Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятка терең из салды

Президент Курманбек Бакиевдин Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жалпы элге кайрылуусу
Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кыргызстандын эли, дүйнөлүк маданий жана адабий коомчулук оор жана орду толгус жоготууга учурады. Анчалык узакка созулбаган оорудан кийин 80 жаш курагында кыргыз элинин чыгаан уулу, Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.
Бул күндөрү анын кайталангыс талантын сыйлаган миллиондогон адамдар биз менен кошо аза күтүшүүдө. Улуу жазуучунун жаркын элесине баш ийип, таазим кылышууда.
Эки ай мурда эле Чыңгыз Төрөкулович экөөбүз жолугушуп, келечек пландар, мааракелик иш-чаралар жөнүндө пикир алышкан элек.
Ал алдыда аткарчу чыгармачылык пландары көп экендигин айтып, бөлүшүп отурган болчу. Чыңгыз Төрөкулович дагы да бизди адамдарды жакшылыкка жана адамгерчиликке жетелеген жаңы чыгармалары, тынчтыкка жана жаратмандыкка багытталган ишмердүүлүгү, туулган жерге, элге, Атажуртка болгон үлгү болоорлук сүйүүсү менен кубандырып жүрө берсе болот эле.
Тилекке каршы, шум ажал өз элинин даңктуу уулун, дүйнөлүк масштабдагы гуманистти жана ойчулду арабыздан мезгилсиз алып кетти.
Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятка терең из салды. Ал дүйнө элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого баа жеткис салым кошту.
Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу бүткүл дүйнө биздин элдин рухий дүйнөсү, бай маданий мурасы менен таанышты. Кыргыз улуттук адабиятынын дүйнөлүк адабият жана искусствосунун казынасына жуурулушу анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.
Ушу кайгылуу мүнөттөрдө мен улуу жазуучунун бир туугандарына жана жакындарына, бардык кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтмакчымын.
Өз элинин чыныгы уулун акыркы сапарга ызаат-урмат менен узатуу - биздин адамдык парзыбыз. Ошондуктан, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу 2008-жылдын 14-июнун Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жана аза күтүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө менин Жарлыгым чыкты.
2008-жылдын 14-июнунда эртең менен биз улуу жазуучуну түбөлүк сапарга узатып, эң акыркы ызаат-урматыбызды көрсөтүү үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратына чогулабыз.
Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү өзүнүн атасы, кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлеринин бири Төрөкул Айтматов түбөлүк жай алган "Ата-Бейит" мемориалдык-музей комплексине коюлат.
Бул ыйык жайга "Ата-Бейит" деген атты бир кезде Чыңгыз Айтматов өзү ыйгарган эле. "Ата-Бейит" - ыйык жер, Акыйкаттын жана Адилеттүүлүктүн символу, кыргыз тарыхынын өлбөс-өчпөс барагы. Муну менен биз Чыңгыз Айтматовдун көңүлүндөгү керээзин ишке ашырабыз деп ойлойм.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Президенттин Жарлыгы менен бул жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. Даңазалуу датаны татыктуу майрамдоо боюнча белгиленген иш-чаралардын баары күчүндө калат жана алар эми анын жаркын элесине арналмакчы.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Ал бүт өмүрүн арнаган иш - тынчтык, жаратмандык жана жакшылык үчүн күрөш - анын өлбөс-өчпөс чыгармаларында түбөлүк жашай берет.
Ушул күндөн тарта улуу жазуучунун башка - рухий, түбөлүк жашоосу башталат. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгонуна Чыңгыз Төрөкулович өзгөчө кубанган эле. Жана өз мекенинин мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына бардык күч-аракетин жумшап келди. Анын даңктуу өмүр жолу өлкөбүздүн жана элибиздин гүлдөп-өнүгүүсүнө жетишүү ишинде эң мыкты үлгү болуп берет.
Бүткүл элибиз азага чөмүлүп турган бул күндөрдө жалпы журтубузга, баарыңыздарга "кайрат кылыңыздар!" демекчимин.


АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович
Дүйнөлүк маданият, азыркы адабият, Кыргыз Республикасы жана анын эли орду толгус чоң жоготууга учурады. 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.
Ч.Т.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Карабуура районундагы Шекер айылында репрессияга туш болгон мамлекеттик ишмердин үйбүлөсүндө туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айылчарба институтун, 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москва) аяктаган. Андан кийин журналист, "Литературный Киргизстан" журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары - "Новый мир" жана "Литературная газетанын" редколлегиясынын мүчөсү, "Иностранная литература" журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
1952-жылдан баштап анын "Ашым", "Газетчи Дзюо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган "Жамийла" повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60-80-жылдардагы "Бетме бет", "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жаныбарым, Гүлсары!", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повесттери, "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат", "Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.
