Коомдук-саясый гезит
№16, 13.06.08-ж.




◄◄◄
  Сырмаек

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира МАМБЕТОВА:
"Үстүмдө үйүм жок, бирөөнүн үйүндө жашайм"
"Ак кеме" тасмасында Бекейдин, "Мен Тянь-Шань" фильминде Кадичанын ролун аткарган актрисанын бүгүнкү күндө 20дан ашык кинофильм, телефильмдерге тартылган ролу, 70-80 сахнадагы иштери бар. Бир уул, бир кыздын энеси, төрт неберенин чоң апасы. Учурда Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенет. Уильям Шекспирдин "Жайкы түндө күтүш" аттуу комедиядагы эрке королеванын образын чагылдырууга кызуу даярданууда.
- Назира эже, актриса болуп калганыңызга ким түрткү берген?
- Актриса болууга түрткү берген үйдөгү кичинекей кара радио болгон. Радиодон берилген түрлүү концерттерди, түрдүү жаңылыктарды, кызыктуу пьесаларды угуп, мындай кызык нерселер кайдан пайда болуп, элге кантип уктурулат деп ойлонуп, кичинемден эле абдан кызыкчумун.
- "Ак кеме" аттуу тасмасындагы Орозкулдун аялынын ролун жакшы аткаргансыз. Канча жашыңызда тартылгансыз?
- 1973-жылы, 25 жашымда тартылгам. Төрөбөгөн бечера аялдын образын аткардым. Бул образды жеткизе алдымбы, жеткире алган жокмунбу муну көрүүчүлөр таразалайт деп ойлойм. -
- "Издейм сени" деген кинодогу кайнененин ролу сизге төп жарашып калган. Ролду өзүңүз тандайсызбы же сунушташабы?
- Артисттер роль тандабайбыз. Биз иш күтүп олтурабыз. Бизди режиссерлор тандап алышат. Жакшы ролбу, кичине ролбу алар ылайыктап анан бизге роль беришет.
- Кайсы кинодогу ролуңуз өзүңүздүн жүрөгүңүзгө жакын?
- Артист деген кесип татаал болот экен. Ошол кесиптин өтөсүнө чыгыш үчүн көп эмгек талап кылынат. Бул роль чоң-кичине, жаман-жакшы деген, биздин көөдөнүбүздө жаралбайт. Биз ролдорду кылдат эмгек, кылдат мамиле менен жараткандыктан, бир ролумду да жакшы-жаман дей албайм. Ролдордун жаман-жакшы деп сындалышы көрүүчүлөргө коюлган.
- Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү турак жай менен камсыз боло албай келишет. Бул маселе сизде кандай?
- Мен 1975-жылы Ошдрамтеатрында иштеп турганда мага эки бөлмөлүү үй беришкен. Аны сатып, Бишкекке 1994-жылы көчүп келип, үй алайын десем ал акчага келбей калган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин үйүм жок. Бирөөнүн үйүндө жашайм. "Үй бергилечи" деп суранып барайын десем, менин кайгымды бөлүшө турган адамдарга менин үнүм да, колум да жетпейт.
- Уул-кызыңыздын кимиси сиздин жолду жолдоду?
- Кудай жалгап, алар менин жолумду жолдогон жок. Себеби, артист болуу татаал, кыйын кесип болгондуктан жеке тагдырыңа да, сахнадагы тагдырыңа да кедергисин тийгизет. Ошондуктан бул кесипке уулум да, кызым да дилин бербегенине Кудайга миң мертебе ыраазымын.
- Балдарыңыздын атасы менен кандайча таанышып калгансыз?
- Капысынан таанышкам, капысынан турмушка чыккам, капысынан ажырашкам…
- Ажырашуу балким кызганычтан болгондур?
- Ошондой го. Жолдун аркы өйүзүнөн өтүп бара жаткан киши дагы мени менен соо эмес, жанымдан өткөн киши дагы меники, айтор, ушундай бир жаман ойлор бизди ажыраштырды окшойт...
- Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңыз?
- Жаккан сапатым иштермандыгым. Бир иш мага тапшырылса ошонун аягына чыкмайын жаным жай албайт. Ал эми өзүмө жакпаган бир сапатым бар, бир нерсе туура эмес болуп жатса, бул туура эмес деп айтмайынча кыя өтүп кете албайм. Мындай бетке чабаарлык кимге жагат.
- Ашканада кандай айымсыз?
- Мен өзүм абдан шамдагай аялмын. Бир нерсени тез баштап, тез бүткөрүшүм керек. Ашканада да сахнадагы чагылдырып жаткан образыңдай дитиңди койсоң даамдуу тамак жаралат деп ойлойм. Эгер колуңдун учу менен эптеп-септеп жасасаң, эптеген тамак болот.
- Маегиңизге рахмат!
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




