Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  ЖоКеде не талаш…

Мыйзамдарды "оптом" кабыл ала бергенден пайда жок
"Акжолчу" депутат үкөбүз А.Шадиев коллегаларына июнь айынын шайлоочулар менен жолугушууга арналган акыркы аптасын кое туруп, ордуна парламентте эле иштебейлиби да, кабыл алчу мыйзамдарды бүткөрбөйлүбү деген сунушун ортого таштады. Депутат мырзанын пикиринде жаңы Салык Кодекси баш болгон бир топ мыйзамдарды күзгө калтырбай азыр эле кабыл алып, жайкы эс алууга сар-санаасы жок чыгып кетүү керек. Бирок буга регламент боюнча комитеттин төрагасы А.Сабиров каршы чыкты. "Мыйзам деген мыйзам, жыйын өткөрүү датасын өзгөртүү үчүн регламентти өзгөртүү керек. Мыйзамды бузгуңар келсе анда добушка койгула", - деди А.Сабиров. Дагы бир депутат З.Курманов "Маселени мыйзам бузбай туруп эле чечсе болот. Күн тартибине 15 эмес 20-25 мыйзам долбоорун койгула, анын баарын кабыл алып бүтмөйүнчө иштей беребиз, бизде ансыз деле иш графиги жеңил эмеспи, - десе, регламент комитетинин төрагасынын орун басары Динара Молдошева регламентти бузбаш үчүн үчүнчү күнү талкуулап, төртүнчү күнү добуш бере берсе болоорун айтты эле, шефи А.Сабиров буга да кашайып каршы чыкты. "Парламент-процедуралык орган, анын жумуш убактысы жана иш күндөрү - мыйзам. Силер болсо мыйзамды сактайбыз деп ар бириңер ант бергенсиңер. Салык Кодексин жарым жылдан бери сүйрөп, кечиктирип берип атса ал өкмөттүн күнөөсү. Ошондуктан мыйзам тарабынан белгиленген күндөрдө кабыл алынган долбоорлор тартип бузуулар менен кабыл алынды деп табылат.
Өкмөт болсо эң соңку күндөрү биздин колубузду толгоп, шашылыш кабыл алдыргысы бар. Салык Кодекси биздин шайлоочулардын кызыкчылыгын коргой турган документ болгон соң, аны али шашпай талдап чыгышыбыз керек. Ошондуктан шаша-буша боткону чалып алып анан жуталбай жүрбөйлү, - деди А.Сабиров. Анын бул пикирин депутат И.Өмүркулов да кызуу колдоп чыгып, талаштын тараза ташын биротоло бери оодаргандай болду. "Мыйзамдарды пачкелеп кабыл ала бергендин кереги жок. Биз мындайлардын канчасын кабылдап таштадык, бирок бир да мыйзам иштей элек. Аткаруу бийлиги өз билгениндей жасап жатат, апкелген мыйзамдолбоорлорунун баары чийки. Минте берсек элге жардам бербей эле элге кыянаттык кылабыз, - дейт И.Өмүркулов мырза.
Жыйынтыгында депутат А.Шадиевдин сунушу колдоо таппай, депутаттар мурдакыдай эле иштеп, регламентти сактамай болушту.
Бакыт МУРЗАЛИЕВ




  Кыргызстан БУУнун 63-сессиясына вице-төрага

2008-жылдын 4-июнунда БУУнун штаб-квартирасында Азия аймактык тобунан Мьянма, Афганистан, Монголия менен катар Кыргызстан Башкы Ассамблеянын (БА) 63-сессиясына вице-төрага болуп бир добуштан шайланды.
БУУнун БАсындагы вице-төрагалык укугу Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулуктун жашоосундагы ар кандай маселелердин айланасындагы процесстерде активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Төрага болбой калган учурда вице-төрага сессиянын ар бир пленардык жыйынын ачып, жабат, пленардык жыйындагы ар түрдүү талаш-тартыштарды башкарып турат, БАда укуктардын жана процедуралардын сакталышын көзөмөлдөйт, сөз берип, добуш берүү үчүн маселени добушка коёт жана чечимди жарыялайт. Ал жыйынды өткөрүү тартиби боюнча токтом чыгарат жана ар бир жыйындын жүрүшүнө жетекчилик кылат. Генассамблеянын сессиясынын вице-төрагалары ошондой эле эмки боло турган сессиянын күн тартибин алдын-ала карашат жана ал боюнча чечим кабыл алышат.