Чыңгыз Айтматов кылымдардын тогошкон азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучуларынын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажыралгыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат" Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун. Бишкектин жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүнүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк көркөм сүрөт академиясынын, Европа илим, тарых жана адабият академиясынын, Германиянын көркөм өнөр академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, башка академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Ысыккөл Форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү, Ленин жана СССРдин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Германиянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франкциянын, Япониянын эларалык сыйлыктарынын лауреаты, Ленин, Октябрь революциясы, Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы "Манас" орденинин, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Ч.Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, гуманисттик салттарды сактоого, коомдун адеп-ахлактык түркүктөрүн коргоого, саясый системаларды интеграциялоого баа жеткис салым кошкон.
Улуу замандашыбыз - дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, кыргыз элинин улуу адамы арабыздан кетти. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн окурмандары анын ар бир жаңы чыгармасынын пайда болушун кунт коюу менен байкап турушчу. Сынчылар Айтматовдон адамды бардык социалдык факторлор жана дүйнөлүк тарыхтын агымы менен өз ара байланышта караган, акыр-аягында акыл-эс жана жакшылык жеңип чыга тургандыгына ишенген, ар кандай көркөм системаларды чыгармачыл жактан бириктирген "контрастардын сүрөткерин" көрүшкөн. Ч.Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгы дүйнөлүк прозадагы жаңы багытты белгилеп, ХХ кылымдын социалдык реализмине элдик даанышмандык, философиялык күч жана психологиялык тереңдик берди.
Анын чыгармаларында улуттук колорит, азыркы учурдун актуалдуу маселелери, адамдын руханий жана адептик маңызы, акыйкаттыкты эңсөө жана адилеттикти орнотууга чечкиндүүлүк, адамда абийирди, кайратмандыкты, адамкерчиликтүүлүктү ойготууга умтулуу өзгөчө байкалат.
ХХ кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана гуманизмдин чечкиндүү коргоочусу болуу менен ал дүйнөлүк адабиятты арттырып жана биздин мекенибиз - Кыргызстандын образын адамзаттын руханий кенчине айландырган, дүйнөдө биринчилерден болуп маданий дөөлөттөрдү сактап калуунун жана кыргыз тилин жана өз маданиятын кайра жаратуунун зарылдыгы жөнүндө айтып чыккан.
Өзүнүн залкар уулунун дүйнөлүк адабиятты, көркөм өнөрдү жана маданиятты өнүктүрүү ишиндеги сиңирген эмгегине мекенинин урмат көрсөтүшү катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун Жылы деп жарыяланган, бул белгилүү маарекени татыктуу майрамдоо боюнча иш-чаралар белгиленген.
Кыргызстандын залкар уулу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат жана анын чыгармачылык мурасы дүйнө элдеринин жалпы адамзаттык маданиятына баа жеткис салым болот.
Бакиев К.С., Тагаев А.Т., Чудинов И.В., Сыдыкова С.К., Алиева Ж.С., Досбол Нур уулу, Садыркулов М.Ч., Исаков И.И., Мамытов Т.Б., Сыдыков Ү.С., Узакбаев Э.У., Бекбоев З.И., Баекова Ч.Т., Турсунбаев А.А., Исабеков К.С., Усубалиев Т., Кошоев Т.К., Акназаров К., Кондучалова К., Жумагулов А., Айтматов И., Айтматова Р., Рахманов Т., Миррахимов М., Садыков Т., Эралиев С., Жусуев С., Касымбеков Т., Мамакеев М., Жумакматов А., Сыдыков Т.,
Айдаралиев И.Р., Ибраимова Э.С., Исмаилов М.А., Сатыбеков М.С., Раев С.А., Суталинов М.А., Карабаев Э.О., Калыев Б.Т., Конгантиев М.Т., Кайыпов М.Т., Калимбетова Т.Б., Жапаров А.У., Ногоев А.И., Сулайманов Н.Ч., Ташиев К.К., Болжурова И.С., Мамбетов М.А., Абдуллаева У.А., Балкыбеков С.Э., Рыскулова А.М., Турдумамбетов Т.О., Курманбеков Т.Б.,
Акматов Н.О.,
Сатыбалдиев Э.Р., Султанов М.А., Эшимканов М.А., Темирбаев К.Т., Жоробекова Ш.Ж., Гайпкулов И.Т., Абдыкалыков О., Асанов Б.А., Осмоналиев К., Мамашов Т., Бөрүбаев А.А., Жекшеев Ж.Ж., Турганбаев Н.Т., Султанов А.А., Турсунбек Акун, Муйбиллаев А.М., Тойчубеков Ю.Ж.,
Үсөнов Д.Т., Жумабеков М., Масиров К., Исаев К., Суваналиев О.И., Карашев А.А., Болотбеков Б., Сыйданов К., Эшалиев С., Медетбеков Э.
Султанов О.С., Садыков Ж., Байжиев М.Т., Акматов К., Жакиев Б., Шаповалов В.Н., Рудов М.А., Плоских В.М., Акматалиев А., Каракеев К., Токтосартов А., Сартбаева К., Акималиев Ж., Шамшиев Б.Т., Базаров Г.Б., Бапанов Т.Д., Алканов Р., Сыдыков Б., Өмүрканов Р., Каипов С., Нифадьев В.М., Нарбеков О., Бегалиев М., Мирзоев А.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!