  Ырмаек

Ырчы, обончу Анарбек САРДАРБЕКОВ:
"Балалык чагым миграция менен өткөн..."
Ырчынын ысымын укканда колунда гитара кармаган обончу көз алдыга тартылат. Кыргыз Эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскуловдун ырларына обон жаратып, ал ырлар 80-жылдары популярдуулукка жеткен. Эсиңиздерде болсо керек, ырлардын көпчүлүгүн ырчы Шахрезада Аскарова аткарган. Эки ырчы тең бүгүнкү күндө сахнадан да, телевидениеден да алыстап кетишти...
- Анарбек мырза, сахнаны сагынсаңыз керек?
- Албетте, сагындым. Азыр баары эле эстрадага өтүп кетишпедиби. Гитара менен ырды ким угат?! (Күлүп) Андай ырчыны дагы ким концертке чакырат?.. Сахна менен теледен алыстагандан кийин ырчы унутулат да.
- 80-жылдардагыдай жарк эткен ырлар жазылып жатабы?
- Жазылып жатат. Кийинки жаралган ырлардын баарын чогултуп, жаңы альбом чыгарганга даярдап жатам.
- Жеке студиясынан көптөгөн балдарды тарбиялап чыгарды деп угабыз. Алардын ичинен белгилүү ырчы болгону барбы?
- Жеке студиябыз бар. Ал өнөрканадан 50гө жакын балдар тарбия-таалим ала алды. Аларга аппаратура менен кандай иштегенди үйрөттүм. Көпчүлүгү кафе-ресторандарда ырдап жүрүшөт. Белгилүү ырчы болгону - Съездбек Искеналиев.
- Сизди башка кесиптин ээси деп угабыз...
- Негизи менин кесибим - географ. Азыркы КУУнун геофагын бүткөм. Бала кезимде эле кайсы мектепке барбайын өздүк көркөм чыгармачылыкка кызыгып, ийримдерге активдүү катышчумун. Окуучулук кезде эле гитара кармап, өз алдымча үйрөнүп алгам. Аны байкап калган ата-энем "артист болбо, башка эле кесиптин ээси бол" деп ырдаганыма каршы болушкан. Тагдырдын буйругу экен ырчы, обончу болуп калдым.
- Кандай кош өнөрүңүз бар?
- Устачылык жагым бар. Жыгач менен иштейм. Үйдөгү мебелдердин баарын өзүм жасайм.
- Гитарадан башка кайсы аспапта ойной аласыз?
- Комуз чертем. Бирок, өзүм үчүн. Ал эми улуттук аспабыбыз комузду балдарымдын баары жакшы чертет.
- Балдарыңыз да чыгармачылыкка жакынбы?
- Эки уул, бир кызым бар. Улуу уулум - Акылбек, БГУда окуйт. Кызым Алтынай 11-класска көчтү. Кичүү уулум - Акбар (Акбар Рыскуловдой мыкты акын, жакшы адам болсун деген тилек менен коюлган) 4-классты бүттү. "Тигиндей бол, мындай бол" деп кесип тандап берүүдөн алыспыз. Баарын өз эркине койгонбуз. Кайсы кесиптин ээси болсо да, акылдуу, ыймандуу балдардан болушсун. "Уядан эмнени көрсөң ошону аласың" дегендей, ата-энемден алган тарбияны балдарга берип келе жатам. Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Төрт кыздын ортосунда жалгыз бала өскөнүм менен атам аскер адамы болгондуктан өтө катуу тартипте кармаган. Ага абдан ыраазымын. Эрке, борпоң кармап койсо, келечекте ким болоорумду ким билет эле?! Анткени ата-энемдин (атам аскер кызматчысы, апам болсо партиялык иштерде иштеген) кызматына байланыштуу Кыргызстандын булуң-бурчунда болгонбуз. Ошондуктан, балалык чагым миграция менен өткөн...
- Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА




  Биймаек

Камчыбек Асанов, "Рахат" бийчилер театрынын жетекчиси:
"Наристелерге суктанып, сүйүүгө убакыт таппай келем..."
"Рахат" бийчилер тобунун түзүлгөнүнө быйыл 12 жыл болот. Он эки жыл ичинде "Рахат" бий театрынын окуучуларынын саны 300гө жетти. 1997-жылы "Сейтек" балдар борборунда он төрт бала менен топту ачкан Эл агартуунун отличниги Камчыбек Жумакадыровичти маекке тарттык.
- Камчыбек мырза, "жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, бийден башка эмне менен алектенесиз ?
- Мен негизинен кичинемден эле бийге кызыкчумун. Бирок, атам-апам мени 10-классты аяктаганда сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшыртышты. Эки жылдык бий студиясын аяктап, кийин Искусство институтунун хореография бөлүмүндө билим алдым. "Ак марал" бий ансамблинде 6 жыл, Сейтекте 9 жыл иштедим. Азыр өз алдымча бөлүнүп кеткениме 3 жыл болду. Бий менен кошо сүрөттү да жакшы тартам. Театрдагы бийчилердин костюмдарынын моделдерин өзүм чийип берем.
- Кичинекей балдар менен иштөө кыйын болсо керек?
- Кичинекей бөбөктөрдүн тилин таап алсак кыйналбайсың. Алар таза наристелер, аларды өзүңө тартып алсаң, алар сени жакшы көрсө, сенин кылганыңды туурап үйрөнө беришет.
- "Рахат" бийчилер театры чет өлкөлөрдө болгон фетивалдарга катыштыңыздарбы?
- Кыргызстандын наамын коргоо үчүн, сегиз жылдан бери чет элдери тараптан уюшулган көп фестиваль, конкурстарга катышып келебиз. Россияда Казахстанда, Германияда бир нече жолу болдук. Жылына эки жолудан Турцияга барабыз. Быйыл 2-июлдан 7-июлга чейин Турциянын Чорум деген шаарында боло турган фестивалга жолдомо алганбыз, учурда даярданып жатабыз. Туркиядан келери менен августа Кореяга жөнөп кетебиз.
- Эмгек акы, айлык маселеси сиздерде кандай?
- Бизге негизинен оор эле. Бий үйрөтүү, сабактарыбыздын төлөө акысы, башка жактарга салыштырмалуу өтө төмөн. Жаш балдар үчүн айына 300сом, ал эми чоң кишилер үчүн 400сом. Баасын жогорулаталы десек, балдарга кыйын болот.
- Имаратты да ижарага алып жатсаңыздар анан канчалаган конкурстарга барып жатабыз дейсиз, ага деле анда мамлекеттен жардам жок болсо керек да….
- Мамлекеттен эч кандай жардам жок. Былтыр Турциядагы фестивалга катышууга Кыргызстанды коргоп бара жатабыз дегенде деле, өйдө жактан жардам берилмек түгүл, өз каражатыбыз менен барып алдыңкы орунду алып келгенде да, ыраазычылык сөз уккан жокпуз.
- Мурда "Рахат" бийчилер тобу деп аталчу эле, кийинки убакта "Рахат" бийчилер театры деп айтылып калды, бул эмне себептен?
- Сиз туура баамдагандай "Рахат" бийчилер тобу, эки жылдан бери "Рахат" бийчилер театры болуп калган. Себеби, "Рахат" бий театрындагы талантуу балдар бий менен гана чектелип калбастан, комуз черткенди, ырдаганды, андан сырткары актердук чеберчиликти да өздөштүрүшү керек.
- Дале бойдок экенсиз. Качан үйлөнөйүн деп жатасыз?
- Көңүлүмө жаккан кыз бар. Учурда жүздөгөн окуучуларымдын кылыгын өнөрлөрүн талантын көрүп, таланттуу наристелерге суктанып, сүйүүмдү өнөрүмдү ошолорго арнап келем, жеке жашоомо убактым аз. Наристелер менен жүрө берип сүйүүгө убакыт таппай келем.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА




 "Бишкек таймс" сулуусу


Бермет Молдокулова
25 жашта.
Филармонияда Карамолдо Орозов атындагы улуттук оркестрда домбрада ойнойт.
Мүнөзү: ак көңүл, шайыр, көтөрүмдүү.
Хоббиси: китеп окуу, ырдоо, бийлөө.
Билген тили: орус, казак.
Ыйык тутканы: Кудай, ата-энеси, бир туугандары.
Жакшы сапаты: таарынычы бат жазылат. Кек сактабайт.
Аздектеген гүлү: Тюльпан, Гладиолус.
Эңсеп жеген тамагы: Ашлям-фу.
Жактырган ырчысы: Элвис Пресли.
Жакшы көргөн жаныбары: Коён.





"А-ап" деп койчу, айланайын!
Куймак-смак
Бийчи Нурлан Намазбековдун ашканасынан
Грек салаты
Колдонулуучу азыктар:
1 даана тооктун саны
3-4 даана ширелүү алма
300 гр грек жаңгагы
100 гр майонез
Даярдоо ыкмасы:
Тооктун бир санын сууга кайнатып, бышкан соң чыгарып алабыз да, сөөктөн этти бөлүп, этти бычактын жардамысыз кол менен узатасынан ичке кылып тарап бөлөбүз. Бир тегиз таралган тоок этине мурда аарчып даярдап койгон алмаларды төрт чарчы туурап кошобуз. Андан кийин жаңгакты чагып, анын данын майдалап, алма менен тооктун этинин үстүнө салып, татымына жараша туз сээп, майонезди кошуп аралаштырабыз. Салат даяр болгондон кийин тарелкаларга салып дасторконго коёбуз.
Тамагыңыздар таттуу болсун!
Даярдаган Жазгүл КАРБОСОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!