштарга айтаар элем, Айтматовдой Улуулукту, Бийиктикти жана Тереңдикти сыноодон мурда адегенде ошо деңгээлге жеткенге аракет кылгыла дээр элем.
Чыңгыз Төрөкулович менен кечөө жакында эле Татарстанга кетүү алдынан жолугушканбыз. Демейдегидей бир калыпта эле, ооругандыгынын белгиси да байкалган эмес. Ал киши көп чуркап, сууда да мыкты сүзчү. Көлдө болсок тээ алыска, сүзүп кетип, башы көрүнбөй калганда кайыкты жибергиле деп чебелектеп ийчүмүн. Эми кайрадан ошондой сезимге туштугуп турам. Чыңгыз Төрөкулович баягыдай эле алыска сүзүп кеткендей, мен болсо эми ага эч качан кайык жибере албайм, ошону эстей калганда оор жоготуунун ачуу даамы, кусамат кайгысы жан дүйнөмдү эңшерет да турат, аны менен эч качан келише албачуудаймын…

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу:
"Тунугу кетти жылдыздын,
Туйгуну кетти кыргыздын"
Чыкебизден ажырап калдык! Бул суук кабар бүт кыргыз элинин кабыргасын катуу кайыштырды, дүйнө маданиятын эңшерип салды! Анткени, Чыкебиз өзү айткандай, көркөм дүйнөнүн "планетардык" масштабдагы кеменгер инсаны, улуу жазуучусу, акылман ойчулу эле. Жер сыйпалаткан бул жоготуунун таасири айкөл Манас баатырыбыз дүйнөдөн өткөндө, Каныкейдин:
"Тунугу кетти жылдыздын,
Туйгуну кетти кыргыздын!
Ай батканда, түн болоор,
Айдыңың журтка дүң болоор.
Атпай кыргыз көп журтуң
Артыңдан издеп, тим болоор…"
деген кошогун эсиме салды. Айла канча, өксүй-өксүй, көнөбүз да буга да…
Мындай улуу өксүүдөн эл-журт эс-акылын жыйып, таарынчылар унутулуп, биримдиги чыңала түшчү эле, сабыр токтотуп, ынтымагыбызды тилейли, улуттук ар-намысыбыздын Чыкебиз тилеп жүргөндөй, тунук жана даана болушун тилейли!













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!