  Погончондор жыргалы

Милициялар үй алды
11-июнь күнү Бишкек шаарында ички иштер органынын кызматкерлери үчүн салынган 45 квартиралуу турак үй пайдаланууга берилип, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы административдик имараты ачылды. Ага өлкө президенти К.Бакиев катышты.
Акыркы үч жыл ичинде күч жана укук коргоо структураларынын 500 кызматкери турак жай аянттарына ээ болгон, анын ичинде бардык шарттары бар квартиралар менен 300 дөн ашык, жатакана бөлмөлөрү менен 138 киши камсыз болгон.
Кызмат үстүндө курман болгон 12 аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин үйбүлөлөрү турак жай аянты менен камсыз болушту. Бүгүн да курман болгон 6 милиция кызматкеринин үйбүлөсү ушул үйдөн квартиралардын ачкычтарын алышты.
Андан тышкары, аскер жана укук коргоо кызматкерлерине үй салуу үчүн ар бири 5-6 сотыхтан болгон 150 жер участогу бөлүнүп берилген. Укук коргоо тармагында 20 жылдан ашык иштеп, пенсияга чыккан кызматкерлер үчүн, мурда алар өздөрү жашап келген 300дөн ашык кызматтык квартираларын менчиктештирүүгө мыйзамдуу мүмкүнчүлүк берилди.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде европалык талаптагы 280 орундуу, Улуттук гвардияда 475 орундуу жоокер казармаларынын курулушу бүткөрүлгөн. 39 аскер кызматкери кызматтык квартиралар менен камсыз болгон.
Ички иштер министрлиги тарабынан акыркы үч жыл ичинде көп квартиралуу үч үй курулуп бүткөрүлүп, 130 квартира ички иштер органынын кызматкерлерине же курман болгон милициялардын үйбүлөлөрүнө бөлүнүп берилген. Жалпысынан 2006-2008-жылдарда курулуп пайдаланууга бериле турган турак жай үйлөрдөн 1021 квартира мамлекеттин же жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат.
Эмки жылы 670 квартира бюджет тармагында иштеген кызматкерлер үчүн ипотекалык кредиттин негизинде берилмекчи. Жыйынтыгында жалпысынан Кыргызстан боюнча 1691 квартира социалдык турак жай катары пайдаланууга тапшырылат.
Чүй областык ИИБнин 45 кызматкерлери үчүн Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагынан үй курганга жер участоктору бөлүнүп берилди. Сүлүктү шаардык администрациясы тарабынан 16 квартиралуу турак үй бөлүнүп берилген. Баткен областында 25 квартиралуу эки үйдүн курулушу башталган.
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн 56 бөлмөлүү кичи үйбүлөлүк жатакананын имараты жаңыланып даярдалууда. Көк-Жар айылынын аймагында укук коргоо кызматкерлери үчүн "Полицейлер шаарчасы" 400 турак үй куруу үчүн бөлүнгөн.
Акыркы үч жылдын ичинде ички иштер органынын кызматкерлеринин айлык маяналары эки жолу жогорулатылды. 2007-2008-жылдары баңгизаттарды контролдоо агенттигинин, ошондой эле күч жана укук коргоо структураларынын кызматкерлеринин маяналары жогорулатылган.
Ушул мезгил ичинде ички иштер органы жалпы суммасы 170 млн. сомдон ашыкты түзгөн, 435 автомашина жана 35 мотоцикл алышты.
Мамлекеттик бажынын кызматкерлери үчүн Бишкек шаарынын "Туңгуч" кичирайонунда 112 квартиралуу турак үйдүн курулушу башталды.
"Жал" кичирайонунда чегара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн 72 квартиралуу турак үйдүн курулушу пландаштырылган. Ички иштер, коргоо жана башка күч органдарынын имараттары жана кошумча курулуш объектери капиталдык оңдоолордон өткөрүлөт.
Акыркы мезгилде укук коргоо жана аскер кызматкерлери үчүн турак жай курулуштары негизинен Бишкек шаарында курулуп жаткандыгына токтолгон мамлекет башчысы, турак жай жана административдик курулуштардын аймактарда курулушуна көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Бул жерде Президент көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасалышы керектигин белгилеп өттү.
Президент ошондой эле ИИБ үчүн 10 жаңы кызматтык автомашинанын ачкычын тапшырды.
Алтын КАЗИЕВ




  Ачылыш

Жаңы конуштардын балдарына да майрам келди
11-июнда Бишкек шаарындагы Касым жаңы конушундагы №1 балдар бакчасынын жаңы имараты ачылды. Ага президент Курманбек Бакиев катышты.
Президент имаратты, балдар бөлмөлөрүн, класстарды карап чыгып, балдар менен аңгемелешти жана балдар мекемеси даярдаган чакан концертти көрдү. Мамлекет башчысы бул жерде түзүлгөн шарттарга көңүлү толуп, иш-чаранын катышуучуларына денсоолук, бакыт жана ийгиликтерди каалады.
Андан кийин Президент, конуштун бардык жашоочуларын балдар бакчасынын ачылышы менен куттуктады. "Бул жерде балдардын окуусуна, тарбия алуусуна жана дем алуусу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүптүр. Ата-энелердин ай-сайын төлөй турган взносу 500 сом экен. Менимче бул үйбүлөнүн бюджети үчүн анчалык деле чоң сумма болбосо керек", - деди Курманбек Бакиев.
Мамлекет башчысы ошондой эле, жаңы бийлик келгенге чейин жаңы конуштардын өнүгүүсүнө керектүү көңүл бурулбай келгендигин белгиледи.
Андан ары президент жаңы окуу жылына карата: Учкун жаңы конушунда 960 орундуу, Орок конушунда 198 орундуу, Акбатада 198 орундуу, Арчабешикте 960 орундуу мектептердин ачыла тургандыгын маалымдады. Андан тышкары Акбосого жаңы конушунда 140 орундуу балдар бакчасы курулат.
Август айында Акордо, Жаңы Кыргызстан, Арчабешик, Тынчтык жана Жеңиш жаңы конуштарында 6 амбулаторийдин курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Ошондой эле Акөргөдө 960 орундуу; Алатоодо 1200 орундуу; Каражыгачта 960 орундуу мектеп имараттары курулуп жатат. Бул мектептерди пайдаланууга декабрь айында тапшыруу пландалууда.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!